Камчыбек Ташиев: эки жылда коррупциянын деңгээли 10 пайызга кыскарат

  • 16.01.2025
  • 0

2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга кыскартуу пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин, ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда өткөн жолугушууда билдирди.

Төраганын айтымында, 2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейин тарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 миллиард 287 миллион сом өлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулуп, 1 174 объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Ал эми 1 373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

–Төрт жылда жогорку билим берүү системасынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулду. Мамлекеттин бюджетине 207 млн 700 миң сом өлчөмүндөгү каражат кайтарылды, – деди К. Ташиев.

Төрага ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана аккредитациялоо, ЖОЖго кирүү, финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, мамлекеттик сатып алуулар, кадр саясатын ишке ашыруу — бул билим берүү тармагындагы коррупциялык зоналардын жана тобокелдиктердин толук тизмеси эмес экендигин, айрым ак ниетсиз ЖОЖдун окутуучулары жана жетекчилери академиялык бүтүндүктү сактабастан өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына өздөрү салым кошуп жаткандыгын баса белгилеп, жетекчилерди мындай ыплас иштер менен биргелешип күрөшүүгө чакырды.

Э.Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер