ЭАУДА ЖАҢЫ РЕКТОР 

  • 31.01.2019
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору болуп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти, Билим берүүнүн мыктысы Сатыбалды Өмүрзаков дайындалды.

ЭАУДА ЖАҢЫ РЕКТОР 

С.Өмүрзаков АУда бухгалтердик эсеп, аудит жана финансы кафедрасынын доценти, кафедра башчысы, эсеп-финансы факультетинин деканы, Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, Магистратура, аспирантура жана докторантура департаментинин директору, экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы кызматтарында иштеген. 2015-жылы Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. Америка Кошмо Штаттарынын, Россия Федерациясынын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында, илимий мекемелеринде илимий тажрыйба алып келген. Бир катар монографиялардын, окуу китептеринин жана колдонмолорунун, экономикалык сөздүктөрдүн, көптөгөн илимий макалалардын автору.

Бөлүшүү

Комментарийлер