ЭТНОПЕДАГОГИКА ЖѲНҮНДѲ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 14.12.2017
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде 14-декабрда Ыйман, адеп, маданият жылына арналган “Этнопедагогика-заманбап социумдагы этномаданий дөөлөттөрдү сактоонун фактору катары” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болду.

ЭТНОПЕДАГОГИКА ЖѲНҮНДѲ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Конференцияга Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстандан жана республикабыздын бардык аймактарында жайгашкан жогорку окуу жайларынан илимпоз-педагогдор катышып жатышат. Конференцияны  ОшМУнун окуу иштери боюнча проректор Абазбек уулу Расул ачып, конференциянын ишине ийгилик каалады. Ошондой эле Түркиядан келген профессор Надыр Челикөз, ОГПИнин ректору Б.Зулуевдер этнопедагогика, этномаданий дөөлөттөрдү сактоого багытталган конференциянын маанилүү экендигин айтып, куттуктоо сөздөрүн жолдоду.

Пленардык жыйында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен келген окумуштуу А.Алимбеков “Кыргыз элинин адеп маданиятынын константтык субстанциялары”, Кыргыз билим берүү академиясынан келген окумуштуу М.Мырзаев “Этнопедагогиканын кыргыз мектеби”, кореялык окумуштуу Лим Ен Шик “Корей тамгаларын түзүү аркылуу улуттук биримдик идеалогиянын негизделиши” деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Конференциянын иши күндүн экинчи жарымында секциялык иштерде улантылып, уюштуруучулар тарабынан конференцияга арналган “Кыргыз элинин этномаданий баалуулуктары” деген аталыштагы көргөзмөлөр уюштурулду.

ЭТНОПЕДАГОГИКА ЖѲНҮНДѲ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Белгилей кетсек, аталган конференцияга жалпысынан 72 илимий докад түшүп, ОшМУнун Илимий жарчысы журналынын атайын чыгарылышында басылып чыгарылды. Конференция ОшМУнун педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борбору, педагогика кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер