ЭЛДИН ҮНҮ УГУЛУП, ҮМҮТҮ ЖАНДЫ
- 21.12.2023
- 0
Эл менен бийликтин ортосунда ой бөлүшүү аянтчасына айланып калган экинчи Элдик курултай Бишкекте 15-16-декабрда жогорку уюшкандыкта өттү. Өлкө башчысы Садыр Жапаров курултайдын ишине эки күн толук катышып, жыйындын соңунда бардык коюлган суроолорго ынанымдуу жоопторду берди.
Сүйүнбек Касмамбетов,
Мамлекеттик катчы, Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы:
Ошентип, ушул жылдын 15-16-декабрында мыйзамдуу шайланып келген, курамы 700 делегаттан турган Элдик курултайдын бетачар жыйыны өттү. Анткени 2023-жылдын 24-июнунан тартып “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Ошондон улам, КР Президенти Садыр Жапаровдун «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгы жарыяланган эле. Мына эми, биз конституциялык мыйзам менен бекитилген, өлкөнүн бүткүл аймагынан түз шайланып келген Элдик курултай өз ишин аяктады. Ошондон улам, дагы бир ирет бир жылдык мөөнөткө шайланган жалпы элдик жыйындын түпкү маани-маңызына азыноолак токтоло кетсек…
Биз бул жолу ата-бабаларыбыздын көптөгөн кылымдар бою калыптанган жана уңгулуу улуттук наркыбыздын, нукура элдик салтыбыздын, көөнө руханий баалуулуктарыбыздын башкы жана ишенмдүү таянычына айланган Элдик курултайдын дагы бир ири иш-чарасынын күбөсү болдук.
Мамлекет өзүнө алган, тагыраак айтканда, жамы журттун ишеними аркылуу өзүнө тагылган милдетти өз элинин биргелешкен аракети, жалпы колдоосу аркылуу жүзөгө ашырат. «Кеңешип кескен бармак оорубайт» деген ушул. Кантсе да, Элдик курултайдын – жалпы элдик өкүлчүлүктүү органдын чечими азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эрки болуп саналат. Андай элдик чечим аткарылбай калбаган. Аны жармакташ элдик башкаруу таризи катары карасак болот.
Буюрса, бийлик башында элдин үнүн уккан, калктын камын көргөн, жаштарыбыздын келечегине багыт бере турган адамдар турат. Бир сөз менен айтканда, эл баштаган да, жол баштаган да, кол баштаган да жетекчилерибиз бар. Биз эми аларды жамы кыргыз журтунун келечеги үчүн каруусун казык, акылын азык кылып, кара жанын карч урган, карапайым калктын калың катмарынын үнүн жеткирип, өз элинин мүдөөсүн аткара турган чыныгы эл өкүлдөрүнөн болот деген чоң ишенимде турабыз.
Биз буга чейин чачкын жана чаржайыт болуп келген улуттук баалуулуктарыбызды ордуна коюу аракетин жасап жатабыз. Башкы максат – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акыл-эси тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү.
Улуттук наркты урматтоо, элдик салтты сыйлоо, ата-баба каадасын кармануу – өчкөн күлгө табынуу эмес, артыбызда келаткан жаңы муунга демөөр байлап, алардын колуна жалбырттаган от берүү! Эми, бул өткөндөн сабак ал, бир жыйынтыкка кел, өз элиңдин келечегине ишенимдүү кара деген кеп. Демек, бул улуттук нарк-насилдин таасири эң жогорку деңгээлге чейин көтөрүлгөнүн көрсөтүп турат.
Кыргыздын руханий баалуулуктары, анын түпкү идеялар жана эрежелер тутуму, азыркы тил менен айтканда, улуттук идеологиясы – Элдик кодекс аркылуу бекитилген. Кылымдар кыйырын кырча басып, муундан-муунга мурасталып келаткан асыл нарктар, каада-салттар элибиздин күндөлүк жашоо-турмушунун байтүп тамырына, дүйнө тааным түркүгүнө, таалим-тарбия таянычына айланган. Ал бизди өтө татаал жана кыйла катаал тарых жайыгынан улут катары жоголуп кетүү тобокелдигинен сактаган.
Мен Элдик курултайдын делегаттарын көп жылдардан бери акыйкаттык жолунда адилеттик издеген, карапайым калкыбыздын калың катмарынын илгери үмүтүнө, изги тилегине чапчак түштө шам чырагын кармаган эл өкүлдөрү деп билем. Алардын ар бири элибиздин эс тутумунда кала турган омоктуу иш жасап кетүү тилеги менен шайланып келди.
Ата-бабалардын илгертен келаткан салт-санаасына, улуттук нарк-насилине ылайык, курултай сындуу ири жыйындарда жалпы элдик деңгээлдеги орчундуу жана олуттуу маселелер чечилгенин жакшы билебиз.
Маселен, XII кылымдагы жунгар жапырыгынын өтө опурталдуу учурунда Кетмен-Төбөдө казак-кыргыз элдеринин биргелешкен курултайы чакырылып, Жунгар хандыгынын баскынчылык саясатына каршы туруу, түпкүлүктүү жерлерди бошотуу чечими кабыл алынган. Бирдиктүү кыргыз-казак колуна насили кыргыз, эрдиги менен эл оозуна тегиз алынган Эр Эшим жетекчилик кылат. Натыйжада, душмандар тыягы Тибет тоолоруна чейин, быягы Эдил (Волга) дарыясына дейре сүрүп салынган.
Дагы бир мисал: 1842-жылы журт жакшыларынын демилгеси менен Көл боюнда өткөн курултайга кыргыздын оң-солунун аттуу-баштуулары түгөл чогулуп, алтургай коңшу элдердин өкүлдөрү кошо чакырылып, жалпы журттун башын кошуу, коколоп турган Кокон хандыгы менен Букар эмирлигинин, капталдан чыккан Цин империясынын кысымына биргелешип туруштук берүү, мындан ары ашкере чыгымдар менен негизсиз салыктарды төлөбөө маселелери чечилген.
Андан тышкары, ата-баба наркына ылайык, кан каадасы катары “ай-туякка” акбоз бээ чалынып, жогорку бийлик белгиси катары кызыл бөрк суусар тебетей кийгизилип, Ормон манап хан көтөрүлгөн. Ал бытыранды журттун башын кошуу менен, чет элдик баскынчылардын катыгын берип, “Ормон-опуза” деген жалгооч ат менен тарыхта калды. Ормон хан 1854-жылга чейин бийлик кылган.
Биз жаңы доордо, жаңы шартта жашап жатабыз. Заман өзгөрүүдө, заманага жараша элибиз дагы өз турмушун өзгөртүү аракетинде келет. Ал көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен бирге, жаңы милдеттерди, жаңы талаптарды коюп жаткан чак. Көйгөйлөр көп. Эми, журт көйгөйүн эл өкүлдөрүнөн артык эч ким деле биле албас да туялбас. Алардан башкы артыкчылыгыңар дал ушунда турат.
Маселенин туура коюлганы – анын жарым-жартылай чечилгени. Элдик курултайдын күн тартибине өтө маанилүү маселелер коюлду. Ал келечегинде коомдогу зор күчкө айланары бышык. Анын күчү – элдин ишениминде! Делегаттар калкыбыздан иргелип, тандалып, шайланып келди. Ар биринин артында чоң жоопкерчилик, изги тилек турат.
Албетте, мындай ири жыйындарда кайчы пикирлер, талаш-тартыштар болбой койбойт. “Талаштан тактык жаралат” эмеспи, ага анчалык таң калуунун кажети жок, курултайдын ички табияты ошондой. Заман өзгөрүп жатат, заманага жараша элибиз да өз турмушун өзгөрткүсү келет.
“Беш манжа бөлөк – билек бир, беш адам бөлөк – тилек бир” дейт, анысы кандай, биздин билегибиз дагы, тилегибиз дагы бир. Элибиздин изги тилегине, илгери үмүтүнө тирек болуп берет деген ишенимде турабыз. Бар болуңуздар – бир бололу!
Белгилей кетсек, “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам жоболоруна ылайык, анын курамына Кыргызстандын бардык аймактарынан 640 делегат, этникалык топтордон 30 өкүл, эмгек мигранттарынан 30 өкүл бир жылдык мөөнөткө шайланып келишти. Элдик курултайдын курамына атаандаштык жол менен иргелип чыккан, жергиликтүү көйгөйлөрдү жакындан жатык билген калкыбыздын бардык социалдык катмарынын өкүлдөрү камтылды десек болот.
Эл менен бийликтин ортосунда ой бөлүшүү аянтчасына айланып калган экинчи Элдик курултай Бишкекте 15-16-декабрда жогорку уюшкандыкта өттү. Өлкө башчысы Садыр Жапаров курултайдын ишине эки күн толук катышып, жыйындын соңунда бардык коюлган суроолорго ынанымдуу жоопторду берди.
Курултайдагы президенттин өрнөгү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда таасирдүү сөз сүйлөдү. Өлкө башчысы алгач Баш мыйзамда белгиленген мыйзамга ылайык өз ишин баштап отурган экинчи Элдик курултайдын катышуучуларын кызуу куттуктады.
– Бүгүнкү жыйынга калк арасынан атаандаштык жолу менен элдин эң мыкты өкүлдөрү шайланып келип отурат. Өз өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошоюн деп чет өлкөдөн келген мекендештерибизге да ыраазычылык билдирем. Сиздер элдин үнүн угабыз, ойлорун бийликке жеткиребиз деп келдиңер! — деди Президент катышуучуларга кайрылып.
Андан аркы сөзүндө мамлекет башчысы өткөн жылы ноябрда болуп өткөн биринчи Элдик курултайдын тарыхый ордуна кайрылды.
– Өткөн курултайда делегаттардан 3182 суроо-талап түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү аткарылды. Аткарылбай калгандарын тактап, иликтеп, тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна коёбуз, — деп айтты.
Президенттин сөзүнө караганда, учурда Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомго жетти.
– Бул экономикалык саясатыбыз туура жолдо экенинен кабар берет. Тышкы карыздар да төлөнүүдө. Алдыдагы он жылда жакырчылыкты 90 пайызга жоюп калабыз. Экономикада бир топ жылыштар бар. Азык-түлүктүн беш түрү менен өзүбүздү камсыз кылууга жетиштик, — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Президент андан аркы сөзүндө чек ара маселесине токтолду.
– Чек ара боюнча чейрек кылымдан бери топтолгон маселелер чечилди. Өзбекстан менен чек ара толук такталды. Тажикстан менен чек ара дагы да такталууда, — деди ал.
Курултайда Садыр Жапаров өлкөбүздүн тамыры, келечеги болгон мамлекеттик тил маселесине кайрылды.
– Өз тилибизди сактап калуу — ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир жаңы төрөлгөн баланын тили эне тилинде чыгуусу керек. Өз тилибизде сүйлөп, өз тилибизде жаратман иштерди жасайлы, — деп айтты мамлекет жетекчиси.
Эскерте кетсек, быйыл Жогорку Кеңеш мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жаңы мыйзамды кабыл алып, анда Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди билүүсү зарыл экени белгиленген. Садыр Жапаров курултайда жалаң мамлекеттик тилде сүйлөп, башкаларга табылгыс өрнөк болду. Кыргыз тилинде деле сүйлөп, маселе чечсе болоруна ынанып, миң эсе кубанып отурдук. Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, чыгып сүйлөгөн башка ондогон делегаттар мамлекет башчысынын өрнөктүү жолун татыктуу улантып, мамлекеттик тилдин бекемделишине зор салым кошконун белгилей кетейин.
Мугалим делегаттар
Экинчи Элдик курултайга шайланган 700 делегаттын арасында билим берүү жана маданият тармагынан 154 делегат катышты. Мугалим делегаттардын айрымдары менен жолугуп, пикир бөлүшө алдык. «Даңк» медалынын ээси Бүзирна Адилова Алай районундагы Бүлөлү айыл аймагынан курултайга делегат болуп шайланган. Ардагер агартуучу 18 жыл мектеп директору, 10 жыл айыл өкмөтү, бир жыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштегенин айтып отурду.
– Делегат катары бир топ маселелерди, анын ичинде Бүлөлү айыл аймагына караштуу №37 Абдиламит Арзиев атындагы орто мектепте спортзалдын курулушу боюнча маселени ортого салайын деп келдим. Өткөн жылкы курултайда да айткам. Бул жолу да айтам. Анткени Арзиев мектебинде окуучулар 2700 метр бийиктикте, ак кар, көк музда, дене тарбия сабагын сыртта өтүшөт, — деди курултайдын делегаты Бүзирна Адилова.
Айылдык агартуучу Акылбекова Сайнал курултайга Чүй районундагы Он-Бир-Жылга айыл өкмөтүнөн делегат болуп көрсөтүлгөн. Делегат өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун «Мугалимдерди аттестациядан өткөрүп эле тим болбостон, өздөрүнөн экзамен алыш керек» деген пикирин укканда кубанганын айтат.
– Ушуну ким айтаар экен деп жүргөм. Акылбек Жапаров айтканда, угуп кубангам. Анан эле унутулуп калды. Мугалим, албетте, баарынан мурда билимдүү болушу керек. Ансыз анын ишинин натыйжасы жакшы болбойт. Мектепте 9-10-класстардын окуучуларынан 100 сөз катышкан диктант алып жүрөбүз. Өткөндө мугалимдерден 90 сөз катышкан диктант алсак, арасында 22 ката кетиргендери болду. Алар азыр деле сабак берип жүрүшөт, — дейт делегат.
Кадамжай районундагы Н.Ирисов мектебинен жаш педагог Орозбаев Азизбек курултайга биринчи жолу катышып жатат. Ал чыгып сүйлөөгө жазылбаганы менен бул жердеги Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө бир топ көйгөйлөрдү кат жүзүндө жазып бериптир.
– Окуучулардын сабак учурунда телефон менен алек болушу окуу-тарбия процессин натыйжалуу жүргүзүүгө тоскоол болууда. Телефонун алып койсоң, эртеси дал ушул эле көрүнүш кайталанат. Ушул маселени чет өлкөдөгүдөй ата-эне көзөмөлүн күчөтүү аркылуу чечүү керек деп ойлойм. Өзүмдүн сунушумду министрликке бердим, — деди элет мектебинде дене тарбия мугалими болуп эмгектенген Азизбек Орозбаев.
Ош облусунун Алай районундагы №50 Көлдүк башталгыч мектебинин математика мугалими
Темишов Сүйөрбек айылдыктардын өтүнүчү боюнча Көлдүк, Чий-Талаа айылдарындагы таза суу түтүкчөлөрүн ремонттон өткөрүү, Таргалак-Аскалы айылдарынын автожолуна асфальт төшөө, жаштарга үй салуу үчүн жер бөлүп берүү маселелерин бийлик башчыларына жеткирем деген ниетте келгенин айтты.
Агартуу тармагынын бир топ өкүлдөрү Элдик курултайда сөз алып сүйлөдү. Чүй облусунан Ахунова Гүлнур Токмок шаарында бир да жаңы мектеп курулбаганын, ошонун айынан класстарга окуучулар толуп кеткенин, бул өз кезегинде окуучулардын билим сапатына терс таасир этип жатканын белгилесе, Нарын облусунан курултайдын делегаты Байгазиева
Назира тартипсиз окуучулардан, тарбиясыз ата-энелерден мугалимдерди коргоо боюнча атайын мыйзам зарыл экенине токтолду. Нарындык делегат мектептерде «Кыргыз наркы» предметин окутууну да сунуштады. Ал эми Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красное-Речка айылынын тургуну Байрамкулова Динар айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга 11 бала бакча салуу зарылдыгы бардыгын көрсөттү. Токтогул районунун өкүлү Бегматова Гүлзинат мугалимдик кесипке ЖРТдан эң жогорку балл алгандар келсе деген тилегин билдирсе, Чүй облусунан Далбаев Бекташ окуучулардын мекенчилдик сезимин курчуткан география предметине зарыл карталарды Орусиядан эмес, өз мекенибизде кыргыз тилинде басып чыгарууга чакырды. Аламүдүн районунун тургуну Джолдубаев Шайдулла Президенттин мектептерде акча жыйноого тыюу салган мыйзамы убагында чыкканга карабай, азыр деле ар кандай шылтоолорду бетке кармап, байкоочу кеңештерге шылтап, айрым мектептерде акча жыйноо дагы деле улантылып жатканына нааразы болду. Ал мектептерде техникалык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу боюнча да өзүнүн сунушун айтты.
Курултайдын биринчи күнү эле Билим берүү жана илим министрлигинин дарегине 190дон ашуун кат жүзүндөгү кайрылуулар түшкөн.
– Биринчи күндү жыйынтыктап жатабыз. 117 киши кайрылды. 190 ашуун кат жүзүндөгү кайрылуулар түштү. Делегаттар билим берүү мекемелеринин, бала бакчалардын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын жетишсиздигин айтып жатышат. Андан сырткары, билим берүүнүн мазмуну боюнча мисалы, Адеп сабагын киргизсек деген сунуштар болду. Мектепте телефонду колдонууга тыюу салуу боюнча да сунуштар түшүүдө, — дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу.
Расул Авазбек уулунун айтуусунда, сунуштарды кабыл алуу эки күн бою үзгүлтүксүз жүрүп, мыйзамга ылайык 14 жумуш күндүн ичинде суроолорго жооп берилет.
Өлкө башчысын түйшөлткөн үч көйгөй
Чынын айтсам, мугалимдердин укугун коргоо, мектепте акча жыйноого тыюу салуу, окуучулардын класстык бөлмөнү жууп-тазалоого катышуусу сыяктуу мектеп көйгөйлөрү бүгүн эле козголуп калган жок. Алар көп жылдан бери, эчен-эчен бийик трибуналардан айтылып келүүдө. Жаңылбасам, бир жолку конфликттен соң, коомчулуктун талабы менен Жогорку Кеңеш мугалимге карата орой мамиле жасаган ата-энелерге карата штраф салуу боюнча атайын чечим кабыл алган. Ал канчалык мугалим окуучу мамилелерин жөнгө салды, аны билбейт экем, бирок бул жолу да бир топ делегаттар тарабынан бул маселе Президенттин кароосуна коюлду. Курултайдын ишин жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров ар бир көйгөйгө карата өз оюн ачык айтты. Эми ошону ким канчалык туура түшүндү, бул башка маселе.
– Президенттин «Бизди деле мугалимдер опузалап коюшчу. Тентек экенибизди ата-энебиз билип, унчугушчу эмес» дегени, азыркы окуучуларды уруп-согуп, коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алып, билим берсе боло берет дегенди түшүндүрбөйт. Президент ошол кездеги ата-энелердин сабырдуулугун, көтөрүмдүүлүгүн, акылгөйлүгүн айткысы келди го деп ойлойм. Азыр көбү болбосо да, арасында өз баласынын кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, өзүнүн оюн, чечимин туура деп эсептеп алгандар жок эмес, — дейт экинчи курултайдын делегаты, Алай районундагы Сатар Карыев атындагы орто мектебинин алдыңкы мугалими, айылдык кеңештин төрагасы Сыдык Мамыров.
Алайлык делегаттын пикирине гумандуу педагогиканын алтын эрежелерин кошуп кетейин деп чечтим. Гумандуу педагогика окуучуга кол көтөрүүгө, анын инсандыгын басмырлоого, окуучунун билбегенин мазактоого, шылдыңдоого, уруп-согууга жол бербейт. Тескерисинче, гумандуу педагогика баланы ал кандай болсо, ошондой кабыл алууга, баланын инсандыгын урматтоого, балага адамгерчиликтүү мамиле жасоого, анын оңолушуна, өзгөрүшүнө, келечегине ишеним менен кароого чакырат.
Мектепте мыйзамсыз акча жыйноо маселесине да курултайда айкын жооптор берилди. Президент көпчүлүк үй-бүлөлөрдөн үч-төрт окуучу мектепке барарын, анан ошол акча жыйноо ушундай көп балалуу үй-бүлөлөрдүн каржылык абалына сокку болуп жатканын, төлөй албаган окуучуларды ыңгайсыз абалда калтырганын жана ушундай жаман көрүнүш коомдо болбошу үчүн өкмөт мектепке зарыл акча каражатын таап бергенин, бул боюнча атайын Жарлык чыкканын эскертип өттү.
– Мектепте акча жыйноого тыюу салуу боюнча Жарлыкка кол койгом. Мыйзамды бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт, — деди Президент.
Бир делегаттын «Мектепте техникалык кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүп бериңиздер. Акча аздыгынан эч ким келип иштебейт экен. Айрым мектептерде көчөдөн селсаяктарды алып келип, класстардын полун жуудуруп жатышыптыр» дегенине, Президент дагы деле өз тажрыйбасына кайрылып, «Биз деле сабактан кийин бир кыз бир бала калып, өз классыбызды тазалап койчубуз. Өнүккөн Япониянын мектептеринде деле ушинтип тазалап алышат» деп жооп берди.
Буга мисалды алыстан издеп убара болбоюн. Менин деле бир уул, бир кызым шаардагы №102 орто мектепте билим алышат. Эч кандай элиталык эмес, жөнөкөй эле мектеп. Бирок Президент айткандай, балдарым сабактан кийин айына бир жолу калып, классын жууп-тазалап келишет. Мындан биз, ата-энелер, бир жаман нерсе көрө алган жокпуз. Өздөрү да бул ишине бир да жолу нааразы болушкан жок.
Делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Президент өлкөнүн казынасына налогдук төлөмдөр ойдогудай түшүп турса, мугалимдердин жана доктурлардын айлык маяналарын мындан ары да жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бардыгын түшүндүрүп кетти.
Мамлекет башчысы экинчи Элдик курултай карапайым элдин үнүн бийликке жеткирген эң мыкты аянтча болгонун баса белгилеп, тоолуу өлкөбүздүн туш тарабынан келген делегаттарга үзүрлүү эмгеги үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.
— Өткөн жылы чыгып сүйлөгөн делегаттардын дээрлик бардыгы мектеп, бала бакча жоктугун, жолдун начардыгын айтып жатышты эле, быйылкы курултайда бул маселелерди көтөргөн делегаттар аз болду. Экинчи курултайда көпчүлүктү түйшөлткөн маселе – таза суу, сугат суу көйгөйү. Аны да буюрса алдыңкы жылдарда чечебиз, — деди Президент.
Кадамжай шаарынан делегат Малик Мырзамамыт экинчи курултайды жогорку деңгээлде өттү деп эсептейт.
— Биздин Президентке ыраазычылыгымды билдирем! Курултай мыкты уюштурулду. Мындайды көрө элек элем. Министрлерден бери мында чакырып, көйгөйлөрдү жеринде айтып жеткирүүгө шарт түзүлдү. Делегаттарга чыгып сүйлөп, өз оюн айтууга жакшы мүмкүнчүлүк берилди, — дейт делегат.
Делегаттар тарабынан коюлган суроо-талаптарга министрликтин жообу
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жалпы билим берүү уюмдарына тиричилик буюмдарын сатып алууга кошумча 55,3 миллион сом бөлүнүп, 2023-жылдын 30-октябрында мектептерге жөнөтүлдү, 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан билим берүү уюмдарына (Бишкек шаарынан башка) мектептердин муктаждыктары үчүн күнүмдүк оңдоо иштерине жана тиричилик буюмдарын сатып алууга 337,3 млн сом “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын долбоорунда каралды.
- Аттестацияга мугалимдер төлөбөйт, республикалык бюджеттен акча каражат каралат.
- Мугалимдердин сапатын баалоо системасы түзүлөт. Министрлер Кабинетинин чечими бар, мыйзамда көрсөтүлгөн. Кесиптик билим компетенттүүлүгүн аныктоо эки багытта жүргүзүлөт; өзү окуткан окуучулардын билим жетишкендиктерин аныктоо жана балдардын билим көрсөткүчүнө жараша акы төлөө. Мугалимдердин кесиптик деңгээлин аныктаган тестирлөө системасын киргизүү, муктаждыктарын аныктоо жана окутуу. Педагогикалык стандарттарды кайра карап чыгуу, мыкты мугалимдердин системага келишин колдоо. Улуттук кадр резервин түзүү. Педагогикалык окуу жайга санариптик диктанттарды киргизүү. Туташ ноубтуктар менен камсыз кылуу жана инновациялык борбор аркылуу окуу-методикалык иштелмелерди иштеп чыгуу жана санарип технологияларды киргизүү.
P.S. Курултайдын экинчи күнү, 16-ноябрда, жыйындын резолюциясы кабыл алынып, экинчи Элдик курултай өз ишин аяктады.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер