ЭЛЬМИРА ИМАНАЛИЕВА: «ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА БИРДИКТҮҮ МААЛЫМАТТЫК ПЛАТФОРМА ТҮЗҮЛӨТ»

  • 13.08.2020
  • 0

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчылыгына үстүбүздөгү жылдын июнь айынан баштап билим берүү системасын түп-тамырынан жакшы билген, тажрыйбалуу Эльмира Иманалиева келген. Жаңы окуу жылына борбор калаанын мектептери, бала бакчалары кандай даярдык көрүп жатканы боюнча бизге чакан маек куруп берди.

ЭЛЬМИРА ИМАНАЛИЕВА: «ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА БИРДИКТҮҮ МААЛЫМАТТЫК ПЛАТФОРМА ТҮЗҮЛӨТ»

— Эльмира Сансызбаевна, Сизди «Кут Билим» гезитинин жамаатынын атынан кызмат ордуңуз менен куттуктайбыз! Билим берүү системасы Сизге чоочун эмес, керек болсо ийне-жибине чейин билесиз. Ишти эмнеден баштадыңыз?

Быйылкы эң башкы маселелердин бири — санариптештирүү эмеспи. Андыктан мени шаардык билим берүү системасын кантип санариптештиребиз деген маселе кызыктырды. Буга чейин деле шаардык бардык мектептердин өздөрүнүн сайттары иштеп келатат. Биздин башкармалыктын да сайты бар. Бирок комплекстүү, бирдиктүү маалыматтык система жок. Андыктан бирдиктүү маалыматтык аянтчаны түзүү боюнча учурда бир IT компания менен сүйлөшүп, талкуулап жатабыз. Алар бардык ишти бекер жасап бергенге даяр болуп жатышат. Буюрса, бул иш жакынкы арада ишке кирет, албетте, аны презентациялайбыз.

— Ал кандай нукта жүрөт?

— Мен айткан платформанын жардамы менен акысыз онлайн-жыйындарды өткөрөбүз. Маселен, Zoom тиркемесинде чектөө бар, 40 мүнөттөн ашык сүйлөшсөң акы алып баштайт. WhatsАpp тиркемесинде андай кызмат жок. Бул платформага мектеп, билим берүү жайларынын статистикалык маалыматтары эле жарыяланбастан, мугалимдердин рейтингин да жүргүзөбүз. Ошондой эле мектептерге каржы кайдан келип, эмнеге жумшалып жатканын да көрө алабыз. Биринчи этапта бардык мектептерди бириктиребиз. Андан соң бала бакчаларды кошобуз.

— Жаңы окуу жылы да жакындап калды. Даярдыктар кандай?

— Абдан көп иш жасалды. Өлкөдөгү катаал, эпидемиологиялык абал учурунда бир нече мектептердин базасында күндүзгү стационарлар ачылды. Ал эми №1 жатак-мектеп кадимки эле бейтапканадай ачылып, ал жерде оорулуулар жатып, дарыланып жатышты. Ушундай оор абалга карабай, жаңы окуу жылына даярдыктар кызуу жүрүүдө.  2020-жылдын титулдук тизмеси боюнча капиталдык ремонттон өтчү объектилерде иш кызуу жүрүп жатат. Пандемияга байланыштуу каржылоо маселеси кечеңдеди. Бирок иш жүрүп жатат, шаардын мэри өзү көзөмөлгө алган. Мектептердин курулуш, ремонт иштерине шаардык бюджеттен жана Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 100 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен төрт миллион сомго 88 билим берүү жайына майыптыгы бар балдар үчүн пандустар салынууда. Бөлүнгөн каражатка айрым мектептерге кошумча корпустар салынып, ремонт иштерине керектелүүдө. Алсак, №12, №18, №16, №54, №69, №59, №11 мектептерге кошумча корпустар курулуп жатат. Кээ бири сентябрга чейин ишке берилип калат.

Белгилеп кетчү нерсе, мектептерде орун жетиштүү болуш үчүн дагы 36 мектеп салынышы керек. Жаңы конуштарга сегиз мектеп курулушу күтүлүүдө. Мэрия жакында эле мектеп курууга жер үлүштөрүн бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Анын негизинде Арча-Бешик, Ак-Ордо, Рухий Мурас, Алтын-Ордо, Көк-Жар, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Бугу-Эне жаңы конуштарына сегиз мектеп салынат. Мындан сырткары, 14 конушта бала бакча пайда болот. Курулуш иштери качан башталары азырынча белгисиз, бирок жер маселеси чечилди.

— Жаңы бала бакча ачылабы?

— Ооба, эки жаңы бала бакча даяр. Бирөө Туңгуч кичи районунда жайгашкан №7 бала бакча даяр болуп калды. Октябрь районунда Социалдык коргоо мекемеси жайгашкан имарат бала бакчага кайтарылып берилип, ал жерде дагы ремонт бүтүп калды. Азыр материалдык-техникалык базасын чыңдап жатабыз. Жаңы окуу жылында, буюрса бул эки бала бакча балдарга эшигин ачат. Дагы эки мурдагы бала бакчалардын имараттары кайтарылды. Биринде эт комбинаты, экинчисинде — Кыргызпатенттин филиалы жайгашкан болчу. Бул эки бала бакчада да ремонт иштери жүргүзүлөт.

— Өзгөчө Бишкек шаарындагы мектептерге ата-энелердин нааразычылыктары арбын. Жылда эле акча чогултуу маселеси курч турат эмеспи…

— Мектептердин, бала бакчалардын алдында коомдук фонддор түзүлүп келген. Алар материалдык жактан чоң жардам берип келатышат. Бюджеттен болгону кызматкерлердин эмгек акысы, коммуналдык кызматтарды төлөө, балдарды тамактандыруу, эмеректерди алуу гана каралган. Бөлүнгөн каражат дегеле жетпейт. Бул фонддорго биз эч нерсе деп айта албайбыз. Анткени алар өзүнчө мыйзам чегинде каттоодон өтүшкөн. Аларды көзөмөлдөө да кыйынга турат. Бирок Камкордук кеңеши боюнча мыйзам кабыл алынгандан бери ишибиз жеңилдеди. Мыйзамга ылайык Камкорчулар кеңешинин курамы жергиликтүү бийлик тарабынан бекитилет. Андыктан алар коомдук фонд менен тыгыз иштейт. Ырас, Камкорчулар кеңеши болгону сунуш беришет, ал эми фонддор билим берүү мекемелерине эмне керек болсо баарын алып беришет.

— 1-класска кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүрдүбү? Биринчи чейректе жаңы эле мектеп босогосун аттап жаткандар кандай режимде окушат?

— Биринчи класска кабыл алуу бир топ жылдан бери электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлүп келет. Быйыл деле ошол нукта жүрдү. Быйылкы окутуу процесси боюнча ата-энелерден дагы абдан көп кайрылуу келип түштү. Аларды туура түшүнсө болот. Анткени бала буга чейин окутуу процессине көнгөн эмес. Мугалим алар менен бетме-бет жолугуп сабак өтпөсө кыйын болуп калат.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдында эксперттик-консультативдик топ түзүлгөн. Алар 1-класстарды окутуу тартиби боюнча маселени анализ кылып жатышат. Менин оюмча, августтун ортосунда бир чечимге келишет. Бир нече варианттарын карап жатканын билем. Маселен,  1-класстын балдары эки топко бөлүнүп окуп калышы ыктымал. Эгерде бир класста 30 бала болсо, алар 15тен экиге бөлүнүп, бир күн мектептен, бир күн үйдөн окуп калышы мүмкүн. Ошондо мектепке жумасына эки же үч жолу эле барышат. Аларга эң негизги сабактар гана өтүлүп, сүрөт, музыка деген предметтерди кошпой кое туруу каралууда. Толук маалыматты Өкмөттүн чыгарган чечиминен кийин айтсак болот.

— Эльмира Сансызбаевна, онлайн режиминде окуган күнү деле окуу китептери окуучуларга керек да. Алар кантип алышат, кандай тартипте бөлүштүрүлөт?

— Жаңы окуу жылынын башталышында окуучулар өз мектептерине келип санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, т.а. аралыкты сактап, китепканага экиден көп эмес окуучу кирип, керектүү китептерди алышат. Китепсиз билим алууга болбойт. Аралыкта окуган күнү да үйгө тапшырмалар окуу китептеринен берилет.

— Август кеңешмеси кандай өтөт?

Бул маселе боюнча да Билим берүү жана илим министрлиги теманы берет. Бирок биз азыртан эле ички мазмуну тууралуу иштеп жатабыз. Канча секцияда, кайсы платформада толук кандуу конференцияны өткөрө алабыз деген маселенин үстүнөн  иштеп жатабыз. Конференция да онлайн режиминде өтөт.

— Быйылкы окуу жылына мугалимдер жетиштүүбү?

— Учурда 400 бош орун бар. Августтун аягында мектептерде комплекттөө башталат. Жыл сайын «Жаш мугалимдин депозити» сынагына бизге 100 орун берилет. Азыр 301 жаш мугалимдер сынакка катышканы турушат.

Маалымат үчүн:

Бишкек шаарында өткөн окуу жылында 165000 окуучу болсо, жылдын аягында 162000 калган. Борбор калаадагы 97 мектепте 7500 мугалим, 87 бала бакчада 1113 педагогикалык кызматкерлер эмгектенишет.

 Жетекчи тууралуу маалымат:

Иманалиева Эльмира Сансызбаевна Бишкек шаарында 1965-жылы 22-октябрында туулган.

Жогорку билимдүү. Ал 1983-1988-жж. Ломоносов атындагы МГУнун философия факультетин бүтүргөн. Адистиги боюнча саясат таануу мугалими.

Э.Иманалиева 2010-2011-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчылык кызматын аркалаган. 2008-2010-жж. Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри, 2005-2008-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги, КРнын Билим берүү министринин орун басары. 2005-ж. Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин раймамадминистрациясынын башчысынын орун басары. 2003-2005-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май райадминистрациясынын башчысынын орун басары. 2001-2003-жж. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү борборунун директору болуп иштеген. Ошондой эле 1999-2001-жж. КР Өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы саясат боюнча мамкомиссиянын бөлүм башчысы. 1997-1999-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде Эл өкүлдөр жыйынынын Социалдык маселелер боюнча комитетинин эксперти. 1993-1999-жж. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1988-1990-жж. ал КМУУнун окутуучусу болуп эмгектенген.

 Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер