ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

  • 24.04.2020
  • 0

Төкмө акын, обончу, дастанчы, КР Эмгек сиңирген артисти (2010), КР Эл артисти (2016) маркум Элмирбек Иманалиев эмгек жолун Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун музыкалык бөлүмүндө иштеген. Анда ал болгону 16-17 жашта экен. Залкар акындын жарык дүйнө менен коштошкону билим берүү тармагында иштегендердин да сай сөөгүн сыздатты. Айрым кесиптештер ага коштошуу ырларын да арнашты. Элмирбек Иманалиевди мугалим десек да жарашат. Ал «Айтыш» коомдук фондусунун акындар мектебинин устаты болгон.

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

Акындардын төрөсү

Алп акын каза болгон күндөрү элдей эмоциямды эшикке чыгарып, эки ооз сөз жазганга колум барбады. Аны ажалга, кара жерге ыраа тартпадым. Керели кечке анын комуз менен сахнага чыгып ырдаганы, акындар менен айтышканы көз алдыман кетпей койду. Анткени дайыма күтүп көрчү элем. Мен дагы башкалардай эле Элмирбектин күйөрманы болчумун. Кечээ аза күтүп ойлонгондонбу, же керели кечке ал тууралуу эскерүүлөрдү, ырларды окуганданбы, айтор, уйкум качып, түнкү экиде Фейсбукту ачсам, Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын жазган эскермеси туруптур. Сонун жазылыптыр, окугуң эле келет. Аны окуп алып, чын эле Элмирбек элдин алдына чыкканда «анын ырларын сүйүп, муюп» (Д.К.) укчу эмес белек…
Бүгүн «Сейтектин» директору Сабийра Челпакова телефон чалып, Элмирбектин борбордо иштегени тууралуу айтып, дагы бир ирээт зээнимди кейитти. Көрсө, Элмирбек Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эстрадалык студияны бүткөндөн кийин 1994-жылдары “Сейтек” борборунда музыкалык бөлүмдө балдарга комуз үйрөтүп, эмгек жолун баштаган экен.

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

— «Сейтек» борборуна жумушка келгенде ал болгону 16-17 жашта эле. Ошол кезде эле ал республикалык жана эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды жеңип келген. Балдарды комуз черткенге үйрөтчү. Кыргызстан үчүн чоң жоготуу болду. Бирок анын артында өзү тарбиялаган шакирттери, түптөгөн мектеби калды. Кызыгы өзүнүн атына, фамилиясына окшош окуучусу бар эле. Көрсө, ошол окуучунун атасы баласына атты Элмирбектин атынан койгон экен. Залкар акын дайыма биздин борбор менен байланышып турчу. Комуз ансамблинде тарбияланып жаткан балдар, өспүрүмдөр менен сүйлөшүп турчу. Мектебине жазылганы баргандарды ал дайыма ««Сейтектен» болсо, анда алам» дээр эле. Биздин бүтүрүүчүбүз Тукешов Кубат дайыма аны менен баарлашып турчу, кийин ал дагы төкмө акын болуп чыга келбедиби, — дейт С.Челпакова.

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

Ооба, super.kg маалымат каражатына берген интервьюсунда устаты Тууганбай Абдиев «Сейтек» балдар борборунда сабак бергенин, кийин ал өз ордуна Элмирбекти ишке орноштурганы тууралуу айтып бергени бар.

«Жарыктык киши чарчаганданбы же мага айлык болуп турсун дедиби, өзүнүн ордуна ишке орноштуруп койду. Өзүм теңдүү балдарга сабак берем, кыздар «биз менен тең турбайсызбы?» деп тийишип жүдөтүшөт. Иштегениме үч ай болгондон кийин бир эже «айлыгыңды алдыңбы?» деп калды. «Кандай айлык?» деп таң калдым. Эже «бул жерден аласың» деп жол көрсөттү. Үч айдын айлыгы биригип 50 сом чыгыптыр. Ошондо биринчи жолу мамлекеттик иштен айлык алгам. Бакыт деген досум бар болчу. Экөөбүз бир кафеге кирдик. Бир порция беш даана манты болот эмеспи, бат эле жеп коебуз. Көп алалык десек элден уялабыз. Улам тарелкаларды бошотуп, кайра манты алып отуруп, аябай тойгонбуз» (Э.Иманалиев)

Элмирбек көпкөн да, кекирейген да жоктугун достору, санаалаштары, жакшы билгендери айтышууда. Анын обондуу ырлары «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», жазган аңгемеси, повести ж.б. чыгармалары Элмирбекти биздин арабыздан алыстатпайт, унуттурбайт. Элмирбек өлгөн жок, ал өзүнө түбөлүк эстелик орнотуп кетти. Ал айтышка түшкөндө буйдалбай шар төккөнү, сөзүнүн көркөмдүүлүгү, уйкаштыгы, обонунун өзгөчөлүгү элди өзүнө тартып турчу эмес беле… Ушундай ойлор менен алек болуп атсам, WhatsApp аркылуу Кара-Суу райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Бактыгүл Туратова өзүнүн эскерүүсү менен коштошуу ырын салып коюптур. Кантип аны жарыялабай коебуз.

Элмирбек, кош бол! Элиңди боздотуп, сыздатып кеттиң… Ажал улук экенине баарыбыз баш ийдик. Сен ар бирибиздин жүрөгүбүздөн орун алгансың, сен түбөлүктүүсүң. Ала-Арчадагы көрүстөнүңө барчу жолго элдин изи суюлбайт… Сен өз дооруңдун Токтогулусуң, Пушкинисиң, Чыңгызысың… Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Элмирбек элдин уулу эле…

«Элмирбек иним, элдин уулу элең го, түшкө да кирбеген жоготууну элге тартуулап койдуң. Сени жоктоп бүтүндөй калайык калк эзилип, ыйлап тургандыгы анык. Сени менен кошо жазыла элек саптарың, ырдала элек лирикалык кайрыктарың, төгүлө элек залкар чыгармаларың кошо кетти. Аз өмүрдө элге сиңип, жүрөгүнөн орун алып калынган кадыр-баркың сенин залкар талант экендигиңди тастыктап турат. Эл ичиндеги сенин талантыңа таазим этип, кадырлаган күйөрманың катары мен да кейиште отурам. Сен сапар алган чын дүйнө бейиштин төрү болуп, эли-журтуңа кайгырбай ыраазы болуп жат. Бул жалганга сен жараткан чыгармаларың, акылмандыгың менен түбөлүк тирүүсүң. Артыңда калган уул-кыздарың, жакын туугандарыңа, эли-журтуңа кудайым сабыр берсин.

Капарсыз отурганда кабар уктук,

Айласыз шум ажалды каргап турдук.

Элмирбектей уулунан ажырап,

Калың эл турат бүгүн аза күтүп.

Булбул элең Ала-Тоодо сайраган,

Кургурум деп булбулуңду аяган.

Учтуңбу булбул болуп өзүң дагы,

Ашыгыңды артык көрүп баарынан.

Ашыгып чын дүйнөгө шашылдыңбы?

Болбосо бул жалганга таарындыңбы?

Арман ай алсыратып жүрөгүңдү,

Айла жок шум ажалга багындыңбы?

Кайран өмүр кыскалыгын карачы,

Күн чыгып, ай баткандай арасы.

Ташкындап турган кезде соолудубу,

Таңшыган кыргызымдын бир баласы.

Чындык үчүн чыркыраган жан элең,

Жалганчыны чагат элең ыр менен.

Төкмөлүктөн төгүлгөн ыр берметиң,

Акыл, насаат, көл эле түбү терең.

Лириканы жүрөккө уютчу элең,

Улуу сөздү улаган уютку элең.

Сулуулуктан суйкайтып ыр кураган,

Сен миң элден суурулган чечен элең.

Кыйын күн эл башына келген кезде,

Комуз алып колуңа чыгат элең.

Кайгырып турган элге канат болуп,

Кош колдоп кошогуңду сунат элең.

Карап-карап канча жолу саматып,

Калың эл каалап турчу жан элең.

Кош айтып кайырлашып элиң менен,

Кеттим, — деп неге насаат айттың экен.

Кантели жаннат болсун барган жайың,

Булбулуң сайрап турсун бакта дайым.

Жан дүйнөңдөн жаралган чыгармалар,

Башыңда болуп турсун саябанын.

Кош, Элмирбек,

Кош эми жакшы баргын!

Калгандарга сабыр берсин Жаратканым!!!»

Бактыгүл Туратова, Кара-Суу райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору.

21.04.2020

Ар бир шакиртине Элмирбек өз дүйнөсүн берди

Тариэл Батырбаев, акындын окуучусу Тилек Усубалиевдин атасы:

«Менин балам Тилек Усубалиев 13 жашта. «Сейтекте» окуп билим алып, борбордун директору Сабийра Челпакованын жолдомосу менен Элмирбек Иманалиевдин алдына барып, экзаменден өткөн. Бир жыл окугандан кийин, Элмирбек аны эс алсын деп тапшырмаларын үйгө берген. Темирбек Матыбаев дагы «Сейтекте» окуп, кийин Элмирбектен билим алган окуучуларынын бири. Ал он алты жашта. «Төкмө келсе, төр бошот» долбооруна экөө тең катышкан. Мен балам менен барганда Элмирбектин жумшак жылмаюусу, сүйлөгөн сөзүнөн жашарып, жакшы бир энергия алып келчүмүн. Элмирбектин жайына коюп келатканда «Төкмө келсе, төр бошот» долбоорунун 30га чукул катышуучулары 13 жаштан 70 жашка чейинки келаткандарын көргөндө менин көзүмө алар жетим калган козудай теңселип, буттары титиреп, далылары шалдырап, оор ахывалда келаткандай көрүндү. Бир жерге топтолуп, туруп калганда, мен алардын жанына басып барып, карыялык кайратымды айттым. — Элмирбек баарыбызга таяныч эле. Долбоорго келгенде өз оюн аябай жумшак айтчу. Айткан сөздөрү элдин жүлүнүнө чейин жетчү эле. Элмирбектин сөзүн укканда эс алгандай болуп, кайрат алчу элем. «Бул күн дагы өтөт, кетет, кыргызымдын жаркыраган күнү болот» дегенде канат байлачу элек, жашарчу элек, өзгөчө энергия алып, башкача сезим болчу эле десем, шакирттери дагы «ооба, байке баарыбызда ошондой сезим болчу. Он күндүктү суусап калгандай күтчү элек» дешти. Элмирбектин жумшак, назик көзүн көргөндө жайдары боло түшчү элем. Ошондой сезим азыр дагы көз алдымда туруп, кетпей турат десем, шакирттери «эмнегедир көзүбүз көрбөй аткандай болуп атат» дешти. Элмирбектин ар бир акынга жасаган мамилесинен өзгөчө касиети бар экени көрүнүп турчу. Элмирбектей кишилер, элге дитин берген кишилер аз жашайт экен. Ал баарыңарды эмчектен чыгарып койгондой болду. Элмирбек ар бириңерге өз дүйнөсүн берди. Кайрат кылгыла, — дедим. Балам Элмирбек каза болду дегенде эсинен танып, бир күн тынбай, шолоктоп ыйлады. «Чоң энем, таенем, чоң атам кайтыш болгондо мындай сезим болгон эмес, Элмирбек устатым кайтыш болгондо эмнегедир көзүм ачылып турабы, жокпу, билбейм ата, көзүм көрбөй калды» деп бир күн солкулдап ыйлады. Мен кыргызмын дегендерге чоң жоготуу болду. Учурунда Манас, кийин Чыңгыз болсо, азыр ошолорго тете инсанды жоготтук. Ошолордой эле касиети күчтүү эле»

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭМГЕК ЖОЛУН «СЕЙТЕКТЕН» БАШТАГАН

“Дүйнө жүзүндө төкмөлүк өнөр бир гана кыргыз, казак элинде бар. Негизинен эле акындардын бардыгынын жүрөгү бирдей. Бирок эгиздердин да айырмачылыгы болот. Анын сыңарындай ар бир акын өзүнүн муунга бөлүп созуу, ырдоо кырааты керек болсо социалдык абалына, жер шартына байланыштуу айырмаланат”

Элмирбек Иманалиев

“Архитектор, скульптор, сүрөтчү, ырчы, бийчи болобу, айтор, бардык жерде поэзия болбосо, жасаган ишиңдин тузу кем болуп калат. Керек болсо сүйүү дагы поэзияга муктаж. Эң кызыгы бешиктен белим чыкпай жатып 16 жашымда сүйүү катын жазган балдарга заказга ыр жазып берчү экенмин. Азыр болсо деги эле заказга эч жаза албайм”.

Элмирбек Иманалиев

Бөлүшүү

Комментарийлер