ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

  • 06.08.2020
  • 0

Аралыктан (дистанттык) сабак берген мугалимдерге жардам материалдар

Аралыктан окутуу жана e-learning

Учурда дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан COVID-19 пандемия шарттарында аралыктан окутуу адаттагыдан да маанилүү жана актуалдуу болуп калды. Бирок, аралыктан окутуу жаңы көрүнүш эмес экен. 1840 жылы Айзак (Исаак) Питман аттуу адам почтолук карточкалардын жардамы менен стенографияны окутуп баштаптыр [1]. Бул дүйнөдөгү биринчи дистанттык окутуу курсу катары тарыхта жазылып калган.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

Айзек Питман жана анын аралыктан окутуу тууралуу газетадагы жарыясы[1]

 

 

 

 

 

 

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

 

Айзек Питмандын дистанттык окутуу карточкалары

 

 

Ошол жылдардан тартып Европанын жана АКШнын жогорку окуу жайлары каалоочуларга дистанттык окутуу ыкмасы менен билим алууну сунуштап башташкан.

Дистанттык окутуунун аныктамасын айта турган болсок, бул географиялык түрдө бири биринен аралыкта жайгашкан мугалим жана окуучулардын билим берүү жана билим алуу аракети [2].

Технологиянын өнүгүшү жана компьютерлердин пайда болушу менен аларды билим берүүдө колдонуу тууралуу пикирлер айтылып баштаган. Компьютердин жардамы менен окутуу (Computer Assisted Instruction — CAI) термини 1960-жылдары пайда болуптур, ал эми электрондук билим алуу (e-learning) түшүнүгү 1980-жылдары биринчи жолу колдонулуп баштаган [3].

Электрондук билим алуу (e-learning) түшүнүгүнүн баардык окумуштуулар тарабынан кабыл алынган так аныктамасы жок. Бул түшүнүккө ар кандай көз караштарга таянып, ар түрдүү аныктамалар берилет. Мисалы, технология тараптан же окутуу методикасы көз карашынан жана башка. Жалпысынан алганда, e-learning бул маалымат технологияларынын жана маалымат алмашуу технологияларынын жардамы менен билим берүү. Мында компьютер, смартфон, интернет, аудио, видео, анимация, текст түрүндөгү материалдар, компакт дисктер (CD) жана башка куралдар колдонулат [4]. Альберт Сангра (Albert Sangrà) соавторлору менен өз макаласында ар тараптуу көз караштарды изилдеп, түрдүү аныктамаларды чогултушкан [5].

Кээ бир маалымат булактарында электрондук билим алууну синхрондук жана асинхрондук кылып бөлүшөт. Синхрондук билим алуу — бул түз эфирде аудио / видео телеконференция же мессенджерлердин жардамы менен мугалимдин башкаруусунда билим алуу. Мында баардык окуучулар окуу материалдарын бир убакытта алышып, бири бири менен да түздөн түз байланыш түзүшөт. Ал эми асинхрондук билим алууда болсо, ар бир окуучу окуу материалдарын өзүнө ыңгайлуу убакытта окуп, мугалим менен электрондук почта сыяктуу куралдар менен байланышат. Асинхрондук окутууда сабактар түз эфирде жүрбөйт [4].

Билим алуу мугалим менен окуучулардын бетме-бет жолугушуусу түрүндө (тиешелүү окуу жайында), толугу менен аралыктан окутуу түрүндө (интернет же ТВ аркылуу), же аралаш түрдө ишке ашырылышы мүмкүн. Аралаш түрдө окутуу деген бул кадимки бетме-бет жолугуп окутуу учурунда маалымат технологияларынын жардамы менен электрондук окутуу материалдарын окуучуларга өз алдынча иштөө максатында сунуштоо менен коштоп окутуу ыкмасы. Демек, бетме-бет жолугуу жана аралыктан окутуунун артыкчылыктарын пайдаланып, ал эми кемчиликтерин минималдаштыруунун негизинде аралаш түрдө окутуу ыкмасы келип чыккан. Бул ыкманы англис тилинде “blended learning” же “hybrid e-learning” деп атап, 2000-жылдарда көп окумуштуулар сунуштап чыгышкан [1, 6, 7].

Электрондук билим алуунун өнүгүүсү менен 2000-жылдардын биринчи декадасында “массалык ачык онлайн курстары” аттуу түшүнүк пайда болду (Massive Open Online Courses — MOOC). Мында “ачык” деген сөз — баардыгына жеткиликтүү, бекер дегенди билдирет. Ал эми “массалык” сөзү — курска катышуучулардын өтө көп санда болушун мүнөздөйт. Мисалы, кээ бир курстарга бир учурда 180 000 киши катышкан. Ал эми эң эле аз киши катышкан курстарга 30 000 жакын адам жазылган [3]. Маалымат технологияларынын күчү менен бул катышуучулардын баарын саналуу киши гана башкарып коюшу мүмкүн.

Компьютердин жардамы менен билим берүү маалымат системдеринин эң биринчиси — 1960-жылдары ишке ашырылган PLATO системи болгон экен [8]. Убакыт өткөн сайын электрондук билим алууда курал катары колдонуу максатында веб технологияларына негизделген маалымат системдери пайда боло баштады. Ал системдерди “Билим алууну башкаруу (БАБ) маалымат системдери” (англисче Learning Management Systems, LMS) деп аташат. Мындай системдер:

  • окуу материалдарынын интернет аркылуу окуучуларга жеткиликтүү болушун;
  • окуучулар жана мугалимдин өз ара байланыш кызматтарын;
  • билим алуу процессинде окуучулардын жетишүүсүн көзөмөлдөөнү;
  • окуучулардын алган билимин баалоону жана башкаларды

камсыз кылышат.

Азыркы учурда көптөгөн БАБ маалымат системдери бар. Аларды коммерциялык жана програмдык коду ачык (колдонууга бекер таратылуучу, кодду окуп, өзгөртүп, толуктоого мүмкүнчүлүк берилген) деп эки топко бөлсө болот. Коммерциялык БАБ маалымат системдерине мисал катары  The Blackboard Learning System, Desire2learn, Scholar360, Teletop Virtual Learning Environment, Angel Learning Management Suite келтирсе болот. Ал эми коду ачык системдерге мисал: Moodle, dotLRN/OpenACS, Atutor, LON-CAPA, Ilias, openUSS, dotLRN, Dokeos, Spaghetti learning жана Sakai. Жогоруда аталган жана башка маалымат системдерин бири бири менен салыштыруу аракеттери да көп. Мындай изилдөөлөрдүн көбү биринчиликти коду ачык Moodle маалымат системине беришет [9].

БАБ маалымат системдерин бир мекемеде куруу жана иштетип туруу зор эмгекти, квалификацияны, убакытты жана адам ресурстарын талап кылат. Бул баардык эле билим берүү мекемелерине туура келе бербейт. Ошондуктан, акыркы жылдары булут технологияларына (Cloud Computing) негизделген БАБ маалымат системдери сунушталып, ишке ашырылып, көптөгөн билим берүү мекемелери тарабынан колдонулуп келе баштады. Булут технологиялары бул компьютер техникасын жана программалык жабдыктарды интернет аркылуу колдонуу үчүн кардарларга атайын компаниялар тарабынан кызмат катары берүү. Мында колдонуучулар керектүү программалык жабдыктарды өздөрүнүн компьютерлерине орнотпостон, интернет аркылуу колдоно алышат [10, 11]. Булут технологияларына мисал катары Google Disk, Google Docs, Google Sheets, Google Photos, Google Forms жана башка ушул сыяктуу кызматтар кирет. Ал эми булут технологияларынын негизинде иштеген БАБ маалымат системдерине мисал катары Google Classroom системин келтирсе болот. Андан тышкары, Moodle системине негизделген булут кызматы MoodleCloud (https://moodlecloud.com/) дагы бар.

Окуучулардын алган билимин баалоо

Албетте, алынган билимди баалоо окутууну ар дайым коштоп жүрөт. Пандемиянын эсебинен аралыктан окутуу ыкмасына өтүүгө аргасыз болгон билим берүү мекемелери аралыктан билим баалоо маселесин чечүүгө да дуушар болушту. Компьютердин жардамы менен билим баалоо системдери дүйнөдө абдан арбын. Ар бир системдин өзүнө тиешелүү артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Ошол себептен, көп колдонулуучу эки системди алып салыштыруу азыркы шарттарда пайдалуу болот деген чечим алынды.

Салыштыруу үчүн электрондук билим алууда эң көп колдонулуучу жана бекер таратылуучу жана програмдык коду ачык Moodle системинин билим баалоо куралдары жана Google Forms тандалып алынды.

Moodle — электрондук билим алуу маалымат системи катары иштелип чыккан. Бул систем аралыктан окутуу үчүн керектүү болгон көп куралдарды сунуштайт. Алардын арасында билим балоо куралдары дагы бар [12]. Google компаниясынын аралыктан окутуу үчүн сунуштаган өндүрүмү — Google Classroom аттуу систем. Бирок, Google classroom өзүнө камтылган атайын билим баалоо куралы жок. Андай курал катары Google компаниясынын башка өндүрүмү — Google Forms колдонулат [13]. Google Forms негизги максаты:

  • анкеталарды түзүү жана бөлүшүү,
  • сурамжылоо өткөрүп, адамдардын ой-пикирин жыйноо,
  • сурамжылоо жыйынтыктарын анализдөө.

Ал эми окуучулардын билимин баалоо — бул Google Forms үчүн кошумча бир мүмкүнчүлүк.

Moodle системинин билим баалоо куралдары менен Google Forms системин бири бири менен салыштыруу үчүн төмөнкү критерийлер колдонулду:

  • Колдонууга мүмкүн болгон суроо түрлөрү жана баалоо;
  • Коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү;
  • Убакытты башкаруу (сыноо мөөнөтү, суроолордун жеткиликтүү болуп баштаган убакыт жана жеткиликтүү болбой кала турган убакыт);
  • Жыйынтыктарды анализдөө;
  • Суроолордун базасын түзүү / суроолорду кокусунан тандоо
  • Суроолорду башка маалымат системдеринен импорттоо / башка маалымат системдерине экспорттоо;
  • Колдонуучуга сунушталган интерфейс дизайны — системди колдонуу ыңгайлуулугу.

Төмөнкү бөлүмдөрдө аталган критерийлер боюнча салыштыруу жыйынтыктары келтирилди.

1. Суроо түрлөрү

Азыркы учурда компьютердин жардамы менен окуучулардын билимин баалоо максатында суроолордун төмөнкүдөй түрлөрү ойлоп табылган:

  • Бир нече варианттын арасынан бир туура жооп тандоо
  • Бир нече варианттын арасынан бирден көп туура жооп тандоо
  • Кыска жооп жазууну талап кылуучу суроо түрү
  • Узун текст жазууну талап кылуучу суроо түрү
  • Сызыктуу шкала (Linear Scale)
  • Дал келтирүү суроолору
  • Эсептөөсуроотүрү (Calculated Question Type)
  • Объекттиташыпкелүүсуроотүрү (Drag and Drop)
  • Суроотекстиндебоштуктардытолтуруутүрүндөгүсуроолор

Жогоруда аталгандардын арасынан кайсы түрлөрдү Moodle жана Google Forms системдеринде колдонуу мүмкүн экендигин көрөлү.

1.1. Бир нече варианттын арасынан бир туура жооп тандоо

Бул ыкмада берилген суроо бир нече вариант жооп менен коштолот (multiple choice). Жооптордун арасынан бири гана туура деп эсептелет. Бул суроо түрү эки системде тең бар (Moodle жана Google Forms). Суроодо сүрөт колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары, ар бир жооп вариантында дагы сүрөт койсо болот. Сыноодон өтүп жаткан колдонуучуга көрсөтүлүп жатканда, жооп варианттарын автоматтык түрдө кокусунан аралаштырып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Жооп варианттарынын саны чектелген эмес.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУСүрөт 1. Google Forms. Бир нече варианттын арасынан бир туура жооп тандоо (multiple choice)

 

 

 

 

 

Google Forms туура жооп катары бир нече вариантты белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Окуучу “туура” деп белгиленген жооптордун кайсынысын тандабасын, ага тиешелүү упай берилет.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУСүрөт 2. Google Forms. Туура жооп жана упай белгилөө

 

 

 

 

 

 

Google Forms системинде суроого сөзсүз жооп берүү керек же керек эместигин (Required) да башкарса болот жана колдонуучу тандаган жоопко жараша сыноонун тиешелүү бөлүмүнө өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми Moodle системинде болсо бул суроо түрүнө окшогон дагы башка бир түр бар: бул жооп варианттары ооба же жок менен гана чектелген суроо түрү (True / False question type).

1.2. Бир нече варианттын арасынан бирден көп туура жооп тандоо

Суроолордун бул түрүндө сунушталган жооп варианттарынын арасынан бир нечесин белгилөө керек (checkboxes). Бул суроо түрү эки системде тең бар (Moodle жана Google Forms).

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 3. Google Forms. Жооп варианттардын арасынан бирден көбүн тандоо

 

 

 

 

 

 

Сүрөттө келтирилген мисалда окуучудан эки жооп белгилөө күтүлөт. Эгерде окуучу бир вариантты туура белгилеп, ал эми экинчисинен жаңылса, анда жалпы суроо үчүн эч упай берилбейт. Бул жерде Moodle системинен айырма келип чыкты. Себеби, Moodle системинде ар бир жооп варианты өзүнчө бааланат.

Сыноодон өтүп жаткан окуучуга көрсөтүлүп жатканда, жооп варианттарын автоматтык түрдө кокусунан аралаштырып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Жооп варианттарынын саны чектелген эмес.

1.3. Кыска жооп жазууну талап кылуучу суроо түрү

Кыска жооп жазууну талап кылуучу суроо түрү дагы өтө көп колдонулат. Мында берилген суроого жоопту окуучу тиешелүү талаага жазышы керек. Көбүнчө, жооп катары бир сөз же сандын киргизилиши күтүлөт. Бул учурда, окуучу киргизген жооп менен туура жооп салыштырылып, экөө бири-бирине дал келгенде гана тиешелүү упай берилет.

Бул суроо түрү эки системде тең бар (Moodle жана Google Forms).

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 4. Google Forms. Кыска жооп жазуу

 

 

 

 

Эгерде бир нече вариант туура жооп берилсе, анда окуучу киргизген жооп системде катталган жооптордун баары менен салыштырылат да, варианттардын арасынан бирөөсүнө дал келсе эле, окуучунун жообу туура деп табылат. Жооп варианттарынын саны чектелген эмес.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 5. Google Forms. Кыска жооп жазуу суроо түрүндө туура жоопту белгилөө

 

 

 

 

 

 

Google Forms окуучу киргизген жоопту алдын-ала текшерүү мүмкүнчүлүгүн берет (Validation). Мисалы, жооп сан түрүндө күтүлүп жаткан учурда окуучу тамга же текст киргизсе, систем дароо кабар берет. Moodle системинде мындай мүмкүнчүлүк жок, бирок чоң же кичине тамгаларды айырмалоо керек же керек эместигин белгилөөгө жол берет.

Google Forms жардамы менен түзүлгөн сыноодо жооп керектүү эсептөөлөрдүн натыйжасында табылып, сан түрүндө киргизилиши керек болгон учурда, тактыкты көрсөтүү мүмкүн эмес (мисалы, жооп 0.00001 тактыкта болушу керек деген сыяктуу). Мындай мүмкүнчүлүк Moodle системинде бар — ал үчүн кыска жооп киргизүүнү талап кылуучу суроонун өзүнчө түрү: “сан маани киргизүү” деген колдонулат. Андан тышкары, Moodle системинде сан маани менен кошо анын бирдигин дагы киргизүүнү талап кылса болот (мисалы: метр, грамм ж.б.). Окуучу өз жообунда көрсөткөн бирдик туура эмес болсо — баасы кемийт.

1.4. Узун текст жазууну талап кылуучу суроо түрү

Бул суроо түрүндө окуучудан бир же андан көп параграфтан турган текст жазуусу күтүлөт. Google Forms-та мындай суроо түрү “Paragraph”, ал эми Moodle системинде “Essay” деп аталат.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 6. Google Forms. Узун текст киргизүүнү талап кылуучу суроо түрү

 

 

Мында окуучу жазган текстти автоматтык түрдө баалоо мүмкүн эмес. Мугалим окуучунун жообун өзү окуп чыгып, баа коюусу талап кылынат.

1.5. Сызыктуу шкала (Linear Scale)

Бул суроо түрү сурамжылоо максатында колдонулгандыктан, мында туура жооп киргизилбейт. Берилген суроого колдонуучу алдын ала белгиленген диапазон (шкала) ичинде бир жооп тандоосу талап кылынат. Бул жооп суралып жаткан адамдын билим деңгээлин эмес, ой-пикирин үйрөнүү үчүн колдонулат. Moodle системинде суроонун бул түрүн колдонуу үчүн сыноо (Quiz) эмес сурамжылоо (Survey) аттуу куралды колдонуу керек.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 7. Google Forms. Сызыктуу шкала түрүндөгү суроо

 

 

 

 

 

1.6. Дал келтирүү суроолору

Суроолордун бул түрү бир нече варианттын арасынан бирди же бир нечени тандоо суроолорунун татаал (комплекстүү) түрү деп айтууга болот. Мында бир нече жөнөкөй суроону бириктирип, бир татаал суроо түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары, бул түр суроолор берилген түшүнүктөрдү жана аныктамаларды дал келтирүү, же болбосо берилген объекттердин ирээтин аныктоо жана башка максаттарда колдонулушу мүмкүн.

Бул суроо түрү эки системде тең бар (Moodle жана Google Forms). Google Forms системинде бул суроо түрү “Multiple Choice Grid”, ал эми Moodle системинде “Matching question type” деп аталат.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 8. Google Forms. Аныктамалар менен түшүнүктөрдү дал келтирүү суроосу

 

 

 

 

 

 

 

Сыноодон өтүп жаткан окуучуга көрсөтүлүп жатканда, саптарды автоматтык түрдө кокусунан аралаштырып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Саптардын жана мамычалардын саны чектелген эмес. Бирок, мобилдик аспаптардын жардамы менен сыноого катышып жаткан окуучулардын экран өлчөмү аз болгон учурларды эске алуу керек. Ар бир сапка өзүнчө баа берүү мүмкүнчүлүгү бар.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 9. Google Forms. Аныктамалар менен түшүнүктөрдү дал келтирүү түрүндөгү суроодо туура жоопторду белгилөө

 

 

 

 

 

 

Google Forms системинде, эгерде бир сапта бирден көп туура жооп белгилениши керек болсо, анда “Checkbox grid” аттуу суроо түрүн колдонуу керек.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 10. Google Forms. Бир сапта бир нече жооп белгилөө мүмкүн болгон суроо түрү (checkbox grid)

 

 

 

 

 

 

 

 

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

Сүрөт 11. Google Forms. Бир сапта бир нече туура жоопту белгилөө мүмкүн болгон суроо түрү. Туура жооптор

 

 

 

 

 

 

 

Жогорудагы сүрөттү мисал катары алсак (Сүрөт 11), эң акыркы сапта берилген “Сенсордук экран” маалыматты киргизүү жана ошол эле учурда чыгаруу аспаптарына таандык болгондуктан, бир сапта эки мамычаны тең белгилөө керек.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт  12. Moodle системинде “Дал келтирүү” суроо түрүнүн көрүнүшү

 

1.7. Эсептөө суроо түрү (Calculated Question Type)

Бул суроо түрүнүн жардамы менен ар бир окуучуга индивидуалдуу суроо берүүнү ишке ашырууга болот. Ал үчүн суроодо алдын ала белгиленген өзгөрмөлөр колдонулат. Өзгөрмөлөргө мисал катары тик бурчтуктун узундугу {x} жана туурасы {y} болсун. Суроонун өзү болсо төмөнкүдөй болушу мүмкүн: “Тик бурчтуктун узундугу {x} жана туурасы {y} берилген. Анын аянтын табыңыз.” Ал эми туура жооп катары формула киргизилет: туура жооп= {x}*{y}. Бул учурда Moodle системи ар бир окуучуга {x} жана {y} өзгөрмөлөрүнүн маанилерин кокусунан тандап көрсөтөт. Ал эми туура жоопту берилген формула боюнча эсептеп, окуучунун киргизген жообу менен салыштырат. Керек болсо, жооптун тактыгын да белгилесе болот.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 13. Эсептөө суроо түрү

 

 

Жогорудагы сүрөттө Moodle системи тик бурчтуктун узундугун жана туурасын билдирүүчү өзгөрмөлөрдүн маанилерин тиешелүү түрдө 7 жана 1 деп кокусунан тандап алды (Сүрөт 13).

Жогоруда берилген мисалда окуучудан бир сан маанини тиешелүү талаага киргизүү талап кылынат. Ушул эле принцип менен иштеген бирок көп варианттын арасынан бир туура жооп тандоо түрүндөгү суроолорду түзүү үчүн Moodle системинде “Calculated Multiple Choise Question Type” аттуу суроо түрү бар. Бул учурда Moodle окуучуга тандоо үчүн бир нече вариант жоопту көрсөтөт.

Суроолордун бул түрү Google Forms системинде жок.

1.8. Объектти ташып келүү суроо түрү (Drag and Drop)

Суроонун бул түрүндө окуучу берилген тексттин бош калтырылган аймагына жооп варианттарынын бири ташып келип, тиешелүү аймакка ташташы керек.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУСүрөт 14. Moodle. Объектти ташып келип, тиешелүү орунга таштоо түрүндөгү суроо

 

Жогорудагы сүрөттө келтирилген мисалда төрт варианттын арасынан бири (Монитор) атайын калтырылган аймакка таштоо үчүн алынып келе жаткан учур көрсөтүлгөн (Сүрөт 14). Туура вариант алынып келинген болсо, окуучу тиешелүү упайын алат. Мында жооп варианттарын кокусунан тандалган ирээтте автоматтык түрдө жайгаштырууга болот.

Андан тышкары, берилген сүрөттүн тиешелүү аймактарына атайын даярдалган жооп варианттарын ташып келип, таштоо түрүндөгү суроолор болушу мүмкүн.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

Сүрөт 15. Moodle. Берилген сүрөттүн тиешелүү аймагына көрсөткүчтөрдү алып келип, таштоо түрүндөгү суроо

 

 

 

 

 

 

 

Жогорудагы сүрөттө келтирилген мисалда окуучу Ысык-Көл облусунун жайгашкан ордун аныктаган учуру көрсөтүлгөн (Сүрөт 15). Окуучудан баардык көрсөткүчтөрдүн орундарын аныктоо талап кылынат.

Суроолордун бул түрү Google Forms системинде жок.

1.9. Суроо текстинде боштуктарды толтуруу түрүндөгү суроолор

Бул суроо түрүндө бир суроо текстинин ичинде бир нече түрдүү ыкма менен (мисалы ачылуучу тизме, кыска жооп киргизүү түрүндө) жооп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Moodle системинде суроонун бул түрү “Embedded answers (Cloze)” деп аталат.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

Сүрөт 16. Moodle. Жооптор суроо текстине камтылган түрдөгү суроо

 

 

 

 

 

Жогорудагы сүрөттө көрүнүп тургандай, суроо текстинин ичине төрт пайда болуучу тизме жана кыска жооп киргизүү үчүн талаа колдонулган (Сүрөт 16).

Moodle системинде бул түр суроонун жөнөкөй түрү бар. Мында, суроо текстинде бош калтырылып кеткен жерде пайда болуучу тизмеде берилген варианттардын арасынан туура келүүчү сөздү тандоо керек. Moodle системинде суроонун бул түрү “Select missing words” деп аталат.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУСүрөт 17. Moodle. Калтырылып кеткен сөздөрдү тандоо

Суроолордун бул түрү Google Forms системинде жок.

1.10. Суроо түрлөрү боюнча жыйынтык

Moodle жана Google Forms системдеринин билим баалоодо колдонууга мүмкүн болгон куралдарын салыштыруунун натыйжасында төмөнкү жадыбалда келтирилген жыйынтыктар алынды.

Жадыбал 1. Moodle жана Google Forms системдеринде суроо түрлөрү

Суроо түрүMoodleGoogle FormsКомментарий
1)Бир нече варианттын арасынан бир туура жооп тандоо++
2)Бир нече варианттын арасынан бирден көп туура жооп тандоо++Moodle — ар бир жоопту өзүнчө бааласа болот
3)Кыска жооп жазууну талап кылуучу суроо түрү++Google Forms — валидация бар,

Moodle — тактык жана бирдикти белгилесе болот

4)Узун текст жазууну талап кылуучу суроо түрү++
5)Сызыктуу шкала (Linear Scale)++Moodle — сыноо (quiz) эмес, survey куралында гана бар.
6)Дал келтирүү суроолору++Google Forms ыңгайлуураак
7)Эсептөө суроо түрү (Calculated Question Type)+
8)Объектти ташып келүү суроо түрү (Drag and Drop)+
9)Суроо текстинде боштуктарды толтуруу түрүндөгү суроолор+

Демек, Moodle системи Google Forms караганда билим баалоо үчүн көбүрөөк түрдөгү суроолорду колдонууга мүмкүнчүлүк берет экен.

2. Коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү

Moodle системинде сабакка тиешелүү материалдарга окуучулардын кайрылуу укуктарын башкаруу үчүн төмөнкүдөй “ролдор” ишке ашырылган:

  • “окуучу” — сабакка жазылуу (Enroll) үчүн берилүүчү роль. “Окуучу” ролуна ээ болгон колдонуучулар системге колдонуучу атын жана сыр сөздү колдонуп киришет.
  • “конок” — колдонуучу эсебин ачпастан сабактын материалдарына кайрылуу укугун берүү. Сабак материалдарына конок катары кирип кайрылууга мүмкүн же мүмкүн эместигин мугалим же администратор аныкташат.

Google Forms системи коопсуздук тараптан ийкемдүүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Эгерде, бул системдин жардамы менен түзүлгөн сыноого каалаган адамга  кайрылуу укугун берүү керек болсо, анда ошол сыноого шилтемени тиешелүү адамдар менен бөлүшүү гана жетиштүү. Бул учурда шилтемеси бар каалаган адам сыноого катышуу укугун алып калат. Эгерде, сыноого катышуу укугу бар адамдарды чектөө керек болсо, анда Google Forms системин Google Classroom менен бирге колдонуу ыңгайлуу болот. Google Classroom системинде сабактын материалдары жарыяланып, ал материалдарга кайрылуу укугун башкаруу үчүн тиешелүү сыр сөз колдоулат. Окуучулар сабакка ошол сыр сөз боюнча катталышат. Керек болсо, сабакка катталуу укугун окуучулардын домени менен чектесе болот. Мисалы, сабакка @manas.edu.kg доменинде электрондук дареги бар адамдар гана катталуу укугуна ээ деп койсо болот. Натыйжа катары, аталган доменге тиешелүү адамдар гана Google Forms жардамы менен даярдалган сыноого катышуу укугуна ээ боло алышат. Керек болгон учурда, сыноону сабакка катталган окуучулардын арасынан да чектөө мүмкүнчүлүгү бар.

2.1. Кемчиликтер

Жогоруда аталган мүмкүнчүлүктөр менен кошо, эки системге тең таандык болгон кемчиликтер дагы бар.

  1. Окуучулардын алган билимин баалоо максатында сыноо узактан өткөрүлүп жаткан учурда, окуучу өзүнө таандык сыр сөздү башка адам менен бөлүшүп, өзүнүн ордуна башка адамды сыноого катыштыруу ыктымалдуулугу бар.
  2. Андан тышкары, узактан өткөрүлүүчү сыноо учурунда окуучу башка терезе ачып алып, же мобилдик аспаптарды колдонуп, ачык булактардан жооп издеши же башка окуучулардан жардам алышы ыктымал.

Окуучулардын башка терезеге кайрылуусун көзөмөлдөө үчүн Moodle системине кошумча орнотулуучу модулдар бар, бирок алар системдин стандарттык жыйынына кирбейт. Ал эми Google кызматтарын колдонуучулар үчүн болсо, башка терезеге кайрылууга тыюу салуу мүмкүндүгүн алууга Google Chromebook аттуу аспаптарды колдонуу керек.

Окуучулардын бири-бири менен маектешип, бири-бирине жардам берүү сыяктуу жат көрүнүштөрдү алдын алуу максатында сыноо үчүн берилген убакытты кыскартуу жолун колдонсо болот. Бирок, бул учурда окуучулар интернет ылдамдыгынын төмөн болушун белгилеп, нааразычылыгын билдириши мүмкүн.

Демек, азыркы учурда узактан билим баалоо сыноолору окуучулардын чынчылдыгына басым кылып өткөрүлөт.

3. Убакытты башкаруу

Узактан өткөрүлүүчү сыноолорду убакыт боюнча чектөө үчүн Moodle системинде сыноонун окуучуларга жеткиликтүү болгон мөөнөтүн белгилөө мүмкүнчүлүгү бар. Башкача айтканда, окуучулар кайсы убакыттан тартып сыноого кире алышат, жана кайсы убакыттан кийин сыноого кирүү мүмкүн болбой калат. Андан тышкары, окуучу сыноого кирген убакыттан тартып убакытты эсептетип баштап, берилген мөөнөт бүткөн учурда даяр болгон жооптор автоматтык түрдө жөнөтүлүшүн камсыз кылса болот.

Google Classroom коштоосунда Google Forms колдонууда окуучулар сыноого кирүү убактысын жана сыноонун жоопторун жиберүүнүн акыркы мөөнөтүн көрсөтсө болот. Бирок, окуучулар белгиленген мөөнөттөн кеч калса, систем жоопторду кабыл ала берет. Кеч калган окуучуларды систем “жооптор кеч тапшырылды” деп белгилеп коёт.

Окуучу сыноого кирген убакыттан тартып жоопторду жөнөтүү мөөнөтүн автоматтык түрдө эсептетүү жана автоматтык түрдө сыноону жабуу мүмкүнчүлүгү Google Forms системинин стандарттык абалында жок. Бул мүмкүнчүлүктү алуу үчүн Google компаниясына тиешеси жок мекемелер тарабынан даярдалган кошумча модулдарды колдонсо болот. Бирок, ал модулдар көбүнчө акчага сатып алынышы керек.

4. Сыноо жыйынтыктарын анализдөө

Билим баалоо максатында өткөрүлгөн сыноонун жыйынтыктарын анализдөө — мугалим тарабынан сөзсүз аткарылышы керек болгон маанилүү иш! Сыноо жыйынтыктарын анализдөө ыңгайлуу болушу үчүн тиешелүү систем түшүнүүгө оңой жана ар тараптуу маалымат бериши керек.

Moodle системин ала турган болсок, мында систем таблица түрүндө сыноо тууралуу толук маалымат берет. Башкача айтканда, ар бир окуучунун ар бир суроого берген жообун, жаңылган жана туура жоопторун жана жыйынтык баасын көрсөтөт. Андан тышкары, жалпы сыноонун жыйынтыктарын диаграмма түрүндө көрсөтөт.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

Сүрөт 18. Moodle системинде сыноонун жалпы жыйынтыктары

 

 

 

 

Жогорудагы сүрөттүн (Сүрөт 18) вертикалдуу окто “Participants” сөзү — окуучулардын санын билдирет. Демек, бул диаграмма горизонталдуу окто көрсөтүлгөн бааларды канча окуучу алганын билдирет.

Google Forms жардамы менен өткөрүлгөн сыноонун жыйынтыктарын көрүү жана анализдөө үчүн дагы таблица түрүндө, жана ошондой эле диаграмма түрүндө ар тараптуу маалымат алууга болот. Moodle системине караганда, Google Forms системинде диаграмма түрүндө көрсөтүлүүчү маалыматтар арбын. Мында, сыноонун жалпы жыйынтыктарынан тышкары, ар бир суроо боюнча өзүнчө жыйынтык диаграммасын көрүү мүмкүнчүлүгү бар.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

Сүрөт 19. Google Forms системинде сыноонун жалпы жыйынтыктары

 

 

 

 

Жогорудагы сүрөттө (Сүрөт 19) “Average” — сыноого катышкан окуучулардын орточо баасын билдирет. Ал эми “Range” — диапазон, башкача айтканда эң төмөнкү жана эң жогорку баалар.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 20. Google Forms системинде сыноонун бир суроосу боюнча жыйынтык

 

 

 

 

Жогорудагы сүрөттө (Сүрөт 20) “correct responses” сөзү — берилген суроого 40 окуучунун арасынан 32 окуучу туура жооп бергенин белгилеп турат. Диаграммада, ошол эле учурда, боз түс менен туура эмес жоопторду тандаган окуучулардын саны көрсөтүлгөн.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 21. Google Forms системинде сыноонун бир суроосу боюнча жыйынтык

 

 

 

 

Андан тышкары, ар бир окуучунун жоопторун таблицада эмес, өзүнчө ыңгайлуу интерфейсте көрсө болот.

 

 

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

Сүрөт 22. Google Forms системинде берилген суроого окуучунун жообун көрүү

 

 

 

 

 

 

 

Жогорудагы сүрөттө окуучу берилген суроого туура эмес жооп бергенин көрсө болот (Сүрөт 22). Систем окуучунун жообун, туура жоопту (Correct answers), жана ыйгарылган упайды көрсөтүп жатат.

Демек, Google Forms системи Moodle системине караганда сыноонун жыйынтыктарын анализдөө үчүн маалыматты диаграмма түрүндө көрсөтүү жагынан көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, ыңгайлуу интерфейсти сунуштайт экен.

5. Суроолордун базасын түзүү / суроолорду кокусунан тандоо

Moodle системинде ар бир сабак үчүн өзүнчө суроолордун базасын түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары, суроолорду категорияларга бөлүп, билим баалоо же өзүн өзү текшерүү максатындагы сыноолордо колдонсо болот. Билим баалоо максатында уюштурулган сыноолордо суроолор алдын ала даярдалган базанын тиешелүү категорияларынан кокусунан тандалып алынуусун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул ыкма окуучулардын бирине бири жардам берүү мүмкүнчүлүгүн азайтат.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

 

Сүрөт 23. Moodle системинде суроолордун базасы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Google Forms системинде суроолордун базасын түзүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Муну ишке ашыруу үчүн Google компаниясына тиешеси жок мекемелер тарабынан даярдалган кошумча модулдарды орнотуу керек. Бирок андай модулдар акысыз эмес, акчага сатылып алынышы керек.

6. Суроолорду импорттоо жана экспорттоо

Moodle системинде суроолорду импорт же экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул систем төмөнкү стандарттарга негизделип даярдалган файлдардагы суроолорду импорттоону колдойт:

  • Aiken format (Aiken форматы — бул жөнөкөй интерфейсти колдонуп, бир нече вариант жооптун бирин тандоо түрүндөгү суроолорду жаратуунун эң жөнөкөй жолу),
  • Blackboard (бул форматта жалгыз гана суроолорду камтыган .dat файлдарын же суроолорду жана аларга тиешелүү медианы (сүрөттөр, үндөр ж.б.) камтыган .zip архивдерди импорттоо мүмкүнчүлүгү бар),
  • ExamView 4 (бул форматтагы тесттерди Moodle түшүнгөн XML экспорттоо форматын камсыздайт),
  • Gift format (GIFT форматы кимдир бирөөгө тексттик редактордун жардамы менен бир нече вариант жооптун арасынан тандоо, чыныгы-жалган, кыска жооп жазуу, дал келбеген сөздү табуу түрүндөгү санарип суроолорду жөнөкөй форматта импорттоого мүмкүндүк берет),
  • Moodle XML format (XML форматы — Quiz модулу менен колдонулган суроолорду импорттоо жана экспорттоо максатындагы Moodle үчүн атайын формат),
  • WebCT format (бул форматта WebCT тексттик форматынан бир нече вариант жооптун арасынан бирин тандоо суроолору жана кыска жоопту жазуу түрүндөгү суроолорду импорттоону камсыздайт).

Ал эми суроолордун базасын экспорттоодо төмөнкү стандарттар колдонулушу мүмкүн:

  • Gift format
  • Moodle XML format
  • XHTML format (бул экспорт форматы жөн гана бардык суроолорду XHTML категориясына экспорттойт).

Башкача айтканда, Moodle системинде даярдалган суроолорду жогоруда аталган форматтарды түшүнгөн программалык жабдыктарда дагы колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Жана ошондой эле, башка программалык жабдыктарда даярдалган суроолордун базасын Moodle системине импорттоого болот.

Google Forms системинде суроолорду импорт жана экспорттоону Google Forms жардамы менен гана даярдалган сыноолордон ишке ашырса болот. Башкача айтканда, Google Forms башка программалык жабдыктардын жардамы менен түзүлгөн суроолорду импорттоого, ошондой эле башка программалык жабдыктар түшүнгөн форматта суроолорду экспорттоого да мүмкүнчүлүк бербейт.

7. Колдонуу ыңгайлуулугу

Эми колдонуучуларга сунушталган интерфейс дизайны боюнча Moodle системин жана Google Forms салыштырып көрөлү.

Төмөнкү сүрөттө Google Forms системинде бир нече варианттан бирден көп жооп тандоону талап кылган суроону түзүү интерфейси берилген.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

 

Сүрөт 24. Google Forms суроо түзүү интерфейси

 

 

 

 

Ал эми суроонун туура жоопторун, упай жана башка маанилүү касиеттерди көрсөтүү терезеси болсо Сүрөт 25 келтирилген.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

 

Сүрөт 25. Google Forms. Суроонун туура жоопторун жана упайды белгилөө

 

 

 

 

Эми, Moodle системинин сунган интерфейсине көз жүгүртөлү (26, 27, 28, 29 сүрөттөр).

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

 

 

Сүрөт 26. Moodle системинде суроо түзүү интерфейси

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

 

 

 

Сүрөт 27. Moodle системинде суроо түзүү интерфейси (уландысы)

 

 

 

 

 

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

 

Сүрөт 28. Moodle системинде суроо түзүү интерфейси (уландысы)

 

 

 

 

 

 

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ. MOODLE ЖАНА GOOGLE FORMS ПРОГРАММАЛАРЫН КОЛДОНУУ

 

Сүрөт 29. Moodle системинде суроо түзүү интерфейси (уландысы)

 

 

 

 

Көрүп тургандай, Moodle системинде суроо түзүү интерфейси алда канча татаал экен. Бул татаалдык — мүмкүнчүлүктөрдүн көптүгү менен түшүндүрүлөт. Бирок, ошол эле маалда, сыноо түзгөн мугалимдердин тиешелүү даярдыктан өтүү зарылчылыгы да келип чыгат. Google Forms өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейс сунат экен. Муну өздөштүрүү оңой жана көп убакыт талап кылбайт. Бирок, бул жөнөкөйлүктүн баасы — мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болгондугунда.

Жыйынтык

Жогоруда билим баалоо максатында колдонулуучу эки систем бир нече критерий боюнча салыштырылды. Ишке ашырылган бул анализдин жалпы жыйынтыктары Жадыбал 2-де келтирилген. Жадыбал, тиешелүү критерий боюнча кайсы системдин артыкчылыгы көбүрөөк экендигин көрсөтөт.

Жадыбал 2. Критерийлер боюнча маалымат системинин артыкчылыктары

КритерийMoodleGoogle Forms
Суроо түрлөрү
Коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү
Убакытты башкаруу
Сыноо жыйынтыктарын изилдөө
Суроолордун базасын түзүү / суроолорду кокусунан тандоо
Суроолорду импорттоо жана экспорттоо
Интерфейс — колдонуу ыңгайлуулугу

Изилдөөнүн жыйынтыгында “Коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү” аттуу критерий боюнча каралган эки системде мүмкүнчүлүктөр бирдей деп табылгандыктан, Жадыбал 2-де эки систем тең белгиленди (жадыбалдын үчүнчү сабы).

Салыштырылган эки системдин өздөрүнө тиешелүү артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Ошондуктан, бул эки системдин кайсынысы жакшыраак экендигин айтуу кыйын. Билим баалоо сыноосуна коюлган талаптар жана шарттарга ылайык, кайсы бир учурларда Moodle системи ыңгайлуу болсо, башка учурларда Google Forms колдонуу көбүрөөк артыкчылык берет.

Авторлордун жеке пикири боюнча, суроолор анча татаал эмес, же болбосо өзгөчө түрдөгү суроолор колдонулбаган, жогорку талаптарга жооп берүүнүн кажети жок болгон учурларда (мисалы, окуучулардын өзүн-өзү текшерүү максатында даярдалган сыноолордо) Google Forms колдонуу ылайыктуу болот. Эгерде, сыноого убакыт боюнча өзгөчө талаптар коюлса, же ар бир окуучуга өзүнчө уникалдуу суроо жыйындысы келгендей сыноо уюштуруу керек болсо, же болбосо суроолордун өзгөчө түрлөрү (мисалы сүрөттүн бир аймагын басып көрсөтүү, же объекттерди ташып келүү түрүндөгү суроолор) колдонулган учурларда Moodle системинин берген мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керек.

Маалымат булактары

  1. Al-Qahtani, A. & Higgins, S.E. (2013). ‘Effects of traditional, blended and e-learning on students’ achievement in higher education.’ Journal of Computer Assisted Learning3, 220-234.
    http://dx.doi.org/10.1111/j.1365-2729.2012.00490.x
  2. Moore, J.L., et al., e-Learning, online learning, and distance learning environments: Are they the same?, Internet and Higher Education (2010), doi:10.1016/j.iheduc.2010.10.001
  3. Aparicio, M., Bacao, F., & Oliveira, T. (2016). An e-Learning Theoretical Framework. Educational Technology & Society, 19 (1), 292–307.
  4. Olojo Oludare Jethro, Adewumi Moradeke Grace, Ajisola Kolawole Thomas (2012). ‘E-Learning and Its Effects on Teaching and Learning in a Global Age.’ International Journal of Academic Research in Business and Social Sciences. 2 (1), 203-210.
  5. Sangrà, A., Vlachopoulos, D. & Cabrera, N. (2012). Building an Inclusive Definition of E-Learning: An Approach to the Conceptual Framework. International Review of Research in Open and Distributed Learning, 13 (2), 145–159. https://doi.org/10.19173/irrodl.v13i2.1161
  6. Tayebinik, M., & Puteh, M. (2012). Blended Learning or E-learning? International Magazine on Advances in Computer Science and Telecommunications, 3(1), 103-110.
  7. Selim Ahmed H. M. (2010). Hybrid E-Learning Acceptance Model: Learner Perceptions. Decision Sciences Journal of Innovative Education, 8 (2), 313-346.
  8. Rhode, J., Richter, S., Gowen, P., Miller, T., & Wills, C. (2017). Understanding faculty use of the learning management system. Online Learning, 21(3) 68-86. doi: 10.24059/olj.v%vi%i.1217
  9. Cavus N., Zabadi T. (2014). A Comparison Of Open Source Learning Management Systems. Procedia — Social and Behavioral Sciences, 143, 521-526. https://doi.org/10.1016/j.sbspro.2014.07.430
  10. Utpal Jyoti Bora, Majidul Ahmed (2013). E-Learning using Cloud Computing. International Journal of Science and Modern Engineering (IJISME), 1 (2), 9-13.
  11. Masud, M. A. H., & Huang, X. (2012). An e-learning system architecture based on cloud computing. World Academy of Science, Engineering and Technology, Vol 6, 736-740.
  12. Moodle Documentation. Quiz activity. (23.07.2020).
    https://docs.moodle.org/38/en/Quiz_activity
  13. Google Docs Editors Help. Help Center. Google Forms. (23.07.2020)
    https://support.google.com/docs/topic/9055404?hl=en&ref_topic=1382883

Глоссарий

 

Термин Түшүндүрүү
Ачык кодТүп нуска баштапкы коду эркин (бекер) жеткиликтүү болгон жана колдонуучунун талабына ылайык башка адамдар менен бөлүшүүгө жана өзгөртүүгө уруксат берилген програмдык код.
ИнтерфейсМаалымат технологияларында —  компьютердик тутумдун эки же андан ашык бөлүктөрү маалымат алмашкан чек ара. Маалымат алмашуу программдык жабдыктын, компьютердик жабдыктын, перифериялык түзүлүштөрдүн жана адамдардын ортосунда болушу мүмкүн.
Moodle

(Modular Object-Oriented Dynamic Learning Environment)

Moodle бул акысыз жана ачык коддогу билим берүүнү башкаруу системи (LMS), PHP программалоо тилинде жазылган жана GNU General Public License лицензиясы менен жайылтылат. Педагогикалык принциптердин негизинде иштелип чыккан Moodle системи мектептерде, университеттерде, жумушчу орундарында жана башка тармактарда аралаш билим берүү, аралыктан билим берүү, жана башка электрондук окутуу түрлөрү  үчүн колдонулат
Google formsGoogle Drive жана Google Classroom офистик пакеттердин курамына, ошондой эле Google, Google Sheets жана Google Slides документтерине кирген сурамжылоолорду администрлөө тиркемеси. Формалар документтер, барактар жана слайддар менен бирге иштешүүгө жана алмашууга керектүү функциялардын баарын камтыйт.
Google ClassroomGoogle тарабынан мектептер үчүн иштелип чыккан, окуу материалдарын жайылтуу жана бөлүштүрүү ишин жеңилдеткен акысыз веб кызматы. Google Classroom программасынын негизги максаты — мугалимдер менен студенттердин ортосунда файл алмашуу процесстерин жөнөкөйлөтүү.
Google DriveGoogle тарабынан иштелип чыккан, файлдарды сактоо жана шайкештештирүү кызматы. Google Drive колдонуучуларга файлдарды өз серверинде сактоого, файлдарды түзмөктөр арасында шайкештештирүүгө жана файлдарды бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Убакытты башкарууУбакытты уюштуруу жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу ыкмалары
Булут технологияларыИнтернет аркылуу ар кандай кызматтарды жеткирүү: файлдарды сактоо, локалдык компьютерге программдарды орнотпостон онлайн тиркемелер менен иштөө, сервер компьютерлердин эсепөө кызматтарын интернет аркылуу пайдалануу.
МессенджерБашка колдонуучулар менен текст, сүрөт, аудио же видео аркылуу тез кабар алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген атайын тиркеме.

Касым Барыктабасов, т.и.к. Чынара Жумабаева,

УИА мүчө корр. т.и.д. проф. Улан Бримкулов

(Кыргыз-Түрк “Манас” Университети)

P.S. Авторлорго кошумча суроолор болсо, төмөнкү номер аркылуу WhatsApp менен байланышка чыгууга болот: +996-552-005320

[1] Сүрөт булагы: https://uchi.pro/blog/s-chego-nachinalos-distancionnoe-obrazovanie

Бөлүшүү

Комментарийлер