Дүйшөн Шаматов: “ДҮЙНӨЛҮК МЕЙКИНДИККЕ ЧЫКПАСА, ИЛИМ ӨНҮКПӨЙТ”

  • 25.08.2021
  • 0

 

Илим чөйрөсүндөгү акыркы окуялардан кийин Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовго бир нече суроо узаттык.

— Илимдин коомго, экономикага таасири кандай болушу керек?

— Бул таасир түркүн түрдүү, көп багыттуу болот. Экономикага, технологияга, медицинага – дегеле бардык тармактардын өнүгүшүнө улам кийинки ачылыштар абдан чоң өбөлгө түзүүдө. Мисалы, баарыңыздарга маалым болгондой, атактуу менеджер Илон Маск өзүнүн космос кемелери менен Марска учуп, ал планетаны өздөштүрөбүз деп жатат. Бул илимдин эӊ бийик жетишкендиги болот.

Илимде «cutting edge» деген термин колдонулат. Бул илимдин соӊку ачылыштары менен жетишкендиктерин билип, андан ары өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн билдирет. Окумуштуулар илимге салым кошуу үчүн изилдөө дареметин күчөтүп турушу керек.

Билим берүү тармагыбы, коомдук илимдерби, техника, технология илимдериби – кайсы тармак болсо да, биздин илимпоздор дүйнөлүк илимде эмне болуп жатканын, ар кайсы тармактардын өнүгүү багыттарын, изилдөө усулдарынын шайкештигин дайым билип жүрүүгө тийиш. Бул үчүн илимпоздорубуз сөзсүз түрдө чет тилдерин, анын ичинде англис тилин мыкты өздөштүрүшү зарыл. Ошондо алар чет өлкөлөрдөгү кесиптештеринин эмне менен алектенип жатканын билип, алдыӊкы сапка чыгууга умтула алат.

— Сиз жашап, иштеп жүргөн өлкөлөрдө илимдин орду кандай?

— Мен бир топ мамлекеттерде жашап, окуп келгенмин. Канаданын Торонто шаарында докторантурада окудум, азыркы учурда Казакстандын борбор калаасы Нур-Султан шаарында жашап, иштеп жүрөм.

Канадада илимий изилдөө абдан жакшы жолго коюлган. Ошондуктан бул өлкөнүн илимпоздору көп тармактар (мисалы, экономика, медицина) боюнча алдыңкы саптарда жүрөт. Канадалык илимпоздор эң заманбап усулдарды колдонуп, мыкты лабораторияларда иштешет. Дүйнөнүн таланттуу жаштарын өз окуу жайларына чакырып, чыгармачылык менен иштешине, изденүүсүнө жакшы шарт түзүп беришет.

Канаданын экономикасы илимий ачылыштардын негизинде ыкчам өнүгүп жатат. Мисалы, мен барган 2000—2005-жылдары багбандары айыл чарба жагында дагы технологиянын эң акыркы жетишкендиктерин пайдаланып, түшүмдүүлүктү абдан жогорулатканын көргөндө, абдан таасирленгенмин. Демек, мамлекет туура саясат жүргүзсө, илимий жетишкендиктер жөнөкөй элдин турмушун дагы жакшыртууга таасир этет.

— Кошуна Казакстандын бул жааттагы тажрыйбасы жөнүндө да айта кетсеӊиз…

— Казакстанда акыркы 25 жылдан бери колдонулуп келген “Болашак” мамлекеттик стипендия программасы бар. Жыл сайын казакстандык жүздөгөн жаштар дүйнөлүк эң алдыңкы окуу жайларда магистратура жана докторантурада окуп, илимий ишин жактап, кайрадан мекенине келишет. Чейрек кылым ичинде 14000ге жакын жаштар чет жактан окуп келип, көпчүлүгү ар кайсы тармактарда Казакстандын экономикасына салым кошуп, пайда келтирип иштеп жүрүшөт.

Казакстанда илимий иштерди жүргүзүүдө биринчи кезекте дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, колдонуп, өздөрүнүн табылгаларын да чет өлкөдөгү абройлуу илимий журналдарга чыгарып туруу талабы коюлган. Ошонун натыйжасында акыркы жылдары Казакстан өзүнүн рейтиңгин кыйла көтөрүүдө. Анын негизинде өздөрү дагы ушул илимий изилдөөлөрүн башка сырттагы илимпоздор менен бөлүшүүгө, өздөрүнүн илимий усулдарын дүйнөгө таанытууга, алар менен пикир алышып, бара-бара өздөрүнүн усулдарын оңдоого дагы жетишип жатат.

Илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын өндүрүштө колдонуу же илимди коммерциялаштыруу, жаӊы табылгалар үчүн патент алуу боюнча дагы Казакстанда көптөгөн иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Казакстанда жыл сайын мамлекет тарабынан атайын илимий изилдөө үчүн гранттар жарыяланат. Ар кайсы тармактардагы изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча тендер жарыяланып, университеттерде же башка мекемелерде иштеген окумуштуулар грант алуу үчүн конкурстарга катышып, өздөрүнүн илимий изилдөө долбоорлорун сунуш кылышат. Ошентип, Казакстанды өнүктүрүүгө илимдин таасири чоӊ болот.

Албетте, мүчүлүштүктөр дагы бар. Бирок аларды жоюу жагынан дүйнөлүк тажрыйбаны да эске алууга аракет кылып жүрүшөт.

— Илимий даража ыйгаруу боюнча советтик тутумдан Батыштын тутумуна өтүү да оӊой болбой жатат окшойт ээ?

— Советтер Союзу таркагандан кийин беш жылдык окуу системасын жоюп, бакалавриат менен магистратураны киргизип, андан кийин PhD тутумуна толук өтпөстөн, аспирантура менен докторантураны да сактап, азыр арасат абалда турганы, менимче, иштин илгерилешине жолтоо болуп жаткандай. Ошол эле учурда бакалавриат, магистратура, айрыкча PhD баскычтарын киргизип жаткан кызмат адамдары өздөрү бул тутумдагы баскычтарды басып өтпөгөндүктөн, жакшы түшүнбөй жатат.

— PhD тутумунун артыкчылыгы эмнеде?

— Бул тутумду бүткөндөр толук кандуу илимпоз болуп жатат. Нобель сыйлыгына жеткендер да ушул тутумду басып өтүшкөн. Алар эң соӊку, заманбап илимий изилдөө усулдарын өздөштүргөндүктөн, илимге чыныгы жаӊылык киргизип жатышат.

Тилекке каршы, “Биз ошол деңгээлге кантип чыгарабыз?» деген суроо Кыргызстанда талкууга алынбай келет. Көбүнчө эле формасына көңүл буруп, “бул PhD деген ушунча жыл экен”, “муну атайын борбордоштурулган уюм эмес, беш-алты адам эле чогула калып, ыйгарып коёт” экен деген сөздөр да Кыргызстанда айтылып жүрөт.

Бирок эгер ушундай болсо, анда эмне үчүн Канада, Австралия, Японияда мыкты илимпоздор дал ошол PhDди тутуму аркылуу өсүп чыгып, абдан сонун изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимге салым кошуп жатышат?

Демек, биз өнүккөн өлкөлөрдөн көп нерселерди үйрөнүшүбүз керек. Болгондо да биринчи кезекте сырткы формасына эмес, ички маӊызына көӊүл буруубуз, тереӊ түшүнүп алуубуз кажет.

— Канатташ Казакстанда Болонья принциптери канчалык туура кабыл алышууда?

— Илимий кадрларды даярдоо боюнча Союздан калган эски системадан арылып, казакстандык илимпоздор дүйнөлүк стандарттарга жетишсин, эл аралык мейкиндикке чыксын, чет өлкөлүк кесиптештери менен чогуу иштешсин деп ушул тутумга өтө башташты. Бакалавр, магистр, PhD баскычтарына негизделген бул тутумга кирүү иши ырааттуу жүргүзүлүп жатат. Менин оюмча, бул кадамдын натыйжасы азыр болбосо да кийинчерээк абдан чоӊ болот да, Казакстанды өнүктүрүүгө зор өбөлгө түзөт.

— Кыргызстандагы жагдайга кандай баа бересиз?

— Биздин республикада деле ар кандай аракеттер болууда. Бирок, УИА академиктери менен мүчө-корреспонденттерин шайлоого байланышкан ызы-чуу илим чөйрөсүндө тийиштүү эрежелер, жоболор так сакталбай жатканынан же иштелип чыкпагандыгынан кабар берет.

Биздин илимпоздорду дүйнөлүк аренада таанышабы? Алар илимге кандай салым кошту? Кайсы макаласы каякка жарыяланды? Алардын рейтингдери кандай болуп атат? Цитаталоо индекси (Хирш индекси) боюнча топтогон упайлары кандай?

Бул суроолорго расмий чөйрөдөгүлөр анык жооп бере алышпайт. Мындай жагдайда биздин окумуштууларды Кыргызстанда эле өздөрүнүн жанында жүргөндөрү эле тааныбаса, дүйнөлүк илимпоздордун арасында эч ким билбейт го деген күмөн ой жаралбай койбойт.

 

Маектешкен Жолдош Турдубаев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер