ДИСТАНТТЫК ОКУУ: КӨРСӨТМӨЛӨР, АРАКЕТТЕР, КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР
- 26.03.2020
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө буйругун чыгарды. Буйрукта окуу жайлар дистанттык билим берүү технологияларын жана онлайн курстарды колдонуу менен окуу процессинин уюштурулушуна күн сайын көзөмөл жүргүзүп, дистанттык технологияларды колдонуу боюнча окутуучуларга үзгүлтүксүз усулдук жардам жана кеңеш берүүнү уюштурууга милдеттендирилди. Жетекчилер 30-мартка чейин бардык курстардын студенттери үчүн аралык жана жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү, бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарын берүүгө тийиш.
Кесиптик окуу жайлар коронавируска байланыштуу мөөнөтүнөн мурда каникулга чыгары менен алынын жетишинче автоматташкан маалыматтык башкаруу тутуму аркылуу окуу жараянын үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылып баштаган. Студенттерге AVN аркылуу дарстар, тесттер жөнөтүлүп, кайтарым байланыштар түзүлүп, модулдарды аралыктан алууга аракет көрүлүп келет.
И.Арабаев атындагы КМУ дагы студенттер карантинге тарагандан бери дистанттык билим берүүгө өтүү үчүн толук кандуу даярдыктарды жүргүзүүдө. Ал тургай мамлекеттик экзамендерди онлайн алууга даярданып башташты.
— Буга чейин дистанттык формада окуган студенттер үчүн AVNге бардык окуу методикалык комплекстер, дарстар, тесттик тапшырмалар киргизилип бүткөн. Эми ошол жакка эле күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдүн студенттери үчүн тийиштүү материалдар киргизилип жатат. Айрым факультеттер бүтүп калышты, — дейт ректор Төлөбек Абдырахманов.
Ош гуманитардык педагогикалык институту болсо кийинки жумадан баштап биринчи модулду http://ogpi.kg/ сайтындагы Тестирлөө аркылуу ала баштайт. Ал үчүн тесттер даярдалып, сайтка киргизилип, тийиштүү даярдыктар көрүлүүдө. Мында студенттер белгиленген мөөнөттө логин жана паролдорунун жардамында тестирлөөгө кирип, тиешелүү предметтер боюнча модулдарды тапшыра алышат. Тестирлөөнүн жыйынтыгы институттун AVN маалыматтык системасына автоматтык түрдө түшүрүлөт. Учурда окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы үйлөрүнөн http://ogpi.kg/ сайтынын AVN билим порталы аркылуу жеке кабинетине лекциялык материалдарды, практикалык жана лабораториялык иштердин тапшырмаларын жүктөп, студенттерге маалымат жеткиришүүдө.
Азыр бардык окуу жайлар автоматташкан маалыматтык башкаруу тутумунан сырткары студенттери менен социалдык түйүндөр (whatsapp, telegram же facebook) аркылуу да байланышып жатышат.
- Биздин окутуучулар ZOOM сыяктуу видео конференция өткөрүүчү программаларды дагы пайдаланып, студенттер менен байланышып жатышат. Электрондук группаларды түзүштү. Сабактардын жадыбалы болсо сайтка жүктөлдү. Окуу адабияттары менен камсыздоо үчүн онго чукул сайт аркылуу базаларга кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилди, — дейт ОГПИнин маалымат катчысы.
ЖОЖДОРДУН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ БОЮНЧА ПРАКТИКАСЫ ЖЕТИШТҮҮ
Буга чейин бардык окуу жайларда дистанттык билим берүү боюнча борборлор түзүлүп, кандайдыр бир деңгээлде иштер жасалып келген. Алардын сап башында Кыргыз экономикалык университети турат. Бул окуу жай жогорку кесиптик билим берүүнү жаңы сапаттык баскычка көтөрүү демилгесин алгачкылардан болуп баштап, заманбап маалыматтык жана телебайланыш технологияларын колдонуу менен билим берүү жараянын уюштурууга багытталган Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтун түзгөн. Кыска убакыт ичинде институт окутуу жараянына on-lain жана off-lain тартибинде көрмө-укма, кейс технологияларын, электрондук окутуу аркылуу жаңы технологияларды киргизүү боюнча алгылыктуу иштерди аткара алды.
— Башында биздин окутуучулар дагы электрондук билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу үчүн көп убакыттын талап кылынышы, билимдеринин жетишсиздиги сыяктуу бир катар кыйынчылыктарга дуушар болушту. Азыр болсо иштин көзүн таап алдык, — дейт университеттин окуу-методикалык иштер боюнча проректору Динара Турсуналиева.
Учурда КЭУда электрондук окутуунун төмөнкүдөй элементтери ийгиликтүү ишке ашырылууда:
— электрондук окутуу тутумуна тартылган профессордук-окутуучулук курам үчүн e-learning чөйрөсүндө көндүмдөрүн жакшыртуу, жыл сайын өткөрүлгөн дасыгын жогорулатуу боюнча окутуучу семинарлар;
— окуу-методикалык комплекстери үзгүлтүксүз өркүндөтүлүп турат;
— окутуучулар тарабынан вебинарлар сапаттуу өткөрүлөт жана видео курстар дыкат даярдалган;
— видео-курстарды жана видео-презентацияларды даярдоо үчүн видео-студия ачылган.
ТЕЗ АРАДА ЧЕЧЕ ТУРГАН МАСЕЛЕЛЕР
Мүмкүнчүлүккө жараша окуу жайлардын баары дистанттык окууга өттүк дегени менен, чечилбей жаткан маселелер дагы арбын. Биринчиден, өз айылдарына кеткен студенттердин баардыгында интернет жетиштүү эмес. AVNге кире албагандары да бар. Экинчиден, айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилгендиктен, окутуучулар эч жакка чыкпай үйлөрүндө иштөөгө мажбур. Студенттердей эле алардын баарында эле аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок.
Өзүмдүн эле тажрыйбамды айта кетейин. Мен Бишкек шаарынын четиндеги айылдан барып-келип иштейм. Буга чейин зарылдык болбогондуктан үйгө интернет киргизген эмеспиз. Эми болсо такыр эле эшикке чыга албай калдык. Студенттерим менен Whats App, мессенджер аркылуу гана байланышып жатам. Алардын арасында дагы мүмкүнчүлүгү жоктор бар. Мисалы, азыр бир студентим Тоң районундагы Ала-Баш айылында. Ал жакта интернет жокко эсе экен. Эптеп Whats App аркылуу байланышып жатам.
Окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов учурда бардык студенттер менен байланыш жүргүзүлүп, канчасынын аралыктан окууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги такталып жатканын билдирди.
- Биз азыр ар бир студенттин каякта экенин тактап жатабыз. Аралыктан окууга мүмкүнчүлүгү жокторду таап чыгып, аларды мүмкүн Whats App же мессенджер аркылуу окутабыз деп жатабыз. Айтор, бир дагы студент окубай калбашы керек. Андан сырткары ар бир студенттин, өзгөчө карантинге алынган аймактардан келгендердин каякта, кимдикинде экендигин тактап жатабыз. Биз го балдарды кетирдик, алар каякка кетишти, айылына бардыбы, же башка жакта жүрүшөбү, эгерде карантинге алынган айылдыктар болуп калса, алар барып оору жугузуп алышкан жокпу деген кооптонуулар да бар. Бишкекке өзгөчө абалдын киргизилиши менен дистанттык билим берүүдө дагы тоскоолдуктар жаралат экен. Жок дегенде университетке ITадистери, окуу бөлүмүнүн кызматкерлери келип иштеши керек болот. Антпесе ишти алдыга жылдыра албайбыз. Ошол эле учурда алардын коопсуздугу үчүн ким жооп берет деген маселе дагы бар. Бирок ошого карабастан кырдаалдан чыгуунун жолдорун караштырып жатабыз. Мүмкүн керектүү адистерди ташый турган унаа уюштурабыз, — дейт ректор.
Негизи эле электрондук окутууну киргизүүдө ченемдик-укуктук актылардын жетилбегендигинен улам тез арада чечүү зарыл болгон маселелер арбын экендигин айткан КЭУнун окуу-методикалык иштер боюнча проректору Динара Турсуналиева аларды бирден санап берди.
- Мисалы, биздин окуу жай дистанттык билим берүүнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген бир катар кыйынчылыктарга туш болууда. Бул башка окуу жайларга дагы тиешелүү. Биринчиден, аралыктан билим берүү жана электрондук окутуу технологияларын колдонуу менен сырттан окутуу түрүндө чектик контингентти жана бир студентке эсептелген аянт ченемин сактоо боюнча моралдык жактан эскирип калган ченемдер дагы эле талап кылынат. Окуу жараянын уюштуруу мындай көрсөткүчтөргө баш ийдирилген шартта электрондук окутууну иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө сөз кылуу өтө оор. Тилекке каршы, аралыктан окутуу жогорку мамлекеттик башкаруу органдарынын табигый консерватизмине учуроодо. Экинчиден, аралыктан билим берүү технологияларын колдонууда окутуучулук ресурсунун ынтызарлыгы жана мүнөздөмөсү өзгөрдү. Мисалы, электрондук окуу комплексин түзүүгө анын убактысынын көп бөлүгү сарпталат. Окутуучу электрондук окутуу материалдарын анын ичинде дарстарды даярдоодо ар кандай маалымат булактарын, ошону менен катар электрондук булактарды колдонот. Ал зор көлөмдөгү материалды бир нече күн иштеп чыгуусу зарыл болот. Үчүнчүдөн, аралыктан билим берүүнүн жана электрондук окутуу технологияларынын эрежелери боюнча студенттер окутуучу менен байланыш каражаттары аркылуу каалаган убакта же күн тартиби боюнча байланышат. Мисалы, Орусия, Түркия, Кытай ж.б. өлкөдө жашап, иштеп жаткан студенттер үчүн бул көп убакытты ээлеген башка убакыт тартиби болуп саналат. Бул учурда окутуучу өзүнүн убактысын кантип уюштуруу керектиги бүгүнкү күнгө чейин эч бир ченемдик иш кагазында жазылган эмес. Окутуу жүгүн бөлүштүрүү ченемдеринде да бул эрежелер жок. Окутуучу күндүзгү окутуу түрүндө окуу жүгүнө ээ жана тиешелүү акы алат деп эсептелинет. Бул айтылгандарга байланыштуу электрондук окутууну жайылтууда жана өнүктүрүүдө КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жогорку кенемтелерге көңүл бурат жана жаңы ченемдик-укутук актыларды бекитүүдө эске алат деген ишеничтебиз. Бардык жаңычыл ыкмалардай эле электрондук окутуу университеттин жамаатынан жалпы окуу жайдын деңгээлинде ишке ашыруу үчүн даяр болууну талап кылат. Албетте, ар бир окуу жай учурда болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн четте кала албайт жана дүйнөлүк коомдук жараяндар сунуштаган жаңы шарттарга шайкеш келүү багытын уланта берет.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер