ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ М.ЖАНАЛИЕВ: БААРЫ ГЕОГРАФИЯ ИЛИМИНЕ КӨЗ КАРАНДЫ
- 30.05.2024
- 0
Кыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалим, СССРдин эл агартуусунун мыктысы Мамыркул Жаналиев 1926-жылы күзүндө Нарын районунун “Эмгекчил” (Мурункуча Нарын өрөөнү Мазар айылында) кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1934- жылы “Эмгекчил” жети жылдык мектебине кирип, 1941–42-окуу жылдан 7-классты эң мыкты деген баалар менен бүтүрүп, ошол кездеги Улуу Ата мекендик согуш жүрүп шартка байланыштуу Нарын шаарындагы мугалимдерди даярдоочу беш айлык курстан окуган. Аны ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин 1942-жылы 15-августтан баштап мугалимдик жолдомо менен Ак-Талаа районунун ”Конорчок” айылдык кеңешине караштуу “Жерге-Тал” жети жылдык мектебине 1-3 кошмо (карлик) класска жана биологиядан сабак берүүчү мугалим болуп, 1942–43-окуу жылында иштеген.1943-жылдан 1945-жылдын 15-августуга чейин кайра өз айылына “Эмгекчил” жети жылдык мектебинде иштеп жатып, Советтик Армиянын катарында кызмат кылып келген. 1946-жылы кайрадан мугалимдик кесипке киришип, “Эмгекчил” жети жылдык мектебинде 1949–50-жылга чейин иштеп жүрүп, Нарында педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн. 1950–51-окуу жылында Тянь-Шань (учурдагы Нарын) районуна караштуу “Жерге-Тал” жети жылдык (азыркы Таабалдиев атындагы орто мектеп) мектепте биологиядан мугалим болуп иштеген.1951- жылда сентябрдан баштап Нарындагы эки жылдык мугалимдер институтунун биология, химия, география факультетине кирип, 1953-жылы окууну бүткөндөн кийин Талас облусундагы Чаткал районунун ”Каганович” атындагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1954–55-окуу жылында Чаткал районунун ”Айгыр-Жал” орто мектебинде биология-химия мугалими болуп иштеген.1955-жылдан 1957-жылга чейин Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу “Чет-Нура” жети жылдык мектебинде биология-химия мугалими болуп иштеп жүрүп, 1957–58- окуу жылынан баштап,1988-жылга чейин “Эмгекчил” орто мектебинде биология, географиядан мугалим болуп, үзүрлүү иштеп, жүздөгөн окуучуларга таалим-тарбия берген. Иштеп жүрүп 1960-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин география факультеттин сырттан окуп бүтүргөн.
-Мен мугалимдик өмүр жолумда турмуштагы көп кыйынчылыктарды жеңип, изденүү менен иштеп ийгиликтерге жетиштим. Менин алгачкы ийгилигим 1947-жылы кышында Фрунзе шаарында өткөрүлгөн республикалык мугалимдердин конференциясында өз иш тажырыйбам боюнча жасаган кыскача докладым болду. Анда мен канаттуулардын келбетин катырып, бир нече сүрөт жана көрсөтмө куралдар менен баргам. Ошол күндөн 1986-жылга чейин райондук, облустук, республикалык педагогикалык окууларга окутуудагы иш тажырыйбам боюнча катышып келдим. Бир нече жолу Ардак граматаларды алдым.
Иш тажырыйбаларымды чагылдырып “Эл агартуу” журналына, “Мугалимдер газетасына” байма бай жазып чыгарып турдум.1978-жылы райондук билим берүү бөлүмү мен жөнүндө өзүнчө атайын усулдук плакат чыгарды. 1979-жылы облустук билим берүү башкармалыгы “Нарын облустук окуу методикасы” деп тажырыйбаларымды чагылдырган китепче чыгарган. 1980-жылы 22-сентябрда Бүткүл союздук география коомунун 7-съезддинде менин ой пикирлеримди Москвалык жаңылыктарда телевизордон көрсөткөн.1980-жылы 12-ноябрда Кыргыз телевидениесинде өз тажырыйбам боюнча жарым сааттык лекция окудум. Ал эми жергиликтүү радиодон бир нече жолу чыгып сүйлөдүм. 1971-жылдан бери Бүткүл союздук география коомунун жана Кыргыз ССРинин география коомунун мүчөсүмүн.1980- жылы Бүткүл Союздук география коомунун 7-сьезддине, 1985- жылы Ош шаарындагы Кыргыз ССРинин география коомунун 4-сьезддине, 1990-жылы Каракол шаарындагы Кыргыз ССРинин география коомунун 5-сьезддине делегат болуп катышкам. “Өз крайын окутуу” деген темада симпозиумда лекция окуп, китепчеге киргизилди. Мындан тышкары 1960-жылдан 1980-жылга чейин айылдын билим коомунун жетекчиси болуп иштедим. Өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча райондук, облустук, республикалык кароолорго катышып, грамоталарды алдым. Ошондой эле газет-журналдарга сатиралык чыгармаларды жазып турдум.1960-жылы “Чалкан” журналына “Күн карама” деген сатиралык чыгармам басылып чыккан. 1970-жылдан 1985-жылга чейин бардык райондук Ардак такталарда жазылып, салтанаттуу жыйындарга катышып турдум,-деп Мамыркул Жаналиев кыскача өмүр жолун өз колу менен жазып калтырган.
Анын мугалимдик эмгеги төмөнкүлөрдөн көрүндү жана бааланды: балдарды окутуу, тарбиялоодогу кылдаттык, билгичтик;окутуудагы башкы курал көрсөтмөлүүлүк (көрсөтмө курал); өз крайын (өз өрөөнүн) өз турмуш-тиричилигин үйрөтүү; кабинеттик жасалгалоо жана түзүп чыгуу;географиялык аянтчаны түзүп, аны менен иштөө;мугалимдин чыгармачылык менен тынымсыз окууга берилип иштөөлөрү ж.б.толуп жаткан түмөн түйшүктөрдү шартка (коомго) жараша багыт берип үйрөтө,жетелей билиши өтө маанилүү болду.
География илими жаратылышты, экономика,айыл-чарба жана саясий жагын да камтыган ар түр илим болуп саналат. Ар бир мамлекет өз географиясын терең окуп үйрөнүп, жаратылышына тынымсыз байкоолорду жүргүзүп турууга аракет кылып келишет. Учурда дүйнөлүк масштабда климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу, анын таасиринде пайда болгон экологиялык проблемаларды чечүү, табигый ресурстарды анализдөө жана аларды сарамжалдуу пайдалануу сыяактуу маселелер биринчи орунга чыкты. Дүйнөлүк масштабдагы глобалдык өнүгүүлөрдөн Кыргыз жергеси да сыртта калган жок. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөрдүн тез эришине алып келип, суу ресурстарынын тартыштыгын пайда кылып бара жатат. Ата-мекендик географтар айлана-чөйрөгө, анын ичинде өзгөчө мөңгү,суу ресурстарынын динамикасына тынымсыз байкоо жүргүзүп,климаттын тийгизип жаткан таасирлерин аныкташы жана алдын ала байкоо бериши учурдун талабы.Себеби,экономика жана айыл-чарбабыз түздөн түз суу ресурстарынан көз каранды. Мындан сырткары чөлгө айлануу процессинин күч алышынын, ири шаарларда өнөр-жай жана транспорт таштандыларынын натыйжасында абанын курамында чаңдын,уулу заттардын көбөйүшү адамдардын дем алуу органдарынын начарлашына, ден соолугуна зыян алып келип жатат. Булар учурдун оркоюп көрүнүп турган маселелери. Азырынча көзгө көрүнбөгөн,бирок өзгөрүүгө учурап жаткан,келечекте ири көйгөйлөргө алып келүүчү жаратылыштын кесепеттери абдан көп. Айлана-чөйрөгө,табиятыбызга аяр мамиле кылуу учурда абдан зарыл. Аяр мамиле кылуу ар бир адамдын колунан келбейт, ал үчүн жалпы коомдун бул багытта аң сезими жогору болушу абзел. Өзгөчө дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү жаш муунду жаратылышка үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө,жаратылышка аяр мамиле жасоого мектеп жашынан баштап тарбиялап келсе, азыркы учурда бала-бакчадан баштоо программалары ишке ашып жатат.
Жогоруда ой-жүгүртүүлөрдүн төркүнү Мамыркул агайыбызга барып такалат. Бул адамдын ишмердиги 21-кылымдын өнүккөн техникалык дооруна туш келбесе да, алдыңкы иштери, тажрыйбасы менен азыркы учурдун үлгүсүн жаратып кетиптир. Мамыркул агай өз учурунда өлкөбүздүн алдыңкы географы катары көптөгөн мактоо баракчаларына, Ардак громаталарына, I-II даражадагы дипломдорго ээ болуп, сый-урмат көргөн.
Мамыркул Жаналиев агай Европанын мектептери учурда жасап жаткан иш-чараларга тете иштерди совет доорунда эле жасап койгон экен. Эмгекчил айылындагы мектептин жанына географиялык аянтча куруп, аны метеорологиялык приборлор, жабдуулар менен камсыздап, көрсөтмөлүү сабак өтүп келген.Окуучулары практика жүзүндө иш алып барышып, айлана-чөйрөнү жакындан сезип, түшүнө алышкан. Агайдын байкоолору окуу деңгээлин гана жогорулатпастан,байкоолордон алынган маалыматтарынын негизинде өз аймагынын ар тараптуу багыттарына, анын ичинде айыл-чарбасына да жардам бере алган.Себеби айыл-чарба иштери түздөн-түз аба-ырайынан, анын божомолунан көз каранды.
Мамыркул Жаналиевдин 44 жылдык тынымсыз эмгеги баалап,1970-80-жылдары райондук жана облустук элге билим берүү бөлүмүндө штаттан тышкары инспектор болуп, мектептерге барып,тажрыйбасын бөлүшүп жүрдү.Нарын облустук педагогикалык илим-изилдөө институтунда мугалимдерди бир айлык кайра даярдоо курсуна география сабагын окутуу боюнча жыл сайын лекция окуп,методист болду. 1964-жылы Кыргыз ССРинин “Эл агартуусунун отличниги” деген төш белгисине арзыган. 1976-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.1976-жылы Улуу Ата-Мекендик согуштун 30 жылдык юблейлик медалы менен сыйланган. 1979-жылы Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлиги тарабынан “Методист мугалим” деген наам алган. 1983-жылы “Эмгек ардагери” медалын алып,1984-жылы СССРдин эл агартуу министрлиги тарабынан “СССРдин Эл агартуусунун отличниги” деген наамга ээ болгон.1985-жылы Кыргыз ССР Жогорку Совети тарабынан “Кыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалим” деген ардактуу наам берилген.
Мамыркул агай 2003-жылы 77 жаш курагында каза болгон. Өзү жашаган Эмгекчил айылында көчөгө ысымы ыйгарылып, мектептеги өзү уюштурган музейге аты берилген. Кызы Токтобүбүнүн демилгеси менен Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим Мамыркул Жаналиевдин өмүр жолу, ишмердиги тууралуу даректүү китеп даярдалып жатат.
Мамыркул агай жаштарга тарбия жана билим берүү менен бирге коомдук саясий иштерге, маданий агартуу иштерине активдүү катышкан мекенчил мугалим болгон.
Кабыл Макешов,
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер