ЭЛ ЖОМОКТОРУН  ЖАНДАНТКАН  МУГАЛИМ

  • 11.12.2023
  • 0

“Маариф”  билим берүү комплексинин сүрөт мугалими Жыргалбек Асанов окуучулары менен унутта калган эл жомокторунун сюжетине ылайык сүрөттөрдү тартышкан.  Жакында Түркиянын “Маариф” фонду уюштурган өткөн III Стамбул билим берүү саммитинде “Кыргыз эл жомоктору” китебинин бет ачаары болуп, сүрөтчүлөр  мактоо баракчасы менен сыйланды.

ЭЛ ЖОМОКТОРУН  ЖАНДАНТКАН  МУГАЛИМ

Мугалим Жыргалбек Асановдун айтымында, алардын максаты — азыркы ааламдашуу заманында балдарга тарбиясы зор болгон жомокторду окутуу. Анткени балдар кыргыз эл жомокторун окумак турсун, билбейт.

— Ошол унутулуп бара жаткан жомокторду окуучулар сюжетин окуп, маанисин түшүнүп, сүрөтүн өздөрү тартса, албетте, алар маданиятыбызды жандантат деген ойдо китеп чыгарууга кириштик эле. Көркөм сүрөт  сабагы  чыгармачылык  предмет, күнүмдүк жашоодо болуп жаткан кыймыл-аракеттерди  чыгармачылык  аркылуу  чагылдыруу сабагы.  Бул идеянын келип чыгышына токтолсок,  биз балдарды сүрөт сабагына кызыктыруу максатында жана сүрөттү жөн эле тартып койбостон, утилитардуу,  жагымдуу, пайдалуу жагын  карадык.

Ушул идея менен бирге, биз окуучуларды коомго пайдалуу иштерди жасоого жана адамгерчиликтүү болууга үйрөтүүнү максат кылганбыз жана мындан ары да максаттарыбыздын кулачын кеңейтип, көптөгөн жаңы идеяларды иштейбиз деген ниетибиз бар. Окуучулар өз колу менен иштеп чыккан китептерди биз мектепте уюштурулган жарманкеде сатып каражат чогулттук, ошону менен бирге эле чогулган каражатты балдар үйүнө тапшырып пайдалуу иштерди жасадык, — дейт мугалим.

ЭЛ ЖОМОКТОРУН  ЖАНДАНТКАН  МУГАЛИМ

Бул  китепти  сабактан  сырткаркы  ийримде  төрт  ай бою 20 окуучу жомокко ылайык сүрөттөрдү  тартып чыгышты. Окуучулардын эң кичүүсү 8 жашта болсо, улуусу 11ге чыккан.

— Сабак жаңы башталганда жомоктун сюжетин окуп берем. Окуп бүткөндө балдар менен каармандардын образдарын, алардын мүнөздөрүн, жасаган жакшы-жаман иштерин талкуулап, анан окуучулар жомокто берилген сюжеттерге жараша образдарды тартып баштайт. Жакшы  тарткан, изденген  окуучулардын  сүрөттөрүн  китепке жайгаштырдык.   Андыктан  окуучулар  китепке сүрөттөрү   чыгыш  үчүн абдан  аракет кылышты. Балдар өзүбүз жомок-китеп жасайбыз деп төрт ай бою чарчабай, сыймыктануу, кызыгуу менен эмгектеништи, — дейт Ж.Асанов.

ЭЛ ЖОМОКТОРУН  ЖАНДАНТКАН  МУГАЛИМ

ЭЛ ЖОМОКТОРУН  ЖАНДАНТКАН  МУГАЛИМ

Мугалимдин пикиринде,  бул долбоор билим тармагында көптөгөн ийгиликтерди  жаратат.

— Бул мисалды Кыргызстан боюнча жайылтканга аракет кылсак жакшы жыйынтыктарды алабыз. Унутулуп бара жаткан жомокторду алып,  Кыргызстанга  же  башка өлкөлөргө жомоктун тексттерин таратып, сүрөттөрү тартылгандан кийин  аны чогултсак, көптөгөн достук китептерибиз пайда болот эле, — дейт мугалим.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер