“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ — АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ»

  • 05.06.2020
  • 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы № 1 мектеп-гимназиясында “Энелер мектеби”  иштейт. Карантин учурунда мында  аралыктан сабактар  өтүлүп, кырдаалга байланыштуу заманбап технологиянын жардамы аркылуу ата-энелер, окуучулар менен алгылыктуу кайтарым байланыш жүргүзүлдү.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

“Эненин мээрими күн нурундай” дегендей,  билим-тарбия берүүдө эненин айкөл мээрими, тарбиясы балдарыбызга күндүн шооласы сыяктуу керек.

Кырдаалга байланыштуу аралыктан сабак өтүүдө “Энелер мектебинин”  тажрыйбасы,  мугалимдердин буга чейинки  өткөн  сабактары зор өбөлгө болду.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

Сабактарды, класстан тышкаркы тарбиялык сааттарды өтүүдө энелерибиз дидактикалык кыймылдуу оюндарын, ыр, бий, сүрөт тартуу, ийлеп чаптоо, конструкциялоо, тил үйрөнүү, эне тилин өстүрүү, китеп окуу, жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу  иштерин балдар менен биргеликте аткарышып, кайтарым байланыш жасашты.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

Балдар үчүн эң алгачкы  улуу тарбиячы — бул ата-эне, үй-бүлө экени белгилүү. Карантинде энелерибиз кырдаалга байланыштуу балдарына жоопкерчилик менен мамиле жасашып, “Эне ыйык – эне кымбат баарынан” деген темадагы онлайн сабактарга,  класстык онлайн сааттарга катышты. Окуучуларга комуз чертүү өнөрүн, колго суу куюу салтын, улуттук тамак-аштарды жасоо ыкмаларын үйрөтүштү.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюшулган “Атам, апам жана мен, ынтымагыбыз бекем” деген темадагы эстафетага   видео роликтерди жасашты. Окуучуларыбыз “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” аттуу  республикалык  онлайн сынакка  энелери менен бирге катышты.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

Балдар үчүн “Боорукер мамалак” эстафетасы абдан кызыктуу болуп, энелер балдар үчүн жагымдуу маанай тартуулашты.    Балдардын эң биринчи жана баарынан улуу тарбиячысы —  бул ата-эне, үй-бүлө экендиги аралыктан окутууда өзгөчө көрүндү.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

Балдарынын үй тапшырмасын  аткарууда жана сабактарына жардам берүүдө энелерге мугалимдер көмөктөштү. Бул иште албетте, “Энелер мектебинен” таалим алган энелердин эмгеги зор болду.
Энелер “Келгиле, китеп окуйлу!”, “Бирге окуйбуз!”, ”Үйдө отуруп,  китеп окуйлу!”  иш- чарасына да активдүү катышып, маалыматтык коомдо китеп окубай, бала тарбиялоого болбой тургандыгын  айгинелешти.
7-“а” классынын окуучулары энелери менен биргеликте  Куштарбек Кимсановдун “ Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” аттуу китебин окуп,  өз ойлору менен бөлүштү.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

Мектебибизде Кудайбердиева С.Т., Кулушалиева Бактыгүл, Токтобаева Айнура, Кадырова Чолпон, Айылчиева Гүлшайыр, Нуралиева Н, Досбаева Гүлүмкан, Турдукулова Гүлбарчын, Чокморова Нускайым,  Баамбаева Сайнаш, Муратбекова Рахат, Мадиева Гүлнара, Мусулманова Гүлчехра, Мырзалиева Элвира, Сартмырзаева Бактыгүл, Талипова Ырыс, Джантаева Зарина, Омарова Айгүл, Молдалиева Гүлмира, Макешова Тахмина, Тургуналиева Гүлнура,  Субанкулова Жаңыл аттуу энелерибиз “ Мыкты эне” деп табылды.

Карантин учурунда окуучулар  үй жумуштарына жардам беришип, энелердин көзөмөлүндө болушту. Кырдаалга байланыштуу “Үйдө бол” акциясына  активдүү катышып, өздүк гигиеналык талаптарды аткарууга үндөшүп, мугалимдерге жакындан жардам  беришти.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"
Ошондон улам бизде карантин мезгилинде зордук-зомбулук фактылары катталган жок. Үй-бүлөдөгү өз ара ишеним, бири- бирин сыйлоо, жакшы сөз айтуу, адамгерчилик, балага мээрим төгүү  өз ара мамилелердин чыңдалышына шарт түздү.

“Сөз чакырат, үлгү ээрчитет” демекчи, мугалимдин берген билиминин жугумдуу болушу үчүн окуучу менен бирге энелерибиз кайтарым байланышка чыгып, теманы түшүнүүгө  туура багыт берип турушту.

“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ - АРАЛЫКТАН ОКУТУУ МЕКТЕБИ"

“Энелер мектебинин” таасирин билүү максатында онлайн сурамжылоо жүргүздүк.  Жыйынтыгында,  сурамжылоого катышкандар “Энелер мектебинин” сабактарынын таасири жакшы болгондугун, энелерге  сабактардын көп өтүлүшүн, семинар- тренингдердин уюштурулушун, билим берүүдө мугалим менен ата-энелердин тажрыйба алмашуусун эске алууну сунуш кылышты.

Бирок мугалимдер берген билимди энелерибиз балдарына толук кандуу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугун баса белгилешти.  Окуучуларыбыз үчүн кошумча сабактар өтүлүп,  тоолуу аймактарга интернеттин ылдамдыгынын жакшырышына көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондуктан ардактуу ата-энелер, мугалимдер, балдарыбыздын келечегине үмүт менен карайлы! Эне – алгачкы мугалим, биринчи тарбиячы. Үй- бүлө – биринчи мектеп. Ата-эне болуу – бул чоң жоопкерчилик.

Тагаева Рахат,
Жалал-Абад облусунун Кара- Көл шаарындагы Токтогул атындагы № 1 мектеп-гимназиясынын мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу, “Энелер мектебинин” жетекчиси

Бөлүшүү

Комментарийлер