ЭМГЕК АКЫ: МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЭМГЕГИ ТАТЫКТУУ БААЛАНАБЫ?

  • 30.01.2023
  • 0

Өткөн аптада Билим берүү жана илим министрлиги Фейсбукта өткөргөн түз эфирде мектеп директорлорунун эмгек акысы тууралуу да сөз болду. Министрликтин адистери өткөн жылы мектеп директорлорунун эмгек акысын жүз пайызга чейин көтөрүү боюнча долбоор Министрлер Кабинетине сунушталганын, бирок каражаттын тартыштыгынан колдоо таппай калганын айтып, учурда бул маселе боюнча кайрадан токтом долбоору иштелип чыгып, Министрлер Кабинетини төрагасынын кароосуна жөнөтүлгөнүн маалымдашты.

ЭМГЕК АКЫ: МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЭМГЕГИ ТАТЫКТУУ БААЛАНАБЫ?

АЙЛЫГЫҢ КАНЧА,  ЖЕТЕКЧИ?

Лейлек районуна караштуу Бешкент айылындагы «Келечек» орто мектебинин директору Айдосова Асылкандын билим берүү тармагында эмгектенип келе жатканына 33 жылдын жүзү болду. Бул жылдар аралыгында курортто эс алуу оюна да келген эмес.  “Жашың өткөн сайын ден соолукту чыңдап туруу керек, буларга кезек келе элек” деген директордун бир айда тапкан акчасы  күндөлүк жашоого гана жеткендиктен, жыл сайын эс алуу, үй-жайын оңдоо кыялында  гана калат. Эгерде эмгек акы ушуларды да камтый алса, анда эч нерсеге көңүл бурбай, талыкпастан билим берүүгө даяр.

  • Билим берүү министри менен болгон Фейсбук баракчасындагы жолугушууну көрдүм. Мектептерде мугалимдердин айлык акысы көтөрүлүп, мугалимдердин сабакка болгон кызыгуусу, жоопкерчилиги жогорулады. Бирок ошол эле мезгилде мектеп администрациясынын эмгек акысы мугалимдерге салыштырмалуу көтөрүлгөн жок. Директорлордун жана окуу бөлүмүнүн башчысынын айлыгы аз, бирок алар аткаруучу жумуштар көп. Сабак өтүүгө тогуз гана саат чектелген. Менин өзүмдүн директорлук айлыгым — окуучулардын саны 1200 болгону үчүн 14500 сом. Жалпы 33 жылдык эмгек тажрыйбасын кошкондо 33350 сом алам. Бул албетте, аз. Райондун борборунан 100 км аралыкта жайгашкан биздин айылдан барып келгенге эле кетет. Чындыгында, билим берүү багытында көптөгөн иштер болуп жатат. Бир гана балдар эле эмес, ата-энелер мектеби менен кошо жалпы журттун  таалим-тарбиясына мугалимдер билек түрүнө киришти. Ушул калыптан жазбай, жакшы иштөө үчүн маяна өз мезгилинде көтөрүлсө жакшы болмок. Каржы булактарынан каралып жатат дегенди угуп үмүт кылып турабыз, — дейт Айдосова Асылкан.

Директорлун эмгек акысы иш тажрыйбасына гана эле эмес, мектептин статусунан, окуучулардын санынан да көз каранды. Бишкек шарындагы №24 мектеп-гимназиясынын директору Анара Абдураимованын эмгек акысы 15 миң сомду түзсө, колуна 14 миң сомго чейинки акча түшөт. Мындан сырткары,  атайын эсептен, тактап айтканда, акы төлөп кошумча сабак окугандардан түшкөн акчадан айына 8-9 миң сом чыгып турат. Бирок ал бирде бар,  бирде жок. Себеби эки-үч ай балдар кошумча билим алып, жетиштеген сабактарын толуктап коюп кошумча сабакты токтотуп коюшат.

Анара Хабибовна үчүн акча маанилүү ролду ойнобойт.  Айтымында, окуучулардын келечеги, билим деңгээли көбүрөөк ойлондуруп, бар күчүн сапатка, окуучуларга, мугалимдерге шарт  түзүп берүүгө жумшайт.

  • Директордун эмгек акысы ар кимдики ар кандай, лицей, гимназиялардыкы башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк болот. Балдардын санынан да көз каранды. Кээ бир директорлордун сааттары да бар. Мисалы, мен сабак бербейм, саат алган эмесмин. Директорлукка эле акы алам. Анча-мынча кошумча жумуштарым, пенсиям бар. Балдарым чоңоюп калган, кызым да, уулум да жакшы жумушта иштейт. Ошол себептен мага баары жетиштүү.  Албетте, директордун жумушу абдан оор, түйшүктүү.  Мындай жумушка бул сумма өтө эле аздык кылат. Кээде түнгө чейин калып иштеген күндөр болот. Бирок мен акы үчүн эмес, балдар үчүн иштейм. Өз үй-бүлөмдө балдарым жөнүндө кандай ойлонуп, кандай жакшы пландарды түзсөм, мектепти да ошондой ойлоном. Мага балдардын күлкүсү, жанган көздөрү керек. Окуучулар мектепте өзүн жакшы сезип, мугалимдер жакшы мамиле жасаса экен деген тилектер менен гана иштейм. Акча көп таап, байып кетүү максатым эмес.  Мени өзүмдүкүнөн дагы завучтарымдын эмгек акысы көбүрөөк ойлондурат. Алар деле директорлордой эле көп иштешет. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, завучтуку ошол бойдон калды. Алардын арасында  батирде жашагандар, жаш балдары барлар да бар.  Акча каражаты үй-бүлөсүнө жетишпегендиктен, мугалим эле болобуз деп жатышат, — дейт Анара Хабибовна.

Директорлордун сапарына да акча каралган эмес. Алар районго же шаарга баруу үчүн кеткен чыгымды өз чөнтөгүнөн төлөйт. Ошондуктан кээ бир чыгымдарды жаап туруу үчүн директорлор кошумча саат алышат.  Аламүдүн районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин директору Назирова Замиранын негизги оклады — 18264 сом. Ага айыл аймагы деп 1800 сом, педогогикалык тажрыйбасы үчүн 5476 кошулуп, жалпы 25531 сом акы алат.  Директордун айтымында, бул сумма жөнөкөй мугалимдердин айлыгынан он миң сомго аз. Ошондуктан директорлук кызматына кошумча сегиз саат алат. Ал үчүн дагы 9716 сом кошулат.

  • Директорлор менен администрациясын эмгек акысын элүү пайыз көтөрүлөрүн айтышты эле. Бирок бул боюнча жарлык чыга электигин эсепчим айтты. Азыркы учурда завучтарым, уюштуруучу болуп иштеген мугалимдерим кичинекей айлыкка иштегенден качып жатат. Ар тараптан чыгып, иштеп бергиле деп суранып, көндүрүп жатам. Алар болгону 23-25 миңге чейинки акы  алышат. Эгерде жөнөкөй мугалим болуп иштесе бул сумма 38 миң сомго чейин көтөрүлмөк.  Негизи мектептин мотору – администрация.  Минтип эмгек акысы аз болсо эч кимдин иштегиси келбейт. Мугалимдер белгилүү бир убакытка чейин сабак өтүп коюп, кайра кетип калышат. Ал эми администрация кечке чейин отуруп, бардык иштерди бүтүрүшөт. Кээ бир учурда эс алуу күндөрү да келип иштөөгө туура келет, — дейт жетекчи.

 

  ДИРЕКТОРЛУК —  ТҮЙШҮКТҮҮ ВАЗЫЙПА

Чындыгында, мектеп жетекчинин милдеттери, аткарган функциялары абдан көп. Алсак, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу планын мугалимдер менен бирдикте иш жүзүнѳ ашырууга, класстан тышкары жумуштардын мазмуну аркылуу тарбия берүү жумуштарын камсыз кылууга жана текшерип турууга милдеттүү. Ошондой эле, атуулдардын билим алууга болгон муктаждыктарын камсыз кылат, административдик-аткаруучу органдарда жана башка уюмдарда мектептин кызыкчылыгын алып чыгат жана коргойт. Мугалимдерди жана техникалык персоналдарды конкурстук (маеткешүү) негизде багыттары боюнча ишке кабыл алып, педагогикалык кеңештин ишин жетектейт, мамлекеттик билим берүүчү стандарттын жана негизги билим берүүчү программалардын алкагында окуучулардын сапаттуу билим алуусун камсыз кылат, мугалимдердин кесиптик ѳсүүлѳрүн жана квалификациясын жогорулатып турууга шарттарды түзүп камсыз кылат. Андан сырткары мугалимдерди аттестациядан ѳткѳрүп, бүтүрүүчүлѳрдүн мамлекеттик үлгүдѳгү билим берүү документтерин толтуруп берүүнүн милдетин алат жана уюштурат. Билим берүүчү документтерге берилүүчү окуучулардын жеке маалыматтардын тактыгына жооп берет. Жашы жете элек жеткинчектердин укуктарын коргоо, мектептин каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн башкаруу, гранттарды, инвестицияларды тартуу да алардын мойнуна жүктөлгөн. Ушуга окшогон дагы толгон-токой милдеттерди алып жүрөт. Кыскасы, мектептин ичи-тышынан тартып окуучу менен мугалимдердин жүрүм-турумуна чейин байкоо жүргүзүп туруучу чоң күчтү талап кылган кызмат.  Жетекчилердин “күнү-түнү иштейбиз”, “үй-бүлөбүздөн биринчи мектепти биринчи орунга коёбуз” деген сөзү моралдык, физикалык жактан түйшүктүү, убакытты талап кылган жумуш экендигин тастыктап турат.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер