ЭНЕ ТИЛИНИН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ ЛИЦЕЙДЕ

  • 21.02.2023
  • 0

Бишкектеги №5 кесиптик лицейде эне тилинин эл аралык күнүнө арналган кызыктуу иш-чара болуп өттү. Ар улуттун өкүлүнөн турган жалаң жигиттердин командасы эне тилине, мекенге арналган жүрөктөн чыккан ырларды көркөм окуп, музыканын коштоосунда ырларды аткарып берди.

ЭНЕ ТИЛИНИН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ ЛИЦЕЙДЕ

Лицейдин директорунун орун басары Төрөбек Кудабаев иш-чаранын башталышында чыгып сүйлөгөн сөзүндө, эне тилин эл аралык деңгээлде белгилөөнүн, деги эле эне тилинин коомдо ээлеген ордун баса белгилеп өттү.

— Баарыңарга белгилүү болгондой, Эне тилин эл аралык деңгээлде майрамдоо чечимин ЮНЕСКО 1999-жылдын 17-ноябрында кабыл алгандан бери ар жылы майрамдалып келатат. Анын мааниси өтө чоң. Себеби, дүйнөдө канча улут болсо, ар биринин өз эне тили, каада-салттары, үрп-адаттары жана улуттук баалуулуктары бар. Биз, биздин урпактар ал баалуулуктарды муундан-муунга ыйык табериктей сактап жүрүшүбүз керек, — деди.

Жалаң эркек балдар окуган бул кесиптик лицейде учурда 340 бала билим алат. Алардын арасында 9-классты аяктап келген балдар да болгондуктан, мугалимдер окуу менен тарбия иштерин тең салмакта жүргүзүүгө басым жасашат. Жигиттердин жардамы менен эне тили майрамын уюштурган лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими, КР Билим берүүсүнүн мыктысы төш белгисинин ээси Саадат Жайчибекова билим берүү тармагында 30 жылга жакын иштеп келаткан тажрыйбалуу педагогдордун бири.

ЭНЕ ТИЛИНИН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ ЛИЦЕЙДЕ

— Эне тилине арналган иш-чараны уюштуруу демилгесин колдогон лицейдин жетекчилигине, зор ынтаа менен катышып берген окуучуларыма ыраазы болдум. Чынымды айтсам, кыздар аралашпаган тайпаларда иштөө, айрыкча, ушундай иш-чараларды уюштуруу татаалыраак. Адегенде ийгиликтүү өтөрүнө көзүм жетпей жатты эле, бирок бүгүн сахнага чыккан балдарымды көрүп, эмгегим текке кетпегенине сүйүндүм. Тайпамдагы балдардын арасында кыргыз балдардан тышкары, дунган, орус, уйгур, өзбек, татар улутундагы балдар окуйт.

Ушундай даталуу күндөрдү белгилөө үчүн иш-чараларды уюштуруу учурунда балдарды башка өңүттөн, жакындан билүүгө шарт түзүлөт экен. Мен эне тилине арналган ырларды бирге издеп, жаздырып, жаттатып, айтор түйшүктөнүп жүргөн ушул күндөрү кээ бирөөнү жакындан билип, тааныгандай болдум. Кыргызстанда жашаган башка улуттун балдары үйлөрүндө өз эне тилин унутпай, каада-салттарын сактоого, үйүндө өз тилинде сүйлөөгө аракеттенишерин айтып, сырлары менен бөлүшкөнү мен үчүн ары сыймыктуу, ары пайдалуу болду, — дейт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер