ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

  • 07.05.2019
  • 0

Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата уюштурулган майрамга 1500 киши катышты  

ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР 

30-апрелде К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. 1500дөн ашуун балдар, ата-энелер жана китепканачылар ар түрдүү китеп жасоо, чопо моделдөө жана сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарга катышып, китеп жарманкесин көрүп ал жактан белгилүү кыргыз жана чет өлкөнүн авторлорунун китептерин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Майрамдын коноктору робототехника жана 3D моделдөө боюнча кызыктуу маалымат алышып, курчак театрынын оюн-зоокторуна катышып, музыкалык номерлерин көрүп, шахмат ойноп көңүл ачышты.

Бул иш-чара китеп жана автордук укуктун бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган «Окурман бала – өнүккөн Кыргызстан» аттуу жумалыктын алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы, АКШ Элчилиги жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен биргелешип уюштурулган.

Майрамга Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын статс-секретары Талант Конокбаев  жана ошондой эле Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Гэри Линден катышышты.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков өзүнүн куттуктоо сөзүндө китептин маданияттар ортосундагы байланышты бекемдөөдө маанилүүлүгү чоң экенин белгилеп кетти. “Окуу маданияты жашообуздун ажырагыс бөлүгү болушу зарыл, биз болсо балдар жана жаштар арасында окууга болгон сүйүүсүн өрчүтүүгө жардам беришибиз керек. Китеп — билим булагы, ал жаңы идеяларга, руханий баалуулуктарга эшик ачат, бизди курчап турган кооздукту көрүүгө жана түшүнүүгө, ошондой эле адамзаттын көрүнүктүү жетишкендиктери жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет”, — деди Н. Кадырбеков.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Кыргыз Республикасы боюнча окуучулардын окуганын түшүнүүсүн жогорулатууга көңүл буруу зарылдыгын белгилеп кетти. “2024-жылы Кыргыз Республикасы Билим алуучуларды эл аралык баалоо программасына (PISA) кайра катышат, биз көрсөткүчтөрүбүздү олуттуу жогорлатууга жетишебиз деп үмүттөнөбүз”, — деди  Н.Джусупбекова.

USAID миссиясынын директору Гэри Линден АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта өлкө боюнча 17500 башталгыч класстардын мугалимдерин китеп окууну үйрөтүү жаңы ыкмаларын окутканын билдирди. “Бул абдан маанилүү, себеп дегенде бул жаңы окутуу методикалары башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү жана алардын келечектеги билим алуусуна күчтүү пайдубал түзүүгө чоң салым кошот”, деп айтты Гэри Линден.

Китеп жумалыгынын алкагында мындай иш-чаралар өлкөнүн баардык китепканаларында жана мектепктеринде өттү.

Маалымат үчүн:

Эл аралык китеп күнү катары да белгилүү болгон Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү ЮНЕСКОнун Генералдык Конференциясында 1995-жылы бекитилген жана жыл сайын 23-апрелде китепке, авторлорго, иллюстраторлорго жана окурмандарга урматтоо көрсөтүү максатында белгиленип келет.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер