ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ШЕДЕВРЛЕРДИ ЖАРАТКАН улуу сүрөткер, акылман жана гуманист

  • 08.12.2023
  • 0

ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ШЕДЕВРЛЕРДИ ЖАРАТКАН улуу сүрөткер,  акылман жана гуманист

«Ч.Айтматовдун «Жамийласы» – дүйнө жүзүндөгү сүйүү жөнүндө жазылган эң эле сонун повесть».

Луи Арагон (1897 1982), атактуу француз жазуучусу, сюрреализимдин негиз салуучуларынын бири.

 

“Ч. Айтматов — кыргызга бир келген кут, таалай.

Биз, жуңголук кыргыздар, ар дайым Манас, анан Чыңгыз – деп, сыймыктанып жашайбыз”.

Жусуп Мамай (1916-2014) Кытай Эл Республикасында жашаган мекендештерибиздин улуу манасчысы.

Байыркы жана түбөлүк жаш кагылайын кыргыз калкыбыздын сыймыгы менен улуттук символуна айланган адабият алпы – Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында, айтылуу кең Таластын Кара-Буура районунун Шекер айылында, Советтик Кыргызстандын көрүнүктүү партиялык жетекчилеринин бири – Төрөкул Айтматовдун от башында жарык дүйнөгө келген. Төрөкул Айтматов сталиндик кандуу репрессиянын заланынан улам, улутчул, “пантүркист” — деген жалган жалаа менен, 1937-жылы камакка алынып, кийинки жылы жашыруун атылып кеткен. Муну – үй-бүлөсү анын сөөгү табылганга чейинки ондогон жылдар бою, билген эмес. Чыңгыздын атасы жана энеси – Нагима башталгыч орус мектебин бүтүргөндүктөн, ал эки тилдүү чөйрөдө өсүп, кенедей чагынан тарта, орус тилин жакшы өздөштүрүп алган. Ал эми, баланын элдик ооз эки чыгармачылыкты мыкты билген чоң энеси Айымкандын колунда тарбиялангандыгын эске алсак, мындай жагымдуу кырдаал Ч.Айтматовдун өзүнүн болочок чыгармаларын эки тилде тең жаза башташы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эле.

Атактуу театралдык ишмер Константин Станиславский “Балалык адамдын бактысынын башаты”, — деп абдан туура айткандай, Чыңгыздын уялаш иниси менен эки карындашынын балалыгы ачык асман астында, сүйүктүү ата-энесинин кучагында, бейкапар, бактылуу өтүп жаткан чакта, тилекке каршы, аны кара туман каптап, атасы камалып, дайынсыз болуп кеткен. Ошондон кийин, бул үй-бүлө өтө оор турмуш шартына жашоого мажбур болгон. Унутулгус бул мезгилди анын карындашы Роза эже: “Атабыз репрессияланып, биз 20 жыл бою өз башыбыздан кыйын кезекти кечирдик”, — деп жазат. Ошентип, уул-кыздарын тарбиялап өстүрүү, окутуп, билимге жеткирүү, буттарына тургузуунун түйшүгү бүт бойдон
Нагима-апанын мойнуна жүктөлгөн. Ал – билимдүү, акылдуу, эмгекчил жана эрки күчтүү инсан болгондуктан, өзүнүн энелик ыйык милдетин татыктуу аткарып, бул эрдиги менен, элибиздин эсинде сакталып калды.

Каргашалуу кан майдандын кайнап турган тушунда, 1942-жылы, Чыңгыз окуп жаткан мектебин убактылуу таштап, өзүнүн эң алгачкы эмгек жолун баштады. Адегенде, Шекер айылдык кеңешинин катчысы, андан соң, райондун салык чогултуучусу, кийин – трактордук бригаданын эсепчиси болуп иштеди. Ал 1946-жылы, сегизинчи классты бүтөөрү менен, Казакстандын Жамбыл (бүгүнкү – Тараз) шаарындагы зооветеринардык техникумду мыкты аяктап, 1953-жылы “кызыл” диплом менен Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун да бүтүрүп, кийинки, үч жыл бою, мал чарбачылык илимий-изилдөө институтунда эмгектенди.

Ч.Айтматовдун адабият майданындагы адепки кадамы – өткөн кылымдын 50-жылдарынын башында шилтенди. Анын эң биринчи чакан аңгемеси “Газетчик Дзюйо” деген ат менен, 1952-жылы “Литературный Кыргызстан” альманахында (№2) орус тилинде жарык көргөн. Ага улай, кош тилде жазылган “Ашым”, “Тайгак кечүү”, “Байдамтал дайрасында”, “Ак жаан”, “Сыпайчы” сыяктуу аңгемелери менен чакан повесттери автордун адабий айдыңындагы өзүнүн жеке жолун издеп табуу, күчүн сынап көрүү жана окуучулук тажрыйбасы эле. Муну биз залкардын: “Мен улуттук адабияттын жөн гана өкүлү эмесмин. Мен, кандайдыр бир, чоңураак нерсе жөнүндө айтып берүүгө милдеттүүмүн”, — деген сөзүнөн эле, ачык-айкын түшүнмөкпүз.

Эми, непада, Ч.Айтматов өзүнүн ушул өткөрө жооптуу милдетинин өтөсүнө чыга алдыбы? – деген собол туулса, албетте, биз ага бир ооздон: даңазалуу калемгер өзү атайылап белгилеп кеткен — ошол “чоңураак нерсе жөнүндө” гана эмес, глобалдык, жалпы планетардык, адамзат менен цивилизациянын тагдырына тикелей таасирин тийгизе турган көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, аларды көркөм сөздүн касиети менен талдап, иликтеп, териштирип, ишенимдүү чагылдырып бере алды деген так, таасын жоопту узатмакпыз.

Жазуучунун жалпы советтик адабият айдыңына сүңгүп кирүүсүнө – анын 1956-1958 ж.ж. Москвадагы М.Горький атындагы адабий институтунун алдындагы жогорку курстарды аяктап, “Литературный Кыргызстан” журналынын башкы редактору болуп иштеши анын өзүнүн тубаса, табигый талантын адабияттын тарыхы, теориясы, усулу жана практикасы менен кең-кесири байытып алуусуна чоң түрткү бергендиги анык.

Ч.Айтматовдун адабий багын ачкан алгачкы чыгармасы – анын ошол курстарда окуп жүргөн маалында кыргыз тилинде жазылып, согуш темасына арналган “Бетме-бет” повести болду. Ал кийин орусчага которулуп, СССР жазуучулар союзунун ай сайын чыгып, бүткүл өлкө боюнча таратылып турган адабий-көркөм жана публицистикалык органы болгон “Октябрь” журналына (1957, №3) жарыяланган эле. Бул окуя жаш авторго Москванын “Новый мир”, “Дружба народов”, “Литературная газета” өңдүү өтө барктуу басылмаларына ачылган түз жол болуп калган.

Кийинки, 1958-жылы, советтик адабий коомчулукту таңгалдырып, жазуучунун атын тез эле, эл аралык деңгээлге чейин көтөрүп чыккан атактуу “Жамийла” повести дал ошол “Новый мирде” жарык көрдү.

Ч.Айтматовдун бул чыгармасын алдын ала окуп чыгып, аны өтө жогору баалаган казак элинин залкар жазуучусу Мухтар Ауэзовдун кеңеши менен, Франциянын дүйнөгө таанымал калемгери Луи Арагон аны өз тилине которуп, кириш сөзүнүн коштоосу менен, 1959-жылдын апрель айында, Парижде басып чыгарган. Чыгарманын ага тийгизген зор таасири астында, ал Чыкебиздин “Жамийласына” дүйнө жүзүндөгү сүйүү жөнүндөгү эң эле сонун повесть”, — деген өтө бийик баасын берип кеткен. Адабий мэтрдин ушул эле аталыштагы макаласы «Культура и жизнь» басылмасына (1958 №7) жарыяланган. Л.Арагон муну менен француз окурмандарына дагы бир чет элдик таланттуу жаш жазуучуну гана эмес өз өлкөсүндө дээрлик белгисиз болгон Советтик Кыргыз Республикасын да ачып берген деп айтууга болот.

“Жамийланын” Францияда таанылып, өтө жылуу кабыл алынышы Ч.Айтматовдун жеке тагдырында чечүүчү роль ойноп, чыгарманын дүйнө жүзү боюнча салтанаттуу (триумфалдуу) жүрүшүнө чоң өбөлгө түзүп берген. Ошол элестүү жаз айында ал биринчи жолу өзүнө жана өзүнүн талантына чындап ишенген эле. Бул окуядан чейрек кылым өткөндөн кийин, белгилүү француз сынчысы жана публицисти Шарль Арош менен болгон дилмаегинде, ал: “Чындыгында, Арагон мага адабиятка чоң жол ачып берди. Дал ошонун арты менен, мен өзүмө өзүм ишене баштаган элем”, — деп айтканын адабият таануучу Леонид Строилов баса белгилеп кеткен.

“Жамийланын” артынан – “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Ботогөз” повесттерин жазып, алар “Тоолор менен талаалар повесттери” аталыштагы жыйнакка киргизилип, ал СССРдин эң жогорку адабий сыйлыгы – Лениндик сыйлыкка татыган (1963). «Бул жыйнактын жарык көрүшү – Кыргызстандын адабий турмушундагы өткөрө маанилүү окуяга айланып, ал согуш, ошондой эле, тынчтык жылдарындагы окуяларды философиялык-этикалык жактан кыйла тереңирээк ой жүгүртүү менен мүнөздөөгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген»,- деп белгилейт, жазуучунун тагдырын жана көп багыттуу ишмердигин жакшы билген академик Осмонакун Ибраимов.

Ч.Айтматов өткөн кылымдын 60-70-ж.ж. кесилишинде дүйнөлүк адабияттын өнүгүш жараянында чыныгы лидерлик чекке чейин өсүп чыкты. Муну биз «Жаныбарым Гүлсары» (1966), «Ак-кеме» (1970) повесттери, казак автору К.Мухамеджанов менен биргелешип жазган «Фудзиямадагы кадыр түн» (1973) пьесасы, «Эрте жаздагы турналар» (1975) повестинен кийин абдан даана сезгенбиз. Айкөлдүн тематикасы өзүнүн сүйүктүү өз Мекени Кыргызстан менен ажырагыс, бир бүтүндүктө байланышкан. «Анын чыгармаларынын борборунда тагдырдын оор соккулары астында калып, азап чеккен адамдын бейнеси сүрөттөлгөн», — деп мүнөздөйт немис автору Вольфганг Казак. «Жаныбарым Гүлсары» автордун буга чейинки жазган чыгармаларынын ичинен татаалырак да, кененирээк да, көп багыттуураак да болуп саналат», — деген пикир белгилүү адабият сынчысы Л.Лебедовага таандык.

Жазуучу өзүнүн «Ак кеме» (1970) повестиндеги орун алган окуяларды сүрөттөп берүүдө алгачкы ирет жомоктор менен уламыштардын мифологиясын колдонуу менен, символикага кайрылган. Чыгарманын сюжеттик өзөгүн мүйүздүү бугу эне жөнүндөгү уламыштагы жакшылык, кайрымдуулук, боорукерлик идеясы жети жашар бала менен анын чоң атасынын бейнелери аркылуу чечмеленет. Ал эми «Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт» (1977) чыгармасындагы чырмалышкан окуялар Алыскы Түндүктөгү Охот деңизинин жээктеринде өтөт. Анда коркунучтуу толкундарда калып, кичинекей баланы коргошуп, анын чөкпөй жээкке аман жетиши үчүн бир кайыкта отурушкан чоң атасы, атасы жана дагы бир балыкчы жандарын кыйып, өз бойлорун деңизге ташташат. Ч.Айтматовдун өзүнүн эң алгачкы «Кылым карытар бир күн» (1981) романында чыныгы турмуш менен мифти гана эмес, Казакстандын мисалында Борбордук Азиянын калкынын жашоосун планеталар аралык катнаштардын фантастикасы менен айкалыштырып баяндайт. Мындай жол менен ал учурдагы цивилизациянын негизи көйгөйлөрүн этикалык өтө бийик чеберчиликте көрсөтө алган.

Көркөм сөздүк улуу устатынын дагы бир этаптык маанидеги мыкты чыгармасы – «Кыямат» (1986) романында, ал баңгилик, экология курчап турган жаратылыш чөйрөнү коргоо, СССРдеги кудай жолун издөөчүлүк (богоискательство-философиялык диний агым) сыяктуу, адамзатты түйшөлткөн бөтөнчө олуттуу көйгөйлөргө кайрылган. Мындан сырткары, автор белгилүү жазуучу Михаил Булгаковдун изи менен кетип, «Кыяматка» анын «Устат жана Маргарита» романындагы Христос менен Понтий Пилат жөнүндөгүдөй бапты колдонуп койгонуна адабий сынчылар көңүл бурушкан.

Ч.Айтматов бир эле мезгилде ири публицист катары да өтө кеңири таанымал болуп, бул ишмердигин өзүнүн жазуучулук өнөрү менен өтө кылдат айкалыштыра, ишке ашырып келди. Муну ал Бүткүл союздук партиялык эң башкы «Правда» гезитинин өз кабарчысы, Москвадан чыгып туруучу эл аралык даражадагы кадыр-барктуу «Иностранная литература» журналынын башкы редактору болуп иштеп, айтылуу «Новый Мир» журналынын жана 1830-жылдан бери жарык көрүп келаткан орусиялык эң эски «Литературная газета» жумалыгынын редколлегиясынын мүчөсү болгондугу эле, айкын далилдеп турбайбы. Жазуучунун түйүндү ар кыл көйгөйлөргө арналып, басма сөз беттери менен телерадио каналдары боюнча берилген жүздөгөн публицистикалык курч материалдары, дилмаектери, диалогдору, ой-пикирлери, сүйлөгөн сөздөрүнүн көпчүлүгү өз мезгилинде расмий басмаларда, акыресе, «Жер жана суу менен авторлошуп» (1978), «Биз дүйнөнү жаратабыз, дүйнө – бизди жаратат» (1988) аталыштагы көлөмдүү жыйнактардан орун алган.

Улуу классиктин чиеленип –чырмалышкан өмүр таржымалына, көп багыттуу чыгармачылык жолуна, философиялык, этикалык жана эстетикалык изденүүлөрүнө, коомдук-саясий, парламенттик, дипломатиялык, уюштуруучулук ишмердигине багытталган ар түркүн материалдар өзүбүздө, СССР, КМШ жана башка алыскы чет өлкөлөрдүн маалымат булактарында үзгүлтүксүз чагылдырылып келген жана азыр да алардын аягы үзүлө элек. Ал эми, анын 95 жылдыгына карата, мындай жарыялоолордун күч алып жатканы табигый көрүнүш эмеспи.

Алсак, биздин белгилүү сынчылар жана адабият таануучулар: Р.Кыдырбаева, К.Бобулов, К.Асаналиев, С.Жигитов, О.Ибраимов, А.Акматалиев, М.Рудов, А.Иванов, жазуучу-публицист К.Акматов ж.б. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын ар тараптан терең жана калыс талдашып, анын түпкү маани-маңызын, кудурет-касиетин, өзгөчөлүктөрү менен сапаттарын окурмандарга кең-кесири түшүндүрүп, чечмелеп, мүнөздөп берүүгө өздөрүнүн чоң салымдарын кошушкан. Ушундай эле иш-аракеттерди советтик белгилүү адабий сынчылар: М.Ауэзов , Л.Лебедева, Г.Гагев, В.Коркин, Е.Сидоров, В.Воронов, В.Чубинский, Г.Павлов, А.Овчаренко, А. Исенов ж.б. ийгиликтүү жүргүзүп келишкен.

Эгер бул маселе боюнча чет өлкөлүк изилдөөлөргө кайрылсак, анда биз адабияттаануучу Леонид Строиловдун “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы батышевропалык сында” (1988) деген китебинен толук жооп ала алабыз. Бул басылмада автор улуу мекендешибиздин чыгармаларына Бельгия, Люксембург, Нидерланды, Германия, Франция, Италия, Щвецария Англиянын сынчыларынын көз караштары, пикирлери, берген баалары айкын-ачык, даана баяндалып берилген.

Ч.Айтматовдун басып өткөн байсалдуу өмүр жана чыгармачылык жолу өтө кенен, анда калтырган издер ошончолук деңгээлде терең. Ал 1964-1986-ж.ж. Кыргызстандын кинематографисттер жана Жазуучулар союздарынын төрагасы; 1981-1991-ж.ж. СССР Жогорку Советинин депутаты Социалисттик Эмгектин жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, Лениндик, үч ирет Союздун мамлекеттик жана биздин Токтогул атындагы сыйлыктарынын лауреаты; жыйырмага чамалаш орден-медалдын ээси, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү. Булар чет-өлкөлүк ондогон бийик наамдар менен сыйлыктарды эсепке албаганда да.

Өкүнүчтүүсү, атайлап уюштурулган жүйөсүз себептер, көрө-албастык, чагымчылдыктын залалы менен, эл аралык Нобель сыйлыгынын ага ыйгарылбай калганы, албетте, бизди катуу өкүндүрбөй койбойт.

Ч.Айтматов 90-ж.ж. баштап Советтер Союзу менен Кыргыз Республикасынын Евросоюзундагы (Бельгия, Нидерланды, Люксембург, Швецария) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү башкарып, биздин өлкө менен алардын ортосундагы эки тараптуу, өз ара пайдалуу мамилелер менен кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө таасирдүү салым кошуп, өзүн чебер Элчи катары көрсөтө алды. Ал өз өмүрүнүн соңку жылдарында Мекенине кайтып келип, “Кассандра тамгасы” (1994), “Тоолор кулаганда” (2008) романдарын жазды. Бул – жазуучунун чыгармачылыгынын таптакыр жаңы мезгили болуп, ошол эле учурда, тилекке каршы, алар кеменгер сүрөткердин акыркы, аяктоочу, жыйынтыктоочу чыгармаларына айланып калбадыбы…

Артта калган 2008-жылдын 16-майында, Татарстандын жогорку жетекчилигинин чакыруусу менен, бул республикада сапарда жүргөн Чыңгыз Төрөкуловичтин бөйрөгү иштебей калып, аны шашылыш түрдө учак менен Германиянын Нюрнберг шаарындагы ооруканалардын бирине жеткиришкен. Бирок колдонулган бардык аракеттерге карабастан, медицина алсыздык кылып, дүйнөнү дүңгүрөткөн шедеврлердин жаратуучусу акка моюн сунду. Ошол каргашалуу күн Ата-Журтубуз менен элибиздин башына түшкөн айтып бүткүс кайгылуу трагедия, орду эч качан толбос оор жоготууга айланып калды. Биз менен кошо бүткүл прогрессивдүү адамзат да, өмүрдө бир ирет жаралуучу айкөлдү жоготуп алды. Ошентип, ал өзүнүн жанынан да артык көргөн кыргыз калкы 15 жылдан бери, Айтматовсуз жашап келүүдө. Бактыбызга жараша, анын аты, генийлиги, кадыр-баркы, атак-даңкы убакыттын улам арылап узап жатканына карабастан, өчпөй турган чолпон жылдыз сымал, төбөбүздөн жаркырап жанып, өзүнүн кереметтүү нурун түбөлүккө чача бермекчи.

Франциянын атактуу акыны жана ойчулу Поль Валеринин (1871-1915): “Улуу адамдар эки ирет өлүшөт, адегенде, жөнөкөй эле адам сыяктуу, андан кийин – улуу адам катары,” — деген накыл сөзү түздөн-түз Айтматовго тиешелүүдөй таасир туудурат. Чын эле, ал биздин дүйнөнү таштап кеткенден кийин деле экинчи өмүрү уланып келе жатпайбы. ЮНЕСКОнун так маалыматтарына таянсак, генийдин чыгармалары ааламдын 130 өлкөлөрүнүн 180ге чамалаш элдеринин тилдерине которулуп, 870 саам (мисалы, Германияда эле “ Жамийла” 27 жолу ) 100 миллиондон да арбын нуска менен жарык көргөн. Өзүнүн бул көрсөткүчү боюнча ал дүйнөлүк улуу классиктер У.Шекспир, Л.Толстой,Ф.Достоевскийдин катарынан орун ээледи.

Чыңгыз Төрөкулович дүйнө салган мезгилден бери, ага арналып жарыяланып келаткан ар кыл мазмундагы жүздөгөн материалдар, илимий-изилдөөлөр, монографиялар, чыгармачылыгы боюнча корголгон диссертациялар өтө арбын. Алар: “Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп…” (А.Акматов, Н.Мамедов), филосов Т.Аскаровдун “Абсолютту издөө – Айтматовдун кредосу”, саясаттаануучу Ж.Сааданбековдун “ Чыңгыз Айтматовдун философиясы”, тарыхчы Ч.Өмүралиевдин “Куш жолунда кут чыккан” эссеси, филолог А.Асанованын “Чыңгыз Айтматов – конгон”, журналист М.Тентимишов менен дарыгер О.Нарбековдун “Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?”, жазуучу
С.Станалиевдин эки томдук романы, илимпоз О.Ибраимовдун Астанадан жарык көргөн “ Айтматов- империянын акыркы жазуучусу” жана Москвада “ЖЗЛ” сериясынан басылып чыккан “Чыңгыз Айтматов” китеби, жазуучу-публицист К.Акматовдун “Ачуу чындык, акыйкат сөз”, “Диалогдун жарчысы Чыңгыз Айтматов” жыйнагы (түзгөн: А.Муратов, Н.Борочоров), илимпоз-публицист С.Байгазиевдин жакында гана жарык көргөн “Чыңгыз Айтматов – ак калпак кыргыздын жана адамзаттын даанышманы” — аттуу китебин атап кетүүбүз зарыл.

Дүйнөнүн көпчүлүк көрүнүктүү жазуучулары жана акындары сыяктуу эле, Чыңгыз Төрөкуловичтин дээрлик бардык чыгармаларынан биз махабат темасына жолугабыз. Бул ыйык кудурет жөнүндө ал: “… Балким, сүйүү деген адамдын бардык сын-сыпаты толуп, сезиминин эң бир жетилип турган курагы чыгаар? Ооба, жашоонун так ошол жаркыраган курагында, төкмө акынга шык келген өңдүү, адамга сүйүү келип, ага дем берип, ал жаңы багытын издеп алдыга, умтула тургандыр? Мүмкүн, ашыктыктын касиети так ушунда чыгаар”, деп мүнөздөйт. Студенттик кезинен тарта далай кыздар менен таанышканын эскерип, ал : “Ошолордун ичинен өзүнүн жансезими менен да, келбети менен да, бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал — кыргыз искусствосунун багына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи — Бүбүсара Бейшеналиева болчу”, — деп ачык жазган. Улутубуздун бул улуу инсандарынын махабаты жөнүндө драматург, режиссер Ж.Кулманбетов “Чыңгыз менен Бүбүсара” деген драма жазып, ал 2005-жылы февралда коюлуп, 2008-жылы көркөм фильм болуп чыккан. Ал эми белгилүү журналист Жаныбек Жанызак “Айтматовдун айымдары” аталыштагы китепти да жарыкка чыгарган.

Улуу сүрөткердин элесин түбөлүккө калтыруу максатында, 2011-жылы, Бишкектин Ала-Тоо аянтынын түштүк жагындагы, мурда анын ата-энесинин үйү турган орунга, эстелиги орнотулду. Москвадагы атын алып жүргөн чоң көчөгө жогорку көркөм – архитектуралык деңгээлде аткарылган монументалдык айкели тургузулду. Ушундай эле эстеликтер Астанада, Түркияда жана башка жерлерде да орун алды. Мындан сырткары, айкөлдүн атын КМШ өлкөлөрүндөгү көптөгөн көчөлөрү, парктары, окуу жайлары алып жүрүшөт. Жакында анын ысымы өзү туулуп-өскөн Кара-Буура районуна да ыйгарылды.

Убакыт куштай сызып, балыктай сүзүп, улам узай берген сайын, акылман ойчул, ташкындаган талант, интеллект, рухтун ааламга бир гана сапар келчү феномени, доордун күрөө тамырын бүтүндөй жан дүйнөсү менен сезе билген даңазалуу калемгер, гуманист, философ, дипломат, мекенчил-атуулубуз Чыңгыз Айтматовдун аты тарыхтын барактарында эч качан өчпөй турган алтын тамгалар менен кылымдарды карытып кала бермекчи.

Тилектеш Ишемкулов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңиргени ишмер, КР Атайын жана Толук Ыйгарым укутуу Элчиси, К.Карасаев
атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер