ЭЛ ДОСТУГУНА ШЕРИКТЕШ ФЕСТИВАЛЬ

  • 20.12.2018
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылындагы мектеп-гимназиянын тарбиялануучулары орус, кыргыз тилдеринен тышкары жапон, корей тилдерин да үйрөнүшөт. Балдарга тил үйрөтүүгө бул жердеги тил ийримдери жана чет өлкөдөн келген волонтерлор көмөктөшөт.

Корей, жапон ырлары жана “Ооэдодайко” добулбасчылардын күүлөрү

Жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Достук фестивалы” бул жерде жатып окушкан 151 баланын көмүскөдөгү таланттарын ачканга жардам берип, алар тил эле үйрөнбөстөн, ошол улуттун улуттук бийлери, ырларын түп нускада ырдашат.

ЭЛ ДОСТУГУНА ШЕРИКТЕШ ФЕСТИВАЛЬ

Бул жолу да ушундай болду. Достук фестивалына атайын Бишкектеги Корей билим борборунан, Жапан-кыргыз борборунан келишкен меймандар балдардын чет тилдеринде аткарган ырларына, бийлерине күбө болушту. Алардын бири Каныкей Джорупбекова көп жылдан бери Бишкектеги Кыргыз-жапон борборунда иштейт. Ал концертке “Ооэдодайко” добулбасчылардын тобу менен келди. Дээрлик кыргыз балдардан түзүлгөн бул топту 2004-жылы жапон ыктыярчылары уюштурган. Каныкейдин айтымында, Кыргыз-жапон борбору көп жылдан бери Таш-Төбөдөгү мектеп-интернат менен маданий кызматташып келүүдө. Келерки жылы 15 жылдык юбилейин белгилөө алдында турган бул топто учурда кыргыз балдар жапон музыкаларын аткарышат. Ар бир улуттук аспаптар сыяктуу эле добулбастын өзүнүн ыкмасы, техникасы болот, аны сөзсүз алты-жети адамдан жогору турган ансамбль ойношу керек. Ансамблдеги сырткы түзүлүшү ар түрдүү көрүнгөн аспаптар бирок бир организм сыяктуу элес калтырат. Фестиваль болгондуктан  балдар мында шаңдуу үч күү ойноп беришти. Алардын бири “Асман” деген күүнү балдар өздөрү жазышкан.

—           Таш-Дөбө мектеби менен көптөн бери эле таанышпыз. Дайыма иш-чараларга келип катышып турабыз. Биз балдардын жапон тилин үйрөнүүгө далалаттанып жатышканын чын дилибизден колдойбуз. Анткени канча тил билсең, ошончо дил билесиң, ошончо элдин маданияты менен таанышасың, чөйрө таанымың өсөт. Биз дагы балдарды жапон маданиятын жакындан тааныштыруу ниетинде музыканттарды алып келдик. Балдардын добулбаска аябай кызыгышарын байкайбыз. Музыка тилине котормочунун деле кереги жок ойлойм,-дейт Каныкей.

Дебат ийримине катышып ачылган Азима

Мектеп-гимназиянын тарбиялануучусу Абан кызы Азима 9-класста окуйт. Ал ушул жерден көптөгөн досторду күткөнүн, баарынан да ийримдердин жардамы менен өзүн “ачканын” айтты.

— Мен катышкан ийримдер аябай көп. Көбүнчө дебатка, корей тилине катышам. Дебат ийриминен ийгиликтерге жетише баштадым, грамоталарым бар. Эки жылдан бери корей тилин үйрөнүп жатам. Азыр бул тилде окуп, ырдап, сүйлөп калдым. Кээ бир тексттерди которуп да калдым. Андан тышкары ырдайм, бийлейм. Бул жерде мага аябай кызыктуу. Келечекте мен котормочу болгум келет. Ал үчүн англис, корей, орус, кыргыз тилдерин мыкты өздөштүрүшүм керек. Мен мурда мугалим болгум келчү. Гимназияга келгенден кийин оюм өзгөрүлдү. Мүнөзүм да башкача, аябай түнт кыз элем. Биякка келгенден кийин дебатка катышып ачылдым десем болот. Мурда көпчүлүктөн тартынып, сүйлөй албай калтырап кетчүмүн. Азыр өзүмө ишенимдүү болуп калдым. Бул жактан көптөгөн досторду күттүм. Чогуу жашагандыктанбы, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, колдон келген жардамдарыбызды аябайбыз. Жетишпей калган сабактардан жардамдашабыз. Менин айрыкча Аскер агайымдын сабактарын – физика, химия, биология сабактарына кызыгып окуйм. Сагынбаева Анара, Жусупов Аскер сыяктуу агай-эжейлерибиз бизге аябай жакшы жардам беришет, дайыма колдошот,-деди бизге жайдары кыз Азима.

“Кара жорго” бийин катыра бийлеген Хироя Ямомато

Жапон волонтеру Хироя Ямомато же кыргызча жөн гана Талант балдарга дене тарбия сабагын окутат. Дене тарбия сабагында кыргыздар үчүн жаңы оюн “дидибол” оюнун, жаңы көнүгүүлөрдү  үйрөткөнгө көп күч жумшады. Бул жерде иштеген эки жыл ичинде кыргыз тилин жакшы өздөштүрүптүр. Анын бийге талантына кыргыз балдар менен “Кара жорго” бийин бийлегенде күбө болдук. Талант кыргыз бийинен тышкары тамашаны, анан кыргыз макалдарын да үйрөнгөнүн айтты. Ага айрыкча “Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы”, “Курсак тойсо да, көз тойбойт” деген макалдар жагат экен. Сапары карып жакында өз мекенине аттанар алдында турган Талант, кесипштештерине ажыраш аяк уюштуруу үчүн сойгонго атайын кой даярдап койдум,-деп күлдү.

Балдар билгенин тартынбай ачык айта билиши керек

Фестивалдын аягында мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупова менен маектешкенибизде бизге буларды айтып берди.

-Биздин мектеп-гимназия 1998-жылы 5-февралда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тандалган зээндүү балдар үчүн ачылган интернат тибиндеги мектеп болуп эсептелет. Учурда 151 бала жатып окушат. Жаңы ачылгандан тарта жаңы типтеги мектеп болсун деп, англис, информатика сабактарына басым жасаганбыз. Бирок учурдагы жаштардын чыгыш тилдерине кызыгууларын эске алып, жапон, корей тилдерин үйрөтүүчү ийримдерди ачканбыз. Балдарыбызга бул тилдерди үйрөтүүгө бизге Бишкектеги Корей билим борборунан жана Япониядан жапон волонтеру келип окутушат. Корей билим берүү борборунан бирөө тил, экинчиси таэквондо үйрөтөт. Учурда чет тилдерин үйрөтүүчү, музыкалык, предметтик, спорттук ийримдери, дебат клубу сыяктуу жалпысынан 24 ийрим иштейт-дейт сыймыктануу менен.

ЭЛ ДОСТУГУНА ШЕРИКТЕШ ФЕСТИВАЛЬ

Бүбүкан Сыдыковнанын пикири боюнча балдардын лидерлик сапаттарын өстүрүүгө, алардын эл алдында чыгып өз ойлорун тартынбай айтуусуна дебат ийриминин таасири күчтүү. Биринчиден, мында алар оратордук чеберчилигин өздөштүрүшсө, экинчиден, теманы ачуу үчүн аргументтерди издеп, жазып даярдануудан сабаттуулугу жакшырат.

— Дебат ийримине балдар аябай кызыгышат. Бул бекеринен эмес. Окуусу беш болуп, бирок билимин, билгенин сыртка чыгара албаса, өтө өкүнүчтүү. Өзүнүн өткүрлүгү, тырышчаактыгы аркасында болочок кесиптерин таап кеткен балдарыбыз бар. Белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков, “Ак терек-Көк теректи” алып барган Урмат Борчуновдор биздин балдар, биздин сыймыгыбыз.

Деги эле менин жеке пикиримде, ийримдер канчалык ар түрдүү болсо, канчалык иш-чаралар көп болсо, балдарга ошончолук кызыктуу, пайдалуу. Балдарыбыз сахнага чыкканды аябай жакшы көрүшөт, артисттик жөндөмдүүлүгү да күчтүү. Мен сүйлөйм деп өз ойлорун тартынбай ачык айтышат. Бул лидерлик сапаттын айкын көрүнүшү деп эсептейм,-дейт Бүбүкан Сыдыковна.

Мектеп интернат андан тышкары коомдук фонддор менен да активдүү иш алып барат. Мисалы, “Ыйык Ата-Журт” фонду балдарды интеллектуалдык сынактарга тартып, башка мектептин балдары менен жолдоштук таймаштарды байма-бай уюштуруп турушат. Жакында эле өткөн ушундай бир сынакта эки класстын балдары байгелүү биринчи орунду, бир класс экинчи орунду ээлешти. Андан тышкары, ProKG профессионалдар клубунан Эмил Үмөталиев менен тыгыз байланышта. Ал тарбиялануучуларга пайдалуу лекция окуудан тышкары, ОРТдан эң жогору балл алган балага сегиз миң сом, андан кийинкисине беш миң сом, андан кийинкисине үч миң сом стипендия, мугалимине беш миң сом сыйлык ыйгарып турат. Бул дагы чоң стимул экендиги талашсыз. Былтыр Нарк долбоору менен иштешкен учурда алар уюштурган окууларга 100дөй бала төрт ай окуп, жыйынтыгында 83 бала сертификат алды. ИСУР коомдук фонду “Кут Ата-Журт” фонду менен биргеликте уюштурган бул окуулар балдардын билимин жогорулууга жана тереңдетүүгө эбегейсиз чоң түрткү берүүдө.

Интернат болгон соң, балдар дайыма бир нерсе менен алектенип турушу керек. Эгерде балдарды бош койсоң, алардын башын кошуу кыйын. Ар бир мугалим өзү окуткан сабак боюнча декада өткөрүп турат. Алар план боюнча гана өткөрүп койбой, сахналаштырып, түрдүү сынактарды уюштурушуп, бири-биринен айырмалангандай кызыктуу өткөргөнгө аракеттенишет. Алсак, кыргыз тилинен 20 күндүн ичинде эле тогуз иш-чара өткөрүштү. Анын көбү албетте алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналды. Жазуучунун чыгармаларынан тышкары башка акын-жазуучулар ал жөнүндө эмне деп жазган эскерүүлөрүн ар тараптан изилдеп талдап чыгышкан.

  • Бизде жалпы тарбиячыларды кошкондо 33 адис иштейт. Балдарыбыз акысыз окушат. 90 пайызы Чүй өрөөнүнөн, 10 пайызы башка аймактардан. Атайын деле жарнамалап балдарды чогултпайбыз, тек гана бизде окуп, тарбияланып кеткен балдардын жетишкен ийгиликтери жетиштүү жарнама болуп берет. Алар бири-биринен угуп, менин балам да ушундай болсун деп ийги тилек менен балдарын алып келишет. Анын үстүнө биздеги балдардын көбү мен жогоруда айткандай аз камсыз болгон, ата-энеси толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары болгондуктан, негизинен социалдык абалына басым жасайбыз.

Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен жогоруда белгилеп кеткен өнөктөштөрүбүзгө, андан тышкары Jicа жапон эл аралык кызматташтык агенттигине, Тынчтык корпусуна биздин балдарды колдоп, жакындан жардам берип келатышкандыктары үчүн терең ыраазычыгымды билдиргим келет. Балдар биздин келечек. Алардын билиминен бүтүндөй бир коом көз каранды, биздин эртеңибиз жаш муундардын колунда. Андыктан биз бүгүн түптөгөн билим фундаменти бекем болсун деп бардык күч-аракетибизди жумшайбыз,-деди Бүбүкан Жусупова.

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер