ЭТНОПЕДАГОГ ААЛЫМДЫН АЙЫЛ МЕКТЕБИНЕ САЛЫМЫ

  • 17.04.2019
  • 0

Абдыкерим Муратов 1962-1972-жылдарда Ноокат районунун мурдагы Я.М.Свердлов, азыркы Шанкол орто мектебинде билим алган. Азыр ал жазуучу, окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болочок мугалимдерди тарбиялоо багытында иштейт.

ЭТНОПЕДАГОГ ААЛЫМДЫН АЙЫЛ МЕКТЕБИНЕ САЛЫМЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялагандыгына карата өзү билим алган мектепке жардамга келди. Бир ай мурда Шанкол орто мектебинен окуучулары үчүн эссе жазууга жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун, Ош шаарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн сабактардын иштелмелерин иштеп чыгууга сынак жарыяланган.

ЭТНОПЕДАГОГ ААЛЫМДЫН АЙЫЛ МЕКТЕБИНЕ САЛЫМЫ

13-апрелде Шанкол мектебинде ошол сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Татыктуу деп табылган сабактардын иштелмелери камтылган “Кыргыз тили жана адабияты боюнча иштелмелердин жыйнагы” деген китеп чыгып, ага жыйырма бир мугалимдин эмгектери жарыяланган. Талапка жооп берген, компетенттүүлүктөрдү камтып, жаңыча түзүлгөн сабактын планын мазмундуу жазган Ош шаарындагы №52 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев жана №27 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүл Тайыр кызы ж.б. жаш мугалимдер болду. Ал эми эссе жазууга 8-11-класстардан жыйырма үч окуучу катышкан, алардын он үчү байгелүү орун алды. Эки сынактын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар, атайын дипломдор жана Абдыкерим Муратовдун китептери папкасы, баалуу белектер менен кошо тапшырылды.

ЭТНОПЕДАГОГ ААЛЫМДЫН АЙЫЛ МЕКТЕБИНЕ САЛЫМЫ

Ушул эле күнү ушул мектепте Абдыкерим Муратов атындагы кыргыз тили жана адабияты боюнча усулдук каана ачылды. Аны окумуштуу бир туугандарынын көмөгү аркылуу отуз үч парта стулдары менен, мугалимдин столу, компьютердик стол, бир бетке толо шкафтар, гүлдөр, эки компьютер, принтер, ксерокс, сканер, интерактивдүү доска, маркер жана бор менен жазылуучу эки даана доска менен камсыздап, окуу процессин толугу менен  санариптештирүүгө шарт түзүп берди. Муратовдук окууга келген мугалимдерге, ардагерлерге, окуучуларга жана мугалимдерге анын өзү жазган китептеринен миң даанадай таратылды жана үч жүздөй китеп жаңы ачылган каанага коюлду.

ЭТНОПЕДАГОГ ААЛЫМДЫН АЙЫЛ МЕКТЕБИНЕ САЛЫМЫ

Түштөн кийин агайдын шакирттери, педагогика илимдеринин кандидаты Куштарбек Кимсанов, ОшМУнун ага окутуучусу Асылкан Маматова, ОГПИнин ага окутуучулары Жыпар Шербаева, Динара Жумабаева облустун ар тарабынан келген мугалимдер үчүн мастер-класстарды өтүп, кызыктуу дискуссияларды уюштурду.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер