ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

  • 23.09.2022
  • 0

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Сүрөттө: Баткен шаарындагы В.Ленин атындагы мектебинин 4-классынын окуучулары. (USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылган USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында 2021-жылы улуттук деңгээлде экинчи жана төртүнчү класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн математикалык көндүмдөрдү баалоонун (EGMA) жалпыланган жыйынтыктары бул макалада берилген.

1-таблицада баштапкы баалоонун негизги параметрлери көрсөтүлгөн, ал эми 2 жана 3-таблицаларда тесттин бөлүмдөрү жана үлгү тапшырмалар берилген. Макалада окуучуларды тестирлөөнүн негизги натыйжалары (күчтүү жана алсыз көндүмдөрү) окуучулардын жынысы, окуган классы, мектебинин жайгашкан жери (шаар же айыл) боюнча бөлүп келтирилген.

Жалпы маалымат

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Бааланган көндүмдөр

Баалоо учурунда экинчи класстар үчүн тесттик тапшырмалар төмөнкү негизги математикалык көндүмдөрдү жана билгичтиктерди камтыды (2-таблицаны караңыз)

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Төртүнчү класстар үчүн жазуу жүзүндөгү тест төмөнкү математикалык көндүмдөрдү жана билгичтиктерди камтыды (3-таблицаны караңыз)

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Тестирлөөнүн жыйынтыктары

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

 

 

 

 

 

 

 

Сүрөттө: Чүй облусундагы Жайыл районунун Полтавка айыл орто мектебинин 3-классынын окуучулары. (USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору)

Экинчи класстар боюнча жыйынтыктар

Экинчи класстардын окуучулары төмөнкү негизги математикалык көндүмдөр боюнча салыштырмалуу жогорку натыйжаларды көрсөтүштү:

  • Эки орундуу сандарды кошуу
  • Эки орундуу сандарды кемитүү
  • Мейкиндик ой жүгүртүүгө жөнөкөй тапшырмалар

Экинчи класстардын окуучулары логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган тапшырмаларды аткарууда кыйынчылыктарга дуушар болушту («Сан катары”, “Тексттүү маселелер», «Сандар ортосундагы өз ара байланыш» бөлүмдөрү жана мейкиндик ой жүгүртүүгө татаалыраак тапшырмалар). Мисалы, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде экинчи класстардын окуучуларынын жарымынан азы (44%) төмөнкү сыяктуу тапшырманы туура аткара алышты «7+4=6+».

Окуучулар ондук аркылуу өтүүнү (мисалы, 18+7=) же кемитүүдө ондуктар разрядынан сурап алууну (мисалы, 25-7=) талап кылган тапшырмаларды чыгарууда да кыйналышты.

Тестирлөө учурунда окуучулар тапшырмаларды аткарууда математикалык түшүндүрмөлөрдү колдонуу менен өзүнүн ой жүгүртүүсүн түшүндүрүп берүүдө кыйналары байкалды. Мугалимдер өздөрү тапшырманын чыгарылышын кантип түшүндүрүп берүү керек экендигин окуучуларга көрсөтүп берип, андан соң, сабак учурунда окуучуларга бул көндүмдү өз алдынча практикалоого жардам берүүсүнө муктаждык бар экендиги аныкталды.

Төртүнчү класстар боюнча жыйынтыктар

Кыргыз жана орус тилдүү мектептердин төртүнчү класстарынын окуучулары «Сандар жана арифметикалык амалдар» бөлүмү боюнча салыштырмалуу жогорку натыйжаларды көрсөтүштү. Ошол эле учурда, кыргыз жана орус тилдүү мектептердин окуучулары «Үлүштөр жана бөлүктөр», «Геометрия», «Статистика» (диаграммалардан маалыматтарды окуу) жана «Чоңдуктарды ченөө» бөлүмдөрү боюнча 50%дан аз упай топтошту. Мисалы, кыргыз тилдүү мектептерде окуучулардын жарымынан азы (48%) «Туурасы 6 см жана узундугу 17 см болгон тик бурчтуктун аянтын тап (тик бурчтуктун сүрөтү берилген)» сыяктуу тапшырманы туура чыгара алышты. «Сандар жана арифметикалык амалдар» бөлүмүндөгү эң төмөнкү упайлар тексттүү маселелерди чыгаруу тапшырмаларына туура келди (көбөйтүү, бөлүү жана калдык менен чыгаруу маселелери).

Экинчи жана төртүнчү класстар үчүн тесттерде «Мейкиндик ой жүгүртүү» бөлүмү боюнча окуучулардын салыштырмалуу төмөн көрсөткүчтөрү мектептерде окутуу процессинде манипулятивдик (демонстрациялык жана көрсөтмө) материалдар чектелүү гана деңгээлде колдонуларын жана окуучулардын мейкиндик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жетишсиз көңүл буруларын көрсөтүп турат.

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Сүрөттө: Нарын облусунун Орто-Нура айылындагы Б.Бекжанов атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучулары. (USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору)

Шаар жана айыл аймактарында жайгашкан мектептердин ортосундагы айырмачылыктар

Экинчи жана төртүнчү класстар боюнча (кыргыз жана орус тилдүү) шаардык мектептер айылдык мектептерге караганда жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Эркек балдар менен кыздардын ортосундагы айырмачылыктар

Экинчи класстар деңгээлинде эркек балдар кыздарга караганда саал жакшыраак жыйынтыктарды көрсөтүштү; ал эми төртүнчү класстар деңгээлинде тесттин бардык бөлүмдөрү жана окутуу тилдери боюнча кыздар эркек балдарга караганда жогорураак жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Окутуу тилдери боюнча айырмачылыктар

Экинчи класстардын деңгээлинде кыргыз тилдүү мектептердин окуучулары орус тилдүү мектептерге салыштырмалуу кыйла жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Ал эми төртүнчү класстардын деңгээлинде орус тилдүү мектептер кыргыз тилдүү мектептерден алдыга озуп чыгышты.

* Өзбек жана тажик тилдүү мектептер кыргыз жана орус тилдүү мектептерге караганда жогору жыйынтыктарды көрсөтүштү. Бирок жалпы мектептердин санында тажик жана өзбек тилдүү мектептердин үлүшү өтө кичине болгондуктан, алардын жыйынтыктары жалпы таблицаларда чагылдырылган жок жана 2024-жылы жыйынтыктоочу баалоо этабында өзүнчө салыштырылат.

Төмөндө экинчи класстар (1-сүрөт) жана төртүнчү класстар (2-сүрөт) үчүн бардык бөлүмдөрү боюнча тестирлөөнүн натыйжаларынын жалпыланган маалыматы берилди.

1-сүрөт. Тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча экинчи класстардын окуучуларын тестирлөөнүн натыйжалары, окутуу тили боюнча, туура жооптордун орточо пайызы.

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

2-сүрөт. Тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча төртүнчү класстардын окуучуларын тестирлөөнүн натыйжалары, окутуу тили боюнча, туура жооптордун орточо пайызы.

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА КАНДАЙ НАТЫЙЖАЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮДӨ?

Тыянактар жана сунуштар

Келечекте башталгыч класстардын окуучулары математика боюнча жогорку окуп-үйрөнүү натыйжаларына жетишүүсү үчүн эксперттер мугалимдер жана ата-энелер үчүн төмөнкү сунуштарды иштеп чыгышты:

  • Тексттүү маселелерди чыгарууну үйрөтүү ыкмаларынын көп түрдүүлүгүн колдонуу жана кеңейтүү: тексттүү маселелерди чыгарууда окуучулардын маселенин шартын түшүнүү жөндөмүн (мисалы, татаал сүйлөмдөрдү же тексттин үзүндүлөрүн бөлөк сөздөр менен кайталоо, текстти кайра карап чыгуу) жана ар кандай арифметикалык амалдарды аткаруу менен чыгарыла турган тексттүү маселелердин ар кандай түрлөрүн түшүнүү жөндөмүн өрчүтүү; маселелерди чыгаруунун ар кандай ыкмаларын колдонуу (маселенин графикалык моделин түзүү, теңдеме түзүү, таблица толтуруу ж.б.).
  • Окуучулардын оозеки жана жазуу жүзүндө эсеп жүргүзүү (кошуу, кемитүү) көндүмдөрүн өрчүтүү үчүн: ар кандай ыкмаларды колдонуу (сандарды курамдык сандарга ажыратуу ыкмасы менен кошуу, сан шооласын жана 1-100 таблицаларын колдонуу, окуучуларда ондук аркылуу өтүү менен кошуу жана кемитүү түшүнүктөрүн бекемдөө, 8+7=).
  • Окуучулардын мейкиндик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн көбүрөөк тапшырмаларды колдонуу (тегиздиктеги жана мейкиндиктеги фигураларды колдонуу).
  • Төртүнчү класстардын окуучуларынын дедуктивдүү ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү (тааныш эмес ыкма менен чыгарыла турчу маселелерди чыгарууга, тапшырмаларды аткаруу менен жаңы түшүнүктү, касиетти аныктоого машыгууну окуучуларга сунуштоо).
  • Сандардын ортосундагы өз ара байланышты көрө билүүнү өнүктүрүү жана бул өз ара байланышты маселелерди чыгарууда кантип колдоно аларын жакшыраак түшүнүү үчүн окуучуларга көбүрөөк колдоо көрсөтүү (мисалы, туюнтмада берилген ирээтте кошуу жана кемитүү эмес, рационалдуу чыгарылыш ыкмаларын колдонуу).
  • Окуучуларды сабак учурунда тапшырмаларды аткарууда математикалык түшүндүрмөлөрдү колдонуу менен өзүнүн ой жүгүртүүсүн түшүндүрүп берүүгө үндөө керек. Мугалимдер өздөрү мисал катары маселенин чыгарылышын түшүндүрүп берип, андан соң, окуучуларга маселенин чыгарылышын түшүндүрүп берүүдө колдоо көрсөтсө болот.

Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө кененирээк маалыматты төмөнкү дарек боюнча «Окуу керемет!» долбоорунун кеңсесинен алууга болот: Бишкек ш, 720040, Эркиндик бульвары, 30/1.

Адэма Жолдошбекова,
мониторинг, баалоо жана баалоо жүргүзүү боюнча адис,
электрондук дареги: [email protected]

 

Бөлүшүү

Комментарийлер