ЭНЕРГЕТИКТЕР ШААРЧАСЫНЫН ЭҢ СЫЙМЫКТУУ ЭЖЕЙИ

  • 05.08.2020
  • 0

Талыкпас тарбиячы, издемчил мугалим Орунова Жамила Жаныбековнаны шаардыктар «Кара-Көлдүн Курманжан даткасы» деп коюшат.

ЭНЕРГЕТИКТЕР ШААРЧАСЫНЫН ЭҢ СЫЙМЫКТУУ ЭЖЕЙИ

Биздин каарманыбыз мындай сый-урматка бир заматта жеткен жок. Айтканга оңой болгону менен 46 жыл агартуу тармагында тыным билбей эмгектенди.

Агартуудагы ак эмгеги адилет бааланып,
«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», «Кесипчилик кошуундун отличниги», «Мыкты инсан», «Насаатчы», «Даанышман»  төш белгилери,  «Даткайым», «Кара-көл шаарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» ордени менен сыйланды.

ЭНЕРГЕТИКТЕР ШААРЧАСЫНЫН ЭҢ СЫЙМЫКТУУ ЭЖЕЙИ

Шаардык кеңештин депутаты болуп
турганда «Мыкты депутат —  2016»
номинациясына, андан бир аз өтпөй «Мыкты байбиче — 2018» номинациясына көрсөтүлдү. 2019-жылы «Кыргызымдын кыраан кыздары» наамын алып, өмүр жолу өлкөбүздүн Аялдар конгрессинин энциклопедиясына жазылат.

ЭНЕРГЕТИКТЕР ШААРЧАСЫНЫН ЭҢ СЫЙМЫКТУУ ЭЖЕЙИ

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы», ал эми 2019-жылы Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланат.

Ушундай сыймыктуу сыйлыктардын ээси Жамила Орунова Кыргызстандын түштүгү болгон ордолуу Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 1954-жылы 9-майда, Жеңиш майрамында жарык дүйнөгө келген.

Айтуусунда ата-энеси асмандагы айга-күнгө тең келер асыл адамдар болчу.

— Атам Орунов Жаныбек персоналдык пенсиядагы ардагер эле. Эл ичинде ашкере эмгекчилдиги, ар кандай маселени бат жана калыс чечкен чечкиндүүлүгү менен айырмаланчу.  Апам Айдаралиева Мастура мээримдүү эне жана токтоо, боорукер жан эле. Ата -энем мага бир да жолу катуу айтпай, мээримин төгүп тарбиялашты, — деп эскерет алыста калган алтын балалыгын  үйдөгү жети бир туугандын улуусу Жамила эжей.

Ата-энесине кантип ыраазы болбосун! Жети бир туугандын баары жогорку билимге ээ болушту. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жети бир туугандан азыркы күндө 39 небере, 68 чебереси байтүп дарактын бутактарындай бой керди.

Каарманыбыздын балалыгын, окуучулук күндөрүн Совет доорунан ажыратып кароого мүмкүн эмес. Кара-Суу шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернатта 1- класстан баштап окуп, 1970-жылы 10-классты ийгиликтүү аяктайт.  Окуучулук жылдары дружина советинин председатели, комсомол комитетинин секретары болуп шайланып, уюштуруучулук иштин чоң мектебинен өттү.

Ал кезде  мында билимге дегдеген алдыңкы  окуучулар,  устат мугалимдер арбын болушканбы, айтор  мектеп-интернаттын атагы республиканы кой, союзга дүңгүрөп турчу.

Каарманыбыздын дагы бир өзгөчөлүгү ал жаштайынан спортко жакын өстү. Спорттун бир нече түрүн эч   кыйналбай өздөштүрөт.
Мектептин, анан да  студенттик кезде институттун бир да иш-чаралары ансыз өтчү эмес.  Теннис, баскетбол, жеңил атлетика, жакынкы жана алыскы аралыкка чуркоо боюнча райондук, облустук мелдештерде байгелүү орундарды эч кимге бербеди.

1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетине тапшырып, 1974-жылы физика, астрономия адистигине ээ болот.
Ошол күн, ошол сааттан  бери Кара-Көл шаарындагы мектептерде физика мугалими болуп эмгектенип келе жатат.

Эмгек жолун катардагы мугалимден баштаган Жамила Орунова узак жылдар бою мектептерде  окуу бөлүмүнүн башчысы, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары жана мектеп директору болуп кызмат өтөдү.
Комсомолдук жана партиялык уюмдарда да өрнөктүү иштеп, мектепте комсомол комитетинин жана партиялык уюмдун катчысынын милдетин аткарат.

ЭНЕРГЕТИКТЕР ШААРЧАСЫНЫН ЭҢ СЫЙМЫКТУУ ЭЖЕЙИ

— Учурда шаардагы №4 Шопоков атындагы жалпы билим берүүчү орто мекгебинде физика мугалими болуп эмгектенип жатам. Мектепте иштегениме 46 жыл болду. Бул мезгил аралыгында жети классты жетектеп, мектеп уясынан учурдум.  “Мугалим мөмөлүү дарак” демекчи, менин окуучуларым Кыргызстандын жети дубанында ак эмгеги менен элге таанылып, эмгектенип жатышат, — дейт устат мугалим.

Алдыңкы мугалим окуучулардын билим сапатын жогорулатуунун үстүндө да тынымсыз иштеп, билгенин жаш педагогдорго үйрөтүп,  насаатчылык тажрыйбага ээ болот.  Насаатчылык иши максатына жетип,  бир канча шакирттерди  — алдыңкы мугалимдерди тарбиялады. Аталган эмгеги үчүн “Насаатчы” коомдук фонду тарабынан “Насаатчы” теш белгиси менен сыйланганын белгилей кетели.

ЭНЕРГЕТИКТЕР ШААРЧАСЫНЫН ЭҢ СЫЙМЫКТУУ ЭЖЕЙИ

Мугалимдердин ишенимдүү насаатчысы Жамила эжей 2018-жылы Эл аралык мугалимдердин съездине катышат. Ошол съездге лейлектик атактуу мугалим Гапыр Мадаминов менен бирге барып, анын «Энелер мектебине» таасирленет.

— Эл аралык мугалимдердин съездинде  кыргыздын чыгаан мугалими менен жолугушуу мага көп кубаныч тартуулады, — дейт издемчил мугалим.

ЭНЕРГЕТИКТЕР ШААРЧАСЫНЫН ЭҢ СЫЙМЫКТУУ ЭЖЕЙИ

Өмүрлүк жолдошу Караев Мырза  менен баш кошуп калганы да өзүнчө узун сабак аңгеме.

— Жолдошум жогорку билимдүү физика мугалими болгон. 1974-жылы экөөбүз бир группада  окуп  калдык. Анын Токтогулдук экендигине, ата-энемдин каршылыгына карабастан, Мырзанын колун кармап, турмуш жолуна багыт алдык, — дейт эжей.

Караев Мырза агайды азыркы жаштар билбеши мүмкүн, бирок агайдан билим алган окуучулары азыр да агайын көздөрүнө жаш алып эскеришет.

-Тагдырдын буйругу экен жолдошум 2002-жылы 49 жашында кайтыш болду. Аз бирок саз өмүрдө эки уул, эки кыздуу болдук. Азыр 10 неберенин таене, чоң апасымын. Неберелеримдин баары мектепте «беш» деген бааларга окушкандыктан, билгендер
«Чоң апасынын кыздары!» деп күлүп калышат, — дейт эжей.

Жамила эже кайын журтуна да өз ата-энесиндей сый көрсөтүп келгендиктен, кайнагалары “Жамила бизге келин эмес, кызыбыз” деп сыйлап турушат.

Жамила Орунова азыркы күндө да шаардын коомдук ишине активдүү катышып келет. Ал шаардык Аялдар кеңешинин жана Аксакалдар сотунун мүчөсү.

Шаардык кеңештин VI чакырылышынын депутаты катары  мандат, регламент, этика жана укук комиссиясын жетектеп, шаар калкынын социалдык маселелерин чечүү үстүндө дайыма изденип иштеди. Мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдик берүү маселесин чечүүдө өзгөчөлөндү. Жарандардын маселелерине өз убагында ыкчам чечүүгө кошкон салымы үчүн 2016-жылы «Мыкты депутат» наамына татыктуу болду.

Жамила Орунованын шаардагы билим берүү ишин уюштурууда да ченемсиз орду бар.

— Жамила эже жетимишке жакындап калса да кайратынан жазбай, шаардын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүдө бизге колунан келген жардамын берип, кеп-кеңешин айтып турат, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.

Ыр жандуу эже шаардагы шайыр апалардын «Ак-тилек» тобунун мүчөсү.
Өзү жашаган көчөсүнө  таза суу чыгарууда жана жол маселелерин чечүүдө демилгелүү топту жетектеди.

Жамила эжей үйүндө да тынымды билбейт. Кышкы салаттардын түрүн жасап,  коңшу- колоңго, тууган-уруктарга таратып бергенди жакшы көрөт. Короодо ар дайым ирээттүүлүк болуп туруусун балдарынан да талап кылып, баарын ирээти менен колдонууга үйрөтөт.  Анар, алма, өрүк бактары өскөн бакчада эс алып, бош учурда төшөк кураганды, сайма сайганды жактырат.

Ааламды каптаган пандемияда эмгекчил эжей Кыргызстандагы ар бир мугалим сыяктуу аралыктан окутууга катуу киришип, жаштардан калбай ватсап, телеграмм, ютуб сыяктуу социалдык желелерди колдонуп, балдарга аралыктан билим берди.

— Негизинен аралыктан окутуу туура  кадам экенин да түшүндүм. Билим берүү министрлиги уюштурган телесабак окуучулар үчүн эле эмес, жалпы ата-энелерге, ошондой эле мугалимдерге да чоң жардам берди, — дейт насаатчы педагог.

А. Алибеков, «Кут Билим’

Бөлүшүү

Комментарийлер