ЭЛИҢ АМАН БОЛСУН, ЭЛАМАН!

  • 20.09.2022
  • 0

Баткен облусундагы чек арада тажик агрессорлору менен болгон куралдуу согуштан Ош шаарына эвакуацияланган баткендик Каныкей көз жарып, уулунун атын Эламан деп атады.

Кайгы менен кубаныч кошоктошуп бирге жүрөт демекчи, кечээ, Кыргызстанда тажиктер менен куралдуу согушта шейит кеткендерге улуттук траур жарыялаган күнү Баткендин тургуну Каныкей балканактай уул төрөдү. Каныкей Ош мамлекеттик университетине эвакуацияланып келгендердин катарында болчу.

Төртүнчү уулун жарыкка алып келип жаткан эне «Элим аман болсун!» деген тилекте, уулуна Эламан деген ысым ыйгаргандыгын билдирди.

Энелердин тилеги аруу, таза, ыйык! Ылайым жергебизде тынчтык орноп, уулун жоготкон эненин ыйы эмес, жарык дүйнөгө келген наристелердин ыңаалаган үнү гана угулуп турсун! Эламан бир туугандары Элчибек, Мухамед жана Элдардын катарында, согуш деген алааматтан алыс, балалыктын бактылуу ачык асманында ойноп-күлүп чоңойсун!

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер