ФЕРГАНАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ ОШТУДА БОЛДУ

  • 27.11.2023
  • 0

ОшТУга Фергана политехникалык институтунун химия-технология факультетинин деканы Гуламкадир Мирзакулов баштаган делегация окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде атайын иш сапары менен келип кетти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.

ФЕРГАНАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ ОШТУДА БОЛДУ

Ферганадан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору, доцент Асанбек Акматалиев кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.

ФЕРГАНАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ ОШТУДА БОЛДУ

Коңшу мамлекеттен келген делегациянын курамы Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууларда мындан ары эки тараптуу байланышты күчөтүп, эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо биргелешип кызматташуу тууралуу кеңири сөз болду.

ФЕРГАНАДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ ОШТУДА БОЛДУ

Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институту буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер