ЭМГЕК РЫНОГУНДАГЫ ЖАҢЫ МЕЙКИНДИКТЕР

  • 15.02.2024
  • 0

15-февралда “Компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: эмгек рыногунун жаңы мейкиндиктери” форуму өттү.
Форумга билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана эл аралык уюмдардын, долбоорлордун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын, кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучулары катышты.
Иш-чараны министр Догдүркүл Кендирбаева ачып, Кыргызстандын эмгек рыногундагы абал жана экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө кесиптик билим берүүнүн ролуна, келечегине токтолду.
“Бүгүнкү күндөгү жоголуп бараткан адистиктерди валидациялоо жана сертификациялоо системасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык контекстти, практиканы колдонуп, өзгөртүүгө кызыкдар тараптарды талкууга чакырам жана механизмдерди иштеп чыгуу тапшырмасын берем. Дүйнө жаңы адистиктерди талап кылат, биз ошону даярдашыбыз керек, – деп форумдун иштерине ийгилик каалады.

Кийинки сөздү министрдин орун басары Расул Абазбеков алып, Министрлер кабинетинин токтому менен «Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору» мекемеси түзүлгөнүн, учурда бул борбор компетенцияларды көз карандысыз баалоо, ошондой эле формалдуу эмес билим берүүнү таануу аркылуу Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган ишти жүзөгө ашырарына токтолду.

“Бул жерден сертификациялоо бизге эмнени берет деген суроо жаралышы мүмкүн. Мамлекетке жумушсуздукту жоюуга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, бул тармакка кеткен чыгымды азайтууга, эмгек рыногундагы талапты толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми коомдо талапкерге квалификацияны алууда бирдей артыкчылык берүү, окуп, иштеп, жогорку окуу жайга барбай эле тийиштүү сертификат алганга шарттар бар”, – деди.
Министрдин орун басары бул тажрыйба дүйнөдө көптөн бери колдонулуп жатканын, ал эми постсоветтик өлкөлөрдө эми гана башталганына токтолуп, алдыда кесиптик чеберчиликти жогорулаткан кыска курстар, онлайн окуулар менен маселелер чечилерин кошумчалады.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер