ЭҢ БАШКЫСЫ – КЕСИБИМДИ СҮЙӨМ

  • 05.12.2022
  • 0

Нарын районундагы Таш-Башат  айылынын  Дүрбөлөң Мамбет уулу атындагы орто мектептин директору Анаргүл Жолдубаева чет өлкөдө орус тилин жана маданиятын жайыл- туу боюнча чыгармачылык демилгелер фестивалында “Педагогикалык технологиялар” номинациясында жеңүүчү болду.

ЭҢ БАШКЫСЫ – КЕСИБИМДИ СҮЙӨМ

— Кыргызстандан он мугалим катышканбыз: сегиз мугалим Бишкектен, бир мугалим Балыкчыдан. Атаандаштар абдан күчтүү болду. Фестивалдын шартында үч номинация бар экен: “Искусство жана маданият”, “Билим берүүчүлүк медиа”, “Педагогикалык технологиялар”. Анын ичинен, мен өзүмө жакын “Педагогикалык технологиялар” номинациясын тандадым. Сабактын сценарийин И.А.Крыловдун “Боз чымчык жана Көгүчкөн” аттуу тамсили боюнча түзгөм. Кичинекей тамсилди кызыктуу кылып, ар түрдүү усулдарды, технологиялык ыкмаларды колдонуу менен иштеп чыктым. Менин сабагым финалдык турда жеңиш алып келгенине кубандым. Кыргызстандын намысын билимим менен коргоп, өз салымымды кошконума ыраазымын, — деди Анаргүл Жолдубаева.

ПИРЯЛга тапшырып, окуп, орус тили жана адабияты адистигин алып чыкканына 30 жылга айланып бараткан убак. Алгачкы эмгек жолун Нарындагы облустук лицейден баштаган. Ал жерде иштеген учурда жети жыл катары менен “Жыл мугалими” сынагына мектептен баштап, облустук, республикалык турларга катышып, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошол ийгиликтердин аркасынан “Билим берүү мыктысы” төш белгисинин ээси болду. Нарын мамлекеттик университетинин орус тилинин практикалык курсу кафедрасында, университеттин алдындагы лицей, колледждерде эмгектенди. Акыркы беш жыл ичинде №9 мектепте иштеп, көп ийгилик жаратты. Быйыл директорлордун конкурсуна катышып, Нарын шаарында бир да мектепте вакансия жок болгондугуна байланыштуу, Таш-Башат айылындагы мектепке коюп, 67,5 балл менен конкурстан өтүп, Дүрбөлөң Мамбет уулу атындагы мектепке директор болууга жетишти.

 Көп эл аралык сынактарга катышып, жеңүүчү болуп келет. Анын ичинде 2021-жылы Москвадагы орус гуманитардык миссиясы, Россотрудничествонун жардамы менен, Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Русский язык в Кыргызстане – новые горизонты” аттуу эл аралык сынагы болуп, он жеңүүчүнүн катарында Москва шаарына барып келген. Ошол сынактын алкагында “Конкурс чтецов для учащихся” болгондо, сегиз окуучуну даярдап ала барып, 2-орун жана “көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыктарына ээ болуп, калган окуучулары сертификат алып  келген. Ошол эле жылы, дүйнө жүзү боюнча орус тилчилер катышкан XXI эл аралык А.С.Пушкин атындагы сынак болуп, ал сынактын дагы лауреаты болуп катышып, декабрь айында сыйлоо аземине барган. 2021-жылдын октябрь айында Белоруссиянын Минск шаарында мугалимдердин чеберчилиги боюнча VIII эл аралык “Хрустальная чернильница” Ф.М.Достоевский сынагынан финалга чыгып, 2-орунду камсыздап келди. Эл аралык деңгээлдеги сынактарга өзү эле катыша бербестен, окуучуларды дагы даярдап, байгелүү орундарга жетишип келди. 700 мугалим катышкан “Школа без границ” аттуу сынакта лауреат болду.

Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында 32 өлкө, 402 мугалим катышкан эл аралык фестивалга дагы катышып келди. Фестивалдын финалдык турунда, 30 мугалимдин арасында, Түркия мамлекетинин Анталья шаарындагы Москва эл аралык мектебинин аянтчасында даярдап келген проектилерди, мастер-класстарды презентациялап, жеңишти багындырды, сыйлыктын жана сыймыктын ээси болду. Аталган фестиваль Москва шаарындагы “Кадам” Билим берүү инновациялары борбору” Кошумча кесиптик билим берүүнүн автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган.

Фестивалдын жүрүшү, даярдыктар, кыйынчылыктар жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, каарманыбызды сөзгө тарттык:

— Сынактарга катышкан сайын кызыгуу, азарт пайда болот. Өз предметимди жакшы билгендиктен, даярданганда өтө деле кыйналбадым. Бирок алыскы сапарга чыгууда кыйынчылыктар болду. Ал моралдык, материалдык жактар. Буга чейин деле жол чыгымдарын өз каражатыбыздан жаап келгенбиз. Мисалы, ушул фестивалга барганга кредит алып бардым. Намыс үчүн ага деле кайыл болдум, бирок тажикстандык орус тилчиге Антальяга самолетко билетти Россотрудничество, республикада орус тилин жайылтууга, өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн деп алып бергенин укканда, эмнеге бизде мындай эмес деп ойлондум. Мен деле кайрылгам биздин Россотрудничествого, бирок алардан эч жардам болгон жок, бизде андай статья каралган эмес, Кыргызстандын жашоочулары үчүн андай жол кирелерди төлөбөйбүз дешет. Кыргызстандын атынан жаштардын “Дороги мира – дороги добра” аттуу фестивалына мектеп окуучуларын алып барып келдим, анда дагы өзүбүз эле төлөп барып келдик. Менин таң калганым, эмне үчүн ушундай эл аралык деңгээлдеги фестиваль, сынактарга барганда мамлекет мугалимдерди колдобойт? Эмнеге спортсмендерге эле көңүл бурулуп, квартира, машина беришет? Биз деле Кыргызстандын желегин желбиретип, билим берүүсүнүн жүзүн көрсөтүп жатабыз да?

Ал дагы эч нерсе эмес, жергиликтүү жетекчилер бир “Ыраазычылык кат” берип, кечке эле ала бересизби деп, көңүл бөлбөй койгондо, эмгегиң бааланбай калганда, “Нарын шаарынын атуулу” наамын беребиз деп бербей койгондо абдан ыза болдум. А бирок, андан кийин Белоруссиянын Тынчтык Фонду, Минск шаарына барганда, Ардак грамота жана “Эки Республика арасында тынчтык, достук жана кызматташтык орноткондугу үчүн” деген медаль тапшырды. Ар бир ийгиликтин артында опол тоодой эмгек, изденүү, өжөрлүк бар. Бирок негизгиси – өз кесибиңди сүйүү! — дейт А.Жолдубаева.

Анаргүл Жеңишбековна жараткан ийгиликтердин ичинде быйылкы жылдын директорлук орунга карата  сынактын жеңүүчүсү болгону дагы бар. 90 жылдык тарыхы бар, кичинекей, эски мектепке жаңы дем киргизүү далаалаты, көптөгөн пландар коюлган. Мектеп жамааты 2024-жылы эки кабаттуу типтүү мектептин салынышын күтүп жатат. Ошону менен бирге жаңы жетекчи, мугалимдердин изденип, чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзүп, педагогикалык деңгээлинин үстүндө иштөөсүнө үлгү болуп келет.

А.АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер