ФИНДЕРДЕН БИЗ ЭМНЕНИ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ

  • 11.06.2020
  • 0

ФИНДЕРДЕН БИЗ ЭМНЕНИ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ

 

Финляндия соңку бир канча жылдан бери билим берүү тармагында дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн сабында келе жатат. Алардын билим берүү системасын карап чыгып, «Биз кантип үлгү алсак болот?» деген суроого такалдым.

Биздин максат фин билим берүү системасын эле мактап, өзүбүздүкүн жерип, өксүк комплексин (inferiority complex) жаратып, басына берүү эмес. Биз бул өлкөнүн өрнөгүн кайсы жагынан, кандайча өздөштүрө алабыз? Бул үчүн реалдуу мүмкүнчүлүгүбүз канчалык? Келиӊиздер, жоопту чогуу издейли.

 

  1. Мектепти сүйдүрүү

 

Фин билим берүүсүнүн эӊ негизги чоң өзгөчөлүктөрдүн бири – окуучунун мектепти жакшы көрүшүнө жетишилгендиги. Муну шарттаган бир канча фактор бар:

* 15 жашка чейин балдарга мектепте баа коюлбайт. Мугалимдер дээрлик ар бир бала менен натыйжалуу байланыш куруп, билим алуусун жакындан күзөтүп тургандыгы үчүн баа койбосо да балдар жакшы окуй беришет. Ошентип, балдар деле бирөөдөн бирөө өйдө же төмөн деген түшүнүктөн эркин болушат. Балдар баа үчүн эмес, чыныгы билим үчүн окугандыктан, мектептен үйрөнгөндөрүн узак мезгил бою эстеп калат экен.

* Үй тапшырма берилбейт. Финдер балдардын оюнга тоюп ойношуна абдан зор маани беришет. Балдардын оюнга кетирген убактысын пайдасыз деп эсептешпейт. Анткени балдардын оюнга канышы алардын бир нерсе үйрөнүүсүнө абдан жакшы таасирин тийгизет. Андыктан балдар үчүн бир нерсе үйрөнө турган жер катары мектепти жетиштүү деп эсептешет. Финдердин бул жагынан жаңылышпагандыгын PİSA сынактары далилдеп турат.

* Сабактардын сааты салыштырмалуу аз. Финляндияда мугалим күн сайын класста орточо эсеп менен 4 саат сабак өтөт. Танапистин мөөнөтү да биздегиге салыштырмалуу узак.

«Балдарга баа койбосо, үй тапшырма бербесе, сааты да аз болсо, анда балдар оюнга кызыгып, окубай койсочу?» деген суроо туулушу мүмкүн. Финляндияда мугалимдер балдар менен өтө жакындан иштешкендиктен, алардын дээрлик бардыгынын кандай билим алып жатканы көзөмөлдөнүп турат.

Артта калып бараткан окуучуга да, өзгөчө кызыгуусунан улам программадан илгерилеп кеткен балага да жеке психологиялык жана педагогикалык колдоо көрсөтүлөт. Жетишпеген балдар кыска убакыт аралыгында башка балдардын деңгээлине чыгат, өзгөчө кызыгуусу менен озуп чыккан бала да билимин андан ары тереңдетип кете берет.

Атайын жүргүзүлгөн бир изилдөөгө таянсак, фин мектептериндеги окуучулардын дээрлик 30%ы окуу убагында мугалимден өзгөчө психо-педагогикалык колдоо алып турат экен. Бул иш-аракеттин натыйжасында фин мектептеринде классынан көчпөй калган окуучулар жалпы окуучулардын 2,8%ын гана түзөт. Бул болсо калган Европа өлкөлөрүндөгү мектептерге салыштырмалуу бир кыйла төмөн көрсөткүч.

 

  1. Китеп окууга кызыгууну ойготуу

ФИНДЕРДЕН БИЗ ЭМНЕНИ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ

Китеп окууга окуучу кызыктыруу – билим берүүнүн эң маанилүү факторлорунун бири. Чындыгында окуучуларды китеп окууга, дегеле бир нерсени үйрөнүүгө дилгирленткен бир топ жагдайлар бар. Бирок мен бул жерде бир өзгөчө нерсени айта кетейин. Фин классикасына айланып калган «Табият китеби» окуучулардын мыкты окурман жана илим-билимге дилгир болуп калышында зор роль ойнойт экен. Бул китеп XIX кылымдын баштарында Эленский университетинин ректору болуп дайындалган Закария Тапелиус аттуу жазуучу жана тарыхчы тарабынан жазылган. 8-9 жашар окуучуларга арналган бул китепте жаныбарлар, өсүмдүктөр, химия, физика, астрономия сыяктуу так илимдер, табият тууралуу ыр, икая, анекдоттор сыяктуу кызыктуу, жөнөкөй маалыматтар камтылган.

 

  1. Мыкты мугалим

 

Фин билим берүүсүн алга сүрөгөн эң маанилүү факторлордун бири – мугалимдердин мыктылыгы. Өлкөдө мугалимдик эң кадыр-барктуу кесип болуп саналат. Алсак, башталгыч класстарга мугалим болуу үчүн университетте магистратураны бүтүрүү зарыл. Бирок магистрдик окуусун аяктаган бардык эле талапкерлер мугалим боло албайт. Ал үчүн 3 баскычтуу сынактан өтүүгө тийиш.

Биринчи баскычта мугалимдин маалымат топтоодо сынчыл ой жүгүртө билүү күчү, алынган маалыматты анализдөө жана синтездөө жөндөмдүүлүгү текшерилет. Экинчи баскычта мугалимдик кесипти аркалаганга инсандык сапаттары ылайык келер-келбестиги маектешүү аркылуу сыналат. Үчүнчү баскычта атайын өрнөк сабак өтүп берүүсү талап кылынып, анда класста ар кандай абалды жөнгө салып кетүү жөндөмү текшерилет. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Финляндияда мугалим болуу үчүн сынакка киргендердин болгону 25%ы гана тандап алынат экен.

Сынактан ийгиликтүү өтүп мугалим болгон соң да, жумуш менен кошо аптасына эки саат билимин жогорулатуучу окууларга катышып турууга милдеттендирилет экен. Ошентип, мугалимдер кесипкөйлүгүн өркүндөтүп турушат жана дайыма динамикалуу абалда иш алып барышат. Иши начарлай баштаган мугалимдерге мектеп жана жергиликтүү башкаруу тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн, ар кандай курстарга, окууларга жөнөтүп кайрадан күчтөнүп келүүсүнө кызыкдар мамиле кыларын да кошо белгилей кетүү керек.

 

  1. Жасап/жашап көрүп үйрөнүү

 

Фин мектептеринин ийгилигинин башында «Жасап/жашап көрүп үйрөнүү» деген жобо турат. Түшүндүрүп айтканда, окуучулар үйрөнгөн нерселерин жасап же жашап көрүп үйрөнүшөт экен. Реалдуу жашоо менен айкалыштырган учурда гана үйрөнгөн нерсеси эсте калат, анын маани-маңызын тагыраак аңдоо мүмкүн болот эмеспи. Мисалы, бир окуучунун даракка асылып ойноп жатып кандайдыр бир коңуздун түрүн көрүп таң калуусу мугалимдер үчүн зор мааниге ээ. Анткени ал окуучу ошол коңуз тууралуу мугалимине келип суроо берет жана алган жообун унутпайт. Балким, кызыгуусу күчөп, коӊуз жөнүндө дагы көп нерсени билүүгө умтула баштайт. Окуучунун суроо бере баштаган учуру үйрөнгөнгө эң ылайыктуу шарт болору педагогикадан баарыбызга маалым.

 

Биздин да колдон келет!

 

Жогорудагылардын баарын жыйынтыктап, баланын окууга, үйрөнүүгө дилгирлигин күчөтүү эң маанилүү мүдөө экенин айтсак болот. Эгерде бала билимин тереңдетүүнү кааласа, бийик максатка бел байлап калган болсо, ал жолдо тоону да тешип өтөөрү шексиз эмеспи?! Бирок так ошол атмосфераны жаратууда эң чоң роль мугалимге таандык экен. Бул чындыкты билим берүү жаатында алдыңкы сапта жүргөн Финляндия менен катар Сингапур жана Жапония сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы да тастыктап турат. Андыктан «Биз кантип бул өлкөлөрдүн өрнөгүн өздөштүрө алабыз?» деген орчундуу суроого мен төмөндөгүдөй жооп бермекмин:

  1. Биринчи кезекте педагог кадрларды даярдоонун сапатын көтөрүү аркылуу мугалимдердин кесиптик деӊгээлин жакшыртуу керек. Бул ишти мүмкүн болушунча ырааттуу жүргүзүп, мектеп мугалимдерге социалдык колдоону күчотүү зарыл. Муну айлык акысын көтөрүү, медицина, транспорт, турак жай ж.б. жактардан чыгымдарын атайын жеңилдетүү менен баштаса болот. Ошентип, балдар үчүн мектеп коркуунун, сарсанаанын жери эмес, кубануунун, жаңы үмүттөрдүн очогу болот. Баалоо системасын алып салуу, үй тапшырмасын азайтуу, окуучуга жеке психологиялык колдоо көрсөтүү сыяктуу факторлорго шарт түзүлө баштамак.

Биздин өлкөдө чыгым талап кылган идеялар айтылганда эле каражат тартыш деген жооп айтыла берет. Мен каражат жетишсиз, өзгөчө билим берүүнүн сапатын оңдоого жетишпейт дегенге такыр ишенбейм. Менимче, буга элдин алдына чыгып «Акча жок!» деп айткан бир топ чиновник деле чын жүрөктөн ишенбейт… Маселе «Чындыгында биз оңолгубуз келеби же оңолумуш болгубуз келеби?» деген суроого байланышкан…

  1. Сабактын саатын азайтуу зарыл. Мисалы, финдердин орто мектептеринде апталык сабактын сааты биздегиге салыштырмалуу кыйла аз экен. Биздин орто мектептер «Канча көп нерсени окутсаң, окуучу ошончолук үйрөнө берет!» деген эски, баланын психологиялык өзгөчөлүктөрүн, педагогикалык эӊ жөнөкөй жоболорду эске албаган усулдун курмандыгы болуп эле келатат окшойт.

Өзүбүздү өзүбүз алдабай, ар кимибиз «Орто мектепте окугандарыбыздын канча пайызын эстейбиз азыр? Реалдуу жашоодо канчасынын кереги тийди?» деген суроого жооп айтсак эле, 11 жылдык убарагерчиликтин канчалык беймаани экендиги көрүнүп калат…

Бир литрлик идишке бир литр сууну чактап, шашпай, көңүл буруп куюп толтуруу менен ошол эле идишке бир чака сууну шар оодара салып, бештен биринин толбой калышынын айырмасын билсек, реалдуу реформага баруу замандын талабы экенин аңдайбыз.

  1. Бул жараянды илгерилетүү үчүн ата-энелерге да бир сунушумду айтайын. Балдардын сабактан тышкаркы убактысында канганча ойношуна мүмкүнчүлүк бериӊиздер. Балдардын ойноосун бош кеткен убакыт катары сыпаттабоо керек. Туура уюштурулган мазмундуу, кызыктуу оюндар баланын инсан катары ар тараптуу жетилишине өбөлгө түзүп, акыл-эсин да өстүрөт.

Биздин шарттарыбызды да эске алганда, шаардык балдардын жайкы эс алуусун айыл жергесинде өткөрүү да абдан пайдалуу болору анык. Чоң ата, чоң энеси баш болгон тууган-уругу менен аралашып, баарлашып, оюнга канып, элеттеги жумуштарга да катышып турушу педагогикалык жактан аябай чоң мааниге ээ экендиги түшүнүктүү болуп калды окшойт. Ошол эле учурда баланын улуттук аң-сезиминин калыптануусунда, кыргыз тилинин өнүгүүсүндө да мааниси зор. Элетте жылаңайлак суу кечип, таза шагылда, топуракта басып, химиясыз бышкан жашылча-жемишке, сүт-айранга жакын болушунун пайдаларын кантип айтып бүтөйүн?

 

Тыянак

 

Мен келечектен үмүтүн үзө элек жаран катары өз олорумду ортого салдым. Биздин Билим берүү министрлигинде менден алда канча билимдүү, тажрыйбалуу, маалыматка бай адистер бар экендигин билем. Бирок тийиштүү тараптар билим берүү тармагында реалдуу реформалык кадамдарга барабы же «эволюциялык» жол менен акырындап барып оңолуп кетишибизге ишенип тек эле коёбу – көрө жатарбыз.

Макдоналдс фирмасын дүйнөгө тааныткан Рей Крок: «Дүйнөдө билимдүү жана жөндөмдүү адамдар көп. Бирок ийгиликке жетүү үчүн эӊ башкысы чечкиндүүлүк жана тырышчаактык менен кадам таштай билүү зарыл», – деп айткан экен. Мага өлкөбүздүн билим берүү тармагынан баштап бир топ чукул реформа күтүп турган жааттарга карата биздин мамилебиз ушул абалга окшош сезиле берет. Акылыбыз жетет, мүмкүнчүлүк бар, бирок чечкиндүүлүк менен тырышчаактыкты жетиштүү көрсөтө албагандайбыз…

Бир ойчул «Тагдырдын катаалдыгы кишинин чечкиндүү боло баштаган жеринен баштап сынат», — деп айткан экен. Демек, же чечкиндүүлүк көрсөтүп, билим берүү тармагын оңдосок, оңолууга багыт алабыз. Болбосо баягы эле наалыган турмушту уланта беребиз, бирок экинчи жол туюкка алпарат. Тандоо биздин колубузда.

Сүрөттө – 1. Фин мектебиндеги маанай https://binokl.cc/obrazovanie-v-finlyandii-polnyiy-relaks-dlya-psihiki-shkolnika-i-uchitelya/

2. ЗакарияТапелиустун башка бир китебинин (“Кнут-музыкант”) беттери https://www.pinterest.ru/pin/538883911659674613/

Элмурат Кочкор уулу. Түркия

Бөлүшүү

Комментарийлер