ГАПЫР АГАЙ МЕКТЕБИНИН ЖЕҢИШИ ЖАНА ЖЕМИШИ

  • 29.03.2023
  • 0

29-мартта Опера жана балет театрындагы «АГАЙ» тасмасынын жабык көрсөтүлүшүн көргөн да, көрбөгөн да арманда! Ал учурдагы мектеп реформасынын идеялык багыты, жол картасы, анан да чыныгы мугалим тууралуу кыргыз тилиндеги эң мыкты тасма болуп калды.

ГАПЫР АГАЙ МЕКТЕБИНИН ЖЕҢИШИ ЖАНА ЖЕМИШИ

Ошондой экенин эл алдына чыгып сүйлөгөн  Интерньюс уюмунун өкүлү, АКШ элчиси, Билим берүү жана илим министринин орун басары, министрдин коомдук кеңешчиси өз куттуктоолорунда кубануу менен белгилешти.
Турмуштук окуяга негизделген тасманын режиссёру Руслан Акун көрөрмандардын купулуна толгон бул фильмди тартууга дээрлик эки ай убакыт кетсе, башкы каармандын прототиби Гапыр Мадаминов өз идеясын ишке ашырууга отуз жылга чукул өмүрүн арнаганын өз сөзүндө айтып өттү.

ГАПЫР АГАЙ МЕКТЕБИНИН ЖЕҢИШИ ЖАНА ЖЕМИШИ
Кечеде аз убакыт ичинде болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон тасманын 10-сериясы көрүүчүлөргө тартууланды. Залда олтургандар тасманы көрүп жатып, каармандардын акыйкатка толгон сөздөрүн кол чаап колдоп турушту.

ГАПЫР АГАЙ МЕКТЕБИНИН ЖЕҢИШИ ЖАНА ЖЕМИШИ
Көрсө, Гапыр агай азыркы мектеп реформасын бир чакан мектептин масштабында тээ 90-чу жылдардын этегинде эле баштаптыр. Ал жаңылануу желаргысы кандай кыйынчылыктар менен коштолгонун 10 сериялуу тасманын соңку бөлүгүнөн көрө алдык. Жаңылануу, өзгөрүү жеңил болбостугуна биз, көрүүчүлөр, Гапыр агай, Кочкор агай, Убайдулла агай, Нарбүбү эжекенин жана башка кейипкерлердин образдары аркылуу ишендик.

Жабык көрсөтүлүштө да бир топ кульминациялык чекиттер бар экен. 10-серия Гапыр агайдын өмүрлүк жары уул-кызын ээрчитип ата-энесинин үйүнө кетип калган окуясы менен башталды. Аял-эркек талашы, түшүнбөстүктөрү мурда-кийин болуп келген дечи, бирок мындай окуянын жалпы жамаатты өзгөрүүгө баштап бараткан башкы педагогдун жеке турмушунда учурашы көрөрмандарды албетте терең ойго салды.

— Башкаларды үй-бүлөлүк гармонияны сактоого үйрөтүп жүрүп, өзүмдүн үй-бүлөмдүн пайдубалын бекемдөөнү унутуп коюпмун. Өмүрлүк жарымдын мага кылган кызматын аялдык милдет катары эсептеп адашыпмын, — деп өз кемчилигин моюнга алды азыркы тасма тууралуу видеосюжетте Гапыр агай.

Манасты Манастай бийиктикке көтөргөн акылдуу зайып Каныкейден кем калбай, Товарай да жолдошунун мектебинен окуучулар райондук предметтик олимпиадага катышып жаткан учурда тамагын белендеп өз очогуна кайтып келет. Гапыр агайдын кубанычы ушуну менен бүтпөйт. Райондук олимпиаданын кынтыксыз өтүшүн талап кылып, ушуга өзү салым кошуп, жыйынтыгында бир канча предметтер боюнча Гапыр агайдын окуучулары жеңүүчү болушат. Бул эксперименталдык гимназиянын билим олимпиндеги эң алгачкы жеңиши болчу.

Гапыр агай ушунун баарына кантип жетти? Билим берүүдөгү бюрократияны, баалоодогу субъективизмди кантип жеңди? Албетте, ал өз максатына жетүү үчүн бардык кыйынчылыктарды жеңе билди. Мындайда жанындагылардын жашоосу оңой болгон жок.

— Фильмдеги жашоо биз кечирген жашоого караганда жакшыраак экен. Биз мындан да кыйын турмушта жашадык, — дейт учурдагы мугалим кызы Гүлсара Мадаминова.

Ушундай эле пикирди азыр агайдын агартуучулук, жетекчилик ишин улантып жаткан уулу да билдирет.

— Көбүнчө кийимден кыйналчубуз, — дейт уулу Ислам Мадаминов.

Жаңычыл педагог өзүнүн идеяларына башкаларды, баарынан мурун кесиптештерин ынандыра алды. Аларды чоң максатка жетүүгө багыттай алды. «Гапыр агай — саяпкер жетекчи. Ар бирибиздин жакшы жагыбызды көрө билип, ошону өнүктүрө алды» деген калыс пикирин айтты тубаса педагог, мыкты математик, тасмадагы Кочкор агайдын прототиби Кочкор Батыров.

Он сериялуу тасмадагы көрүнүктүү ролдордун бири — Нарбүбү эже.

— Гапыр агай менин окуучуларга болгон жумшак мамилемди билим менен байытты. Педагог катары такшалдым, — деди фильм соңундагы видеосюжетте эксперименталдык гимназиянын окуу бөлүмүнүн башчысы Нарбүбү Анаркулова.

Мектептеги ар бир мугалим «Жаш мугалимдер мектебинен» өзү үчүн зарыл сабак алганын белгилей кетели.

— Мектепке жаңы келген жаш мугалимдерге «Жаш мугалимдер мектебинин» пайдасы зор болду. Көп нерсени ушундан окуп-үйрөндүк, — дейт англис тили мугалими Жаннатай Абдувасиева.

Ал эми биздин Гапыр агай бардык кыйынчылыкты жеңе билди. Мурунку окуучусу Айнура Каландарова агайы эрте менен эшегин минип алып, эгин таласына кетсе, анан костюм шымын кийип мектепке шашылганын айтат.

— Мен өзүм шахтерлордун шаары Сүлүктүдө төрөлүп өскөм. Окуучулардын ысык тамагы үчүн эки гектар жерге жүзүм, эки гектар жерге буудай эгип, дыйканчылык да кылдым, — деп эскерет Гапыр агай.

Ал өзү гана өзгөрбөдү, башкаларды да өзгөрттү.

— Агай бизди, ата-энелерди да, билимдин баалуулугуна ишендирди. Окутту. Экзамен тапшырдык. Алган билимибиз текке кеткен жок. Балдарымдын баары ЖОЖдорго бюджеттик негизде окууга өттү, — деп агайга өз ыраазычылыгын  билдирет мектептеги «Энелер мектебинин» 2002-жылдагы бүтүрүүчүсү Жолдошова Максатай.

«Энелер мектеби» — Гапыр агай мектебинин эң маанилүү табылгасы. Ал эми окуучулардын билим алууга багыттаган ыкмалардын чордону — бул агайдын «Акыл эмгегинин маданияты».

— Азыр эмне көп, жаңылык көп. Баарын камтый албайсың. Баарын эстей албайсың. Бизге билимдин да эң негизгилери керек. Аны кантип алабыз? Акыл эмгегинин маданияты же кыскача айтканда, АЭМ бир чоң китепти бизге он бет, он бетти бир бет кылып берет, — деген кеп-кеңешин берет азыркы окуучуларына АЭМ сабагында Гапыр агай.

Ошентип, биз, көрүүчүлөр, Гапыр агайдын мектебинде эч бир майда нерсе жок экенин түшүндүк. Баары маанилүү. Жаңылануу үчүн бирин калтырбай үйрөнүү керек. Мында эмгектенген ар бир мугалимди экспериментатор мугалим десек болот. Ар бир окуу каанасы — илимий лаборатория. Ушундай жапырт күн-түн билбеген эмгектин аркасында эесперименталдык гимназиянын мугалимдери эч бир жерде кезикпеген ийгиликтерди багынтып жатышат.
Гимназия түптөлгөндөн бери 70 тен ашуун бүтүрүүчү ЖРТнын жыйынтыгы боюнча медакадемияга бюджеттик негизде өткөн. 2020-жылы жалпы республика боюнча ЖРТнын орточо баллы 127 болсо, алыскы Лейлектеги эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн орточо баллы 174 баллды түздү. Бул албетте, Гапыр агай мектебинин эң зор жеңиши!

Тасманын соңу да билим бийиктигинде агай-эжейлери менен бирге турган балдар-кыздардын колдорун көзүнө дүрбү кылып алысты караган көрүнүштө символикалуу аяктады. Андан кийин эл алдына кызыктуу тасманын жаратуучулары, башкы кейипкерлерди аткарган актёрлор жана актрисалар, каармандардын Гапыр агай баш болгон прототиптери чыкты.
Кол чабуулар…. Кол чабуулар…
Мындай окуя билим берүүнүн тарыхында деле боло элек болчу…

ГАПЫР АГАЙ МЕКТЕБИНИН ЖЕҢИШИ ЖАНА ЖЕМИШИ

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер