Элдик дарыгер Чолпон ОТОНБАЕВА: “БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУ БААРЫНАН КЫМБАТ”

  • 28.12.2023
  • 0

Элдик дарыгер Чолпон ОТОНБАЕВА: “БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУ  БААРЫНАН КЫМБАТ”

Аяздуу аппак кыштагы суук сасык тумоонун сан түрүн кошо ала келет эмеспи. Кышында айрыкча кичинекей бөбөктөр кызык көрүп кар, муз жеп, тамагын оорутуп тумоолоп калышат. Мына ошондой күтүүсүз кырдаалдардан ата-энелер кандай жолдор менен чыга алат? Кичинекей бөбөктөр эле эмес, улуулар да сасык тумоодон кантип сактанса болот жана кокус сыркоолоп калса, ар дайым эле салттуу медицинага кайрылып, ийне сайдырып, дары ичүү зарылбы? Биздин рубрикабыздын кезектеги мейманы — элдик медицинанын өкүлү Чолпон Отонбаева. Ал балдардын ден соолугуна байланыштуу кеп-кеңештери менен бөлүшөт.

Ата-бабаларыбыз эбактан бери кандай дарт болсо да элдик табыпчылык менен жеңип келген. Алар дары чөптөрдү качан, кантип чогултуу керектигин, кайсы дартка ичүүгө болоорун анык билишкени кызык. Аба ырайын алдын ала аныктап, ошого жараша мал жайып, ошого жараша жер айдап, эгин эккендери да маалым. Азыр деле курамында химиялык кошулмалар көп дарылардан көрө, пайдалуу дары чөптөрдү ичүү керектигин ата-энелер жакшы билип калышты.

Элдик медицина демекчи, дары чөптөр менен дарылаган табыпчылык, сынган, чыккан жерлерин ордуна келтирген сыныкчы, бейтаптарга дем салып айыктырган, кичинекей балдардын “жүрөгүн көтөргөн” өзгөчө адамдар тээ эбактан бери эле бар болгонун жана болуп келатканын эч ким тана албайт.

Адамзаттын жан дүйнөсүн аңтарып алаканга салган заманбап технологиялар канчалык өнүксө да, адам пендесинин ачыла элек сырлары али көп. Чейрек кылымдан ашык Россияда жашап иштеп, адамдарды элдик медицина менен дарылап келген Чолпон Отонбаеваны ошондой башкалардан айырмалаган өзгөчө адам деп билгендер арбын. Ал бейтаптардын дартын тамыр кармап аныктайт. Балким, ошо бала кезинен башкалардын ички дүйнөсүн, айрыкча, жанын кейитип ооруп турган жерин туюп, көрө билүү сезими кийин чоңоюп эс тартканда, дарыгерлик кесипти тандоосуна түрткү берсе керек.

Чолпон Алымсеитовна – кесиби боюнча гинеколог. Ага негизинен көп жыл перзент үнүнө зар болгон айымдар келип дарыланат. Нечен жылдап аягы суюлбаган элди көрүп, ишеним артып келгендер дартына дабаа тапканына ынанасың. Биз азыр гана элдик дарыгерлер деп атап, аларга ишенип, урмат-сый көрсөтүп калдык. Мурдагы заманда “өзгөчө касиеттүү” адамдарга ишенмек тургай, аларды кодулап, “жин-шайтан аралаган” деп да жүрбөдүкпү. Бирок ушул жерде бир тактап кое турган анык чындык бар. Элдик табыптарды бүбү-бакшы, чала сабат молдокелерден түп-тамырынан айырмалай билүүбүз парз. Анткени андай өзүн-өзү “көзү ачык, касиеттүү” атагандар үчүн бул акча табуунун гана булагы, алар жаны кейип карайлап тургандардын ишенимине кирип, пайда табууну гана көздөшөт. Биз ушул элдик медицина менен бүбү-бакшыларды айырмалай билүүгө тийишпиз.

Балдарды өз убагында эмдетүү керек

Элдик дарыгер Чолпон Отонбаеванын бейтаптарды кабыл алган кеңсесинде адаттагыдай эле адам көп. Бөлмөдөгү ар түрдүү түстөгү дары куюлган кичинекей бөтөлкөлөр, төрдө жүк ордуна тиреле жыйылган шейшептер – ага ишенип келген бейтаптардын канча экендигинин айкын далили. Ооба, ишеним деген зор нерсе тура, көрсө. Врачтар да ишеним менен суу ичирип айыктырууга болорун жокко чыгарбайт.

– Мага келген бейтаптардын жаш курагы да, оорулары да ар түрдүү. Мени айрыкча кийинки кездерде жаш балдардын арасында кездешкен оорулардын көбөйүп баратканы катуу түйшөлтөт. Себептерин сурай келсең, балдарын эмдөөгө алып барбаган болот. Балдарды эмдөөдөн калтыруу – бул таптакыр туура эмес түшүнүк деп ойлойм. Ымыркайды сөзсүз түрдө тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп туруу керек. 2020-жылдагы таажы вирусу ошол учурда жарык дүйнөгө келген наристелердин ден соолугуна көп залака тийгизгени байкалат.

Мен бул жерде адамдардын диний ишенимине, динге көз карашына шек келтирип, бөлүп-жаргым келбейт, бирок бала баарына бирдей, бардык ата-эне балдарынын дени сак болушун каалайт жана ал үчүн кам көрөт. Андыктан, бала ооруп калганда эле жан далбастап чуркабай, ошол ооруларды алдын ала билишибиз керек. Мен айрыкча жаш ата-энелерге айтаар кеңешим – эч убакта балдарыңардын ден соолугуна кайдигер карабагыла, себеби улуу муундагы адамдарга караганда силер заманбап технологияларды тезирээк өздөштүрүп, керектүү маалыматтарды ар түрдүү булактардан окуп биле аласыңар. Адамдын биринчи байлыгы – анын ден соолугу. Өз дениңдин сак болушу, акыл-эстүү, ден соолугу бекем баланы жаратуу өзүңөрдүн гана колуңарда, — дейт тажрыйбалуу элдик дарыгер Чолпон Отонбаева.

Медициналык билими бар дарыгердин башка табыптардан бир артыкчылыгы – илдеттердин атын айтып биле алат. Чолпон айым өзүнүн дарылоо ыкмасында расмий медициналык дарылоону да четке какпайт. Чынында эле эгерде чөп дары менен рак илдетин айыктырса, анда элдин баары эбак айыгып кетпейт беле деген ал, онкология менен ооругандарды химиялык дарылануудан баш тартпоосун сунуштайт.

– Кийинки учурда кичинекей балдарда ЗПР – психикалык өнүгүүсү кечеңдөөсү, аутизм, ДЦП – балдардын церебралдык шал оорусу жылдан-жылга көбүрөөк кездешип жатат. Тагыраак айтканда, балдар кечирээк сүйлөп, мурда кездешпеген, медицинага бейтааныш оорулар менен жабыркап жатат. Ушулардын баары энеси кош бойлуу кезинде туура эмес витаминдерди, биокошулмаларды ичкенден улам болот. Мисалы, учурда кызамык жүрүп жатат, балдардын өпкөсү фиброз болуп калууда, ал негизинен өпкөгө өтө катуу суук тийгенден калган калдыгы болуп эсептелет. Андан тышкары, БЦЖны, остеомиелитке каршы эмдөөлөрдү сайдырбай, анын кесепетинен балдары жакшы баспай жатат.

Тилекке жараша, менин дарылоо курсумдун натыйжасында көп сүйлөй албаган балдар сүйлөп, баса албаган балдар басып кетүүдө. Менин жеке практикамдан кездешкен бир мисалды айта кетейин, бир бала сегиз жашка чейин такыр сүйлөбөптүр, врачтар аны такыр сүйлөбөйт деген экен. Азыр кыска-кыска сөздөрдү айтып сүйлөп калды, мен аны менен толук бир жыл иштедим, азыр окуп жүрөт, — дейт Чолпон Алымсеитовна.

Айтмакчы, Чолпон Отонбаева Россиянын Тюмень облусунун Пуров районундагы Пурпе кыштагында 25 жыл жашап, иштеп келген. Ал жактагы калктын бизден бир жакшы жери -оорунун кичине эле бир белгиси башталса келип дарылана баштайт, а бизде болсо оору өөрчүп-өнүгүп кеткенден кийин келишет да, кичине жакшы болуп келатканда эле келбей коюшат. Ал жактагы жана биердеги ишинин натыйжасы, тагыраак айтканда, айыктырган бейтаптарынын билдирген ыраазычылыгын окуп олтуруп, ырасында эле өзгөчө касиеттүү адам экендигине ынангандай болосуң. Айрыкча, жубайлар Михаил жана Ританын 2015-жылы жазган пикирин окуганда, бир башкача сезимге чулганасың. Алар уулу Савелийди, кызы Полинаны айыктырганы үчүн ага “кудайдын кудурети даарыган айым” деп баа беришкен. Мындай мисалдар эки калың дептердин бети толтура. Ар бири өзүн же балдарын дарылап, бутуна тургузгандыгы үчүн эки дүйнө ыраазы экендигин белгилешет.

Чолпон айымдын бейтаптарды дарылоого, чөп дары жасоого тиешелүү расмий уруксаты бар, мыйзам чегинде бардык талаптарды аткарып, мамлекетке патент төлөп турат. Эгерде ага адамдар ишенип келип, айыгып кетип атса, эмне үчүн колуңдан келген жардамды бербөөгө болбосун?! Салттуу медицинабы, элдик табыпчылыкпы, айтор, кайсы тарап болсо да, адамдын эң биринчи байлыгы – ден соолугу үчүн кам көргөндөрдүн эскертүүлөрүн эске алып, эң оболу өзүбүз өз саламаттыгыбызды сактайлы.

Чолпон Отонбаевага төмөнкү номер аркылуу байланышса болот
тел.: (0508) 559-559
(администратор Отонбаева Анара).

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер