ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА “МЕНИН СҮЙҮКТҮҮ КЫРГЫЗСТАНЫМ” АТТУУ ОНЛАЙН-АКЦИЯ ӨТӨТ

  • 27.08.2020
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына арналган иш чаралардын алкагында Эгемендүүлүк күнүнө карата окуучулар арасында “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу республикалык онлайн-акциясы өтөт.

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА “МЕНИН СҮЙҮКТҮҮ КЫРГЫЗСТАНЫМ” АТТУУ ОНЛАЙН-АКЦИЯ ӨТӨТ

Максаты — балдарды өз мекенин сүйүүгө жана аны менен сыймыктанууга жана патриоттуулукка тарбиялоо, Кыргызстандын  тарыхын, илимин, маданиятын, салт-санаасын, жаратылышын билүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жөндөмүн, креативдүүлүгүн, социалдык, маалыматтык, илимий-изилдөөчүлүк, маданий-эстетикалык компетенцияларын өнүктүрүү.

Акция 27-августтан 1-сентябрга чейин Кыргызстандагы мектептердин жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

Акциянын алкагында төмөндөгү багыттар боюнча сынактар уюштурулат:

  • «Жүрөгүмдө Кыргызстан» республикалык интеллектуалдык сынак-викторинасы;
  • «Эмне? Кайда? Качан?» оюну. Аралыктан өтөт;
  • Компьютердик плакаттардын «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» республикалык сынагы;
  • Видеороликтердин «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» республикалык онлайн-сынагы;
  • “Кыргызстандын келечеги балдарда!” бий марафону.

Сынактын жобосу жана шарттарын бул шилтмеден жүктөп алсаңыз болот:  https://edu.gov.kg/kg/news/egemendlk-knn-karata-menin-sjkt-kyrgyzstanym-attuu-okuuchular-aralyk-onlajn-akciya-tt/

Маалымат үчүн байланыш телефондору: (312) 38 32 60, (312) 3I-58-47, 3I-58-74

Акциянын жыйынтыгы 1-2-сентябрда чыгарылат, жеңүүчүлөр министрликтин I, II, III даражадагы дипломдору  менен сыйланышат жана министрликтин расмий сайтына чыгарылат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер