ДАЯРДЫКТАР ЫКЧАМ ТЕМПКЕ ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ

  • 31.03.2023
  • 0

ДАЯРДЫКТАР ЫКЧАМ ТЕМПКЕ ӨТҮҮГӨ ТИЙИШ

Билим берүү тармагында дүйнөлүк артыкчылыкты чагылдырган жана реалдуу натыйжаларды мегил-мезгили менен талдоо жана билим берүү саясаты үчүн далилдүү жана конструктивдүү корутундуларды чыгаруу үчүн бул эл аралык изилдөөгө катышуу өтө маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө жыйынында PISA-2025 эл аралык изилдөөгө катышууга карата даярдык көрүү маселелери боюнча министрдин орун басары Т.Ашымбаева өз сөзүндө 2006, 2009-жылдардагы изилдөөлөрдө Кыргызстан акыркы орундарда болуп калгандыгын жана ага эмне себеп болгондугуна токтолду. Эл аралык изилдөөнүн корутундусу боюнча, ошол кездеги 15 жаштагы окуучулар билим көйгөйлөрүн чечүүнү колдоно албай, илимий кубулуштарды талдай албай, илимий маалыматтарга таянып жыйынтык чыгарууну билбей калгандыктан, минималдуу босого деңгээлине жеткен эмес. Мунун себеби төмөнкүдөй деп белгиленген: биринчиден, мугалимдер окуу китептеринин чегинен чыкпайт; экинчиден, тапшырмаларды изилдөө мүнөзгө ээ эмес, б.а. статистиканы, фактыларды жаттоо менен чектелген. Мектептеги билим берүүнүн мазмуну ошол кездеги PISA тесттеринин мазмунуна төп келбейт.

2018-жылы Кыргызстан 2025-жылдагы PISA  сынагына катышуу каалоосун билдирген. Пандемия жана башка нерселер кедерги болуп, даярдануу 2022-жылдын күзүнөн баштап күчөй баштады. Өткөн жылдын ноябрь айынан баштап февраль, март айларында 6-класстын 106 миңден ашык окуучусу тестирлөөгө катышты. Анын жыйынтыгында окуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин, мугалимдердин, методисттердин билим деңгээли канааттандырарлык эмес жана изилдөө үчүн сапаттык даярдык көрүү үчүн мектеп администрациясынын ишин өзгөртүш керек экендиги аныкталды. Албетте, техникалык камсыздандыруу дагы тиешелүү деңгээлге жете элек, компьютердик жетишсиздик 25 миңди түзөт. Дүйнөлүк Банк тарабынан 1200 мектепке 25 миңден ашык компьютер берилгени менен, дагы ошончо техкаражат жетишсиз б.а. бир компьютер 13 окуучуга туура келип турат.

Тестирлөө үчүн КБА, РИПКнын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, методикалык усулдук борборлорунун алдында тесттик аянтчалар түзүлүшү керек.

Онлайн окутуу тесттери үчүн платформаларды иштеп чыгуу, сынактардын натыйжаларын электрондук түрдө алуу системасынын болушу керек. Анткени адам фактору аралашпаш керек. Мектептердин педагогикалык квалификациясын жогорулатуу бирден бир маселе.

 

Ата-энелер PISA жөнүндө

Уулум борбордогу №24 мектепте 5-класста окуйт. 2025-жылдагы PISA изилдөөсүнө жашы жетип, катышып калат. Мектебинде даярдык кызуу жүрүүдө. Мугалимдери 1-класстан бери эле тест тапшыруунун жолдорун үйрөтүп келет. Жыл сайын класстан класска көчүрүп жатканда тест тапшырышат. Өзгөчө былтыр башталгыч мектепти бүтүп жатканда чоң сыноодон өтүштү. Балам кадимкидей тесттен өтпөй каламбы деп кабатыр болуп, тынчсызданды. Классы менен катуу даярдык көрүп жатышат. Класс жетекчиси да окуучуларына кылдат мамиле кылып даярдап келет. Балам тест тапшырганда математикадан жакшы билбей койдум, орус тилинен жакшы жыйынтык чыгат деп келген. Бирок жыйынтыгында тескерисинче, математикадан жакшы жыйынтык бериптир. Азыр дагы математикадан окуткан эжейи катуу даярдап жатат. PISA изилдөөсүнө карата көрүлүп жаткан аракеттердин жакшы жери — бала окуганын түшүнүп, турмушунда пайдалана билүүгө үйрөнөт экен, ал эми жаман жери — мугалимдери кайра-кайра тест тапшырабыз, төмөнкү балл алып калбашыңар керек дей берип, бала кадимкидей стресс болот экен, — дейт баш калаабыздын тургуну Чолпон айым.

Негизги фокусту  натыйжага буруш керек

PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Аталган программа башка баалоо системаларынан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн катышуусу, ал мамлекеттердин билим берүү тармагындагы жетишкендиктин, ийгилигинин динамикасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу менен айырмаланат. 2025-жылы өтүлүүчү PISA сынагына болжолу 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

PISA изилдөөсүнүн дүйнө жүзү боюнча уюштуруучусу болуп Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму – ЭКӨУ саналат. Эң биринчи жолу бул сынак 2000-жылы өткөрүлгөн жана үч жылда бир кайталанып турат.

PISA 15 жаштагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалоодо алардын алган билимин кайра чагылдыра алышын гана эмес, жаңы жагдайларда алар өз компетенцияларын колдоно аларын же колдоно албастыгын баалайт. Баалоонун негизги багыттары болуп окуу, математикалык жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук саналат. Бул жаштагы окуучулардын окуу программасын жана классын эсепке албастан, алардын өз билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт. Демек, тестирлөө башталган мезгилде 15 жаш үч айдан баштап 16 жаш эки айга чейинки окуучулар изилдөөгө катыша алат.

ЭКӨУ PISA – 2025 изилдөөсүнө катышуучу бардык өлкөлөр үчүн милдеттүү болгон техникалык талаптарды коёт. Алардын ичинде тестирлөө жүргүзүлө турган мектептерде атайын техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон компьютерлердин саны боюнча толук маалыматтардын берилиши, тапшырмаларды которууну камсыз кылуу жана башкалар. ЭКӨУ изилдөөгө катыша турган окуучулардын тандамасын Кыргызстан тарабынан берилген мектептер боюнча расмий маалыматтардын негизинде өз алдынча жүргүзөт. Тандоонун жыйынтыгын ЭКӨУ негизги тестке бир ай калганда билдирет.

Эскерте кетсек,  ЭКӨУнун башкы аналитиги Тэу Холгрин Кыргызстанга келген иш сапарында: “2024-жылы пилоттук чыгарылыш жүргүзүлөрү пландалууда. Ал үчүн PISAга багытталган ар түрдүү тапшырмалары бар онлайн тестирлөө өткөрүлөт. Бул иш проектке катышуу учурунда кездешип калуучу түшүнүксүз суроолор, кокустуктардын алдын алып аныктайт. 2025-жылы изилдөө жүргүзүлсө, 2026-жылы жыйынтыгы чыгарылат. Негизги фокусту натыйжага буруш керек. Ал эми эң биринчи көңүл бура турган объект – мугалим. Себеби мугалим – окуучуга билим өткөрүүчү негизги булак. Ошону менен бирге мугалим окуучуга туура мамиле түзүү аркылуу, билими материалды, маалыматты туура жеткирүүгө жетиши керек,” — деди.

Сынактын өтүү процедурасы эмнелерди камтыйт?

PISA тестинде изилдөө убактысы эки бөлүктөн турат: предметтер боюнча эки сааттык тестирлөө жана окуучуларды жарым сааттык анкеталоо. Анкеталоонун узактыгы ар бир өлкөдө ар кандай, бирок жалпысынан 30 мүнөткө жакын убакытты алат. Окуучуларга тест учурунда жана анкетанын алдында тыныгуу берилет.

Сынак бул максат үчүн орнотулган атайын программанын жардамы менен компьютерде жүргүзүлөт.

Тесттик тапшырмалар эки түргө бөлүнөт:

Стандарттык – көйгөйлөрдү жана суроолорду сүрөттөгөн кадимки тапшырмалар.

Интерактивдүү – компьютердик симуляция катары иштелип чыккан интерактивдүү материалдар менен тапшырмалар. Сиз муну компьютердик оюн менен салыштырсаңыз болот: тест субъектиси виртуалдык реалдуулукка абдан окшош кырдаалдарды чечиши керек. Мындай тесттер учурунда окуучуга ар кандай жоопторду жана андан аркы аракеттерди сунуш кылган суроолор берилет.

Кыргызстанда дүйнөлүк сынак кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүлөт.

Ар бир мугалим жана окуучу PISA жөнүндө билиши керек

2025-жылы 15 жаштан 16 жашка чейинки ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу мүмкүн экендигине даяр болушу керек. Бул ага психологиялык жактан тестке даярданууга, толкундануу жана тестирлөөдөн коркуу сезимин азайтууга мүмкүндүк берет. Окуучулардын билимдик жана мазмундук даярдоодон тышкары психологиялык даярдыгы дагы маанилүү.

Ал эми мугалимдер окуучулардын функционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу керек, бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу. Мындан сырткары, 2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мугалимдердин окуучулары тандалып алынары белгисиз, андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары тесттерин билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү.

Албетте, мындай жооптуу сынакка даярданууда мугалимдердин ролу абдан жогору. Андыктан, фукционалдык сабаттуулукка үйрөтүү үчүн өзү дагы үйрөнүүсү зарыл. Квалификацияны жогорулатуу курстарын иштеп чыгуу жана бүткүл өлкө боюнча мугалимдерди функционалдык сабаттуулукка үйрөтүү милдети РПККЖ КДИ жүктөлгөн. Ар кандай курстарды жогоруда аталган институттан өтсө болот.

Айта кетсек, быйылкы окуу жылынын ичинде 5000 мугалим PISA изилдөөсүнө даярдоо боюнча функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу квалификацияны жогорулатуу курстарында бир катар тренингдерден өтүп жатышат. Ошондой эле ар бир райондо, шаарда жана облуста PISA – 2025ке даярдоо боюнча координациялык кеңештери түзүлгөн. Ал эми жер-жерлерде 6-класстын окуучуларынан этап-этабы менен тест алуу кызуу жүрүүдө. Ар бир тестирлөөдөн кийин жалпы орто билим берүүчү мектептеринин 6-класстардын окуучуларынын PISA тестине даярдануу боюнча функционалдык сабаттуулук компетенцияларын баалоого карата жүргүзүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгы тест аткарылгандан кийин дароо чыгарылып берилет.

А.Асаналиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер