ГАПЫР МАДАМИНОВ ОШМУда

  • 21.12.2022
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин демилгеси менен “Магистранттардын, студенттердин өз алдынча билим алуусундагы акыл эмгегинин маданиятынын негизинде уюштуруу” аттуу аймактык практикалык конференция болуп өттү.

ГАПЫР МАДАМИНОВ ОШМУда

ОшМУнун жалпы эмгек жамааты, магистранттар, студенттер катышкан  конференциянын негизги коногу — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов “Тарыхты окуп үйрөнүүдөгү акыл эмгегинин маданияты методологиясын пайдалануу” деген темада баяндама жасады.

ГАПЫР МАДАМИНОВ ОШМУда

  • Мен 25 жыл аралыгында эмне үчүн азыркы балдар китеп окугусу келбейт, биз тынбай сабак, тарбиялык саттарды өтөбүз, бирок эмне үчүн көздөрү жанып турган окуучу, студент жок, эмне үчүн ата-эне балдарынын билимине кайдыгер деген үч суроого жооп издеп, эксперимент жүргүздүм. Дал ушул үч суроого “Акыл эмгегинин маданияты”, “Устаттык өнөрү”, “Ата-энелер сиздер үчүн” деген үч китеп жаздым. Учурда бул китептер орус, англис, түрк окумуштууларынын сунуштары менен аталган тилдерге которулуп, пайдаланылууда. Акыл эмгегинин маданияты сабагы бул — балдарды билим алууга үйрөтө турган сабак. Азыр биз маалымат доорунда жашап жаткандыктан, маалымат ушунчалык көп, балдардын башына анын баары батпайт. Ошол үчүн алардын окугусу келбейт. Биздин методика — ошол чоң маалыматтын негизгисин бөлүп алып, ток этерин алып үйрөтө турган ыкма. Бул — 100 бетти 10 бет, 10 бетти 1 бет, 1 бетти 1 абзац, 1 абзацты 1 сүйлөм кылып коюшту үйрөтөт. Ошондо балага билим алуу жеңил, ыкчам болот, — дейт устат Гапыр Мадаминов.

Гапыр Мадаминов суроолорго жооп берип жатып дүйнөлүк тажрыйбадан сөзсүз үйрөнүү керектигин, ошол эле кезде жалаң гана чет өлкөлүк методикаларды алып, өзүбүздөн чыккан жаңылыктарга маани бербесек болбой турганын айтты. Бир батыштын методикасы берилсе, бир кыргыздын, чыгыштын өзүнүн дагы методикасы айтылуусун, бир дүйнөлүк улуу инсан айтылса, аны менен катарлаш өзүбүздүн дагы улуу инсан окутулуусун кошумчалады.  Бардык эле нерсе чет жактан келип, ошол жактагылардын айткандарын гана сонун, туура дей берсек, өсүп келе жаткан муунда толук кандуу эмес улут катары комплекс пайда болорун,  ошон себептен кыргыздын өзүнүн чыгаандары, мектептери, педагогдору, окумуштуулары, ойлоп табуучуларын алып чыгып, элге таанытуу маанилүү маселелердин бири экендигин баса белгиледи.

Конференциянын алкагында  тарых факультетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы Гулзада Жумашова “Тарыхты окуп үйрөнүүдөгү негизги маселелер” деген аталыштагы баяндамасын жасады. Окутуучулар, студенттер, магистранттар суроолорун берип, сунуш-пикирлер айтылып, талкуу орун алды.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер