ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

  • 20.02.2024
  • 0

Эгерде 2021-2022-окуу жылында 99 кесиптик лицейде 34 миң 39 окуучу билим алса, учурда 100 кесиптик лицейде 31 миң 600 бала окуйт. 2022-жылы башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макети жаңыртылды. Ага ылайык, көпчүлүк адистиктер боюнча окуу мөөнөтү үч жылдан эки жылга чейин кыскартылды.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

2021-жылы лицейлердин 11% окууну жумуш ордунда практика менен айкалыштырган дуалдык окутууну киргизилсе, 2022-жылы 20%, 2023-жылы 40% дуалдык окутууну киргизди. Беловодский районундагы №28 кыргыз-орус лицейи да дуалдык окутуу жүргүзүп келет. Тракторист, ширетүүчү, темир уста, слесарь, бычмачы, тигүүчү, ашпозчу, чач тарач ж.б. айыл чарба багытындагы 16 жана  IT адистиги боюнча адистиктерди даярдайт. Лицейде жалпы 458 окуучу билим алат. Мастер, окутуучуларды кошкондо жалпы 34 кызматкер эмгектенет.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

Лицейдин убактылуу директорунун милдетин аткаруучу Наталья Нелинанын айтымында, лицейде 28 жыл директорлук кызматты аркалаган мурдагы жетекчи Сагынбек Кудайбергенович буга чейин эле окууну өндүрүштө өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруп келген. Дуалдык билим окуучуларга жашоонун реалдуулугуна көнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өндүрүштө иштөө көп пайда алып келгендиктен, лицейдин жамаатына бул тааныш болуп, алып кетүү оңойго турду.  Бул жаатта тажрыйбасы мол болгондуктан, бүгүнкү күнү айрым лицейлердин директорлору байланышып, “кантип, кандай” деген сыяктуу суроолор менен кайрылышат. Мурдагы жетекчинин лицейдин өсүп-өнүгүүсүнө, азркыдай сакталышына зор салымы бар. Себеби 28 жыл мурда ал жаңы жетекчи болуп дайындалганда эч нерсеси жок имарат болгон.

  • Биз иш берүүчүлөр менен дуалдык окутуу киргизилгенге чейин эле тыгыз иштешип келгенбиз. Дыйкан чарба багытында, жеке, ири  жана чоң  компаниялар менен келишимибиз бар. Ачыгын айтканда, жеке менчик ишканалар көп кызыкдар эмес. Дыйкан чарбачылык иштери боюнча көп алат. Жеке тааныштык аркылуу тапкан учурлар көп болот, — дейт Наталья Нелина.

 

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ28 лицей 15 чакты ири жана чакан компаниялар менен кызматташат. Алардын бири    – “Алымбаев” жеке ишканасы.  Анын негиздөөчүсү Бакыт Алымбаев лицейдин бүтүрүүчүсү. Бакыт Алымбаев өз билим уясын колдоп, дуалдык окууга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Окуучулар эки смен менен барып, өндүрүштө практика өтөт.

  • Ширетүүчү болуп иштеп жатканыма 20 жылдан ашык убакыт болду. 2005-жылы 28-лицейди аяктагам. Ишкана ачканыма 12 жыл болду. 2018-жылдан бери дуалдык билим берүү багыты боюнча лицей менен иштешем. Башында окуучулар өздөрү келип, иштеп турууну суранышчу. 2021-жылдан бери расмий түрдө тыгыз иштешүүдөбүз. Окуучулар үчүн өзүнчө аянтча бөлүп койгонбуз. Жөн эле эки темирди бири-бирине ширетпестен, конструкция чогултууну, геометрия, черчение сабактары, кесиптин перспективасы темалары да өтүлөт. Ширетүүнүн түрлөрүн өздөштүрөт. Программада жок темаларды аны кошумча үйрөтөбүз. Кандай жумуш келсе, ылайыктап чогуу иштегенге аракет кылабыз. Компьютердик станокторубуз бар, аларда да үйрөнүшөт. Өзүбүз алган тажрыйбанын баарын окуучуларга өткөрүп берип жатабыз. Анткени билимди бергенден кемибейт,  — дейт Бакыт Алымбаев.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

Ошондой эле ишкана Кыргызстан менен Германиянын атайын программасынын алкагында балдарды чет өлкөгө жиберүү боюнча да окутат.  Казакстандын жарандары да кайрылат.  “Ак кеме”, “Элизаветта”, “Байтур” холдинг сыяктуу ири жана кичи компаниялар менен тыгыз кызматташып, буйрутмалары боюнча иш алып барат. Мындан сырткары, окуучулар менен биргеликте өндүрүш практикасына объектилерге да барып турат. Идиректүү окуучуларды компаниялар жумушка алып калгандар да көп катталат. Мисалы, 2021-жылы Бостеридеги  “Baytur Resort»  беш жылдыздуу эс алуучу жайынын обүектилерин лицейдин окуучулары жасап, жакшы эмгек акы алышкан. Ошол эле кезде окуучулар үйрөнгүчөктү көп чыгаша кылат.  Себеби ширетүүнүн бир ыкмасын үйрөнгөнчө, көп ирет материалды бузат. Ылдамдыгы да аз, тажрыйбалуу адис бир күндө жасачу ишти, окуучу бир жумада аяктайт. Лицейдин атайын эсебине жылына 50-60миң сомдой каражат төлөйт.

 

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

Мындан сырткары, лицейдин окуучулары ӨКМ дин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда да дуалдык билим боюнча сабак алат. Борбордун башчысы Рысбек Жолдошбаевдин айтымында,   бул жерде бардык категориядагы кызматкерлер: куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр даярдалат. Кеңейтилген автопаркта 50дөн ашык техниканын түрү бар. Окуу борборунда заманбап окуу материалдарынын баары жетиштүү. Окуучулар техниканын бардык түрлөрү менен таанышып, оңдогонду үйрөнүп, кызмат көрсөтөт. Техникалык кароолорду өткөргөндү өздөштүрөт. №28лицей менен атайын түзүлгөн келишимдин негизинде жоокерлери да үч айлык адистикке даярдоо боюнча окуудан өткөрүлөт. Мунун менен аскерлер бир жылдык мөөнөттү жөн эле өтөп кетпестен, бир кесипке ээ болуп кетет. Бул эки тарапка тең пайда алып келет.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

  • Лицей менен иш алып барганга чейин кызмат үчүн башка жеке фирмаларга акча төлөп берчүбүз. Азыр биздин мастерлердин жана окуучулардын жардамында эч кимге көз каранды эмеспиз. Бузулган тетиктерди оңдоп же жаңы техниканы сатып алууга бизде мүмкүнчүлүктөр жаралды. Окуучулардын кызыгуулары абдан жакшы. Практика жүзүндө бат кабыл алышат. Теорияга караганда практикага өтө кызыгат. Лицейди аяктаганда бизде кызмат өтөрүн айтып жатышат. Биз бир эле адистикке эле көңүл бурбайбыз, аскердик, физикалык даярдыгын карайбыз, — дейт Рысбек Жолдошбаев.  

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

Буга чейин лицей эки жыл бою тикмечи адистиги боюнча Беловодский районундагы «Баян» фирмасы менен да кызматташып келген. Тилекке каршы, ал фирма жабылып, окуучулар өндүрүштө практика өтөбөй калды. Бирок машинкалары бар. Кийимдерди, шейшеп, төшөк, жаздыкчаларды ж.б. тигет. Кызматкерлер өздөрү да ушул цехтен буйрутма кылышат.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

Ошондой эле теориялык сабактан кийин балдар лаборатория кабинетинде практика өтүүгө бардык шарттар каралган. Ар бир темага ылайык практикага тиешелүү унаа, тетиктер бар, аларды балдар өздөрү кармап көрүп, оңдошот. Ширетүүнүн түрлөрүн жасоо үчүн технкиалар бар. Окуучулардын иш бөлмөсү ден соолугуна зыян келбегендей иштелип чыккан. Ширетүү тетиктери, коопсуздук кийимдери бардык окуучуга жеткиликтүү. Автоунаа оңдоочу жайда унаадан чыкан түтүндү чыгаруучу түтүкчө да коюлган. Жер айдоо иштеринде окуучулар техниканы да өздөрү айдап, айдоо иштерин да аткарышат.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

ӨЗ АЛДЫНЧА КИРЕШЕ ТАБАТ

Мындан сырткары, лицей өз чарбачылыгын жүргүзүп, гүлдөрдүн түрлөрүн, жашылча-жемиштерди өстүрөт. Мисалы, чакан күнөсканада эрте өсүүчү  бадыраң, кулпунай, гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрөт.  Гүлдүн эки: кала жана астрадемиа түрлөрүн өстүрүп, Бишкек шаарындагы кардарларына жиберет. Наркын дүң баадан да арзан баалайт. Бир даана кала гүлүнүн наркы 40 сомду түзөт. Гүлдөрдүн өсүүсүнө жараша бир сатканда 2000-3000 сом, эгерде эйына эки жолу гүлдөсө, он миң сомго чейин каражат табат. Жылына февраль айында бадыраң айдап,  май айында 300кг түшүм алат.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

Лицейдин жалпы аянты 40сотых жерди түзүп, жашылча өстүрүүгө да чарбагы бар. Анда картошка, помидор, бадыраң, сарымсак, калемпир, кызылча, түрп ж.б жашылчалардын баары өсөт. Бул окуу жайдын окутуучусу тамчылатма суугаруу ыкмасын биринчилерден болуп Кыргызстанда киргизген. Бакчасында малина, кулнунай өңдүү мөмө-жемиштер да өсөт. Алар да арзан баада эле сатылат. Басымдуу бөлүгүн лицейдин кызматкерлери алат. Мисалы, быйыл бир чака кулпунай базарда 5000сом болсо, окуу жай 250сомго эле саткан.  

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

Мындай практика алууга бардык адистиктер боюнча шарты бар №28 лицейде билим алууга суроо-талап жогору болгондуктан, абитуриенттер тандалып алынат. Көпчүлүгүнөн баш тарткан учурлар көп кездешет. IT багыты заман талабындагы кесип болгондуктан, быйыл бул багытта группа ачкан. Себеби окуучулар жаңы кесиптерге ээ болууну каалайт. Ал эми Бишкек шаарына барып окуунун акысы кымбат. Окууну аяктаганда көпчүлүк бүтүрүүчүлөр чет жерлерге кетүүдө. Мурда жакынкы Казакстан, Орусияга кетсе, азыр Европа өлкөлөрүнө кетүү үчүн билим алат.

ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЫКТЫ КАДРДЫ ДАЯРДАЙТ

КАЙРЫМДУУЛУК

Лицейдин окуучулары эле эмес, окутуучулары да спорттук мелдештерде  район, облус, республикалык деңгээлде дайыма алдыңкы орундарды багындырат. Окуучулар кайрымдуулук иштеринде да активдүү. Чач тарач адистигинде окуган 20 кыз Беловодский районунда жайгашкан үч мектепке чейинки мекемесине барып, бекер кызмат көрсөтүп турушат. Таттууларды жасап, оюн-зоок программасы менен барышат. Карылар үйүнө барып да кайрымдуулук иштерин жүргүзүүнү каалашкан. Бирок, алардын көпчүлүк кабыл албайт. Жазында каалоочулар менен бирге ветерандардарга, карылардын үйлөрүнө барып,короо жыйнап, чөп чаап, гүл отургузуу сыяктуу көмөк көрсөтөт.

Мындан сырткары, жуманын дүйшөмбү жана ишемби күндөрү КРдин гимнин аткарууну адатка айлантып алышкан. Кадимкидей колду жүрөккө алып, койкоюп туруп, окутуучулар, окуучулар бирге ырдашат. Эч бир иш-чара гимнсиз башталбайт.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер