ЭКСПЕРТТЕР МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНӨ МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 14.03.2023
  • 0
13-мартта Билим берүү жана илим министрлигине караштуу функционалдык сабаттуулук боюнча комитеттин жыйынында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн райондук деңгээлде методикалык колдоону жакшыртуу талкууланды.
ЭКСПЕРТТЕР МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮНӨ МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ
Билим берүү жана илим министрлиги райондук бөлүмдөрдүн алдындагы окуу-методикалык кабинеттерди нормативдик-укуктук базанын үстүнөн күчөтүү боюнча ишти баштады. Өткөн жылы мугалимдердин жүктөмү кыскартылып, эмгек акы көбөйтүлгөн. Компьютерлер менен камсыз кылуу жана интернетке кирүү жакшырып, аралыктан билим берүү мүмкүнчүлүктөрү өсүүдө.
Билим берүү чөйрөсүн трансформациялоо, санариптештирүү, мамлекеттик стандарттарды жаңылоо зарылчылыгы мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн шарттайт. Ишмердүүлүктү баалоо, даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программасын түзүү үчүн мугалимдин кесиптик стандарты иштелип чыгып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бекитүүгө жиберилген.
Бөлүшүү

Комментарийлер