ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: “БАШКЫ МИЛДЕТИБИЗ – АР БИР БАЛАГА, СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ ДЕҢГЭЭЛИНЕ КАРАБАСТАН БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН БИРДЕЙ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ ТҮЗҮҮ”

  • 28.08.2019
  • 0

23-августта Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн билим берүу системасынын жетекчилеринин Август кеңешмесинде  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева учурдагы жана кийинки он жыл ичинде өз таасирин тийгизе турган чакырыктардын алкагындагы билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерине арналган мазмундуу доклад менен чыгып сүйлөдү.

 

Жакынкы он жылдыкка карата билим берүүнүн өнүгүү багыттары

Келерки жылы Кыргызстанда 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясы жыйынтыкталат.  Ушундан улам  Билим берүү жана илим министрлиги 2030-жылга чейинки билим  берүүнү  өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өз сөзүндө бул маанилүү документке кенен токтолду.

—              2030-жылга чейинки Стратегия учурдагы Стратегиянын негизги багыттарын улантып кетет, бул өз кезегинде сапат, жеткиликтүүлүк, инклюзивдүүлүк, теңдик, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү жана көптөгөн ушул сыяктуу  көрсөткүчтөрдү туруктуу түрдө жакшыртууга мүмкүндүк берет, — деди министр.

Билим берүу тармагынын жетекчисинин пикиринде 2030-жылга чейин Кыргызстандын билим берүүсү компетенттүү стандарттарын, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу менен салттуу баалуулуктардын негизинде төмөнкүдөй:  1.Ар бир окуучунун компетентүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун түзүү; 2.Билим берүүнү санариптештирүү (билим берүү процессинин бардык катышуучуларын маалыматтык коммуникациялык технологиялардын ыкмаларына үйрөтүү, окутуунун электрондук чөйрөсүн жана санариптик башкарууну түзүү, дистанттык окутууну жана башка технологияларды колдонуу) 3.           Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү; 4.Инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу; 5.Билим берүүнүн натыйжаларын баалоо (билим берүү уюмдарынын бардык баскычтарында өзүн-өзү баалоонун жана тышкы баалоонун айкалышы, анын ичинде аккредитациялоонун алкагында); 6.Натыйжалуу жана коопсуз окуу чөйрөсүн түзүү;  7. Билим берүүнү башкаруу жана каржылоо сыяктуу жооптуу милдеттерди аткарышы керек.

Мектепке чейинки билим берүүнүн келечеги кең

Кыргызстанда билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын саны өсүүдө. Алсак, жалпысынын бала-бакчалардын саны 2013-жылы  819 болсо,  2019-жылы 1497ге өстү. Бир эле 2018-жылдын ичинде алыскы айылдарда  120 бала бакча түзүлгөн, дагы 100 бала бакча мектептердин бошотулган имараттарында ачылган.

Бул чаралар, министрдин пикиринде, мектепке чейинки билим берүүгө 197 миң баланы камтууга мүмкүнчүлүк берди. Бул болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын — «2019-жылы үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана мектепке чейинки даярдоо менен балдардын 40% камтуу  индикаторун  ишке ашырууга шарт түздү.

Министрликтин бул багыттагы иш-аракеттери, анын ичинде 2020 -жылына пландаштырылып жаткан Дүйнөлүк Банктын жаңы  долбоорунун колдоосу 2023-жылга чейин мектепке чейинки билим берүүгө 80%  баланы камтуу тууралуу Өкмөт программасы тарабынан коюлган милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

2018-жылынан баштап Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына “Электрондук кезек” программасы ишке аша баштаганы белгилүү.

—              Программа ишке киргизилгенден тарта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй  облусунун Ысык-Ата районунда ата-энелер тарабынан 115500 электрондук  билдирме келип түшүп, 48328  бала бала бакчалардан орун алды. Учурда Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Каракол шаарларынан «электрондук кезекке» киргизүү  тууралуу арыздар түштү. Ошондой эле балдардын камтуусун жогорулатуу үчүн “Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык заказ” долбоору     иштелип чыгып, пилоттук негизде ишке киргизилүүдө. Бул долбоордун алкагында мамлекет социалдык заказ аркылуу жеке менчик бала бакчалардын кызматтары үчүн ата-энелердин 50% төлөмүн  өзүнө алат,- деп айтты министр.

Маалым болгондой, министрлик тарабынан мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында “Мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик  стандарты” иштелип чыкты.  Мында мектепке чейинки балдардын өнүгүүсүнө багытталган мектепке чейинки түрдүү билим берүү программалары, педагогдордун жаңы кесиптик компетенттүүлүгү камтылган.

 Электрондук каттоо ишти илгерилетет       

2030-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясында чакырыктардын бири болуп демографиялык өсүү аныкталган. Демографтардын божомолу  боюнча,  ал жок эле дегенде 2035-жылга чейин созулуп, жыл сайын балдардын саны  өсөт  дегенди билдирет.

Азыртадан эле статистикага ылайык окуучулардын  саны жылына 3,8% га өсүп жатат. 2012-жылдан тартып мектепке барган балдардын саны 256 миңге  көбөйүп,  1 – 11- класстардын окуучуларынын саны 1 млн. 268 миңге жетти. Шаарларда окуучулардын саны 25% га, ал эми айыл жерлеринде 14%га  көбөйдү. Балдардын санынын мындай өсүшү билим берүү системасына өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт.

Серепчилердин баасында, Билим берүү жана илим министрлигинин жогорудагы демилгеси эң биринчиден билим берүүдөгү коррупцияны ооздуктоого, ар бир балага, социалдык өнүгүү деңгээлине карабастан, билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү түзүүгө багытталган.

—  Бул милдеттердин амбициялуу болгондугуна карабастан аталган идеяны ишке ашыруу үчүн бизде саясий деңгээлде мамлекеттик колдоо бар, жана бул натыйжаларга жетишүү үчүн  бир топ күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Быйыл Бишкек шаарында «балдарды мектепке электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилген. Бул биринчи этап. Жаңы окуу жылында аталган программаны Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта ж.б.  шаарларда жайылтуу пландаштырылууда, — деп айтты министр.

Министрдин айтуусунда, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мектептерине 15,700 арыз түшүп, алардын ичинен биринчи класска тапшырылган тиешелүү документтердин түп нускасынын негизинде 91% бала кабыл алынган.

Бардык балдардын билим алуусуна тең караган программа

Кыргызстанда биринчи жолу ачык, бардык балдарга тең укуктуу билим берүүгө багытталган инклюзивдик программасы иштелип чыгып, Өкмөттүн токтому менен бекитилгени маалым.

-Программанын ишке ашырылышы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусуна шарттарды түзөт. Бул программанын биринчи натыйжалары бар: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү  жана оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын билим берүү менен камтуусу бир нече эсе жогорулады. (2018-ж.-474 бала, 2019-ж -1263 бала ). Жыл сайын көрүүсү начар балдар үчүн Брайл шрифти менен  атайын окуу китептери басылып чыгат, жалпы билим берүү уюмдарда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн педагогикалык-психологиялык коштоонун бардык түрлөрү киргизиле баштады, — деп баса белгиледи мугалимдердин Август жыйынында министр.

Курсагы ток баланын көөнү ток

Билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиева мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу  балдардын ден-соолугун сактоого шарт түзүп, бул өз кезегинде алардын билим алуу натыйжалуугуна таасирин тийгизерин белгиледи.

-Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы , “Мерсико” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен мектеп окуучуларынын ысык тамак — аш менен камтуусун 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин  10% дан  60%га чейин жогорулатты. 2023-жылга чейин  бул көрсөткүчтү 100%га чейин жеткирүүнү  пландап жатабыз. Тиешелүү Мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, парламентте биринчи окуудан өттү, — деди министр.

Келерки жылы компьютер бардык мектепке жетиштүү санда тегиз жетет

Билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева “Келечектин мектеби” программасы бала бакчалардан жана мектептерден  баштап  заманбап маалыматтык технологияларды колдонууга, технологиялык жактан сабаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү кыргызстандыктардын муунунун пайда болушу үчүн чөйрөнү калыптандырууга багытталарын белгиледи.

Белгилүү болгондой, бул программа мугалимдердин  IT-компетенцияларын,  окуучулардын санариптик жөндөмдөрүн, билим берүүнүн санариптик мазмунун (заманбап санариптик дидактикалык анын ичинде электрондук окуу китептерин түзүү, окуучулардын электрондук техникалык каражаттарын кеңири пайдалануу), мектептин IT-инфраструктурасын өнүктүрүүгө (мектептерди тилкелүү Интернет, компьютер, мультимедиалык жана башка каражаттар менен камсыз кылуу) багытталат.

— Келечектин мектеби» программасын толук кандуу ишке ашыруу үчүн мектептерди компьютерлер менен камсыз кылуу маселесин чечүү зарыл. Бүгүнкү күнгө 13 окуучуга бир компьютерди эсепке алганда, 30 миңге жакын компьютер сатып алуу керек, ага болжол менен 700 млн. сом талап кылынат. Аталган маселени чечүү боюнча Евросоюз менен 10 млн. евро суммадагы грант тууралуу  сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул долбоор ишке ашса,  2020- жылы бардык мектептерди 100 % компьютер менен камсыздоого мүмкүнчүлүк жаралат, — дейт министр.

 

Интернетсиз мектептеги билим жетик болбойт

Билим берүү системасынын жетекчилеринин Август кеңешмесинде Билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиева Өкмөттүн колдоосу менен бүгүнкү күндө 1388  мектеп Интернетке туташтырылганын жана 47 мектеп 2019- жылынын биринчи сентябрына чейин кошуларын маалымдады.

-Электрондук билим берүү ресурстарынын репозиторийи өсүп жатат: ал мугалимдер жана окуучулар үчүн миңден ашуун  окуу китептерин, колдонмолорун, сейрек китептерди жана башка  окуу материалдарды камтыйт, — деди министр.

Белгилүү болгондой, маалымат системаларын колдонуу бир гана мектептердин жогорку органдарга отчеттуулук ишин жеңилдетип (окуу китептери фонду, жүктөмдөр ж.б.боюнча), коррупциялык схемаларды жок кылууга шарт түзбөстөн, ошондой эле билим берүү тармагындагы бир катар кошумча электрондук кызмат көрсөтүүнү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Билим берүүнүн мазмуну —  министрликтин көңүл борборунда

Агартуу тармагынын жетекчисинин айтуусунда министрлик жыл сайын предметтик стандарттар жана Базистик окуу планынын үстүндө тыкыр иш алып барат.

— Базистик окуу планын концепциясы иштелип чыгып, анын негизинде бир катар окуу предметтерине өзгөчө көнүл бурулат: Алсак, мамлекеттик тил боюнча жаңы стандарттар киргизилди.  2017-2018-окуу жылынан баштап чет тили предмети боюнча 5-класстар үчүн окутуу сааты жумасына  эки  сааттан 5 саатка чейин, 6-класстар үчүн 4 саатка чейин, 7- класстар үчүн 3 саатка чейин көбөйдү. Табигый — илимий багыттагы предметтерди  окутууну жакшыртуу максатында  билим берүү мекемелери – эксперименталдык аянтчалар жөнүндө жобо иштеп чыктык, ага ылайык Кыргызстандын ар бир районунда физика-математикалык мектептерди өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштайт, — деп айтты министр.

Билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиева окуу китептеринин сапатына  да токтолду.  Ал окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу боюнча мурдагы Жободо өндүрүлгөн бардык окуу материалдарына автордук укукту милдеттүү түрдө Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү каралгандыктан,бул чечим бир катар кесепеттерге алып келгенин айтып өттү.

Жаңы жобого ылайык мамлекеттин атынан Билим берүү жана илим министрлиги тапшырыкчы катары стандарттарга ылайык экспертизанын 4 түрүн өткөрүүгө катуу талаптарды коюп, окуу китептерин заказ кылат.

Министрдин пикиринде бул тартип биринчи кезекте: окуу китептерин басып чыгаруу боюнча бардык процесске (иштеп чыгуудан баштап, апробациялоо жана нускалоого чейин) автордук укукка ээ болгон басмаканага толугу менен жоопкерчиликти жүктөйт; окуу китептеринин баасын төмөндөтөт, анткени басмакана иштин бардык көлөмүнө тапшырык алууга кызыкдар; жасалма окуу китептердин  агымын жабат; ата мекендик басмаканалардын өнүгүшүнө түрткү берет.

Интернет эми — ата-энеге жардамчы

Интернетти билим берүү максатында гана колдонбой, ошондой эле  аны автоматташтыруу аркылуу  окуу процессин башкарууда  жана мониторинг жүргүзүүдө  пайдаланса болот. Дал ушуну ишке ашыруу үчүн,  министрлик автоматташтырылган «Күндөлүк» маалыматтык системасынын пилоттук долбоорун киргизип жатат.  Аталган программа ата-энелерди баласынын ийгиликтери тууралуу маалымдоо менен алардын билим берүү процессине тартылышын күчөтөт.

—              Конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында 8 ИТ-компания тандалып алынды, алар жалпысынан алганда 100гө жакын  мектепке өз продуктун 2019-жылдын биринчи сентябрынан 31-декабрына чейин киргизиши керек. Бул долбоордун биринчи этабы. Экинчи этап 2020-жылдан башталып, республиканын бардык мектептерине жайылтылат, — деп айтты министр мугалимдердин Август кеңешмесинде.

Максат — калыс баалоо системасын түзүү

Билим берүү системасынын жетекчилеринин Август кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө Билим берүү жана илим министри Г.К.Кудайбердиева мамлекеттик аккредитация аркылуу билим берүү тармагында калыс жана адилеттүү баалоо системасын түзүүгө болот деген ишенимин билдирди.

— 2018-2019-окуу жылында мамлекеттик аккредитациядан 1 993 мектеп өттү, алардын ичинен        1 882 (же 94,4%)  5 жылга, 111 мектеп (5,6%) 1 жылга шарттуу түрдө аккредитацияланды. Шарттуу түрдө аккредитацияланган мектептер жыл ичинде жетекчилик жана  окутуучулар курамынын деңгээлинде дараметин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп  бир жылдын ичинде  кайра аккредитациядан өтөт. Экинчи жолу шарттуу түрдө 110 мектеп аккредитациядан өттү, жобого ылайык бул мектептердин директорлоруна карата чаралар көрүлүшү керек, — деп айтты министр өз сөзүн жыйынтыктап.

А.Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер