ЭНЕ ТИЛИ МЕКЕНЧИЛ МУУНГА МУКТАЖ

  • 23.12.2019
  • 0

2020-2021-жаңы окуу жылында Бишкек шаарындагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге жана бала бакчаларга электрондук каттоого берилген квотага кыргыз классына, кыргыз тайпасына кабыл алуу киргизилет. Анын негизинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстардын санын жылдан жылга көбөйтүү пландалууда.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жайнагүл Сапалованын маалыматы боюнча 2019-2020-окуу жылында 9 мектепте кыргыз класстары ачылса, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуткан 145 тайпа түзүлгөн.

— Үстүбүздөгү окуу жылында борбор калаабыздагы 9 мектепте, атап айтсак, №3, 14, 19, 47, 6, 18, 30, 34 жана №9 мектептерде кыргыз класстары ачылып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуткан тайпанын саны 145ке жетти. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын жана аны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы №591-VI Токтомун ишке ашыруу максатында чыгарылган буйруктун негизинде, райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери кыргыз класстарынын жана тайпаларынын ачылышы тууралуу маалымат берип турушат. Андан тышкары, жалпы негизги класстарда мугалим менен камсыздоо кыйынчылыгы жаралбашы үчүн окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстардын санын жылдан жылга көбөйтүү пландалууда. Борборубуздагы статустуу мектептерде кыргыз класстарын милдеттүү түрдө ачуу каралган. Ал эми кенже бөбөктөр үчүн “Наристе” программасы боюнча  480 сааттык кыргыз тилинде даярдоо топтору ачылат. Бул багытта тиешелүү жетекчилер ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турушу керек,-дейт Жайнагүл Асановна.

Өз тилин өздөштүрбөгөндөр өсүүгө умтулбайт

ЭНЕ ТИЛИ МЕКЕНЧИЛ МУУНГА МУКТАЖ

Эне тилинде окутуу демилгесин колгоо алууну эң оболу эне-аталардан баштоо зарыл деген пикирин билдирген ата-энелердин бири Керимбек укук коргоо органында  иштегенине 40 жылга чукул убакыт болуп калды. Кесибине байланыштуу юридикалык терминдерди кыргызча которууга туура келет. Котормо ишиндеги кездешкен көйгөйлөрдөн улам, компетенттүү адистер үчүн али кыйла иштер дың жер сыяктуу бузулбай алдыда турганын, аны чечүүнү эң ириде бала бакча менен мектептен колго алуу зарылдыгын белгилейт. Анткени ал келинчеги экөө айылда өсүп-чоңоюшканы менен, жогорку окуу жайын аяктагандан бери борбор калаада жашап, балдары да орус тилдүү мектептерде окуп калышканына кейийт.

— Албетте, мен балдарымдын кыргыз тилинде окуп, билим алышына каршы эмесмин, тескерисинче, жайкы каникул сайын айылдагы ата-энебиздикине жиберип турабыз. Алар үч айда кадыресе кыргызча тап-так сүйлөп, кыргыз «жыттанып» келип калышат. Андай маанайлары өздөрүнө да аябай жагат, айылдан көргөн-билгендерин  көпкө чейин божурап айтып беришет. Бирок окуу башталганда мурдагы чөйрөсүнө аралашып, кайра эле орусча ой жүгүртүп калышат. Баардыгы чөйрөдөн жана үй-бүлөдөгү кырдаалдан көз каранды болот окшобойбу. Мен кайсы бир басылмадан Жапониядагы бир эксперимент жөнүндө окуп калдым, ал эксперимент боюнча, үч жаштан он үч жашка чейинки балдарды эки топко бөлүп, бир тобун жалаң эне тилинде, экинчи топту жалаң англис тилинде окутушкан. 10 жылдан кийин салыштырганда, эне тилинде окуган балдар берки топтогу балдарга салыштырмалуу көптү билүүгө умтулган, зирек, көп кырдуу жаштардан болуп чыгышкан. Мен буга таң калган деле жокмун, себеби, биздин алгачкы интеллигенция өкүлдөрү эң алыскы элеттерден илим-билимге суусап келишип окуп, билимдүү, атактуу окумуштуу болушпады беле. Аларга салыштырмалуу шаарда жашап, көп нерсеге көзү каныккан кийинки муундардын жүүнү бошураак, жалкоо келишет. Аларга баары жеткиликтүү, даяр болгондуктан, эч нерсеге умтулбай, ток пейил тартып калышат-деген пикирин билдирди.

Ата-энелер адегенде кыргыз класска, анан кайра орус класска которушат

Бишкек шаарындагы И.В.Панфилов атындагы №6 автордук окуу-тарбия комплекси статустуу мектептердин бири. Бул мектепте кыргыз классы ачылганына алты жылдан ашты. Директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары Нуржан Кадырбековна Джангазиева, кадр маселесинде да, окуу китептери менен камсыздоодо да негизги көйгөйлөр чечилгени менен, кээ бир кыйынчылыктар орун алып жатканын жашырган жок.

— Биздин мектепте кыргыз класстары ачылганына алтынчы жылга аяк басты. Окуткан мугалимдерибиз тажрыйбалуу, өз ишин мыкты өздөштүргөн адистер. Мисалга алсак, 2-класстын жана 4-класстын жетекчиси Назгүл Доскулованын 25 жылдык тажрыйбасы бар, дасыккан педагог. №6 гимназияда кыргыз класстары ачылгандан тартып иштейт. Дагы бир класс жетекчибиз Бактыгүл Турдубаева да алдыңкы ийгиликтерди багынткан мугалим. Ал “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири. Окуучулар да мектепте өткөрүлгөн ар түрдүү темадагы иш-чараларга, олимпиадаларга активдүү катышат. Менин байкаганым – кыргыз класстарынын окуучулары билимге дилгир, таланттуу, көптү үйрөнүп-билүүгө умтулган умтулгуч балдар. Бул бизди – мугалимдерди кубандырат.

Бирок белгилей кетүүчү жагдай, кээ бир класстарда окуу китептери боюнча көйгөйлүү маселелер жаралып калууда. Мисалы, 2018-2019-окуу жылында 5-“а” классына бир да окуу китеби бөлүнүп берилген эмес. Балдар мектеп камсыздаган электрондук китептен окууга аргасыз болушкан. Азыркы учурда 2-класс үчүн кыргыз тили жана адабий окуу китептери жаңыланышы керек эле, бирок балдар эски басылыштагы окуу китептери  менен окуп жатышат.

Окутуу кыргыз тилинде  жүргүзүлгөн  6-класстагы дагы бир көйгөй — бул мугалимдердин жетишсиздиги. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө география, информатика, сүрөт, музыка  сыяктуу сабактар орус тилинде окутулууда. Ошондон улам окуучулар үчүн  кыйынчылыктар орун алып жатат. Мындан тышкары, балдарын адегенде кыргыз класска берген ата-энелер кыргыз тилин окууда тил жагынан кыйналып жаткандыктарын билдирип, кайра орус класстарына которушууда. Алсак, быйылкы окуу жылында 2-класстан эки окуучу, 6-класстан эки окуучу ата-энелердин арызы боюнча орус класстарына которулду,-дейт Нуржан Кадырбековна.

ОТК №67де окутуу эки тилде жүргүзүлгөнүнө он жылдан ашты

Борборубуздагы статустуу мектептердин дагы бири – бул № 67 окуу-тарбия комплекси болуп эсептелет. Кыргыз класстары боюнча директордун орун басары Атыргүл Иманалиеванын маалыматы боюнча мындагы кыргыз класстарында 20 класс комплект бар. Анда баардыгы болуп 752 окуучу билим алат. Башка мектептерден айырмаланып, мындагы кыргыз класстарындагы окуучулардын саны жылдан-жылга өсүүдө.

— Биздин мектепте экиден кыргыз класстар бар. 10-класста гана балдардын саны азыраак, тагыраак айтканда, 23, 27 окуучу болсо, калган класстардагы окуучулардын саны 40тан жогору. Кадр маселеси боюнча да эч кандай көйгөй жок, бардык предметтер боюнча мугалимдерибиз жетиштүү. Ошондой эле окуу китептери менен да толук камсыздалганбыз. Менин жеке баамымда, мектептерде кыргыз класстарынын ачылышына суроо-талаптар жок эмес, бар. Тескерисинче, эгерде мурда ата-энелер балдарын орус тилдүү класстарга көбүрөөк киргизсе, кийинки жылдары кыргыз тилдүү класстар популярдуу боло баштаганын байкайм. Ал маселе эң биринчиден  жетекчиликке байланыштуу деп ойлойм. Жетекчилик көңүл буруп, уюштуруу иштерин мыкты деңгээлде жүргүзсө, кыргыз тилдүү класстарды ачуу замандын талабы экенин эне-аталар да туура түшүнүп, баш калаадагы эне тил маселеси оң жагына чечилмек,-дейт А.Иманалиева.

Атыргүл Тыбыновнанын жеке пикиринде, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары жогорку деңгээлге көтөрүлүшү — ар бир атуулдун мекенчилдигине байланыштуу. Ал ар бирибиз өз эне тилибизди сактоону, мамлекет катары таанылууну эң биринчи орунга коеюуга милдеттүүбүз деп эсептейт.

Балага тилди үй-бүлөдө үйрөтүү керек

Кыргыз тилине кыргыздардан артык эч ким күйбөйт деп күйүп-бышкан Бишкек шаарындагы Т.Садыков атындагы көркөм-сүрөт академиясынын алдындагы жатак мектептин тарбиячысы Алтынай Тиленбай кызы, балдарга эне тилин ата-энелер үйдөн, анан кийин бала бакчадан үйрөтө башташы керек деп эсептейт.

ЭНЕ ТИЛИ МЕКЕНЧИЛ МУУНГА МУКТАЖ

— Мен көчөдөн орусча сүйлөгөн кичинекей балдарды көрсөм да, кыргыз тилинде сүйлөгүлө деп үндөп турам. Жаш ата-энелер үйүндө өз эне тилинде сүйлөп, балдарына кыргызча жомокторду окуп берип, улуттук каада-салттарды кошо үйрөтүп турушу керек. Өткөндө тестиер курактагы орусча сүйлөшүп бараткан эки баланы токтотуп: “Кыргызсыңарбы?” деп сурасам, “Жарымы орус, жарымы кыргызбыз” деп жооп берди. Анан мен аларга кыргыз мамлекети үчүн кыргыз тилин билүү канчалык маанилүү экендиги жөнүндө айтып: “Эгерде кыргыз тилин билбесеңер, мамлекет жоголуп кетиши мүмкүн, силер ошону каалайсыңарбы?” десем, балалык баео сезимдери менен көздөрүн бакырайтышып: “Жок, жок, жоголбосун!” деп чурулдап калышты. Мына, эгерде баланы үйдө жакшылап үйрөтүп, аны бала бакчада бышыктап, анан мектепке алып барса, балдар туш тараптан даяр болушат. Үйдө да, бала бакчада да жалаң гана орусча үйрөтүп, анан кыргыз класска алып барса, албетте, бала чайналат. Андай учурда же кыргыз тилинде тыңгылыктуу түшүнбөй, же орус тилинде жеткиликтүү билбей, балдар ортодо арабөк калып жатышат. Бул айрыкча жаш ата-энелерге тиешелүү.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер