Дүйнөлүк топ университеттердин тогузуна өткөн Айлира

  • 06.08.2024
  • 0

Чет өлкөдө окуу – ар бир окуучунун кыялы. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги диплом жана сапаттуу билим алууга, ошондой эле тажрыйба топтоого, тил үйрөнүүгө, башка элдин маданияты менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк. Ушул мүмкүнчүлүктү издеп, кыялды орундатуу үчүн мектепте мыкты окуп, олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишкен Айлира Балтабаева бүгүн 100 пайыз грант жана стипендия алып окуу укугуна ээ болуп отурат. Ал дүйнөлүк топ университеттердин он төртүнө тапшырып, тогузуна өтүп кеткен. Айлира өткөн университеттер АКШ, Түштүк Корея, Венгрия жана Малайзияда жайгашкан.

Дүйнөлүк топ университеттердин тогузуна өткөн Айлира

Айлира Кызыл-Кыя шаарында чоңойгон, ата-энеси карапайым эле кишилер. Кичине кезинде №4 А.С. Пушкин атындагы мектепте билим алып, 11-классты Ноокат райондук сырттан окуу мектебинде аяктаган.

Мектепте ар дайым бешке окуган. Тарых, математика, информатика жана адабият сабактарына кызыккан Айлира 8-класстан тарта информатикадан олимпиадаларга катышып, республикалык турга жеткен.

“Мен тандаган UNIST (Улуттук илим жана технология университети) окуу жайы Түштүк Кореяда топ 5 университеттин катарында. Бул окуу жайда бекер, кошумча стипендия алып окуйм. Учурда кетүүгө документтеримди даярдап жатам. Дагы бир мен тапшырган абдан жакшы университет бул Минерва. Acceptance rate окуу жайда 1% аз жана программалар Гарвард, Стенфорд университеттердин катарында турат. Университетте сабактын баары онлайн, бирок студенттер ар бир семестрда ар кайсы шаарда жашап окушат. Мисалы, биринчи жылы Сан-Франциско, АКШда өтсө, калган алты семестр Сеул, Лондон, Берлин, Хайдарабад жана башка шаарларда улантылат. Мындай темп менен окууда кыйналып калам го деп бул университетти тандаган жокмун”, – деди.

Бүгүнкү күндө UNISTте 4000ге жакын студент билим алат, анын 10% чет элдиктер. Окутуу бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларында жалаң англис тилинде жүргүзүлөт. Профессордук курам 518 адистен турат, алардын 100ү башка өлкөлөрдөн чакырылган лекторлор.

Каарманыбыз бизнестеги психология жана когнитивистика багытында окууну тандаган.

Бул университеттен сырткары, ал Minerva University 90% грант, Stipendium Hungaricum – ELTE, Stipendium Hungaricum — Pecs University, University of South Florida 44000$, University of North Florida 70 %, Hofstra University – 132 000$, Barry University — 80000$, ошондой эле Xiamen University 100% грант менен өткөн.

Дүйнөлүк топ университеттердин тогузуна өткөн Айлира

Айлира мектептен алган билимдин эң пайдалуусу – бул англис тили сабагы. Анткени чет өлкөгө тапшырууда TOEFL, IELTS, SAT керектелет. Тилди билгендигим көп университетке кабыл алынып, канчалаган стипендияга ээ болгонума жардамы тийди дейт.

“10-класста окуп жатканда эле чет өлкөгө окуунун бардык шарттарын изилдеп баштадым. Ошондо “Кадам”, ProKG долбоорлоруна кызыгып калдым. Бул жерде тестке, эссе жазууга гана жардам бербестен, катталууну да төлөп берет экен. Мисалы, TOEFL же IELTS тапшыруу үчүн катталууга  195$, ал эми SAT баасы 105$. Мен сыяктуу көптөгөн үй-бүлөдө ушул тесттерди тапшырууну кой, курстан окууну төлөп бере турганга шарттары жок ата-эне көп да. Таап алганыма сүйүнүп окуп калдым. Кийинчерээк Логос компаниясынын “Келечектеги лидерлер мектебине” туш болдум.  Бул программада да өзүмдү сынап көрөйүн деп чечип, сынакка катыштым. Андан жеңип, 100 пайыз жеңилдик менен акысыз окудум”, – деген Айлира эгерде чет өлкөдө окуу кыялыңыз күчтүү болсо, эң негизгиси коркпой, бардык мүмкүнчүлүктү колдонуш керек деп эсептейт.

Дүйнөлүк топ университеттердин тогузуна өткөн Айлира

Ал ошондой эле мектепте англис тили жана математика сабагына көп көңүл буруп окугандыгын, математика жашоодо керек эмес деп ойлоо туура эмес экенин, терең ой жүгүртүүдө жардамы тиерин кошумчалады.

Бүгүнкү ийгиликтерине англис тили мугалими Айзада Хамдамованын эмгеги зор.

“Мектепте бул сабак башталгандан бүткөнгө чейин англис тилинде гана өтчү. Мугалимимдин баарлашууга көп көңүл бөлүп, оюн формасында өткөн сабактарынан улам мен англис тилин сүйүп калгам”, – деген Айлира Айзада Хамдамовага ыраазы.

АКШнын көп университеттери окуучунун бааларына эле көңүл бурбастан, мектептен сырткары кандай активдүү иш-чараларга катышканы, хобби, эссеге да көңүл бурарын эскертти.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер