ЭАУда СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

  • 23.01.2023
  • 0

ЭАУда СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

23-январда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы башталды.

ЭАУда СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

Иш-чара 27-январга чейин өтүп, катышуучулар спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча ат салышат: волейбол, баскетбол, стол тенниси, чатыраш, эстафета (спорт түрлөрүнүн жыйындысы катары), гирялык спорт (гиря көтөрүү), аркан тартышуу, тогуз коргоол жана бильярд. Мындай спорттук мелдештерди өткөрүү ЭАУ үчүн салтка айланып калган. Ага жамааттын бардык мүчөлөрү: жетекчилик жана кафедралардын окутуучулары, бөлүмдөр кызматкерлери жана чарба бөлүмүнүн жумушчулары катышат. Бул күндөрү окуу жайдын бардык кызматкерлери спорт аянттарында болуп, шаңдуу спорт майрамын белгилешет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер