ЭАУДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 21.01.2019
  • 0

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте профессор-окутуучулар жана кызматкерлер арасындагы спартакиада жыйынтыкталды.  

ЭАУДА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Спорттук мелдешке окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн беш команда катышып, волейбол, баскетбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартышуу боюнча күч сынашышты. Соңунда жыйынтыктар чыгарылып, мыкты командалар, мыкты оюнчулар, мыкты күйөрмандар кубоктор, дипломдор, грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу А.Кантөрөева  спартакиада боюнча жакшы жыйынтыкка жетишкендерди куттуктап, эмгек жамаатты сергек жашоого үгүттөдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер