ДОГДУРКУЛ КЕНДИРБАЕВА: “12 ЖЫЛДЫККА ӨТҮҮГӨ ДАЯРДЫК БАР»
- 17.03.2024
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Фейсбуктагы баракчасында коомчулукка кайрылып, 12 жылдыкка өтүүдөгү өзөктүү суроолорго жооп берди. Албетте, ар бир жаңы жасалып жаткан иштерди колдогон жарчысы да арбын, териден тескери кабыл алган каршысы да жок эмес. Министр коомчулуктун ар бир пикирин сабырдуулук менен окуп, жооп берип турду. Коомчулук колдогон, берген сунуш пикирлерин кайрылуу менен кошо жарыялоону туура көрдүк.
“Кутман күнүңүздөр менен!
Сиздерге 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча кеңири маалымат берүүнү чечтим.
ЗААР пикир жазмай жок, баардыгы биздин балдардын келечеги үчүн жасалган аракеттер.
12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча министрлик тарабынан бир нече жылдан бери даярдыктар жүрүп келген. Бирок эки жолу Жогорку Кеңеште бул демилге колдоо тапкан эмес. Бул жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырма талабы менен мектепте билим алуунун 12 жылдык моделине өтүп жатабыз. Учурда социалдык баракчаларда жазылган кыргызстандыктардын ар андай суроолоруна, терс пикирлерине, кооптонууларына жана ар кандай божомолдоруна жооп берүүнү чечтим.
Билим берүүнү 12 жылга өткөрүү боюнча өзөктүү суроолорго жооптор.
- Окуучулар 19 жашка чейин окуйт экен….
— Андай эмес, мурдагыдай эле окуучулар 16-17 жашында бүтөт, болгону 0 класс деген жоюлуп 1-класс деп аталат. Окуучунунун жашы жогорулабайт, тескерисинче, төмөндөйт.
- 12 жылдык билим берүүгө даярдык жок…
— Даярдык бар, ар бир мектепте бар. Учурда 0 класска 100.000 ден ашык бала тартылган жана балдарга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800.000.000 (сегиз жүз млн) сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 млн. 400 миң сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык түрүнө карабастан мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо, дээрлик биринчи класска келген 157.000 окуучунун 80% даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берүү калган 20% бөбөктөрдүн билим алышына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Учурда төмөндөгүдөй иштер аткарылууда:
— 2024-2025-окуу жылы кыска мөөнөттүк балдарды өнүктүрүү кызматына 40.000 бала тартылат;
— 870 мугалим ушул кыска мөөнөттүк бала бакчаларда иштеш үчүн атайын даярдыктан өтүштү жана дагы 4500 адистер квалификациясын жогорулатышат. Ремонттук жана жабдуу иштери Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу жүрүп жатат. Ар бир ачылган борборлорго балдарды өнүктүрүүчү материалдар, оюнчуктар, оюн аянтчалары жасалып, санитардык шарттарын түзүү иштери жүрүп жатат жана бул ишти ар бир айыл өкмөтү билет. Балдарды өнүктүрүү борборлору жергиликтүү бийлик сунуштаган имараттарда ремонттолуп ачылат;
Учурдагы бала бакчалардын уктоо бөлмөлөрү өнүктүрүүчү бөлмөлөргө айландыруу менен 2024-2025-окуу жылына 60.000 бала тартылуу алдында жана кошумча педагогикалык штаттар бюджеттен каржыланат.
- Донордун акчасы үчүн жасалган аракет….
— Өзүңүздөр окугандай 12 жылга өтүү учурда донордун каржылоосу жок, бюджеттик каражат менен жүрүп жатат.
- Билим берүү жана предметтик стандарттары жана китептери даяр эмес…
— Кембридж стандарттарынын негизинде жазылган Сингапур өлкөсүнүн программаларын жана стандарттарын, окуу китептерин биздин мамлекеттик талаптарга жараша ылайыкташтырылат. Аталган өлкө дүйнөдөгү билим берүү боюнча эң алдыңкы өлкө болуп саналат. Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча китептери бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда жана Президентибиз бул процессти илгерилетүүгө тапшырма берди. Мындан ары мындай кымбат китептерди жеке менчик гана мектептердин окуучулары пайдаланбастан, ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтүү болот.
- Мектептер жетпейт….
— Туура, статистика боюнча 10 жылдын ичинде мектептеги балдардын саны дээрлик 500 миңге көбөйдү. Ага кошумча ички миграция жана урбанизация процессинин натыйжасында учурдагы шаар жериндеги мектептердеги балдардын саны нормадан жогорулады. Акыркы үч жылда республика боюнча 216 мектеп салынды. Быйыл 147 мектеп республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле өнөктөштөрдүн колдоосу менен салынды. 2023-жылы эле Бишкек шаарында 15 мектеп салынып пайдаланууга берилди. Эми шаарда аз сандагы балдар окуган мектеп менен ири мектептер оптималдаштырылат. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен Чүй областына 46 мектеп, анын ичинен Бишкектин тегерегиндеги айылдарга салынууга титулдук тизме кабыл алынды, а республика боюнча 200дүн тегерегиндеги мектептердин жаңы имараты курулат. Тактап айтканда окуучулардын саны өзгөрбөйт.
- Мугалимдердин даярдыгы жок, жетишпейт…
— Кыргызстандагы мугалимдерди коштоо, усулдук жардам көрсөтүү, үзгүлтүсүз жана өзүнө ыңгайлуу убакта өз билимин өркүндөтүү үчүн санариптик билим кампасы толукталган ноутбуктар менен камсыздоо башталат. Бул да бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
- Балдардын баары чет өлкөгө кетмек беле….
— 12 жылдык билим берүүдө мектептерде кесипке багытталган класстар түзүлөт. Табигый математикалык, гуманитардык, технологиялык. Ошондой эле мектептен кошумча жумушчу кесиптин ээси болуп, сертификат алганга мүмүнчүлүк жаралат. Эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгышат. Ички жана эл аралык жогорку окуу жайларда айрым предметтердин кайталанбашына шарт түзүлөт. Мектептин жогорку классында билим берүүдө балдардын муктаждыгына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайыкталган, адистештирүүгө багытталган билим көндүмдөрдү калыптандыруучу окуу процесси жүргүзүлөт.
Чыдап окуп чыккандарга ыраазылык билдирем!”
Фейсбук колдонуучуларынын пикири (өзгөртүлбөй берилди)
Гүлжигит Токтошов:
12 жылдык окуу системасына өтүүнүн артыкчылыктары:
- БУУда катталган 197 өлкөнүн 150сү бүгүнкү күндө 12 жылдык окуу программасы менен окуйт;
- Балдарын 12 жылдык окуу системасы менен окуткан АКШ, Канада, Улуу Британия, Франция, Австрия, Бельгия, Испания, Кытай Эл Республикасы, Индия, Япония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр дүйнөлүк экономиканы күнүмдүк керектелүүчү товардан баштап (кийим кече, азык-түлүк) жогорку технологияга (high-tech) чейин камсыздап турат.
high-tech –бул биотехнология жана фармацевтика; учактар жана космическалык аппаратар; өндүрүш приборлору; машана куруу; радио, телевидение жана байланыш каражаттары; эсептөө техникалары; санариптик кызмат көрсөтүү; жасалма интеллект ж.б.
- Илим тармагындагы олутуу ачылыштар дагы ушул эле АКШ, Канада, Улуу Британия, Франция, Австрия, Бельгия, Испания, Кытай Эл Республикасы, Индия, Япония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө болуп турат. Бул 12 жылдык окуу программлары менен окуган өлкөлөрдө билим берүү, илим жана өндүрүш тармактарынын интеграцияланышын айгинелейт;
- Бизде 12 жылдык окуу системасына өтүү кээ бири туура эмес маалымдап жаткандай, мектепти бүтүп жаткан окуучунун жашы дагы 1 жашка жогорулашына алып келбейт. Болгону “0-даярдоо классына” барып жаткан 6 жаштагы окуучулар 1-класска барып калат. 12-классты бүтүрүп жаткан окуучу мурдагыдай эле 17 жашта болот.
- Биздин 12 жылдык окуу мектептерин бүтүргөн окуучуларыбыз эч кандай кошумча даярдоо курстарын өтпөстөн жогорудагы 150 өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырып билимдерин өркүндөтө алышат;
- 12 жылдык окуу системасына өтүү этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Назира Ибраимова
Мындан артык түшүндүрүү болбойт го дейм, эгер эч нерсе кылынбаса дагы айтмакпыз, билим берүүдө эч өзгөрүү жок деп, бардык өзгөрүүлөр бараб-ара жемишин берет, баштаган ишиңиздерде ийгиликтер жаралсын.
Saparcul Jetimishbaeva
Сиздин ар бир кадамыңыз билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө багытталууда.
12 жылдык билим берүүнү колдойбуз. Ар бир баштаган ишиңизди ийгиликтер коштосун!
Ооба, балдардын бары чет жакка чыгып кетмек беле? Азыркы учурдун көйгөйү ушул. Окууну бүтө калып эле, мигрант болуп кетип жатышат.
Паспорт берүү жагын дагы карасаныздар, 16 жаштан берилип бели, ою ката электе чет жакка акча табуу үчүн кетишет.
Ал эми 12 жылдык окуу боюнча кадам туура, мындай караганда айырмасы жок. Дүйнөлүк стандарт менен теңелип, астыга чыксак жаманбы?
Догдуркул Шаршеевна! Эн жакшы маалымат бердиңиз! Чындыгында көптөгөн туңгуюктагы суроолорго мыкты жооптор берилди. Ишиңизге ийгилик! Мамлекетибиздин билим берүү тармагында өсүү, өзгөрүүлөр боло берсин!
Ulan Tursunov
Эң сонун, бул демилге, биринчиден, буга чейин элге туура эмес түшүндүрүп алгандыктан колдоо тапкан эмес, экинчиден, «кабыл алуучулар» өздөрү түшүнгөн эмес. Азыркы мектепке даярдоо класстарын 1-класс кылып кабыл алып баштоо учурдун талабы. Туура болду.
Кубат Оторбаев
Эң жакшы демилге. Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!
Рапия Исаева
Туура жана так түшүндүрүү. Колдойм. Эч нерсе өзгөрбөйт, баягы эле курак, болгону 0 класс биринчи класс болуп эсептелип калат. Башка суроолордун жообун айтпасак да, ушуну дагы кайталап жазып коюунчу… Киргизгендин себебин министр айым жакшы түшүндүрүп кетти.
Ушу 12 жылдык жөнүндө 2021-жылдан бери эле айтып келе жатышат, учурунда мен да түшүндүрүп пост жаздым эле … Анда тепкиленгем. Түшүнгүсү келбегендер түшүнбөйт экен. Каршы чыккандардын бир группасы, айрым ата-энелер экен. Алар балдарын эртеден кечке бала бакчага эле берип койгонду туура көрүшөт экен. Мектепке 1-класска ташыбай.
Любая реформа сопровождается противостоянием. На то и Реформа. Ничего, большинство людей хорошо понимают и поддерживают. Надеюсь, будут хорошие (существенные) результаты. А реформа в образовании долгий процесс, результаты не будет заметно сразу или в течении года…Так что, уважаемая общества, правильно поймите… Плоды дается через какое-то время…
Успехов Вам в реформе образования!
Аскер Сакыбаева
Эң сонун! Билим берүүдө фундаменталдуу өзгөрүүлөр керек. Кыргызстан да башкалардан артта калбашы абзел.
Гулай Абдыкадырова
Ар бир ой-максаттар ишке ашышы үчүн ишеним менен алга жылуу керек. Дүйнөлүк стандартка Кыргызстанга теңелүү кайда деп пессимисттик көз караш менен отура берүүгө болбойт… Баарыбыз коомчулук, ата-эне, мугалим, жогору жактагылар жапырт колдосок, келечек муун үчүн чоң иш кылган болобуз. Айтылган иш пландар ишке ашсын, ийгиликтер коштосун.
Казымбек Мамытов
Догдуркул Шаршееваны билим беруу тармагын эн мыкты билген катардагы мугалимдин койгойунон баштап, бардык денгээлдеги мектептин, райондук, облустук билим тармагынын кунгой-тескейин жакшы билген, бул тармактарда иштеп жакындан билген чыныгы адис жетекчи катары билебиз. Баштаган реформаларыныз бугунку заман талабына ылайык туура багытка бет алганын коомчулук сезуудо, ишинизге ийгиликтерди каалайбыз!
Асылбу Тулекеева
Догдуркул Шаршеевна эн сонун жана тушунуктуу жеткиликтуу маалымат болду. Билим беруу системасында жакшы жакка озгоруулорго, алгылыктуу иштерге кубо болуп жатабыз. Окуучулар ушул убакка чейин 0 классты кошкондо 12 жыл убакыт кетирип келбеди беле.
Эми сиздин толук маалыматыныздан кийин бул нерсе учурдун талабы, коом онуккон сайын биз да артта калбай осуп келе жаткан муундарга замандын талабына жараша билим берууго муктаж экенибизди баарыбыз туура тушунуу менен кабыл алуубуз керек. Сиздин маалыматынызды таркатууга эле эмес тушундуруу иштерин жургузуп, жалпыга маалымат беруу бул биздин милдетибиз.
Тилекке каршы акыркы кундору жумурткадан кыр издегендер кобойуп, иштеп жаткан адамдын суйлогон созунон кылган ишине чейин сындагандар кобойду. Ыйык рамазан айында жакшы соз, жакшы пикир, жакшы ой менен жан дуйнобузду тазартып алга кадам арыштайлы. Онуккон мамлекеттердин катарына биздин билимдуу жаштарыбыз Кыргыз Мамлекетинин желегин желбиретип турсун!
Ал эми Догдуркул Шаршеевна сиздин тумон туйшуктуу ишинизге ийгилик каалайм!
Максат Курманалиев
Эң туура кадам, канча жолу бул реформа аты чыгып токтоп калып жатты эле, сиздин иш билгилдүүлүктөн ишке ашат буюрса. Кырызстан алга!
Канымгуль Кырбашева
Сиз чон реформанын башталышынан аягына чейин иштеп турсаныз экен. Мага жакты, 12 жылдык билим беруусунун моделдери. Эми команданыз менен бийлик биргелешип иш жузуно ашырыныздар! Олконун келечегине корулгон эн чон камкордукту албетте, колдойбуз!!!
Kamchybek Kuskakov
Догдуркул Шаршеевна!
Эң жакшы маалымат бериптирсиз. Рахмаат.
Чындыгында көптөгөн тунгуюктагы суроолорго мыкты жооптор берилди. Ишинизге ийгилик! Баарыңарды колдоого чакырам.
Мамлекетибиздин билим берүү тармагында өсүүлөр жогорулай берсин!
Шамшидин Токтосунов
Эч нерсени карабай 12 жылдык окуу тутумуна өтүү зарыл. Олуттуу реформа башталганда эч кандай каршылыктарга карабастан чечкиндүү кадам жасоо керек. 100 000 агартуу тармагында иштеген мугалимдер, 1 500 000 окуучу реформаны колдойт. Колдобогон агартуучуларды, алысты көрө албаган коомчулуктун кээ бир өкүлдөрүн укпастан мерчемделген жумуштарды аткаруудан баштоо учурдун талабы. Өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн бул 12 жылдык тутум мезгилдин талабы. Билим берүү тутумундагы мугалимдер, мектеп администрациялары, райондук (округдук) билим берүү бөлүмүнүн башчылары түшүндүрүү жумуштарын алып барышы абзел. Баардык реформаторлор бириксе, жеңиш биз тарапта болуп, өз турмуштарын жакшы деңгээлде уюштурган бүтүрүүчүлөр өлкөбүздү өнүктүрүүгө зор салымдарын кошушат.
Аксакал «реформатор» педагогдор унчукпай калышты? Эмне болду? Наам үчүн эле жүгүрүп жүрүшкөн окшойт.
Козубекова орто мектеби
Кандай болсо да жаштарыбыздын билими күчтүү болсун. Мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүп жатат. Биз окуучуларды шыктандырууга ,билимин жогорулатууга жардам беришибиз керек. Урматтуу ата энелер,бул долбоорду жапа тырмак алдыга жылдыралы.
Сартова Зинагуль
Көпчүлүк эл 12 жылдык билим берүүнүн чоо-жайын толук түшүнбөгөндүктөн, коомчулуктан колдоо таппай келген. Мына, эми, президентибиздин колдоосуна улай, министрдин калың элге жеткидей так, жөнөкөй тил менен түшүндүрүүсү эң жакшы болду. Чынчында, өнүккөн өлкөлөрдө канчадан бери 12 жылдык билим берүү кадыресе көрүнүш болуп, бизден чет өлкөгө окууга барган уул-кыздар 12 жылдыкты бүтпөгөн үчүн бир жылын текке кетиришип, даярдоо курстарынан өтүп келишпедиби. Эми өкмөтүбүз да бул маселеге терең маани берүү менен колдоого алары шексиз. Эң маанилүүсү, эми министрдин баштаган ишин аягына чыгарышына убакыт берип, шарт түзүп, колдон-буттан алыш гана керек. Кыска убакыттын ичинде билим берүү тармагында кадимкидей алга жылуунун деми сезиле баштаганы да жакшы көрүнүш. Урматтуу эл агартуунун күйөрмандары, мугалимдер, ата-энелер жана коомчулук ар кандай каралоо, жаманаттыдан алыс болуп, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыгын элге түшүндүрүү менен, балдарыбызга татыктуу билим берип, өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулууга ниет коюп, министрибиз Догдуркул Кендирбаева менен бир максатта, бир тилекте болуп, дүйнөлүк стандарттын талаптарына жооп берген билим жолуна аттаналы демекчимин!
Бакыт Алмакунов
Билим берүү тармагы жаңы кадамдарга барышы кубандырат, бул биздин өлкөдө зарыл иш, учурдун талабына ылайык иш колдойбуз.
Тологон Сулаиманов
Ириде педагогикалык түзүмгө көңүл бурсаңыздар. Жаш кадрларды даярдоо, сапатын жогорулатуу боюнча. Негизи, колдоого аларлык демилге.
Бибисара Мурзаибраимова
Эң сонун! Колдойбуз Догдургул Шаршеевна. Бир суроо — бала бакчаларда кандай өзгөрүү болоор экен? 6 жашка чыккан балдарын бардык эле ата-эне мектепке алып баргысы келишпейт го деп ойлойм, назик балдар да болот. 12 жылдыктын 1-классынын программасы менен бакчанын даярдоо группасынын программасы жакындаштырылса, даярдоо группадан өткөндөр мектептин 2-классына кабыл алынаар бекен?
Зина Омурзакова
Жаңы нерсенин жарчысы да, каршысы да көп болот эмеспи , бул колдоого алына турган мезгилдин талабы, ийгилик, ден соолук сизге Доктуркул Шаршеева !
Гульназ Чолпонкулова
Мындан артык так, жеткиликтүү түшүндүрмө болбос, Догдуркул Шаршеевна, Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында алгылыктуу кадамдарды жасап атканыңыздар кубандырбай койбойт. Бала бакчада улуу тайпа, даярдоо тайпасында отулгондорду 0-класста кайталоо гана болуп, балдар зеригип калган учур көп кездешет. Андыктан эң туура чечим болду, 1-класстан баштоо, колдойбуз, иштериңизге ийгилик каалайбыз. Президентибиз мн бирге ийри отуруп, түз кеңешип, дүйнөлүк стандартка карай ыңгайлаштырып атканыңыздар созсуз жемишин бербей койбойт, буюрса. Көрүп кубандык, кандай сонун алга жылуу, Ажобуз озу баш болуп, чогулуш откоруп. Кеңешип кескен бармак оорубайт демекчи.
Bakyt Kozuev
Догдуркул Шаршеевна мыкты демилгени ишке ашырууда. Билим берүү тармагы өлкөбүздүн келечеги үчүн абдан маанилүү стратегиялуу тармак.
Бул иштерди турмушка ашыруу аябай оор жүк болот.
Келгиле, баардык кесиптештер, мугалимдер, министрибиздин демилгесин жалпыбыз колдойлу!
Мугалимдик тилектештигибизди көрсөтөлү!
Лира Оморова
Эң туура чечим кабыл алынды буюрса, ушуну менен окуу программалары, окуу китептери өзгөрүлсө билим берүүгө чоң реформа башталат деп ойлойм. Реформаны колдошубуз керек. Ошондой эле системада калыптанып калган окуучулардын билимин баалоону да баллдык, б.а упайлык баалоого өткөрсө да туура болмок деп ойлойм. Баштаган ишиңизге ийгилик Доктургүл Шаршеевна сизге ишенебиз себеби сиз реформатор мугалим экениңизди чогуу иштеген күндөн билебиз.
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер