ЭЛЕКТРОНДУК УНИВЕРСИТЕТ: АЧЫК-АЙКЫН ШАРТЫНДА ӨНҮГҮҮ

  • 02.12.2017
  • 0

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата 9-декабрда  республиканын бардык жогорку окуу жайларында иш-чаралар өткөрүлөт. Ош мамлекеттик университети бул күнгө карата тогуз видеоролик тартып, окуу жайдын програмисттери тарабынан даярдалган “Антиплагиат” программасы, “Kelbil” тиркемеси, “Бирдиктүү терезе” долбоору, он-лайн сурамжылоо, AVN маалымат системасы сыяктуу программаларды презентациялоого даярданууда. Бул маалыматтар 9-декабрдан баштап “Үмүт” телестудиясында, факультеттерде жайгашкан маалымат таратуучу сыналгыларда үзгүлтүксүз көрсөтүлө баштайт.  

ЭЛЕКТРОНДУК УНИВЕРСИТЕТ: АЧЫК-АЙКЫН ШАРТЫНДА ӨНҮГҮҮ

Негизи бул окуу жайда коррупциянын алдын алуу иши жыл бою үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Анын натыйжасында бир топ ийгиликтерге жетишип, коомчулук алдында өзүн ачык университет катары көрсөтүүгө жетише алды.

  • Биз бүгүн болбойт, колубуздан келбейт деп алакан жайып отура бербей, коррупциялык элементтерге, өнөкөттөргө жаңы ой, жаңы идея, жаңыча моделдерди каршы коюп, коомубузда тазалык, ачык-айкындуулук болушуна аракет кылып жатабыз, — дейт окуу жай жетекчилиги.

Университетте жасалган иштердин эң орчундуусу деп республикада биринчи болуп абитуриенттерди кабыл алууну ачык-айкын өткөрүп, оперативдүүлүктү жана айкындуулукту камсыз кылып, кабыл алуунун жүрүшүн он-лайн режиминде интернетке жайгаштыргандыгын айтсак болот. Андан кийин заманбап билим берүү үчүн бир топ адистиктерди көз карандысыз жана эл аралык аккредитациядан өткөрүп, сертификат алышты. Учурда электрондук университет, электрондук факультет, электрондук кафедра толук түзүлүп иштеп жатат. Мында факультеттердин, кафедралардын ар бир иши, ар бир кыймылы ректораттын  көзөмөлүндө болот. Окуу процесси дагы толук электрондук башкарууга өткөн. Анда студенттердин жетишүүсү, ийгилиги, кемчилиги, рейтинги ж.б. бардык көрсөткүчтөр ачык-айкын коомчулуктун көз алдына коюлган. Мындан ата-энелер балдарынын кандай окуп жаткандыгын, модулдарын, экзамен, зачетторун кандай тапшырып жаткандыгын ачык көрө алышат. Университеттин окуу корпустарына видеокөзөмөлдөр орнотулуп, кампустук карта системасы ишке киргизилген. Коопсуздук үчүн турникеттер коюлду. Окуу каана, коридорлор, лабораториялар, аудиториялар өтүлгөн сабак, окутуучунун иш-аракети, студенттердин сабакка катышуусу, жүрүм-туруму да коомчулуктун байкоосуна чыкты. Бул биринчиден, ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүп берсе, экинчиден, коомчулуктун ишенимин арттырууга чоң өбөлгө болуп берет. Ал тургай бул базага  контракттык төлөмдөр боюнча да маалымат киргизилген. Анткени студенттердин арасында үйүнөн контракт төлөйм деп акча алып кетип төлөбөй жүрө бергендери дагы бар. “Kelbil” тиркемесин болсо ар бир студент уюлдук телефонунан Play Marketтен жүктөп алып, сабактардын жүгүртмөсүнөн баштап, модулдары, окуу жайда болуп жаткан жаёылыктардан өйдө билип турушат. Учурда бул тиркемени он миёден ашуун студент жүктөдү.

Беш жылдан бери студенттердин билимин, эмгегин, даярдыгын туура баалоо үчүн 12 көз карандысыз тестирлөө борборун түзүштү. Сессия учурунда студент менен окутуучунун мамилеси болбой, студенттер даярдыгына жараша реалдуу баасын алышат.

  • Окутуучулардын эмгек акысын жогорулатуу да бул тенденцияны азайтууга өбөлгө түзөт. Биз ырааттуу жана системалуу түрдө эмгек акыларды жогорулатууну да колго алганбыз. 2012-жылдан бери окутуучу-профессордук курамдын кызматтык окладына жыл сайын 50% кошулуп жатат. Мындан сырткары декандын, декандын орун басары, кафедра башчылары, усулдук кеңештин мүчөлөрү, кураторлор үчүн өзүнчө сый акчалар каралган. Натыйжада ОшМУнун 100дөн ашык окутуучусу ипотекалык негизде турак жайга ээ болду. 20 окутуучу Ош-Жалал-Абад дирекциясы курган үйлөргө киришти. Буга университеттеги эмгек акынын салыштырмалуу жогору экендиги негиз болду, — дейт жетекчилик.

Учурда окутуучулар жана өтүлүп жаткан сабактар тууралуу студенттердин ой-пикирин билүү максатында он-лайн режиминде баарлашууну практикалап жатышат. Мындай саамалык студенттер үчүн пайдалуу. Себеби алар виртуалдык байланышта өзүнүн ой-пикирлерин эркин айта алышат. Ошондой эле былтыртан бери ар бир сессиянын алдында жана сессиядан кийин “Окутуучу студенттин көзү менен” деген аталыштагы көз карандысыз сурамжылоону дагы онлайн режиминде өткөрүп башташты. Ал анонимдүү болгондуктан, студенттер ар бир предмет боюнча окутуучуларга карата ачык оюн билдиришип, өз бааларын беришет. Бул сурамжылоонун жыйынтыгында атайын иш-аракеттер жүргүзүлүп, студенттерге жагымдуу маанай түзө албаган окутуучулар менен атайын иштер жүргүзүлөт. Ректор жылда ар бир сессиянын алдында окутуучулар менен өзүнчө, студенттер менен өзүнчө жолугушуп турат. Быйылкы жыл окуу жайда “Адамдык мамилелерди өркүндөтүү жылы” деп жарыяланган. Бул дагы коррупциянын алдын алууга багытталган.

 

 Университеттин бюджети Окумуштуулар кеңешинде ачык талкууланат

Окуу жайдын бюджети Окумуштуулар жана Камкорчулар кеңешинде ачык-айкын талкууланат. Анда бир жылда канча акча түшүп, анын канчасы каякка кетип жатканы тууралуу отчет берилет. Ал маалыматты ар бир окутуучуга, студентке жеткирүү үчүн университеттин “Нур” гезитине дагы жарыялашып, аны акысыз таркатышат. Жыл сайын үч миллион сомго жакын каражат ата-энеси жок, майып студенттерге, табият кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык жардам катарында берилет. Андан сырткары дарыланууга муктаж болгон, жакын тууганы кайтыш болгон, кырсыкка

кабылган окутуучу-кызматкерлерге да материалдык жардамдар берилип турат.

 

 

Акыркы үч жылда беш миллион доллардан ашуун инвестиция тартылды

Университеттин билим берүү инфраструктурасын түзүү менен билим сапатын жакшыртууга, студенттердин татыктуу тарбия алуусуна жетишүү үчүн ички бюджетти гана карап отура бербестен акыркы үч жылда 5 млн. доллардан ашуун инвестиция тартты. Анын натыйжасында акыркы үч жылда эле 10 жаңы окуу корпусу, бир жатакана, бир спорт комплекс, эки клиника пайдаланууга берилди.

 

“Бирдиктүү терезе” долбоору коррупциянын алдын алат

Коррупциялык иш-аракеттердин алдын алуу, бюрократияга жол бербөө максатында университетте “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке ашырылган.   Бул “Бирдиктүү терезе” долбоору бүтүрүүчүлөрдүн диплом  алуу процессин жеңилдетип, убактысын үнөмдөйт. Анткени буга чейин диплом алууга өлкөнүн булуң-бурчунан  келген бүтүрүүчүлөр 10 пунктту камтыган айланма баракчаны толтуруу менен биринчиден, убактысынан уттуруп, экинчиден, бюрократиялык мамилелерге тушуккан учурлары болуп келген.  “Бирдиктүү терезе” долбоору бул көйгөйлөрдүн алдын-алып, учурда бүтүрүүчү карызы жок деген маалымат кагазын алып эле дипломун тез арада алып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бүтүрүүчүнүн карыз же, карыз эместиги AVN маалыматтык системасынан жана 1С программасынан текшерилет. Келечекте бул долбоор аркылуу дагы бир нече документтерди берүү үчүн атайын база  адистер тарабынан даярдалууда.

Окуу жай жетекчилигинин айтымында, ЖОЖдордун шаштысын алып, коррупцияга түрткөн дагы бир жагдай бар. Бул түрдүү текшерүү органдарынын, комиссиялардын тез-тез келип турушу. Бирок ОшМУ мындай  негизсиз текшерүүлөргө чечкиндүү каршы туруп, өз укугун тебелетпөөгө аракет кылып келет. Албетте, бул окуу жайдын тазалыгынан жана ачыктыгынан кабар берет.

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер