Гүлнур МАМЫРОВА: “КЕСИП МЕНЕН БИРГЕ ИШКЕРЛИККЕ ҮЙРӨТӨБҮЗ”

  • 17.02.2023
  • 0

Гүлнур МАМЫРОВА: “КЕСИП МЕНЕН БИРГЕ ИШКЕРЛИККЕ ҮЙРӨТӨБҮЗ”

Кесиптик лицейлердеги реформалар, санариптешүү жана учурда аймактарда өтүлүп жаткан модулдук курстар  тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова менен маектештик.

— Учурда кесиптик лицейлерде окутулуп жаткан “Ишкердиктин жана бизнестин негиздери” деген модулдук курс жөнүндө айтып берсеңиз. Бул курс эмнелерди окутат жана окуучулар үчүн эмнеге керек?

—  “Ишкердиктин жана бизнестин негиздери” курсу кесипке ээ болгон окуучуларга окууну бүткөндөн кийин кантип иштеп кетүүнүн, акчаны туура сарптоонун, патент алуунун жолдору сыяктуу нерселерди үйрөтөт. Курс алгач 2001-жылы кесиптик билим берүү программасына киргизилген. Кийинчерээк 2006-жылы программага бир аз толуктоолор киргизилип, бирок жакшы ишке ашпай калган. Тилекке каршы, ал программалар азыр эскирген, бүгүнкү заман талабына жооп бербейт. Азыр Бюджеттик, Салык кодекстер өзгөрүп, талаптар жогорулады. Окуучулар кесипке ээ болгондон кийин өздөрү акча тапканды билиш керек, жада калса өз алдынча ишкер болсо да болот. Мисалы, сантехникти окуп бүткөндөр сантехник болуп иштеп, ошол тармакты өркүндөтүп, тейлөөчү кызматтарды ачып, жеке ишкер болуп кетсе болот. Жогоруда айткандай, ушул нерселерди үйрөтүү үчүн ушул программа  иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө эл аралык долбоорлор менен иштешип, программаны жаңылап жатабыз. Учурда методикалык комиссиянын кароосунда турат.

Гүлнур МАМЫРОВА: “КЕСИП МЕНЕН БИРГЕ ИШКЕРЛИККЕ ҮЙРӨТӨБҮЗ”

— Жаңы курсту окутууда мугалимдердин да кесиптик чеберчилигин жогорулатуу зарыл болот. Бул маселе кандай чечилип жатат?

— Бул программаны бизге бир долбоор жаңыртып, сегиз модуль иштеп чыгып берди. Аны менен биргеликте сабак өтө турган  мугалимдерди жана методисттерди дагы окутуп берели дешти. Биз аймактарды жакындыгына карата бөлүштүрдүк.  Нарын, Ысык-Көл, Таласты бириктирип Караколдо, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткенди бириктирип Ош шаарында окуттук. Булар биздин адистерди окутуп эле койбостон, барып келген жол киресин, жатаканасын төлөдү. Андан сырткары негизги артыкчылыгы, катышуучуларга ачык сабактарды өтүп беришти. Мунун баары  практика жүзүндө аткарылды.

Бул программаны негизи Республикалык методикалык борбор карап, иштеп чыгышы керек эле. Бирок биз аларга “Мына даяр программа бар, силерден жоопкерчиликтүү бир методист барып билсин, текшерсин” дедик. Долбоор кандай программа иштеп чыкканын билбейбиз да. Анан алардын методисти барып көрүп, текшерип, “Программаңар абдан жакшы экен, заман талабына ылайык пайдалуу программа даярдапсыңар, ишке ашырсаңар болот” деген жыйынтык чыгарып берди. Буюрса, 1-мартка чейин Методикалык окуу кеңешмеге кароого жиберебиз.

— Бул сабакты онлайн  окуп, сертификат алса болобу?

— Азыркы убакта бизде методикалык борбордун электрондук сайты бар, ал жакта «Ишкердиктин жана бизнестин негиздери» деген темада видеосабактар жайгашкан. Ар бир сабактан кийин атайын модулдар бар. Ал сайтка каалаган адам кирип, онлайн катталып, сабактарды көрүп үйрөнсө болот. Андан кийин экзаменин тапшырып, сертификат ала алат. Азыр сертификатты методикалык борбордукун берсекпи же министрликтикин берсекпи деп ойлонуп жатабыз. Бул программа менен биз бардык «Ишкердиктин жана бизнестин негиздери» деген темада билим алгысы келген каалоочуларга онлайн мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Азырынча 100 катышуучуга бекер мүмкүнчүлүк беребиз, алар окуп, көрүп, үй тапшырмаларын аткарып, экзамен тапшырып өздөрүн сынап көрүшөт. Мунун баары даяр иштелип чыккан программа, эми Методикалык окуу кеңешмеси бекитип берсе эле биз ишке киргизебиз. Дагы бир айта кетчү нерсе, биздин кесиптик лицейлерге тапшырууну каалагандарга онлайн түрүндө да тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул эң эле жөнөкөй жана оңой. 2020.edu.gov.kg сайтына кирип, лицейди тандайт, кесибин тандайт, өзүн жана керектүү документин сүрөткө тартып жөнөтөт.  Биз ушинтип толук түрдө санариптешүүгө өтөлү деп болушунча аракет кылып жатабыз.

— Жакында эле министрлик ошол эле донорлор менен биргеликте “Коопсуз, жооптуу миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү” деген темада модулдук курстарды өткөрдүңүздөр. Анын максаты кандай?

— Тилектештик борбор менен биргеликте кесиптик лицейлердин директорлорунун орун басарларына ушул темада эки күндүк семинар өткөрдүк. Бизде лицейде окуп бүткөндөр көбүнчөсү миграцияга кетишет. Мындайча айтканда, ЖОЖго да окуйм деп убара болбой, чет жакка барып биздин диплом менен эле жумушка орношо беришет. Ошол чет жакта жүргөндө, жумушчулар өз укуктарын биле жүрсүн деген максатта уюштурулду. Семинарга жалпы лицейлерден 104 директордун орун басары катышты.  Учурда  дагы 24 директорду бюджеттин эсебинен курста окутуп баштадык. Курстун негизги максаты жаңы жаш директорлорду жаңыча ой жүгүрткөнгө үйрөтөлү деп жатабыз. Мурункудай иш алып баруу жарабайт. Азыр технология күн сайын алмашып жатат, ошондуктан жетекчилер жаңы нерселерди үйрөнүп, жемиштүү иштерди көргөзсө деген үмүттөбүз. Аларды бюджеттин эсебинен окутуп, ошого жараша талаптарды дагы жогорулатып жатабыз.

Быйыл жалпысынан 370  кызматкерди  “Мигранттардын укуктарын коргоо”, «Ишкердиктин жана бизнестин негиздери» жана «Маалыматтык жана финансылык сабаттуулук» деген темаларда модулдук окутуулардан өткөрдүк. Эми 20-февралдан 20-мартка чейин «E-QUALITY” долбоорунун алкагында “Санариптик жана финансылык сабаттуулук” боюнча семинар өткөрүлөт. Семинарга жалпы 176 адам катышат.

Фархат КАНЫБЕКОВ,   «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер