ЭРЕЖЕГЕ БАШ ИЙБЕГЕН ТОЙЛОР
- 16.05.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүүгө акча чогултпоону, коопсуздук чараларын сактоону эскертип жаткан чакта, көп ата-энелер балдарынын ою менен болуп, бүтүрүүчүлөр майрамын тоо-токойдо, кымбат ресторандарда дүңгүрөгөн программа менен өткөрүүгө акыркы даярдыкты көрүп жатышат.
25-майда эмне кылабыз деп отурушат…
“Акыркы коңгуроо” аземин адатта 11-классынын бүтүрүүчүлөрү эле эмес, 4-класстын, 9-класстын окуучулары жана он, жыйырма, отуз жыл мурда бүтүп кеткен мекендештерибиз дагы чыдамсыздык менен күтөт. Учурда Кыргызстандын бардык мектептеринде даярдык кызуу жүрүп жатат. Мисалы, Бишкек шаарындагы мектептердин биринде директордун тарбиялык иштер боюнча орун басарынын айтымында, 9-11-класстар учурда виньеткага сүрөткө түшүп, бир аз концерттик программа даярдоодо жана окуучулар менен ата-энелер арасында коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми күбөлүк менен аттестаттар адаттагыдай эле салтанаттуу түрдө жыйындар өтүүчү залда тапшырылат дагы, атайын даярдалган сценарийге ылайык концерттик программа коюлат. Бирок бул мектепте гана боло турган салтанаттуу бөлүктүн сценарийи.
Жылда эле тыюу салынганына карабай, бүтүрүүчүлөр мектептеги салтанаттан кийин да майрамдоону улантышат. Бир маал токой-тоо аралап сейилдеп ойноп келишет, ал эми кечинде кымбат деген ресторандарда чогулуп, дүңгүрөгөн шаан-шөкөт менен белгилешет. Бүтүрүүчүлөр салтанаты түнү бою жүрөт. Андан кийин ресторандан чыккан жаштардын “таң тосмою” кээ бир жерде салтка айланган.
Бүтүрүүчүлөр мектептен тышкары жерде чогула турган болсо, мугалимдер ал жакка барбайт. Анын баары бүтүрүүчүлөрдүн жана ата-энелердин өзүнүн жоопкерчилигинде болот. Ата-энелер балдарынын сөзүнөн чыга албай, айтканын угуп, сураган акчасын берип, алардын ою менен болушат. Бүтүрүүчүлөр жашоонун кызыктуу этабы эми жаңы башталып жатканына карабай, мектеп менен коштошууну сөзсүз түрдө ресторандан өткөрүү керек деген бекем көз карашта, аларды бул ойдон эч ким айныта албайт.
Министрликтин буйругуна ылайык, мектептерде салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча каражатын жыйноого тыюу салынат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга да тыюу салынат. Коопсуздук чараларын камсыз кылуу директорлорго жүктөлгөн. Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине күнү-түнү күзөт уюштуруу, мектептен тышкаркы жерлерде өтүлүүчү иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүсү шарт.
Жылыга коопсуздук боюнча буйрук ар бир мектептин жамаатына тааныштырылып, чогулуштар өтүлгөнү менен Бишкек, Ош жана башка шаарларда өзүм билемдикке барган жана балдарга көбүрөөк эркиндик берген ата-энелер жок эмес. Сентябрь айындагы ата-энелер чогулушунда эле биринчи маселе катары каралып, “Акыркы коңгуроодон” баштап “Бүтүрүү кечесине” чейинки бюджетти эсептеп чыгарып, акчасын эчак чогултуп коюшкан. Суммасын айтпаса да, эмнелерге чогулткандарын сыр деле кылышпайт. Негизги аргумент – балдарыбыз мектепти жылда бүтүрүп жатты беле, класс жетекчисин ыраазы кылышыбыз керек дешет.
Ошол эле учурда, «Акыркы коңгуроого акча чогултууга жылда эле тыюу салынат, бирок көзөмөл жок. Баары бир чогултуп жатышат. Чечкиндүү чараларды көрүү зарыл!» – деп фейсбук баракчасына пост жазып чыккан Бакыт Көлбаевди колдогон дагы, сынга алып, уяткарган дагы ата-энелер, мугалимдер аз эмес.
«Бакыт иним! Мейли, чогултпайлы, ал туура. Бирок мектепти кызыл-тазыл кылып кооздоп койсоң, майрамдык маанай тартууланат эмеспи, ал шарик, гүл жана башканы мектеп алып бербейт. Кайра эле чогултабыз, ал маселе кандай болот?» – дейт Тогуз-Торо районунан Ширинкан Кармышова.
«Ошол буйруктун өзүн таппай жатам, ата-энелерге көрсөткөнгө. Окуйлу дебей эле, 25-майда эмне кылабыз деп олтурушат бүгүн 9-класс», — деген экен Весенний Цветок аттуу аккаунттун ээси.
Коңгуроо кагуу болгону гана салтанаттуу бөлүк болуп эсептелет. Ал эми ал бүтөр замат бүтүрүүчүлөр эчак буюртма кылып койгон жеңил унааларга шарактап түшүп алып шаардын көчөлөрүндө зымырата айдатып, парктарда, жаратылыштын кооз жерлеринде селфи кылып, эстелик сүрөттөргө, жалданган видео операторлордун тасмаларына түшүүгө камынышат. Мектеби менен коштошуп, коңгуроонун үнүн акыркы жолу угуп ичи ачышкан окуучу салтанат бүткөнчө тынчы кетип турганы кызык көрүнүш. Канчалык катуу эскертүү берилгени менен бул көрүнүш касам ичкен салттай бир шертинен тая элек.
Бүтүрүү кечесине акча чогултуу, тоо-токойго чыгуу, ресторанда өткөрүү сыяктуу чыгымдуу иштер биринчи кезекте ата-энелердин өздөрүнүн демилгеси жана колдоосу менен өтүп жатканын айта кетүү керек. Ал эмес атайын уюштуруу тобу түзүлүп, программасы жазылып, чыгымдары эсептелип, жыл бою даярдык көрүлөт. Ал эми мугалимдер бул иштин баары мыйзамсыз экенин билет, ошондуктан мындай иштерге акыл-эстүү мугалим аралашпайт.
«Мен мугалиммин. Биздин мектептеги бүтүрүүчүлөрдүн топтогон акчасы: виньетка, форма (быйылкы бүтүрүүчүлөр беш түрдүү форма менен сүрөткө түштү), аксессуар (“Бүтүрүүчү” деген жазуусу бар лента, косметика,
ж.б.у.с.), өздөрү кармап туруучу шар, гүл, ж.б., эс алуучу жайларга сейилдөө, тоого чыгуу (ата-энелери менен, мындайда мугалимге түшүнүк кат жазып коюп, билгенин жасашат). Ушундай… Ата-энелер мугалимге берет деп капа болбой, балдарыңар менен жакын болгула! Өзүңөр балдарыңарды эркин чоңойтуп, каалаганын жасатып жатасыңар! Мугалимде күнөө жок! Анткени мугалимдер “ата-энеңерди кыйнабагыла” деп дайыма айтып келебиз», — дейт Миргүл Нурматова.
Көз караш өзгөрбөсө, коом өзгөрбөйт
Коңгуроо кагуу салтынын жаралышына анча деле көп жыл болбоптур. Союз кезинин 40-жылдарында А.Макаренконун шакирти, эмгек сиңирген советтик педагог Фёдор Брюховецкий мектеп менен коштошуу аземин жана Билим күнүн белгилөөнү демилгелеген. Ал эми 1970-жылдардан баштап ал жалпы союздук масштабда мектеп менен коштошуу салтанатына айланган. Эң алгач официалдуу бөлүгү директордун жана мугалимдердин куттуктоо сөздөрүнөн туруп, бүтүрүүчү ийнине көтөргөн биринчи класстын окуучусунун коңгуроо кагуусу менен жыйынтыкталган.
Өнүккөн өлкөлөрдө мектептердин иш-чаралары жөнөкөй өтүп, ашыкча чыгымдарга жол беришпейт. Анткени ошол коомдо сарамжал жашоо маданияты калыптанган.
Быйылкы окуу жылында Россия мамлекетинин чек ара аймактарында жайгашкан Белгород жана Воронеж облустарынын мектептеринде акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечелери өткөрүлбөй турган болду. Бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык иш-чараларын өткөрүү форматы мектептин имаратынан тышкаркы жерде окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин тандоосуна коюлду.
Жыл өткөн сайын каада көп болуп, мектеп босогосунан чыгуу машакаттуу болуп баратат. Кыргызстан жаштары эсте каларлык күндөрдү кооз эс алуу менен коштогусу келет чыгар, анын үстүнө бул алардын үй-бүлөсүнүн тандоосу жана эч ким аны чектөөгө укугу жок. Бирок эскиге байланбай, эс алуунун маданиятын, бүтүрүү кечелеринин форматын өзгөртүп, жаңыча өткөрүү мезгили келди көрүнөт.
Эки саат айланган кортеж, төрт саат бийлеген бий, кымбат баалуу жасалга, кийим, кооздук албетте көңүл көтөрүп, көпкө чейин эсте каларлык көз ирмем. Бирок ал дагы бара-бара унутта калып, баалуулугу жоголуп баштайт. Ал нерселерге корогон ата-эненин акчасы баласы үчүн какымдын гүлүндөй эле сезилген, эч ичи оорубай чачкан. Ошол эле ата-эне мындан бир, эки, үч жыл мурда мектепке ички керектөөсүнө акча чогултканда бир топ нааразылыгын айтып, берсе берип, бербесе ички оппозицияда болушу мүмкүн эле. Бүгүн чүрпөсү үчүн, намыс үчүн душман көзүнө деп чачылып келет.
«Менин кызым ушул мектепте 1-класстан бери окуп, быйыл 11-классты аяктап жатат. Албетте, элден калбасын деп, ата-энелер комитетинин оозунан чыккан акчаны берип жатам, бирок кафеге, кортежге корогон акча ушул эле класстын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан бир кабинетин ремонттон өткөрүп, ичине мебель алып бергенге жетишмек. Бул мектеп үчүн эң биринчи — киреше, жакшы эстелик жана окуучулар үчүн сыймык болмок деп ойлойм. Менин сунушум суу кечкен жок, унчукпай калдым. Көз караш өзгөрмөйүн, түшүнүш кыйын болот окшобойбу», — дейт бишкектик мектептин бүтүрүүчүсүнүн апасы, Асель айым.
Айнура Асаналиева, “Кут Билим”
Комментарийлер