ЭЛИҢ ҮЧҮН ЖАЛТАНБАЙ, БААТЫР БОЛДУҢ, ЧОЛПОНБАЙ!
- 29.04.2020
- 0
Энергетиктер шаарчасында «Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт» эстафетасы элибиздин даңктуу уулу Чолпонбайдын эрдигин даңазалоодон башталды.
Албетте баатырдын ысмын алып жүргөн Чолпонбай Түлөбердиев атындагы инновациялык орто мектебинин мугалимдер жана окуучулар жамааты бул иште эч кимди алдыга салган жок.
— Чолпонбайдын ысмын алып жүрүү биз үчүн зор сыймык, зор милдет, — дешет эстафетага катышкан агай-эжейлер жана аруу тилек балдар.
«Жүрөктөн чыккан сөздөр, жүрөккө жетет» дейт беле, анда кулак салыңыз:
Төштү тосуп элиң үчүн жалтанбай,
Түбөлүккө баатыр болдуң, Чолпонбай!
Каармандыгың калкың үчүн зор сыймык,
Кылым өтөт коё албайбыз мактанбай.
Толкуп жүрөк каным дүргүп денеме,
Таазим кылам сени тапкан энеге.
Тарыхында сендей кыраан уулу бар,
Таазим кылам улуу кыргыз элиме.
Эчен бала энесинен баш багып,
Эстен кеткис эрдигиңе шыктанып.
Эчен өмүр өтсө да ар бир муун,
Эстелигиң карап турар суктанып.
Бул ырды бүтүрүүчү класстын окуучусу аккардиондун коштоосунда аткарса, агай-эжейлер Улуу Жеңишке арналган ырларын көркөм айтышты.
Тогузунчу май келатат десе,
Тарых айтат: «Көз алдымда баары эсте,
Жеңиш күнүн тартуу кылган пендеге,
Таазим этип арнагым бар гүлдесте!»
Шаңдуу добуш салтанатты туюнткан,
«Жеңиш күнү» ырын далай мен уккам.
Эстеликтер бизге турат эскертип,
Элестетип согуш кейпин кан жуткан.
https://youtu.be/8vdT4LX_rLo
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер