САНАРИПТЕШТИРҮҮ ШАРТЫНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНА АРНАЛДЫ

  • 06.12.2022
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) «Ааламдашуу жана санариптештирүү шарттарында адам укуктарынын өнүгүү багыттары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

САНАРИПТЕШТИРҮҮ ШАРТЫНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНА АРНАЛДЫ

Аталган конференция гибриддик формада өткөрүлдү: онлайн жана офлайн тартиптеринде, студенттердин активдүү катышуусунда. Жалпысынан конференцияга Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын профессор-окутуучулар курамынын жана студенттеринин өкүлдөрү, бир катар тармактардан адистер, коомдук бирикмелердин, ар кандай коргоо уюмдардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болуп, 156 катышуучу катталган. Конференциянын иши тарых-юридика илимдеринин, маалыматтык технологиялар жана математика илимдеринин, коомдук-гуманитардык илимдер, социалдык-экономикалык илимдер, табигый жана медициналык илимдер секцияларында жүргүзүлдү. Бул конференцияда ааламдашуунун жана санариптештирүүнүн шарттарында адам укуктарын бир катар багыттарда, чөйрөлөрдө, ишмердиктерде коргоо маселелери кылдат каралды. Жалпысынан конференция тийиштүү деңгээлде уюштурулуп, өз максаттарына жетти десек болот. Конференцияда каралган маселелер, макалалар “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналда басылып чыкмакчы. Конференцияны ЭАУнун Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борбору, юридикалык багыттагы кафедралар уюштурушкан.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер