ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КИТЕП

  • 03.02.2023
  • 0

ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КИТЕП

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бекитүүсү менен жарык көргөн (2022-жыл, «Алтын принт» басмасы) профессор Советбек Байгазиевдин жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «Манастаануу» окуу китеби билим берүү системасындагы өзүнчө бир педагогикалык жаңылык, жакшы саамалык болду. Анткени буга чейин «Манастаануу» окуу программасынын негизги чордондуу темаларын камтыган жана терең жана илимий-популярдуу түшүндүргөн толук кандуу окуу китеби болбой келген эле. Ушундан улам С.Байгазиевдин студенттер үчүн жазылган «Манастаануу» жаңы окуу китеби – учурдун муктаждыгы экендигинде калет жок.

С.Байгазиевдин көп жыл бою жазылган бул көлөмдүү, мазмун жактан омоктуу китеби өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдагы «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптуу изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар» жана «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыктарын турмушка ашыруу зарылчылыгынын контекстинде караганда да актуалдуу. Окуу китеби «Кириш сөздөн», сегиз ири бөлүмдөн (ар бир бөлүмдүн камтыган кичи темалары бар) жана корутундудан, пайдаланылган адабияттардан турат. Ар бир бөлүмдөн кийин билимди текшерүүчү суроолор жана студенттер жаза турган рефераттардын темалары жайгаштырылган. Китептин аягында «Манастаануу» предметинин жыйынтыктоочу корутунду сабагын уюштуруп өткөрүү боюнча методикалык рекомендация берилген. Билимди текшерүүчү суроолор, рефераттын темалары, методикалык рекомендация сыяктуу усулдук инструментарийлер мурдагы жарым-жартылай чыккан окуу китептеринде жок болучу. С.Байгазиевдин жаңы окуу китебинин бир өзгөчөлүгү ушунда.

«Манас» эпосунун улуттук жана жалпы адамзаттык мааниси, кыргыз элинин турмушундагы ролу» — деп аталган биринчи бөлүмдө улуу эпопеянын, рухий, моралдык-этикалык, идеялык-философиялык, патриоттук нарктарынын улуттук жана универсалдык маани-маңызы мисалдар менен тастыкталат жана көркөм формасынын кооздугу, поэтикалык сулуулугу, кереметтүү көркөм боектору жагынан кыргыз эпосунун дүйнөлүк адабий классиканын деңгээлине көтөрүлүп чыккандыгы ынанымдуу түрдө ырасталган. Ошондой эле «Манастын» крыгыз элинин турмушунда кылымдап ойноп келген тарыхый-маданий ролу аргументтүү көрсөтүлгөн.

Биринчи бөлүмдөн студент жаштар улуу мурастын ата-журттун гана эмес, адамзаттын маданий баалуулугу экенин таанышып, эпостун калк турмушундагы кечээки жана бүгүнкү ордун, аткарып келген функциясын, аткарып жаткан ролун түшүнүшүп, сыймыктануу сезимине бөлөнүшөрү шексиз.

11-классты жаңы эле бүтүп келишкен жогорку окуу жайларынын 1-курсунун студенттерин көп жылдык социологиялык сурамжылоолор мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик 95 процентинин «Манас» эпосун толук окуп чыкпагандыгын, жаштардын «Манастын» сюжетин укканы, мугалимдин берген маалыматы, окуу китебинин справкасы боюнча гана чала-чарпыт, үсүл-кесил билерлигин аныктаган. Ушул жагдайды эсепке алуу менен С.Байгазиевдин бул окуу китебинин экинчи бөлүмүнө «Манас» эпосунун сюжети» аттуу дидактикалык материалы жайгаштырылган. Бул бөлүмдө «Манас» эпосунун сюжети башынан аягына чейин кара сөз түрүндө көркөм тил менен кыска-нуска ырааттуу баяндалып берилген. Бул иш эпостун сюжеттик өзөгүн студенттердин өз эс тутумунда сактоо жана мындан ары «Манастын» айтылчу проблемаларына түшүнүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында жасалган. «Манастын» сюжетин билбей туруп, анын каармандарынын образдарын түшүнүү мүмкүн эмес. Бул жагынан алганда, эпостун сюжеттик канвасынын окуу китебине жайгаштырылышы логикалык жактан да, методикалык жактан да туура демекчибиз.

Окуу китебинин үчүнчү бөлүмүндө эпостун Манас, Бакай, Кошой, Каныкей, Алмамбет, Чубак, Чыйырды, Акбалта, Коңурбай сыяктуу борбордук каармандарынын адамдык жана атуулдук жүрүм-туруму менен, эл эркиндиги үчүн жасаган жарандык иш-аракеттери, мекенчил нравалары кең-кесири талдалып, ачылып берилген.

«Манасты» манасчыларсыз элестетүү мүмкүн эмес. «Манасчылар» деп аталган төртүнчү бөлүмдө манасчылык өнөрдүн табияты, андагы уланмалуулук салты, устат-шакирт маселелери, манасчылардын калайык- калкты Манас идеологиясынын патриоттук духунда тарбиялоодогу ролу, алардын актердук чеберчиликтери жөнүндө кызыктуу сөз жүрөт. Бул бөлүмдө тарыхый-архивдик, эскерүү – мемуардык материалдардын негизинде жазылган классикалык манасчылардын – Келдибектин, Балыктын, Тыныбектин, Чоюкенин, Сагымбайдын, Саякбайдын, Жаңыбайдын портреттери берилген. Студенттер бул бөлүмдөн «Манастын варианттары, Манасчылардын «түш көрүү» маселелери менен да таанышат. Кыскасы, төртүнчү бөлүм манасчылар жөнүндө кызыктуу бай маалыматтарды жана терең түшүндүрмөлөрдү тартуулагандыгы менен айырмаланат.

Окуу китебинин 5-бөлүмүндөгү «Манасты» эл оозунан жыйноонун тарыхы — Манастаануу илиминин ажырагыс составдык бир бөлүгү жана эпостун түркүн манасчылардын айтуусунда кагазга түшүрүлүү таржымалы да студенттердин улуу мурас туурасындагы эс тутумун бекемдөөнүн бир формасы болуп саналат. 5-бөлүм «15-16-кылымдагы «Тарыхтардын жыйнагы» жана «Манас», «Чокан Валиханов жана «Манас», «В.Радлов жана Манас», «Будапештке жеткен 72 сап», «Кенжекара», «Татар-башкыр мугалимдеринин Манасты жыйнашы», «Октябрь төңкөрүшүнө чейин кыргыздардан «Манасты жыйнагандар болгонбу?» «Совет бийлиги жана Манас ааламынын алгачкы карлыгачы», «Кытайда жана Ооганстанда Манастын жыйналышы» — деген параграфтардан турат. Ар бир параграф, ар бир тема кызыктуу тарыхый фактыларга, сейрек жана уникалдуу фактыларга, эпизоддорго, деталдарга бай жана ынанымдуу аргументтүү талдоолорго эгедер.

Окумуштуу эпостун эл оозунан жыйналуу тарыхына олуттуу мамиле жасаган жана мунун натыйжасында окуу китеби «Манасты» чогултуп, кагазга түшүрүүнүн кыйла эле толук тарыхый-маданий картинасын көз алдыга кашкайта тартып турат. Өзгөчө Сагымбайдан, Саякбайдан эпостун жазылып алынышы драмалуу болгондугу көз алдыга айкын элестейт. С.Байгазиевдин эпопеяны жыйноонун тарыхы боюнча манастаануучулук компетенттүүлүгүнө жана кеңири кругозоруна, аналитикалык ойломуна баа бербей кое албайсың.

Китептин 6-бөлүмүндө «Манас» эпосунун тоталитардык доордогу идеологиялык тоскоолдуктардан улам жаралган драмалуу тагдыры, китеп болуп басылуу кыйын-кезеңи, эгемендүүлүктүн жылдарындагы эпопеянын варианттарынын жарыкка чыгуу тарыхы чагылдырылган. 6-бөлүм өзүнүн фактылык базасынын бекемдиги, далилдүүлүгү менен бөтөнчөлөнөт.

ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КИТЕП

7-бөлүм «Манас» эпосу дүйнө окумуштууларынын көзү менен (Эпостун изилдениш тарыхы)» — деп аталат. Бул өтө орчундуу бөлүм. Анткени мында Манас таануу илиминин пайда болушу, калыптанышы, өсүп-өнүгүш процессине, бул илимдин методикасы менен методологиясына экскурс жасалат. Мындай чоң маселе окуу китебинин авторунан кеңири билимди жана ойлонуунун үлкөн масштабын талап кылган. Окуу китебинен Американын, Европа менен Азиянын фольклорист окумуштууларынын, анын ичинде Радлов, Валиханов, Ауэзов, Маргулан, Жирмунский, Богданова, Берков, Абрамзон, кыргыз илимпоздору Б.Юнусалиев, Р.Кыдырбаева, С.Мусаев, Р.Сарыпбеков, К.Абакиров, Ж.Сааданбеков, Т.Тургуналиев, Ж.Орозобекова, Кытай Түркия, Англия аалымдары сыяктуу көптөгөн манастаануучулардын, оозеки чыгармачылыкты изилдөөчүлөрдүн улуу кыргыз эпосу жөнүндөгү орошон ойлорунун идеяларынын, көз караштарынын, философиялык, маданий-фольклористикалык, этнографиялык тыянактарынын түркүн түстүү мозаикасына жана спектрине күбө болобуз.

Ошондой эле Ала-Тоонун алгачкы карлыгач Манастаануучулары Б.Солтоноевдин, К.Тыныстановдун, Т.Байжиевдин, К.Рахматуллиндин «Манас» жөнүндөгү оригиналдуу ой пикирлери, Манастаануу илимине кошкон үлүш-салымдары окуу китебине биринчи жолу киргизилип отурат. Окуу китебинде «Манасты» дүйнөлүк аренага алып чыгууда Чынгыз Айтматовдун ойногон ролу айкын көрсөтүлүп, улуу жазуучунун эпос туурасындагы илимий-философиялык ойлору терең талдалып берилген. Эпос жөнүндөгү изилдөөлөрдү жалпылап келип С.Байгазиев 7-бөлүмдү төмөндөгүчө тыянактаган:

«Манас» темасындагы изилдөөлөр жалаң гана адабий дастан, фольклордук классикалык чыгарма, анын сюжети, образдары, мотивдери, идеялары, композициясы, поэтикасы, типологиясы жөнүндөгү гана сөз эмес, эң негизгиси, эпостун тегерегиндеги илим корутундулары, кыргыз калкынын этногенез тарыхы, эл аралык мамилелери, салт-санаасы, «он сегиз миң ааламда» кыргыздын башка элдердин катарынан алган орду жөнүндөгү чоң сөзгө айланып олтурат. «Манас» жөнүндөгү изилдөөлөрдүн маңызы дагы мында турат: «Манас» — кыргыздардын руху жана өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү, кыргыз маданиятынын архетиби, спецификалык тили, байыркы кыргыздардын дүйнө модели. «Манас» – кыргыздын өмүр, өлүм, эл, Ата мекен жөнүндөгү философиясынын, этикалык бийик идеалдарынын, адеп-ахлактык чен-өлчөмдөрүнүн, руханий асылнарктарынын алтын казынасы. «Манас» – кыргыздын нечендеген муундарынын даанышман акыл-эсинин каймагы. Улут турмушунун энциклопедиясы. Элдик педагогиканын чордону. Оозеки көркөм чыгармачылыктын туу чокусу. Дүйнөлүк классика. Теңдешсиз ыр океаны. Ал өз ичине көптөгөн доорлордун катмарланган издерин камтыган, сюжетинде кереметтүү фантастикалык элементтер менен реалдуу турмуштук сүрөттөөлөрдүн синтезин алып жүргөн, кыргыз элинин баштан кечирген тарыхынын негизинде жаралган, философиялык бийик жалпылоолордун эпосу. Ак калпак кыргыздын поэтикалык өмүр баяны». («Манастаануу» С.Байгазиев 354-б.)

Окуу китебинин акыркы 8-бөлүмү «Манас» эпосунун руханий баалуулуктарына, нарктарына арналган. Эпикалык тексттен алынган мисалдардын негизинде эпостун борбордук каармандары көтөрүп жүргөн рух дөөлөттөрү талдалып, чечмеленип берилет. Жаштар аталган бөлүмдөн кыргыз элинин кылымдарды баскан гуманисттик моралы, карманган эреже-жоболору, эркиндик, биримдик, достук философиясы, мекенчил адеп-ахлагы жөнүндөгү олуттуу баян менен сырдашып, өздөрүн Айкөл Манас атанын урпагы катары сезишип, улуттук ар намыс жана сыймык сезимине бөлөнбөй коюшпайт. Алардын гениалдуу эпостун таасиринде жашап калышарына шек жок.

Кыскасы, Советбек Байгазиевдин бул «Манастаануу» окуу китебин өзүнчө бир энциклопедиялык окуу китеби десек болот. 20 жылдык изилдөөлөрдүн негизинде жаралган бул эмгектен билим-тарбия системасы көп түшүм жыйнайт деген ишеничти билдирмекчимин.

Жамила Имаралиева,  Б.Сыдыков атындагы  Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ага окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер