ЭШЕНААЛЫ АРАБАЕВДИН АГАРТУУЧУЛУК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСТАРЫ

  • 11.03.2023
  • 0

ЭШЕНААЛЫ АРАБАЕВДИН АГАРТУУЧУЛУК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК МУРАСТАРЫ

Эшенаалы Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгү

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коомчулугуна Эшенаалы Арабаев белгилүү окумуштуу-агартуучу жана педагог катары, кыргыз тилинде басылган алгачкы окуу китептеринин автору, эне тилинин өзгөчөлүктөрүнө таянып араб алфавитине реформа жүргүзүүчү, «Эркин-Тоо» газетасынын активдүү уюштуруучусу, элдик адабияттарды чогултуучу катары кеңири белгилүү. Бирок ошентсе дагы көрүнүктүү агартуучу-педагогдун өмүр баяны, ишмердүүлүгү, анын кийинки урпактарга калтырган мурастары көпчүлүккө дагы да болсо белгисиз.

Профессор Ш.Жапаров Эшенаалы Арабаев кыргыз интеллигенциясынын алгачкы көч баштагандарынын бири экендигин белгилеп, анын ишмердүүлүгүнүн алгачкы этабы – агартуучулук жана алиппечилик мезгили; экинчи этабы алиппечиликтин өркүндөтүлүшү, саясий ишмердүүлүктүн башталышы, котормочулуктун тамыр алышы жана агартуучулук иштеринин кулач жайышы, үчүнчү этабы – чыгармачыл ишинин өркүндөшү жана бир аз солгундашы деп бөлүштүрөт.

Инсандын өнүгүүсүнө таасир тийгизген негизги (генералдык) факторлор: тукум куучулук, чөйрө, тарбиялоо экендиги педагогика тармагына кызыккандардын бардыгына белгилүү. Ушул факторлор улуу агартуучуга кандайча таасирин тийгизгендиги тууралуу талдоо жүргүзүү биз үчүн кызыктуу фактыларды ачты.

Эшенаалы Арабаевдин чөйрөсү

Улуу агартуучуга абдан чоң таасир берген, Арабаевди Арабаев кылган чөйрө бул «Галия» медресесинин демократия идеясына сугарылган, чыгармачыл, эркин чөйрөсү болгон. Дал ушул медреседе окуп жүргөн мезгилде анын агартуучулук ишмердүүлүгү башталып, ойлогон ой-максаттары ишке аша баштаган.

ХХ кылымдын башында Орто Азия мамлекеттеринен Астрахань, Уфа, Казань шаарларындагы жаңы методду сунуштаган светтик багыттагы мектептерде билим алууга умтулган жаштардын саны көбөйө баштаган. Прогрессивдүү татар агартуучулары козгогон көйгөйлөр, кыргыз шакирттерине дагы жакын болгондуктан, кыргыз агартуучусу Эшенаалы Арабаев дагы ушул жаштардын катарында болгон. Жаңы доор жаңы максаттарды койду. Сабатсыздык, артта калуу менен күрөшүү башкы тема болуп, жаштар прогресске жана агартуучулукка умтула баштады.

Чоң шаарлардагы эң белгилүү мектеп – «Галия» медресеси болгон. Медресе 1906-жылы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, дароо эле жогорку мектеп катары сунушталат. «Галия» деген аталыш араб тилинен которгондо «жогорку» дегенди билдирген «Гали» деген сөздөн алынган.

 «Галия» медресесинин демилгечиси европалык билими бар Зия Камали деген адам болгон. Ушул жогорку мектептин ачылганынан баштап эле, жетекчилик «Галия» башка медреселерден окуу программасы жана ички түзүлүшү боюнча айырмаланат деп убада беришкен. Медреседеги диний фанатизмдин жоктугу шакирттерге кенен жолду ачкан. Медресенин окутуучулары таланттуу, жогорку билими бар адамдар болушкан. Прогрессивдүү окутуучулар Ата Мекен, тарбия, сыйлоо, дин жөнүндө темаларга убак-убагы менен лекцияларды окушкан, андыктан алардын жаштардын арасында демократиялык ойлордун пайда болушуна таасири чоң. Шакирттерге бардык суроолор боюнча талкууларды уюштурууга, өзүнүн оюн ачык айтууга уруксат берилген. Акырындык менен музыкалык аспаптар сатылып алынган, концерттер, театрдык спектаклдер окуу жайдын ичинде гана эмес, башка жактарда дагы көрсөтүлгөн. Мына ушунун баары «Галия» медресесинин шакирттеринин жашоосун башка медреселерден түп-тамырынан айырмалап турган. Медресе шакирттерде достук, интернационализм сезимдерин тарбиялаган. «Галия» медресеси өзүнүн либералдык багыты менен дагы белгилүү болгон. Уфалык интеллигенциянын арасында «Элге кызмат кылууга жашоосун арноо» деген ураан белгилүү болгондуктан, прогрессивдүү жаштар «Галия» медресесинде гана окуганды каалашкан. Ушул себепке байланыштуу «Галияда» ар түрдүү улуттун өкүлдөрү: башкырлар, татарлар, казактар, кыргыздар, өзбектер, түркмөндөр, черкестер, крымдык жана сибирдик татарлар ж.б. окушкан.

Учурунда мезгилдүү басма сөздөрдө жарыяланган маалыматтарга караганда ушул медресени бүтүргөндөрдүн ичинен отуз жетиси гана молдо болуп, калгандары маданий-агартуу жаатында, эл чарбасынын ар кандай тармактарында иштеген.

«Галия» медресеси эки жаш адамдын: Эшенаалы Арабаев жана Хафиз Сарсекеевдин тагдырында чоң ролду ойногон. Биринчиден, алар чогуу окуган, экинчиден, башка жаш адамдар сыяктуу эле аларда абдан көп идеялар болуп, аларды акырындап ишке ашыра башташкан. Эшенаалы Арабаевдин агартуучулук жана китеп чыгаруучулук ишмердүүлүгү Уфа шаарында, 1911-жылы башталган. «Галия» медресесинин студенти болуп жүрүп Э.Арабаев «Алиппе йаки төтө окуу» («Алиппе же тез окууга окутуу») китебин өзүнүн досу Хафиз Сарсекеев менен «Товарищество Каримова, Хусаинова и К» типографиясында басып чыгарган.

Кыргыз элинин тарыхында бул китептин чыгарылышы абдан орчундуу орунду ээлейт жана педагогикалык баалуулукка ээ. Алиппени жазууда авторлорго «Галия» медресесинин китепканасы жардам берген Ал жакта татар, орус жана өзбек тилинде китептер бар болгон.

Бул алиппе ошол кездеги казак тилинде чыккан китептердин ичинен түшүнүүгө жеңил болуп, тыбыш методу менен жазылган окуу китеби катарында эсептелген. Китепте эч кандай сүрөттөр жок. Бул китептин канча нускада чыкканы, экинчи жолу басылганы да белгисиз. Ошондой болсо да, пайдаланып жүргөн татар, өзбек, казак китептерине караганда, кыргыз тилине жакын болуп (көп сөзү кыргызча) окуучулардын сабатсыздыгын жоюуну тездеткен өтө керектүү окуу китеби болгондугу
талашсыз.

Эшенаалы Арабаев өз элинде мугалим болуп, бала окутуп жүргөн кезинде эле окуучуларга түшүнүктүү, эне тилинде жазылган окуу китептердин жоктугуна зээни кейип, келечекте мындай китептер менен камсыз кылуунун тегерегинде көп ойлонгон. Молдо Кылычтын «Кысса зилзала» китебинин баш сөзүндө ошол ойлору жөнүндө минтип жазат: «Биздин элде жүргөндө Молдо Кылычтын казалын окуп, анан ойлончу элем. Кап сени, кудай таала бизди жарык дүйнөгө чыгарса, анын «Зар заманын» китеп кылып бастырып, калкыма таратсам дечү элем. Балдарга алиппе китебин окутуп жатканда, анын мазмунун түшүнбөй: «Молдоке, бул эмне деген сөз?» деп сураганда, өзүбүз да анын маанисине түшүнбөгөндүктөн, эмне деп жооп берерибизди билбей, башка бир нерселерди айтып, балдар кетип, жалгыз калганда көзүбүздөн жаш чыккан убактар да болгон. Мына ушул жылдарда медреседе окуп жүргөн шакирттер менен биргелешип, аздыр-көптүр өз оюбузду ишке ашырууга киришип жатабыз».

Эшенаалы Арабаевдин мыкты жөндөмдүүлүгү, энтузиазм, келечекке ишенүү, элди сүйүү жана ага кызмат кылуу сапаттары жана «Галия» медресесинин эркин атмосферасы кошулуп, анын кыялданууларын жана ойлорун ишке ашырууга түрткү
болгон.

Мектеп ойлонууга үйрөтүүсү керек

1930-жылдарда Эшенаалы Арабаевдин көңүлүнүн борборунда болгон суроолордун бири – окуу процесстин маанилүү элементи болгон изилдөө, өз алдынчалык, окуучулардын ой жүгүртүүсүнүн эркиндиги болгон. Ушул маселелер окумуштуунун акыркы китебинде чагылдырылган. Бул өз учуру үчүн өтө прогресивдүү көз караш болуп эсептелген.

«Табият таануу алиппесинде» авторлор
(Э.Арабаев жана Д.Шамгунов) биринчи планга жаңы материалды, билимди өздөштүрүүнүн методу катары окуучунун өзүнүн изилдөөсүн, практикалык аракеттердин өздүк тажрыйбасын коюшат. Ушул жерде авторлор үчүн методдордун маңызы төмөнкүдөн турган: окуучу өзү өз алдынча изилдөө процессине кириши керек. Бул тууралуу авторлор китептин киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөрдү жазышат: «жолдоштор өз алдынча окуп, текшерип, табият билими тууралуу билим алууларына жарайт го деп ишенебиз».

«Бул китеп табиятты байкоо, текшерүү жолу менен үйрөнүүгө негизделип түзүлгөн, ошондуктан ар темага карата байкоо үчүн мисалдар берилген. Ошол мисалдарга табиятты байкап, текшерүүгө тапшырмалар берилген. Бул тапшырмаларды катар окуп кетүүгө болбойт, калыс болуп, же болбосо, класстарда окуучулар топторго бөлүнүп, бул суроолорго жооп табууга тийиш. Окуучулардын текшерип тапкан билимдери тууралуу класста аңгеме жасалса, ар топ өз текшергенинен кыскача баяндама жасашы керек».

Бул тезис азыркы жаңычыл-педагогдордун “окутуу балага оорчулукту алып келбей, рахаттанууну, кубанууну алып келиши керек” деген идеялары менен шайкеш келгенин көрсөтөт. Авторлор билимдин башаты жана далилдөөнүн негизи болгон байкоо жүргүзүү жана тажрыйба сыяктуу көрсөтмөлүү методдорду кенен колдонууну сунушташат.

«Табият таануу» китебинде авторлор теманын башталышында, теманын аягында суроолорго өзгөчө маани беришип, төмөнкүдөн жогорку деңгээлге карай суроолордун топтому берилгени таң калтырбай койбойт.

Балдардын ой жүгүртүүсүн жаратуу үчүн суроо берилиши керек. Бала кичинекей кезинде суроо берүү адаты дем алуу сыяктуу эле табигый процесс: «Эмне себептен асман көк?», «Кечинде күн каякка кетет?», «Эмне үчүн булуттар бар?». Балдар дүйнөнү таанууда дайыма активдүү изилдөөчү болушат. Бирок чоңойгон сайын мектепте суроолор эмнегедир жоголот. Кичинекей кезиндеги кызыктуу суроолордун ордуна (эгерде мурун балдар суроолорду берсе), эми аларга арналган, сезимдери менен байланышпаган суроолор бериле баштайт. Балдар мектепте көпчүлүгүндө фактыларды билүүнү гана талап кылынган «Канчанчы жылы төрөлгөн?», «Этиштин аныктамасын айт» ж.б. суроолор менен таанышат. Мындай суроолор балдардан эч кандай изилдөөчүлүктү талап кылбай, китептеги маалыматтын мазмунун айтуу менен чектелет. Ушундан улам балдардын табигый кызыгуу сапаттары жок болуп, көбүнчө жабык суроолорго гана жооп берүүнү үйрөнө башташат.

Ушул аспекттен алып караганда, Эшенаалы Арабаевдин «Табият таануу» алиппеси – заманбап китептердин талаптарына жооп берген мыкты китеп. Агартуу тармагында иштеген улуу инсан Эшенаалы Арабаевдин бул уникалдуу китебин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде 130 жылдыгына карата жумушчу топ түзүлүп, кайрадан басып чыгарылып, өлкөнүн китепканаларына өткөрүлүп берилген. Агартуучунун китептерин басып чыгаруу менен, биз педагогикалык мурастарыбыздын мыктылыгын баамдай алдык.

Жыйынтыктап айтканда, өмүр бою өз элинин келечегин ойлоп, балдардын жаш кезинен эне тилинде билим алышына шарт түзүп, мугалим кадрларын даярдоого салымын кошкон кыргыз элинин алгачкы окумуштуу-агартуучусу жана педагогу Э.Арабаевдин педагогикалык мурастарын терең үйрөнүү керек. Ал агартуучулук тармакта мыкты ойлорду иш жүзүнө ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап, ак ниеттүүлүк менен чарчабай иштеп келген. Эшенаалы Арабаевдин эмгектеринин тарбиялык мааниси дагы мына ушунда.

Миргүл Эсенгулова, педагогика илиминин кандидаты,  профессордун милдетин аткаруучу

Бөлүшүү

Комментарийлер