ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА: ТАНДОО ЖАНА ДАЯРДЫК

  • 15.02.2018
  • 0

Быйыл дүйнөлүк олимпиадага катыша турган окуучулар жаңы жобонун негизинде тандалып, даярдалат. Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын атаандаштыгын өстүрүү жана эл аралык олимпиадага мыктынын мыктысын тандап алуу максатында атайын тандоо турунун жобосун иштеп чыкты.

Эл аралык олимпиада жыл сайын физика, математика, биология, химия жана информатика сабактары боюнча жай айларында ар кайсы мамлекеттерде өтөт. Ага Кыргызстандан республикалык олимпиададан алдыңкы орундарды алган окуучулар тандоодон өтүп анан барышчу. Жаңы жобого ылайык окуучулардын республикалык олимпиадасынын 4-этабында рейтинг боюнча алдыңкы орундарды алган 10-12 окуучу тандалып алынат. Алардан сырткары мурунку жылы IMO, IBO, IOI, IPHO, ICHO боюнча эл аралык олимпиадаларга катышкан жана ийгиликке жетишкен окуучулар дагы олимпиаданын республикалык этабына катышуу менен тандоо туруна бара алышат. Тандоо турунда мыкты көрсөткүчтү берген окуучулар квотага жараша тандалат.

 Командалар кандай тартипте тандалат?

Эл аралык олимпиадага бара турган командаларды түзүү жана даярдоо республикалык олимпиаданын 4-этабы аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын уюштуруу комитети, методикалык комиссия жана калыстар тобунан турган жумушчу топ түзүлөт. Уюштуруу тобунун,  методикалык комиссиянын курамы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет. Методикалык комиссиянын жана калыстар тобунун курамына эл аралык олимпиадага катышып жүргөн, тажрыйбасы бар, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, илимий-педагогикалык институттардын кызматкерлери кирет. Калыстар тобуна тандоо туруна катышып жаткан окуучу окуган мекеменин өкүлдөрү жана олимпиада өткөрүү боюнча тажрыйбасы жоктор киргизилбейт.

Предметтер боюнча калыстар тобун  министрлик жыл сайын тандоо туруна үч күн калганда бекитет. Жумушчу топтун ар бир мүчөсү компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү, ачыктыкты жана кесиптик этиканын нормаларын сактоого милдеттүү. Эгерде алар кандайдыр бир тартип бузууларга барышса, жумуштан бошотулууга чейин барышат.

Окуучуларды даярдоонун мөөнөтү, орду жана командалардын жетекчилерин, орун басарларын уюштуруу комитети сунуштап, министрлик бекитет.

Тандоо турунун тапшырмалары эл аралык олимпиаданын талаптарына ылайык түзүлөт. Сынак жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Окуучулар бөлүнгөн убакытта берилген тапшырманы аткарып бүтүүгө тийиш. Иштер дароо калыстар тобуна өткөрүлүп берилет. Ар бир тапшырманы балл менен баалашат.

 

Талапкерлерге эскертме

Тандоо турунун катышуучулары жанына өздүгүн тастыктаган документин: паспортун же жеке нотариустан тастыкталган туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бир сүрөтү менен ала келиши керек.

Команданын курамына кирип, бирок тандоо туруна келбей калгандардын орду башка катышуучулар менен толукталбайт. Ар бир предмет боюнча катышуучулар тандоо турундагы жобонун талаптарын аткарууга милдеттүү. Аларга сынак учурунда сүйлөшүүгө, суроо берүүгө (30 мүнөттүк эс алуу учурунда гана болот), кат же болбосо дагы башка нерселер менен алмашканга, уруксаты жок ордунан турганга тыюу салынат. Сынак бүткөнчөктү катышуучуларга имараттын ичинен чыкканга болбойт. Тапшырмаларды алгач черновикке жазып, анан негизги дептерге көчүрсө болот, бирок негизги иш гана текшерилет. Сынак башталганга чейин 30 мүнөт кечигип калгандар тандоо туруна киргизилет, бирок тапшырмаларды аткаруу үчүн кошумча убакыт берилбейт. Алар берилген убакытта бардык тапшырмаларды аткарууга үлгүрүшү керек. 30 мүнөттөн көп кечиккендер себебине карабастан сынакка киргизилбейт.

Ар бир катышуучу тандоо турунун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин жыйынтыкка каршы болсо, бир сааттын ичинде апелляцияга берүүгө укуктуу. Калыстар тобунун төрагасы калыстардын чечими менен алынган жыйынтыктын баллын жогорулатып же төмөндөткөнгө укуктуу. Ал үчүн атайын протокол түзүлүп, баллдардын жыйынтыгы эмне үчүн өзгөртүлгөндүгү жазылат.

Эгерде катышуучу апелляция учурунда тартипти сактабаса, анда ал командадан чыгарылат.

 

Ийгилик жаман эмес

Эл аралык олимпиадаларда ийгиликке жетишип, Кыргызстандын желегин желбиреткен окуучулардан куру эмеспиз. Былтыркы ондогон мамлекеттер катышкан эл аралык олимпиадаларда биздин окуучулар 2-3-орундарды камсыздашкан. Мисалы, химия боюнча Астанада өткөн сынакка жети окуучу катышса, анын экөө — Абдыкерим уулу Эржигит жана Батырбек уулу Ильяс үчүнчү орунду алышса, ушул эле предметтен Таиландда өткөн сынакта төрт окуучунун экөө — Саиддин Автандил, Базарбаев Баяман үчүнчү орунду алышкан. Биология боюнча Улуу Британиянын Кавентри шаарында өткөн дүйнөлүк олимпиадага дагы төрт окуучу катышып, Мэлисов Даян  2-орунду багындырган. Математика боюнча Алмата шаарында өткөн сынакта жети окуучунун экөө — Азисбек уулу Саадинур менен Жекшеев Дослан 3-орунга татыса, Азисбек уулу Саадинур Рио-де-Жанейродо өткөн сынакта дагы 3-орунду алган. Бул сынакта Жолдубай уулу Бекжол дагы ийгилик жаратып, 3-орунду багындырган. Ал эми үч окуучу болсо Ардак грамота менен сыйланышкан. Физика боюнча команданын дагы ийгиликтери жаман эмес. Индонезияга барган беш окуучунун ичинен Өмүралиев Нурдөөлөт жана Мырзабеков Азамат үчүнчү орунду алса, Иранда өткөн информатика боюнча сынакта Жусубалиев Амангелди 3-орунга татыган.

Былтыр алдыңкы орундарды камсыздаган бул он төрт окуучунун жетөө мектепти бүтүп кеткен. Калгандары учурда 11-класстын окуучулары. Андыктан бул окуучулардан үмүт чоң.

  • Бул балдар былтыр эл аралык олимпиадага катышып, бир топ тажрыйба топтоп алышты. Алар үчүн быйыл жеңилирээк болот. Андыктан алардан үмүт чоң, — дейт өткөн жылдагы математика боюнча эл аралык олимпиадалык команданын жетекчиси, физика-математика илимдеринин кандидаты Салтанат Сапаралиева.

 

Эмне жетишпейт?

Былтыр эл аралык олимпиадага барган окуучулардын токсон пайыздан ашыгын эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары түзгөн. 2-3-орунду алып келгендер дагы жалаң түрк лицейлердин окуучулары. Ушундан улам эмне үчүн жөнөкөй мектептердин окуучуларынын арасынан эл аралык олимпиадага катыша ала тургандар чыкпайт деген суроо туулбай койбойт. Адистер болсо мунун себебин жөнөкөй мектептерде базанын начардыгынан жана мыкты мугалимдердин жетишпей жаткандыгынан көрүшүүдө.

  • Тилекке каршы, эл аралык олимпиадаларга жөнөкөй мектептердин окуучуларынан чыга албай жатышат. Мисалы, былтыр математика предмети боюнча командалык топту “Сапат” билим берүү мекемесинин олимпиадалык борборунда олимпиаданын мурунку катышуучусу, күмүш медалдын ээси Аскаров Азамат даярдаган. Командадагы алты баланын бешөө түрк лицейлеринин окуучулары болчу. Ал эми №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Балыкин Никита болсо өз алдынча даярданган. Менимче, биринчиден, бардык балдар үчүн бирдей олимпиадалык борборлор керек. Балдар ошол жактан чогуу даярдыктан өтүшү керек. Мисалы, былтыр олимпиадага барган №61 мектептин окуучусу башка сабактарга даярданып жатып, убакыт тартыш болуп калды деди. Демек, биз аларды олимпиадага даярдап жатканда башка сабактардан бошотуп алышыбыз керек. Экинчиден, мыкты мугалимдер жетишпейт. Окуучуларды кызыктыруу, олимпиадага даярдоо үчүн чоң эмгек талап кылынат. Ал эми чоң эмгек чоң акча менен бааланып, жакшы шарт түзүлүшү керек. Бирок бизде мындай болбой жатат. Эл аралык олимпиаданын талабы боюнча тапшырмаларда мектеп программасына кирбеген бөлүмдөр дагы камтылат. Биздин окуучулар ушул жагынан аксашууда. Ошондуктан бизге олимпиадалык командаларды даярдаган атайын борборлор керек, — дейт Салтанат Сапаралиева.

2000-жылдан бери физика боюнча республикалык олимпиаданын төрайымы, 2003-жылдан бери физика боюнча улуттук команданын жетекчиси болуп келе жаткан Рая Султаналиеванын айтымында, башка мамлекеттерде эл аралык олимпиадага бара турган балдарды тандап алып, бир жыл мурун даярдап башташат. Ал окуучулар бир жыл бою өзүнүн предметин жана англис тилин гана окушат. Калган сабактардан бошотулат.

  • Бизге дагы ушундай практика керек. Россия, Кытай сыяктуу мамлекеттерде таланттуу балдарды тандап алышып, бир жыл бою тынбай даярдашып, ар кандай олимпиадаларга жиберишип, такшалтышат. Бизде андай болбой жатат. Биз республикалык этаптан эле алдыңкы орундарды алгандардын ичинен тандап алып, анан кайра тандоо турун өткөрүп, андан чыккандарды бир жума эле даярдап калып жатабыз. Көп нерсе мугалимдерден анан окуучулардын өздөрүнөн көз каранды болуп калууда. Азыр тапшырмалардын бардыгы интернетте жүрөт. Ошол жактан алып даярданышса деле болот. Бирок баары бир бирдиктүү даярдык керек, — дейт Рая Мамакеевна.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер