ЕАЭБдин БИЛИМ МЕЙКИНДИГИН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ИИУКЭУнун РОЛУ

  • 16.12.2022
  • 0

ЕАЭБдин БИЛИМ МЕЙКИНДИГИН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ИИУКЭУнун РОЛУ

Маалыматтык коомдун шартында билим берүү системасын глобалдаштыруу жана интеграциялоо адам баласынын бир багытты көздөй кадам жана максат коюшуна алып келери шексиз. Интеграциялык жана глобализациялык кадамдар билим берүүнүн маңызы, билим системасынын бүтүндүгүн түзүү факторунун негизи болуу менен ата мекендик жана дүйнө жүзүндөгү билим берүү процесстеринин динамикалык тенденциясын арттырат.

Билим берүү системасын жаңы инновациялык окутуу системасы менен кошо традициялык окутуу системасын да жокко чыгарбастан, мамлекеттин улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эл аралык стандартка жооп бере ала тургандай реформалоо зарылчылыгы билим берүү системасын түйшөлтүп келет. Чындыгында өлкөбүздө көптөгөн менчик жана мамлекеттик жогорку, орто кесиптик окуу жайлары ар кандай адистик боюнча ачылган. Мындайча айтканда, саны көп, сапаты аз десек жаңылышпайбыз. Сапатка кадам таштоо үчүн Президент С.Жапаровдун Жарлыгынын негизинде бир канча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды бириктирүү чечими кабыл алынды. Чечимге ылайык М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине А.Токтоналиев атындагы Финансы техникумун, Бизнес жана социалдык ишкердүүлүк академиясын кошуп, илимий изилдөө университети деген статус берилди. Бул университеттин глобалдаштыруу жана интеграциялоо кадамдарына натыйжалуу өбөлгө түзөт. Ошондуктан европалык жана америкалык контенттин негизинде жаңы дүйнөлүк деңгээлге чыгуу максатын ишке ашыруу жана жаңы статуска ылайык уставды жана түзүлүштү кайрадан иштеп чыгуу керек.

АНГЛИС ТИЛИНДЕ САБАКтар ӨТҮЛӨТ

Жыйырма жылдан берки топтолгон тажрыйбалар Европалык уюмдун алдыңкы университеттеринин билим берүү мейкиндигине Еврокомиссиянын финансы жактан колдоосу аркылуу Темпус, Эрасмус Мундус, Эрасмус+ долбоорлорунун алкагында интеграциялык кадамдар өз жыйынтыктарын берүүдө десек жаңылышпайбыз. Буга чейин эле университетте атайын программа иштелип, анын негизинде туризм адистигин тандап алган студенттер үчүн окутуу англис тилинде жүргүзүлүп келет. Бул программа боюнча чет мамлекеттен иштеп жана окуп келген окутуучулар сабак беришет. Программа өнөктөш аркылуу эл аралык долбоорлорго катышууга жана окутуучуларды чет мамлекетте стажировка менен студенттердин мобилдигин арттырууга мүмкүнчүлүк берди. Жылдан жылга чет мамлекетте окууну каалаган студенттердин саны өсүп жатканына байланыштуу Европа уюму, Улуу Британия, Азия жана КМШ мамлекеттери менен атайын программанын алкагында стажировка жана мобилдүүлүк боюнча келишимдер түзүлүүдө. Аларга негиз болуп Норвегия жана Испаниядан атайын өкүлчүлүк келип, мобилдүүлүк боюнча келишимдер талкууланды.

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНЕ СТУДЕНТТЕР ТАРТЫЛган

Университетте эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта климаттын өзгөрүшү боюнча активдүү илимий иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта эконометрикалык моделди түзүп чыгуу каралган. Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) комиссиянын тапшырмасы менен транспорттук инфраструктура жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча изилдөө иши жүргүзүлдү. Азыркы тапта да изилдөө иштери боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Дүйнөлүк ректорлордун форумунун алкагында Малайзиядагы Эл аралык мамлекеттик эмес уюм (НАМА Foundation) фондусу менен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Фонд эң жакшы окуган ондогон студентти стипендия менен камсыз кыла алат. Бул биздин студенттерге эң жакшы дем
берет.

2018-2040-жылдардагы Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «2023-жылына чейинки мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын баштапкы багыттары» бөлүмүндө санариптик технологиялардын билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, айыл чарба, телекоммуникация, банкттарда, жеңил өнөр жай жана курулуш тармактарында жайылтуу керектиги белгиленген. Ушул улуттук стратегияга жана Кыргыз Республикасынын «Санариптик Кыргызстан 2019-2023-жж.» санариптештирүүнү трансформациялоо концепциясына ылайык, университеттин кафедраларынын профессордук-окутуучулар жамаатынын жетекчилиги астында бүтүрүү квалификациялык, магистрдик иштердин темаларын конкреттештирип иштеп чыгуу талабы коюлду.

Ал эми КЭУнун илимий изилдөө иштери Кыргызстандын жана региондордун социалдык-экономикалык багытындагы көйгөйлөрүн чагылдарган бир канча кандидаттык жана докторлук диссертациялык, магистрдик жана дипломдук иштеринде активдүү жүргүзүлүп келген. Мындан тышкары, региондордон пилоттук район катары Кочкор, Түп, Сузак тандалып алынды. Илимий изилдөөнүн максаты — бул райондордун экономикалык потенциалын ачып көрсөтүү эле. Ал үчүн биздин окумуштуулар жергиликтүү эл жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлчүлүктөрү менен жолугушуп, маалыматтарды тактап, чогултуп иш алып барышты. Бирок ал көйгөйлөр кагаз бетинде эле калып, иш жүзүнө ашыруу мүмкүн эмес болчу. Эми университет илимий изилдөө макамына расмий ээ болгондон кийин, Өкмөт, эл аралык уюм тарабынан түздөн-түз тапшырмаларды, долбоорлорду алып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иш жүзүнө ашырууга толук мүмкүнчүлүк болот. Мындан ары бул үч район менен чектелбестен, бүткүл аймакты камтыган илимий изилдөө иш-чараларын иштеп чыгуу пландалууда. Кийинки илимий изилдөө бүткүл региондор боюнча маалыматтар базасын түзүү, анын ичинен географиялык абалын, социалдык-экономикалык жагдайлары боюнча жалпы маалыматтарды жана туризм багытын өнүктүрүү үчүн туристтерди кызыктыруу шарттарын иштеп чыгуу сыяктуу багыттарын талдап жана сунуштар менен кошо концепциясын иштеп чыгуу. Бул илимий изденүү багытына университеттин окутуучулары гана тартылбастан, студенттер менен магистранттардын да өз салымын кошууга мүмкүнчүлүгү
бар. ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ КИРҮҮ КАДАМДАРЫ

Жакында эле КЭУда «Жаңы экономикалык чакырыктардын шартында жогорку ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары илимий-техникалык кызматташтык: тенденциялар жана өнүгүү перспективалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Белгилеп кетсек, аталган иш-чара Бишкекте өткөн Жогорку ЕАЭБдин кезектеги саммити учурунда болду. Бул конференцияга Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы М.Мясников, ЕЭКтын интеграция жана макроэкономика министри С. Глазьев, билим берүү жана илим министри У.Мамбетакунов, Евразиялык тармактык университеттин ректорлору, ж.б. катышты. Конференцияны ЕЭКтын коллегиясынын төрагасы М.Мясникович ачып, ЕАЭБдин илимий-техникалык кызматташтыктын негизги багыттарына жана артыкчылыктарына, интеграциялык кадамдарды арттыруунун формаларына токтолду. ЕЭКтын интеграция жана макроэкономика министри С.Глазьев ЕЭК тарабынан иштелип чыккан «Евразиялык экономикалык интеграция» окуу куралын презентациялап, окуу-методикалык материал катары жана биргелешкен пилоттук программа катары «Евразиялык интеграция» магистрдик программасын киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле саммитте Россиянын Президенти В.Путин да билим берүү системасын интеграциялоо жана илимий-техникалык өз ара кызматташтыкты өркүндөтүүнү күчөтүү зарылдыгын белгилеп кетти.

Евразиялык тармактык университеттин түзүмүнө 19 жогорку окуу жайы кирди. Албетте, анын ичинде КЭУ да бар. Бул эл аралык билим берүү мейкиндигине сүңгүп кирүүнүн кадамдары десек болот. Жогорудагы бардык жасалып жаткан орчундуу иш-аракеттер Кыргыз экономикалык университетинин мурдагы ректору жана азыркы кеңешчи, профессор Т.Камчыбековдун демилгеси менен жүзөгө ашырылууда. Ооба, дагы алдыда көп коюлган максаттар бар. Бул максаттар ректор А.Кадыралиевдин ишкердүүлүгү, КЭУнун жамаатынын биргелешкен үзүрлүү эмгектери менен ишке ашырылып жатат.

Гульназ Супаева,
э.и.к., доцент,
Фарида Кулуева,  п.и.к., доцент

 

Бөлүшүү

Комментарийлер