Э.АБДЫРАИМОВ АТЫНДАГЫ №54 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

  • 11.06.2021
  • 0

№54 кесиптик лицейдин миссиясы:

Эмгек базарынын талаптарына ылайык квалификациялуу жумушчуларды даярдоо.

Жумушчу кадрларды адептик сапаттарга тарбиялоо, кесиптик мыкты компетенцияларга
ээ кылуу.

Жаш жумушчу кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн жаңы технологияларды колдонуу.

Э.АБДЫРАИМОВ АТЫНДАГЫ №54 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылындагы Э.Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейдин тарыхы

Ноокат районундагы №54 кесиптик лицей 1982-жылы 4-февральда Кыргыз ССР Министрлер Cоветинин №64 токтому менен №44 жылкы заводу совхозунун Жаңы-Базар айылында айылдык орто билим берүүчү кесиптик-техникалык (ССПТУ №54) окуу жайы болуп ачылган.

Окуу жайы алгачкы жылдарын совхоздун эски кенсесинин имаратында баштап, беш жыл кыйынчылык менен эки смена окуп өткөрдү.

Окуучуларга жатакана үчүн совхоздун жумушчуларына курулган стандарттуу эки кабаттуу он батир берилген. Ал үйлөрдүн алдына кошумча курулуш уланып, ар бир өзүнчө коридор жасалып, 200 орундуу жатаканага айландырылган.

Э.АБДЫРАИМОВ АТЫНДАГЫ №54 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

Окуу имараты тар, окуу тарбия, кесипке, окутуу иштерин жүргүзүүгө жетишсиз болгондуктан 1987-жылы 1-сентябрдан Тельман атындагы колхоздун башкармасы Эшболот Абдыраимовдун демилгеси менен Тельман атындагы колхоздун аймагындагы Карл Маркс атындагы орто мектебинин эски имаратына көчүрүлгөн. Окуу жайдын матералдык базасын көчүрүүдө Тельман атындагы колхоздун башкармасы Э.Абдыраимовдун зор эмгеги мактоого татыктуу. Учурда кесиптик лицей анын наамын татыктуу алып жүрүүдө.

Окуу жайды 1986-1991-жылдары Парпиев Абдижалал жетектеп, алгылыктуу иштерди жасаган.

Тагыраак айтканда, 1988-1989-жылдары 70 орундуу замандап жатакана, анын ичинде 30 орундуу окуу залы менен китепкананы жалпы жамааттын күчү менен ашар жолунда курулган.

Э.АБДЫРАИМОВ АТЫНДАГЫ №54 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

Базалык ишкана болгон Тельман атындагы колхоздун демөөрчүлүгү менен 1990-жылы 150 орундуу баардык зарыл шарттары бар жаңы ашкана курулуп берилген.

1991-жылы квалификациялуу кесип ээлерин даярдоодо өндүрүштүк окутууларды өткөрүү үчүн беш окуу устаканаларынын имараты курулган. Устаканалар даярдалып жаткан адистиктер боюнча жакшы жасалгаланып, керектүү жабдуулар менен жабдылган.

1991-жылдан 1993-жылга чейин окуу жайды Ташболот Абдыраимов жетектеп, кесипкөй жаштарды даярдоодо, инженердик-педагогикалык кадрлардын билим, тажрыйба деңгээлдерин жогорулатууда алгылыктуу иштерди аткарган.

Э.АБДЫРАИМОВ АТЫНДАГЫ №54 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

1993-жылдын июнь айынан 2017-жылдын октябрь айына чейин окуу жайды Меңдибаев Абийбилла жетектеп, окуу жайдын материалдык базасын андан ары чыңдоодо жана өнүктүрүүдө кошумча курулмаларды куруудан тышкары, окуу жайга жаңы техникаларды келтирүүдө зор эмгек жасаган.

Окуу жайы уюшулган күндөн 1994-жылга чейин, орто билим берүү менен айыл чарбасына керектүү кеңири профилдеги механизаторлордун, чабан-механизаторлор, мал чарба фермаларынын кенже ветоператорлорун, машина менен сүт саап алуучуларды жана багбандарды даярдады.

1994-жылдан 1999-жылдын июнь айына чейин эки жылдык мөөнөт менен кесипке гана окутуп, базар экономикасынын талабына ылайык: айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (фермер), бухгалтердик эсепчи, тигүүчү, сатуучу жана ашпозчу адистиктери боюнча кесип ээлери даярдалды.

1999-жылдын 1-сентябрынан окуу жай кесиптик лицей деген статус алып, кайрадан орто билим берүүчү, кесипке даярдоочу №54 Кесиптик лицей болуп иштеп жатат.

Э.АБДЫРАИМОВ АТЫНДАГЫ №54 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

2017-жылдын октябрь айынан бери окуу жайды Султанов Мансурали Арапбаевич жетектеп, анын окуу өндүрүштүк базасын андан ары өнүктүрүүдө алгылыктуу иштерди аткарып жатат.

Айыл жаштарын кесипке үйрөтүп, тарбиялоодо инженердик педагогикалык жамааттын мүчөлөрү бүгүнкү күндүн талабына ылайык инновациялык жана интерактивдик жаңы усулдарды пайдаланып иштеп жатышат.

Окуу жайы окуу материалдык базаны чыңдоо үчүн АӨР, Евросоюз, Мерсико жана Юсаид эл аралык донорлор менен иштешип, 6,2 миллион сомдук заманбап техникалар жана жабдуулар менен жабдылды. Андан тышкары АӨР тарабынан 8 млн. 148 миң сомдук инвестиция тартылып, өнөрканаларды жана жатаканаларды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Өнөр үйрөнүүнү каалаган жаштардын саны барган сайын көбөйүп, №54 Кесиптик лицей кесип уясына айланууда.

2021-2022-окуу жылына төмөндөгү адистиктер боюнча окуучуларды кабыл алууну жарыялайт:

9-класстын базасында 3 жылдык окуу мөөнөтү менен төмөндөгүдөй адистерди даярдайт

  1. Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (Фермер)

8331 -«А.В.Г» категориясындагы тракторчу-машинист. Лицензия №LH140000088

6111-өсүмдүк өстүрүүчү.

8322-“С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Окуу мөөнөтү – 3 жыл

  1. Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (Фермер) Лицензия № LH180000123

6121 — 5 разряддагы жаныбарларды кароо боюнча оператор.

8331- “АВГ” категориясындагы тракторист-машинист. Окуу мөөнөтү – 3 жыл

8322 — “С” категориясындагы автоунаа айдоочу

  1. 8263, 7443 Тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү. Лицензия №LH140000088 окуу мөөнөтү – 3 жыл

11-класстын базасында 10 ай окуу мөөнөтү менен төмөндөгү адистерди даярдайт

  1. Ширетүүчү (электр жана газ менен ширетүү иштери) “С” категориясындагы автомобиль айдоочу

7212 — 3-4 разряддагы электр жана газ менен ширтүүчү Лицензия №LH140000088

8322 “С” категориясындагы автомобиль айдоочу

Кыска мөөнөттөгү курстар:

  1. 8322 — «В жана С» категориясындагы автоунаа айдоочу. Лицензия №LF140000217 окуу мөөнөтү 3,5 ай
  2. 7212 — Электр менен ширетүүчү. Лицензия №LE140000725 окуу мөөнөтү – 3 ай
  3. 7443 — 3-разряддагы тигүүчү. Лицензия №LE140000725 окуу мөөнөтү – 3 ай
  4. 6121 — Жаныбарларды ветеринардык жактан кароо боюнча оператор. Лицензия №LE180000695 окуу мөөнөтү – 3,5 ай
  5. 7233 — Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электро монтёр. Лицензия №LS180000259 окуу мөөнөтү – 3,5 ай
  6. Жеке компьютердин оператору. Лицензия №LE 180000695 окуу мөөнөтү – 3 ай
  7. Жеке компьютердин оператору. Лицензия №LE 180000695 120 саат (мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн)

Окуу жайга кирүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  1. Директордун наамына жазылган арыз.
  2. Билими жөнүндө күбөлүк же аттестат (түп нускасы).
  3. №086-У медициналык аныктама.
  4. 3х4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт.
  5. Туулгандыгы туралуу күбөлүгүн же паспорттун окуу жайга өзү алып келип көрсөтөт.
  6. Аскерге чакырылуучунун күбөлүгү, аскердик билетинен көчүрмө.
  7. Ишкананын жолдомосу (жумуш берүүчүлөр тарабынан жөнөтүлгөндөр үчүн).

10 айлык мөөнөт менен окугандар сабакты өздөштүрүүсүнө жараша 400-500 сом өлчөмүндө стипендия алышат.

3-жылдык мөөнөт менен кабыл алынгандар үч маал тамак-аш, алыстан келгендерге жатакана жана окуусуна жараша стипендия (200-300) сом берилет.

Диплом жана орто билими жөнүндөгү аттестатка ээ болушат.

Окуу жайында: техникалык, өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча ийримдер жана спорттук секциялар иштейт.

Арыздар: ж.б. документтер 2021-жылдын 1-июлунан 25-августка чейин кабыл алынат.

Тел.: 0773411883, 0777339720, 0778660100.

Кабыл алуу комиссиясы

Бөлүшүү

Комментарийлер