ДАРАК БИР ЖЕРДЕН КӨГӨРӨТ ЖЕ АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ КАЙТКАНДА

  • 01.12.2023
  • 0

ДАРАК БИР ЖЕРДЕН КӨГӨРӨТ ЖЕ АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ КАЙТКАНДА

Бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКО уюму 2002-жылы жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү бейшемби күнү философиянын бүткүл дүйнөлүк күнүн деп жарыялаган. Бул күн ЮНЕСКОнун 70тен көбүрөөк мүчө-мамлекеттеринде белгиленип келет.

Жер шарындагы бүт дүйнө жүзүнө белгилүү, өз өлкөсүнүн жогорку билим берүү системасынын жүзүн көрсөтүп турган университеттер көп. Кыргызстанда андай университет болуп ата мекендик жогорку билим берүүнүн көч башы – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети эсептелинет. Ал өзүнүн 90 жылдык мааракесин келерки 2024-жылдын 31-майында чоң салтанат менен белгилегени турат. Чет өлкөдө басылып чыккан “Дүйнөнүн университеттери” аттуу китепке Кыргызстандан жалгыз ушул Улуттук университет киргизилген. Диплому дүйнө жүзүнүн кайсы булуң-бурчунда болбосун кабыл алынат. Ушул университетте окуп калганына студенттердин басымдуу бөлүгү ыраазы.

“Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия факультетинде 35 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан философия илимдеринин докторанты агайыбыз Иманкожоев Таалайбек Асанович 2019-жылдын 31-майында КУУнун 85 жылдыгына карата Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган болучу. Студенттердин, кесиптештеринин арасында чоң кадыр-баркка ээ. Жанда жок адамгерчилиги, аталык мээрими, айкөлдүгү, педагогдук чеберчилиги, терең билими, мыкты лекциялык сабактарынын укмуштуудай кызыктуулугу, таасирдүүлүгү менен Т.Иманкожоев студенттердин сүйүктүү агайына айланган. Ак эмгектин акыбети кайтат болуп, 2023-жылдын июнь айында КУУнун философия факультетин мындан 20 жыл мурда бүтүп кеткен студенттери чогулуп, башкалардан өзгөчөлөнгөн устат окутуучу катары Таалай агайына өздөрүнүн атынан 100 миң сом өлчөмүндө сертификат сый тартуу кылышкан. Билим берүүнү гумандаштыруунун Эл аралык академиясынын жана Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги Эсенбек Мамбетакунов агай Таалай агайыбыздын алган бул сый тартуусу үчүн чын дилден кубана агынан жарылып, “нак ыймандуу кожонун таалайлуу баласы турбайсыңбы!” деп аксакалдык, нукура илимпоздук батасын берген.

Анын сыңарындай, жакын шакирттеринин бири катары мен дагы Таалай агайыма арнап ушул макаламды жазууга белсенип отурам. Агайыма кандай мактоо айтсам да жарашат. Агай өзү да далай ирет кайталап айткандай, эң башкысы, студенттердин берген баасына эч нерсе жетпейт эмеспи.

Студент кезимде “Кеменгер” студенттик клубу тарабынан өткөрүлгөн Бишкек шаардык жогорку окуу жайлар аралык “Алсызды күчтүү кылган ‒ билим, кичүүнү улук кылган ‒ илим” аттуу акыл таймашына катышып калып, агайды алгач ирет ошондо көрдүм, агай ошол конкурста калыстар тобунун мүчөсү экен. Ошондо биз, студенттер, өз ара баарлашканыбызда агай жөнүндө көп жакшы нерселерди уккан элем. Учурда студенттер арасында легендарлуу болуп калган Таалай агай мына ошол кезде эле эң бир кызыктуу, мазмундуу лекцияларды өтүп, уникалдуу педагог катары кыйла чоң кадыр-барк күтүүгө жетишип калган экен. Ал кездери мен И.Арабаев атындагы КМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окучумун. Агайдын ажайып лекция-сабактары жөнүндө улам кайталап уккан сайын кызыгуум артылып, бир күнү атайы Улуттук университетке барып, Таалай агайдын философиядан лекция сабагына катыштым. Агайдын укмуштуудай чеберчилик менен, терең мазмундуу өткөн сабагы мени биротоло арбап алды. Ошонун эртеси эле чечкиндүүлүк менен катуу киришип, көп өтпөй И.Арабаев атындагы КМУнун кыргыз филологиясы факультетинен Ж.Баласагын атындагы КУУнун философия факультетине которулуп, Таалай агайдын сабактарына үзгүлтүксүз катышып баштадым. Агай “Риторика”, “Антикалык доордун космоцентризми”, “Орто кылымдын теоцентризми”, “Кайра жаралуу доорунун антропоцентризми” жана “Кыргыз философиясынын тарыхы” предметтеринен сабак берер эле. Калган студенттик жылдарым майрамдагыдай эле өттү десем болчудай. Агай экөөбүз түндүн бир далай убактарына чейин философия боюнча талашып, кызуу баарлашкан күндөр оголе көп болду. Курстук, дипломдук ишти Таалай агайымдан жаздым. Окууну бүтөрдөн бир жыл мурда агай өзүнүн улук устаты, профессор Асейин Исмаиловдун философиялык эмгектерин колума карматып: “Студенттер Европанын антикалык доорунун, орто кылымдын, жаңы замандын, соңку жаңы замандын философторун ар дайым жазып келишет. Сен аларды коюп, кыргыз философиясына зор салым кошкон ушул Исмаилов агайды жазгын,”- деди. Агайдын жетекчилиги менен дипломдук ишимди “эң жакшы” деген баага коргодум. Окуумду жакшы бүтүп, факультетте окутуучу болуп иштеп калышыма агайдын таасири, көмөгү зор болду. Учурда Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин тарых мугалими болуп иштеп келүүдөмүн.

Таалай агайдын улуу түрк аалымы Махмуд Кашкаринин (Барсканинин) 1000 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин жана илимпоз-педагогдорунун 2015-жылдын 23‒24-мартында өткөрүлгөн “Түрк дүйнөсү: Ысык-Көл ‒ аалам ордосу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышып, андагы окуган “Асейин Исмаилов ‒ Махмуд Кашкаринин (Барсканинин) урпагы же аккан арыктан суу агат” деген темада окуган баяндамасы анын окумуштуулук дараметинин айкын күбөсүнүн бири болуп эсептелинет. Баяндама Татарстандан, Башкортстандан, Якутиядан, Түркиядан, Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан келген окумуштуулардын ичинен илимий дарамети, салмактуу маани-мазмуну жагынан жогору бааланып, натыйжада баяндаманын автору Таалайбек Иманкожоев агайды эл аралык илимий-практикалык конференциянын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын Ардак грамотасы менен сыйлаган.

Философияда “бумеранг” деген түшүнүк бар, бул бардык нерсе айланып жүрүп отуруп, кайрадан өз нугуна кайтат дегенди билдирет. Бул кыргыздын “ат айланып, казыгын табат” деген накыл сөзүнүн эле өзү. Эгер Таалайбек агай ар дайым өзүнүн улук устаты Асейин Измаилович Исмаилов жөнүндө илимий конференцияларда, газит-журналдарда айтып-жазып келсе, өз кезегибизде биз дагы минтип өз устатыбыз, агайыбыз Иманкожоев Таалайбек агай тууралуу урмат сөзүбүздү айтып-жазып түгөтө албай отурабыз. Күнүмдүк турмуштун философиясы немис философу Ницше айткандай мына ушундай экен да… Бул макаламды академик Эсенбек Мамбетакунов агайыбыз белгилеп кеткендей, “ыймандуу кожонун таалайлуу баласы” Таалайбек Иманкожоев агайыма деп Бүткүл дүйнөлүк философтор күнү менен куттуктап жаздым.

Р.S. КУУнун философия курсун окуган студенттери ар жыл сайын өздөрүнүн ыр саптарын Таалайбек ИМАНКОЖОЕВ агайына арнап жазышып, ага деген ыраазылыктарын, каалоо-тилектерин билдирип келишет. Төмөндө ал ырлардын айрымдарын жарыялайбыз.

Таалай агайыма

Жакшы адамга жарашат жакшы ыр сап,

Жашоодо да жөнөкөй — өзүнө сак.

Күлүп жүрөт, жамандыгы жок эч бирөөгө,

Баарына тегиз жүрүшү, өзүнө так.

Ойлогон ойлору да терең турат,

Сөздөрү да таасирдүү айтып турат.

Замандашым, билбесең билип ал да,

Бул агай алтындан да бийик турат.

Кош дебеймин, амандык тилейм дайым,

Көрүшөбүз жакшы күндө кайра кенен.

Талыкпаңыз, соо жүрүңүз ар дайым,

Көрүшкөндө ардактап салам берем.

Акмаржан Төлөнбекова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика

факультетинин студенти

Асыл адам

Таптаза кийингени, тамшантып сүйлөгөнү,

Талыкпас эмгек менен жакшыга үндөгөнү.

Таалай агай кандай адам?

Таң болуп жарык чачкан.

Таалайга жаратылган,

Татыктуу асыл адам.

Кабагы бүркөлбөстөн дайым ачык,

Карааны тоодой болуп келет шашып.

Калкалар зоодой болгон,

Кас душман жолобогон.

Кеменгер калыс адам,

Кайраттуу жолдо болгон.

Билгин дейт философия сабагын,

Бийик коёт ар убакта талабын.

Билимди берген сизсиз,

Бийикке жеткендирсиз.

Башкалардан жакыныраак,

Бир боорум жердешимсиз.

Сүйлөсө сөзүн таптап акыл айтат,

Сүйүп берип сабагын мээрим чачат.

Сүттөн ак бизге тилеги,

Сан жетпестир билгени.

Согуп турсун ар убак,

Сүйүүгө толгон жүрөгү.

Жанара Шаршенбаева,
КУУнун кыргыз филологиясы
факультетинин студенти

Философия

Кубандырып агайыбыз келгенде,

Терең ойлор сүзүп кетет кемемде.

Философия кенен ачып эшигин,

Акыл ойду алып өтөт тереңге.

Тереңине сүзүп кирип тармактын,

Изденүүлөр токтоп такыр калбасын.

Из калтырып, Таалай агай топтогон,

Бийик тоолуу айыл болсун барктаган.

Рысбек уулу Кайырбек,
КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенти

Бар болуңуз!

Ийгиликке жетелеген ар бир сөзү,

Ишенимде караган анын көзү.

“Илим-билим түбөлүк керек,” ‒ дейсиз,

Биздин агай биз үчүн дайым үлгү.

Керемет сабак чынында философия,

Окусак дайым табабыз мыкты идея.

Сыймыктанып айтабыз сизди дайым,

Бар болуңуз ар дайым, жакшы агайым!

Дайрагул кызы Наргиза,
КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенти

Агайыма

Билимге талбай бизди сугарыңыз.

Суусаган жандарды чаңкатыңыз.

Ак калпак, ак элечек элибизге,

Аристотель, Сократтан жол улаңыз.

Мен мактанам, бизде да Сократ бар,

Мен даңктанам бизде да Платон бар.

Анткени Аристотель атагындай,

Бизде да Иманкожоев агайым бар!

Айтурган Жапаркулова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер