ЭЛ АРАЛЫК «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 15.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин демилеси менен К. Баялинов атындагы китепканада 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин эл аралык күнүнө карата мектеп окуучулары арасында дебат болуп өттү.

ЭЛ АРАЛЫК  «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЭЛ АРАЛЫК  «ЭНЕ ТИЛ» КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Дебатка Сокулук, Москва райондорунан жана шаарындагы жалпы жыйырма мектептин окуучулары катышты. Билим берүү жана илим министрлигинин тилди өнүктүрүү сектору тарабынан демилгеленип, шаардагы №72 мектеп-гимназиясы уюштурду.  Окуучулар өкмөт жана оппозиция болуп эки жаатка бөлүнүп, кыргыз тилин сактап калуу жана көп тилдүүлүк маселелери боюнча пикирлерин ортого салышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова дебаттын бүгүнкү күндөгү мааниси зор экендигин баса белгилеп айтып, мындай дебаттарды сабактарга салууну сунуштады. Район, облусттар аралык дебат-оюну жайылуусу керектигин,  аны өнүктүрүү үчүн атайын каражат бөлүп берүү маселесин карап чыгарын убадалады. Окуучуларды болсо көп тилди билүүгө чакырды.

  • Ар бир адам биринчи иретте өзүнүн эне тилин сыйлоосу керек. Ошол эле учурда жанындагы кошунасынын да тилин сыйлап, урматтоого милдеттүү. Башка улуттун тилин, дилин, каада-салтын, тарыхын үйрөнсөк, биз ошончолук бекем, курч болобуз, аң-сезимибиз өнүгүп, дүйнө-тааныбыз кеңейет. Мисалы, жети этектеш 150 тилде эркин баарлашкан 37 жаштагы жапон жигити менен жолуктум. Демек, 150 тилди башыбызга батырса болот экен. Ошол себептен, бир гана кыргыз тили менен чектелбей, географиялык чегиңерди көбөйткүлө. Канчалык көп тилди билсеңер, Кыргызстандын алкагынан чыгып, дүйнө кезгенге мүмкүнчүлүгүңөр көп болот” – деп дебатчыларга ыраазычылыгын билдирди.

Бул дебатты уюштурган №72 мектеп-гимназиясынын тарых мугалими  Гүлнара  Шокеева  мындай дебаттар мектепте 2003-жылдан бери өткөрүлүп келгендигин жана окуучулардын чыгарган ырлары, материалдары атайын чыгарылган журналга чыгылдырып турарын, окуучуларга кыргыздын каада-салтын, наркын үйрөтүү менен тукумубузду улап кете аларыбызды айтты.

  • Адамды кийими менен тосуп алып, сөзү менен узатат. Кыргыздар илгертеден сөз багып келген. Ошол себептен, биздин эң негизги максатыбыз – балдарды чечендикке, сөздү бакканга, барктай билгенге үйрөтүү, сөз байлыгын өнүктүрүү. Азыр балдар жомокторду, адабий китептерди окубайт. Алардын көрөңгөсүн байытып, дээрине салып, адабий чыгармаларды окутуп кыргыз экендигин таанытып, үйрөтсөк биз тукумубузду оңдойбуз деген ойдомун, — дейт мугалим.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер